"Жаўы кылым", 16.10.08 - 2-бет: •№38, 16.10.08-ж.
  Маалымат

Кылым пресс
Суунун аздыгы шылтоо эмес
Нарын дарыясында суу аз эмес деген пикирин Улуттук илимдер академиясынын суу жана ирригация институнун директору Дүйшөн Маматканов маалымат жыйынында билдирди. "Чындыгында Токтогул суу сактагычындагы сууну иштетип жиберишкен. Ошондуктан азыркыдай кырдаал түзүлүүдө", дейт Маматканов.

Куттуктайбыз!
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен Чылабаева Айнагүл Талиповна Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Айнагүл айым буга чейин Кемин жана Свердлов райондорунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.
Президенттин дагы бир буйругу менен Калыбаев Жумаш Уманович Ош областынын Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кызматынан бошотулду жана Президенттин башка Жарлыгы менен Осмонов Алмаз Абдилакович Алай районунун акими болуп дайындалды.

А.Мадумаровдун саясий жүзү канчалык?
А.Мадумаров жаңы кызматта өз милдетин аткара алышы күмөн деген пикирин "Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөсү А.Жекшенкулов билдирди. А.Мадумаровдун Коопсуздук кеңештин катчысы болуп дайындалышы анын чыныгы саясий жүзүн көрсөтүп койду. А. Мадумаров мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеп турганда деле жарытып иштеп ийген эмес. Ал мурда-кийин күч структураларында иштебесе, эч кандай тажрыйбасы жок болсо, мындай жооптуу кызматта өз милдетин аткара алат деп айтыш кыйын, дейт А.Жекшенкулов.

Р.Шаботоев дале дайынсыз
Руслан Шаботоевдун жоголушуна анын бизнеси себеп болушу мүмкүн эмес жана ал криминал дүйнөсү менен байланышы жок болчу. Бул тууралуу дайынсыз жоголуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Р. Шаботоевдин туугандары бүгүн тараткан ачык кайрылууда айтылат. Анда депутаттын жакындары Шабатоевдин эки жумадан бери табылбай жатышына кооптонуп, чочулап жаткандарын билдиришет.

Кыргызпатентке ким келди?
Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчылыгына Надырбек Турганбаев дайындалгандыгын жана анын мурунку жетекчиси Жумасарлык Нуржанов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу президенттин буйругу менен кызматтан бошогондугун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Надырбек мырза жетектеп келген Кыргызпатенттин башчылыгына, ушул убакка чейин күлүн бир жерге додо кыла албаган Улан Мелисбек дайындалды. Улан Мелисбек коомчулукка өткөн убакыттардагы оппозициялык сайттары аркылуу белгилүү болгон. Ал үй-бүлөсү менен акыркы жылдары Америкада жашап туруп, Кыргызстанга кайтып келгендигине бир айдын жүзү боло элек. Анын долбоору алдында пайда болгон Gazeta.kg 2000-2005-жылдар аралыгында кызуу талаш тартыштарды пайда кылып келген. Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн сынга алынып, кадыр баркынын кетишинде, өлкөдөгү оппозициялык кадамдардын тездешинде анын салымы чоң дешет.
Журналисттин чиновник болуп калышына эмне түрткү бергендиги азырынча белгисиз. Бирок президенттин командасынын мүчөсү болуп калуу сунушун тез эле кабыл алгандыгын айтышууда.

31 адам камакка алынды
1-октябрда Ноокат райондук акимиятын таш-бараңга алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 31 адам камакка алынды. Ноокаттагы окуяга байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 156, 223, 341 жана 174 беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө жогорудагы беренелер караштырган бийликке каршы күч колдонуу, жаштарды кылмышка тартуу, мүлктү зыянга учуратуу жана массалык баш-аламандык жасаган деп айып коюлууда.

Азимбек кимге акаарат айтат?
Революциялык комитеттин төрагасы Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, революциялык комитеттин мындан аркы таштай турган кадамдары туурасында билдирди. Ал мындан бир ай мурун азыркы бийликти Конституциялык жол менен токтоосуз түрдө тактан кулатуу тууралуу кайрылууну жалпы журтка жолдогон. Ыйык Рамазан айынын тынч өтүүсүн максат кылып, бир ай боюу тынч жатышкандыгын айтты, Азимбек мырза. Ал 2005-жылдын март окуясынын максаттары ишке ашпагандагандыгын, анын баардыгын азыркы президент уурдап алып, үй бүлөлүк башкаруу системасын улантып жаткандыгын баса белгиледи.

Кышында үшүбөйбүз
Шаарыбыздын тургандарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн Бишкек ТЭЦинин толук даяр экендигин, бул үчүн 350 млн. сомдон ашуун каражат жумшалгандыгын, жылуулук бериле баштагандан кийин жарыкты өчүрүү дагы токтотула тургандыгын Өкмөт башчысы Игорь Чудинов билдирди. Борбордук ТЭЦте ар күнү 6-7 миң тоннадан көмүр жагылат. Азыр көмүр запастарын камдоо иштери улантылууда.




 ?Окурмандардын каты

ЭлТРдин программасы болсо
Саламатсыздырбы менин сүйүктүү "Жаңы кылым" гезитимдин жалпы эмгек жамааты!
Сиздердин гезитиңиздерди мен тынбай алып окуп турам. Сиздердин ишиниздерге ийгилик каалайм. Дайыма алдынкы гезиттерден болсун! Анан бир суроомо жооп берип коюшуңуздарды өтүнөм. -Телепрограммаларда неге ЭлТРдин программасы жок? Ал кыргыз тилдүү телерадио го?
Сиздерди терең урматтап гезиттин сүйүктүү окурманы Тынчтыкбек.

Кыргызстанга болгон сагыныч
Саламатсызбы Жанызак байке, Сизди алыскы Германиянын Бавария жеринен тынчыңызды алып жатат. Сизди газиттин бетинен Кыргыз Республикасына эмгек синирген артиси Анара Мадиева эжеке менен маек куруп берүүңүздү көптөн көп суранабыз. Биз Германияда жүрүп элибизди, жерибизди сагындык. Интернет беттеринен көптөгөн белгилүү адамдар менен жолугушууларды окуп Кыргызстанга барып келгендей болуп сагынычыбыз тарагандай болуп калат. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо, эжени улуттук кийимдери менен түшкөн сүрөттөрүн гезит бетине чыгарып койсоңуздар жакшы болот эле. Анткени, 20-ноябрда биз окуган окуу жайда Кыргызстандын күнүн белгилейбиз. Себеби, улуттук кийим менен түшкөн сүрөттөрүн презентацияга кошот элем.
Алдын ала сизге ыраазычылык билдирип, карындашыңыз.


Азербайжанда президенттик шайлоо
Өлкө башчылыгына учурдагы президент Илхам Алиевден тышкары дагы оппозициячыл алты талапкер ат салышууда. Бирок оппозиция өкүлдөрү Алиев бурмалоо жолу менен кайра президент болуп алат деп тынчсызданып, бул шайлоого бойкот жарыялап жатышат. Шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан 400 байкоочу көз салат.
Орусия-Грузин сүйлөшүүлөрү
Орусия менен Грузия, Түштүк Осетия жана Абхазия жикчил аймактары боюнча биринчи жолку сүйлөшүүлөрүн өткөрөт БУУнун баш катчысы Пан Ги-мундун айтымында, Женевада өтө турган жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр эки тараптын ортосундагы чыңалууну басаңдатууга багытталган. Август айында Грузиядагы кагылышуудан кийин Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны күнкорсуз мамлекеттер деп таанып, эл аралык коомчулукту да ошого үндөп келет. Ал эми Грузия буга караманча каршы.




Ч.Айтматовго арналган конференция
Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана Ататүрк маданият борбору түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу, дүйнөлүк жазуучулардын корифейлеринин бири Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган "Улуу ойчул Чынгыз Айтматов" аттуу конференция өткөрмөкчү.
Конференция 16-октябрда саат 09.00 дө Атабейитке жана Ч. Айтматовдун бейитине баруу менен өз ишин баштайт жана 2 күнгө созулат. Конференциянын ишине Кыргызстан, Түркия жана Казакстандан изилдөөчүлөр, окумуштуулар, маданий кызматкерлер катышышат. Аталган өлкөлөрдүн адабиятчылары, жана окумуштуулары Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан ар тараптуу талдоолор жасалган илимий докладдар менен секцияларда чыгып сүйлөшмөкчү.

Камбар-Атада жаңы завод
Камбар-Ата-2 ГЭСнин курулушуна темир-бетон конструкцияларынын өндүрүшү боюнча жаңы завод ишке киргизилди. Эми, бул жаңы завод ГЭСтеги курулуш иштерин аткарууда алда канча ишти жеңилдетмекчи. Буга чейин куруучулар темир-бетон конструкцияларын ГЭС курулуп жаткан жерден 195 километр алыстыктагы Шамалды-Сай айылындагы заводдон алып келүүгө туура келген. Ушуга байланыштуу темир-бетон конструкцияларын курулуш жүрүп жаткан жерге алып келүүгө көп убакыт кеткен. Мындан ары темир-бетон конструкцияларын даярдоо, жыйноо ГЭСтин өзүндө даярдалмакчы.

Чек ара коопсуздугу - башкы маселе
ОБСЕ Финляндиянын бажы жана криминалдык полиция, чек ара кызматы менен биргелешип Борбордук Азия өлкөлөрүнүн компетенттүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн чек ара коопсуздугу маселеси боюнча тернингдердин циклин өткөрдү. Анын катышуучулары фин-россия чек арасынын бажы жана чек ара постторунда болуу менен Европа союзунун регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги чек араларды башкаруу, чек арадагы кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча финдиктердин иш тажрыйбалары менен жакындан таанышышты.
Тренингдин жыйынтыгында мында катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара пикир алышты. Өз кезегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, баңги заттарга көзөмөл жүргүзүү агенттигинин, чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган делегация "Кыргызстандагы чек араны реформалоо - чек араны комплекстүү башкаруу" жөнүндө ачылышын көрсөтүп, тренингдин уюштуруучуларын жана катышуучуларын чек ара эң алды карапайым адамдардын жана транзит аркылуу жүктөр менен товарлардын жолтоосуз эркин өтүүсү үчүн, ошондой эле тышкы сооданы өркүндөтүүгө, инвестицияларды тартууга, ошол эле учурда чек ара кылмыштуулугу менен күрөшүүнү башкарууга кызмат кылган жөндөмдүү кызматтын ишине көңүлүн бурдурду.




 ?Ысык-Көл жаңылыктары

70 жылдыгына карата
Быйыл "Ысык-Көл кабарлары" жана "Вести Иссык - Куля" газеталарынын чыга баштаганына туура 70 жыл толот. Областтын губернатору К. Исаев басма соз кызматкерлерин 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, аларга акчалай сыйлык жана техникалык каражаттарды ыйгарды.

Күздүктүн өлчөмү аз
Област боюнча 6275 гектар жер айдалып, 3986 тонна үрөн себилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2006 гектарга аздык кылат.

Жолдуу жигит жол чабар
Ысык-Көл областтын Казакстан менен түз байланыштыруучу Түп - Кеген жолунун курулуш иштеринин башталышына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. 20 км. узундукту камтыган бул машиналар жүрүүчү жол областтын стратегиялык өнүгүшүнүн бир бутагы болуп калат дейт аймактын губернатору.

Ысык-Көлгө 800 миң турист келдиби?
Быйыл Ысык-Көлгө эс алууга 800 миң турист келген. Эс алуучулардын санын мындан да көбөйтүү максатында, учурда кыргыз делегациясы Жапонияда жүрүшөт. Жапония мамлекетине кыргыз жерин жарнамалап бүткөндөн кийин аталган топ Өзбекстандын борбору Ташкентке кайрылышып, туристтик жарманке өткөзүшмөкчү.

Браконьерлерге каршы күрөш
Областтык администрациянын алдында түзүлгөн атайын топ Ысык-Көл областынын Өрнөк айылында болушуп, көлдөгү балык торлорун тазалоого байланышкан иш чараларды жүргүзүштү. Бул иш чаранын жыйынтыгында 1300 метр узундукту түзгөн балык кармоочу топ колдон алынып салынды.

Жылдыз Иманова