"Жаўы кылым", 16.10.08 - 3-бет: •№38, 16.10.08-ж.
 Саясый сереп

Учур
Логиканын жоктугубу, же эл билбеген күчтүү логикабы?
Президент Курманбек Бакиевдин эң акыркы кадрдык жүрүштөрү орустардын бир афоризминде айтылгандай, "Логиканын толук жоктугу дагы өзүнчө логика" дегендей болуп турат. Анткени буга чейин бир дагы оппозициялык массалык маалымат каражаты, атүгүл бир дагы ашынган оппозиционер кемчилигин айта албаган, демек, азыркы аткаруу бийлигиндеги атка минерлердин ичинен камчы салдырбай өз тармагын башкарып келген генерал Исмаил Исаковдун коргоо министри кызматынан алынышын эч ким түшүнө албай турган. Президент К. Бакиевдин "министрликте реформаларды жасоо зарылдыгынан улам" деген түшүндүрмөсү ит кечпей турган шылтоо экени да жалпыга маалым. Анткени мына дал ушул Исмаил Исаков биздин Куралдуу күчтөрдө реформаларды баштаганы, аны ийгиликтүү жасап келгени да белгилүү. Анын реформаларынын натыйжалары бийликчилдер тарабынан да, оппозициячылдар тарабынан да колдоо жана түшүнүү тапканы жөнүндө жогоруда айттык.

Анан эле президенттин "жылаан чакпай, жылкы теппей" туруп мына ушундай күчтүү жетекчинин жана салмактуу саясатчынын аты катуу болгону менен катчылыкка начар кызматчы дайындалса өкүлчүлүктүүлүк деңгээлинен ашпаган Коопсуздук кеңешинин катчылыгына чейин төмөндөтүлүшүнүн өзү логикага жатпаган иш болгон. Бирок, негизи күчтүү жетекчи катарында Исмаил Исаков бул кызматта да орустардын термини менен айткандай "үйлөнүү үлпөтүнүн генералы" бойдон кала алмак эмес. Ошондуктан ал бир катар иштерди жасоо жана бардык маселелерде өзүнө таандык принципиалдуулугу менен "бул короого үйүр боло алган жок", алмак да эмес.
Албетте, мында бир гана нерсе түшүнүктүү болуп турат. Бул ошол эле Исмаил Исаков Башкы катчылыгына дайындалган "Жаңы Кыргызстан" саясый партиясынын билдирүүсүндө айтылгандай, учурдагы бийликтин өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу боюнча ишти алып бара албай жаткандыгында. Ошол эле учурда азыркы президенттин айланасындагы топторго өз ишин мыкты билген жана саясый салмагы оор Исмаил Исаковго окшогон кадрлардын "ашыкча" болуп тургандыгы. Анткени мындай топтор ар дайым өздөрүнөн күчтүү, демек, өздөрүнө күчтүү конкурент болгон кадрларды өгөйлөп турушат эмеспи.
Убагында президент К. Бакиев мүчөсү болгон жана ал оппозицияда жүргөндө канатына калкалап алган, аны дээрлик президенттикке алып келген "Жаңы Кыргызстан" партиясынын ордуна парламенттик шайлоонун алдында жаңыдан түзүлө калган, демек, ал шайлоо үчүн түзүлгөндөй таасир калтырган, мурдагы президент А. Акаевдин "Алга, Кыргызстан" партиясына үндөш аттагы "Ак Жол" (ушундан кийин "Кыргызстан" деген сөз өзүнөн өзү суранып тургандай) партиясын тандашы мына ушул топтордун иши экени байкалып турат.
Ырас, азыр Исмаил Исаковдун мындан аркы кадамдарын бийлик тарап да, оппозиция тарап да күтүп турушат. Чынында бир караганда анын бийликтен кетиши анчалык чоң мааниге ээ эмес. Эртедир-кечтир ар бир мамлекеттик кызматкерди ушундай тагдыр күтүп турат. Кеп анын кетишине К. Бакиевдин берген комментарийинде.
Президент К. Бакиев 13-октябрдагы өз администрациясынын бөлүм башчылары менен салттуу кеңешмеде анын кетишине "Ишиндеги кемчиликтерин айтканыма таарынып калган сыяктуу. Болбосо ал эч качан президенттин жүргүзүп жаткан саясаты менен макул эместигин билдирип бир да жолу сүйлөгөн эмес. Ошондуктан мен ал өзүнүн жеке таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыгуу менен отставкага кетти деп ойлоймун", - деп баа берди. Муну менен ал Исмаил Исаковдун буга чейинки өзүнүн бийликке келишине, андан кийин бийлигинин бекемделишине, атүгүл аларды айтпаган күндө да жогоруда белгилегендей армиядагы реформаларды жүргүзүү менен азыркы бийликтин ишинин жакшы бааланышына, аны менен бийликтин чыңдалышына кошкон салымдарын "чийип" салды.
Мындай жорук, албетте, президент катары анын адамдык сапатынын деңгээлин көрсөтүп тургансыйт. Чынында анча-мынча саясатчылар жана өздөрүн мамлекеттик деңгээлдеги жетекчи катары санашкандардан генерал Исмаил Исаков айырмаланып майда-чүйдөгө таарынмак эмес. Экинчиден, Исмаил Исаковдун өз арызы менен кызматтан кетиши жана азыркы кырдаал боюнча өз пикирин билдириши анын дал ушул жетекчилик жана адамдык жогорку сапаттарын айкын көрсөтүп турат. Эми мындай генералдын, иш билги жетекчинин партиянын жетекчилигине келиши менен бийликтегилер жана алардын кошоматчылары канчалык бут тосушпасын, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын кадыр-баркын кескин жогорулатмакчы. Баса, ага бийлик тарабынан бут тосуулар тескери натыйжа гана бериши да мүмкүн. Партия өлкөдөгү жүздөй партиянын катарындагыларынын бири болуп калбастан, иш жүзүндө кадыр-барктуу саясый күчкө айланмакчы. Аны менен эми бийлик да, оппозиция тараптагылар да эсептешпей коё алышпайт. Ошондуктан азыркы бийликтин Исмаил Исаковду бийликтен кетирүүсү жогоруда айтканыбыздай "Логиканын толук жоктугу дагы өзүнчө логика" дегендей болбой калды окшойт.
Бирок, ошол эле учурда анын оппозиция тарабынан кабыл алынышы да күмөн болуп тургандай. Анткени амбициясы чоң оппозиция лидерлери мындай "күчтүү конкурентти" катарына алышы кыйын.
Мына ушундай эле кадам бир убакта "таарынтылган" Адахам Мадумаровдун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалышы болуп турат. Албетте, адатта жогорку чиндеги (биз билгенден генералдан төмөнкү эмес) аскер кызматкерлери, эч болбогондо укук коргоо органдарында жетекчи кызматта иштегендер дайындалуучу бул кызматка "универсал" А. Мадумаровдун келиши "кадрдык таңкыстык" менен эле түшүндүрүлбөсө…

Т. Исхаков




  Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт

Азыркы "фас" И.исаковго, а кийинкисичи?..
- Исмаил Исакович, дүйшөмбү күнү Президенттин аппарат жыйынында К.Бакиевдин коопсуздук кеңешинин экс- катчысы Исмаил Исаковду өткөн бир жыйында сындап койгондугун жана ал сынды көтөрө албай арызын жазып келиптир деген пикирине кандай карайсыз?
- Кыргыз элинде улуу сөз бар эмеспи "Эмне болсо дагы байдын уулу сүйлөсүн..." деген. Азыркы коомдо бул сөздү колдонуу менимче туура болбой калат.
Себеби, азыр биз Конституциянын негизинде жашап калбадыкбы. Бай болобу, Президент болобу же жөнөкөй атуулбу укугу бирдей. Ошондуктан, мен айтаар элем, "Сен ооруба урматтуу, мен ооруйун. Сенин туура эмес айтканың урматтуу, туура болсун. Менин туура айткан акыйкат сөздөрүм туура эмес болсун"-деп.
Бир гана мисал келтире кетейин.
Мен Коопсуздук кеңештин катчысы болуп, келээр менен кандай аракеттерди жасаганымды бүткүл коомчулук билет. Диний маселени түштүктүн эки облусун, түндүктүн эки облусун кыдырып, диний окуу жайларды, мечиттерди, дааватчыларды, кыскасын айтканда мамлекетке коопсуздук алып келе турган бардык маселелерди дыкаат текшерип, кемчиликтерин көрүп, сунуштарды Президенттин өзүнө киргизген болчумун. Менин сунушума эч жерге барбаган, маселени тактабаган адамга "сунуш киргизилсин"-деп жазып берет.
Мына бүгүнкү күнгө чейин сунуш киргизилип жатат!
Анан, Ноокаттан "чп" чыкканда мени жемелеп (упрек) жатпайбы. Сиз билбейт экенсиз дегендей. Көрсө, мен изилдеп ушул маселени тартипке салайын деген аракетим кемчилик экен.
Экинчи, мага кээ бир адамдар телефон аркылуу, өздөрү келип, "сизге ФАС-деген команда кетти"- дешип айтып жатышат.
Мен айтаар элем, "эгерде менин жана үй-бүлөмдүн ден-соолугуна зыян болсо, Президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын тиешеси түздөн-түз бар" деп эсептеймин.
Назгүл Акмат




 ?Саясат

СДП конституциялык реформаны талап кылууда
Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы бийликтен Конституциялык реформаны талап кылган билдирүү менен чыгууда. 14-октябрда жар салынган билдирүүдө Конституциялык реформанын маңызы президенттин толук бийлигин чектөөдө, парламенттин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун ролун жогорулатууда деп айтылат. Партиянын мүчөлөрү белгилешкендей, учурдагы Баш мыйзам конституциялык кризистен чыкпай эле, тескеринче, республикада саясый кырдаалды курчутту.

Социал-демократтар тараткан билдирүүдө Ак үй коррупциянын жана кутумчулардын борбору болуп калганы, бийликтин ичиндеги өз ара араздашкан топтор бийлик ресурстарын бөлүштүрүү менен алек болуп жатканы айтылат. Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын депутаты Бакыт Бешимовдун айтымында, өкмөттүн экономикалык-социалдык кырдаалды жөнгө салууга кудурети жетпей калды.
- Конституциялык реформанын негизги өзөгүн эмне түзөт? Азыр бүт жерди басып кеткен "Ак Жолдун" бийлигинин Кыргызстанга кереги жок. Биз тең салмактуулукту каалайбыз. Экинчиден, парламенттин ролун күчөтүш керек. Жогорку Кеңешке эл каалаган адамдар келиши керек. Реформанын негизинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек.
Мындан тышкары СДП өз билдирүүсүндө 5-октябрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоону кескин сынга алды. Бешимовдун белгилешинче, БШК мурдагыдай эле өзүнүн ыплас бурмалоолорун улантып жатат:
- Акаев, Бакиевдердин формасында жасалган шайлоолордун республикага кереги жок. Бул Кыргызстанга өтө коркунучтуу. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушунчалык ыплас өткөндүгү боюнча бизге көптөгөн кайрылуулар келип жатат.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев СДПнын Баш мыйзамды реформалоо талаптары жөндүү деп эсептейт. Качекеевдин айтымында, учурда президенттин укуктары падышанын укуктарынан да чоң. Президентке бийликтин дээрлик бардык бутактары баш ийип калган:
- Президентте учурда чексиз укук болуп жатат. Өкмөт дейт, өкмөт азыр эч нерсе чечпейт. Бардыгын президенттин администрациясы чечет. Бүгүнкү күндө биздин модель падышачылыктын сүрөтү болуп жатат. Падышанын ордунда президент, тактын ордунда президенттин креслосу жана жан-жөөкөрлөрү болуп жатат.

Мээрим Султангазы, Бишкек