Республикалык
коомдук-саясый гезит

№38, 16.10.08-ж.





  Сезим

Кремль аңгилери
Сталиндин ойношунун ыймандай сыры
Вера Александровна Давыдова - РСФСРдин жана Грузин ССРинин эмгек сиңирген артисти, Сталиндик сыйлыктын үч жолку лауреаты жана башка дагы көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Бул наамдардын баары ага татыктуу ыйгарылган. Ал таланттуу актриса жана татынакай үндүн ээси болгон. Ал Тбилиси мамлекеттик консерваториясынын окутуучусу, профессору болуу менен сахнада узак жана бактылуу өмүр сүргөн. Бирок ошондой болсо да өмүр баянында бир олуттуу "жагдай" болгон: он тогуз жыл бою Сталиндин ойношу болуп, ал жөнүндө аз гана адамдар билген. Ошол билген адамдар да Кремль тиранынын (зулумунун) айланасындагы жакын адамдар болушкан. Сталиндин ойношуна болгон жашыруун байланышын анын каардуу жазасынан коркуп, эч ким айта алган эмес. Өзүнүн алгачкы таанышуусунун башталышы, жакындашуусу чексиз бийликте турган генеральный секретарь жана жол башчы өкүмдар менен узакка созулган сүйүү байланышы, кремлдик жорук-жосундар, өз алдынча кабыл алуулары жөнүндө көргөндөрүн жана уккандарын Вера Александровна өзү айтып берген. Бирок анын эскерүүлөрүн адабиятташтырып жазгандарды жарыялоо биздин күндөрдө гана мүмкүн болду.

- Мага тынчтык бериңиз!
- Мени эки жолу суранууга мажбур кылбаңыз. Мен бүгүн кечинде сиздин спектаклге катышпай тургандыгыңызды билемин. Сизге тогуз менен он бирдин ортосунда келемин. Эскертип коеюн, эгерде сиз үйүңүздө болсоңуз, сиз үчүн жакшы болот. Жалгыз келем.
- Эмне болду, өзүңүздү мынчалык сыпайы кармап?
- Сиз таң каларлык адамсыз - ал кетип баратып сөз ыргытты.
Бир секунда өткөндөн кийин толкунданган Ежов жүгүрүп кирди:
- Бүгүн кечинде сизге Ягоданын келерин билебиз. Бизде сиздин аңгемеңиздин стенограммасы болууга тийиш, оозеки айтып берүү жетишсиз. Мүмкүн биздин кызматкер шкафта жашынып калаар? Кандай дейсиз?
- Бул мүмкүн эмес! Ягода сөзсүз өз визитинин алдында квартираны текшерүүгө өз адамдарын жиберет.
- Сиздики туура, жолдош Давыдова. Жакында профессионалдуу детектив болуп каласыз! Макул, биздин кызматкер сиз жашаган үйдүн үчүнчү кабатында турат дейли, зым тартабыз да, тыңшоочу түзүлүштү орнотобуз, стенографистка бардыгы жазат.
Бул операцияга техниканы жакшы билген Маленков жетекчилик кылган деп ойлодум.
Мен жаңылбапмын: Ягода өз сөзүндө турбай, беш кызматкер менен келди. Алар бүткүл квартираны ынтаа менен текшерип чыгышты.
Алар чыгып кеткенден кийин Ягода тегерегин жыттап көрдү да мындайча сурады:
- Бүгүн сиздикинде кимдир бирөө болдубу?
- Сүт алып келген кыз болду. Ал жумасына эки жолу келет.
Ягода кол шилтеди:
- Сүт алып келген кыз мени кызыктырбайт.
- Бул жерде эмне, суракпы же аңгемелешүүбү?
- Азырынча - достук аңгемелешүү.
- Андай болсо, кулак сизде, жолдош элдик комиссар.
- Вера Александровна, сиз билип коюуга тийишсиз. Сталинге кол салууга адамдардын чоң тобу катышкан. Советтик адилеттүү сот өз өкүмүн чыгарат жана бул кылмышкерлер атылат. Бактыга жараша сиздин буга эч кандай тиешеңиз жок жана мен жеке өзүм чын дилимден кечирим сурагым келет! Бул окуяны унуталы.
- Сиздин кечирим сурооңузду кабыл алам. Айтайын дегениңиз ушубу? Андай болсо, мындай сактануунун кереги эмне эле?
- Мен сизге бир нерсе сунуш кылгым келет...
- Сүйлөңүз.
- Тагдыр сизди Сталинге жолуктурду. Коопсуздук уюмдары анын бардык турмушу, майда-чуйдалары жөнүндө билүүгө тийиш. Бизге анын мүнөзү, адаттары, байланыштары, ошондой эле эле кызмат адамдары менен жеке адамдар менен болгон сүйлөшүүлөрү кызыктырат. Эгерде сиз бизге жардамдашсаңыз, бул кызматыңызды көңүлгө албай койбойбуз. Айына эки жолу белгилүү өлчөмдө акча алып турасыз. Ал сиздин кабарыңызга жараша болот. Мен сизден кат жүзүндөгү макулдугуңузду талап кылбайм, сиздин убадаңыз эле жетиштүү болот. Акчаны алдын ала төлөйбүз. Тил каттын кереги жок, жөн эле акчаны санап алыңыз. - Ягода чөнтөгүнөн капчыгын алып чыкты. -Сиз менин сунушума макулсузбу?
- Ушул секунда чыгып кетиңиз!
- Вера Александровна, эмне үчүн сиз мага бир чыны кофе сунуш кылганга жарабайсыз? - деп сурады ал бетпактык менен жылмайып.
- Мен аябай чарчадым. Эртең эртең менен репитицияга барам, кечинде спектакль, эс алуу керек.
- Мени кечирип коюңуз, бул орой шантаж (опузалоо). Сизди дагы бир жолу текшерип көрүү керек болду эле.
Мен ага көңүл бурууну токтоттум да, шалы жоолугумду ийниме салдым да терезеге бардым. Ягода ордунан турду да, мени кучактоого аракет кылды. Мен аны кескин түртүп жибердим. Чексиз бийлиги бар мамлекеттик саясий башкарманын башчысы тизесине туруп мага жылып келди:
- Верочка, мен сизди алтынга тундурам! Менде акча көп. Мени туура түшүнүңүз, мен өзүмдү эмне кыларымды билбейм, - мен сизди сүйөм. Мени кордобоңуз, бул чындык! Мен бул жумушту таштайм да, аялым менен ажырашам, кайрадан фармацевт болуп алам. Мен түшүнөм, мындай чечимди кабыл алуу үчүн убакыт керек. Бирок бутуңа жыгылып жалынам, Верочка, мага болгон мамилеңди өзгөрт. Мен чет өлкөлүк паспортторду аламын жана биз Америкага, Францияга же Англияга кетебиз, ал жакта чыныгы турмуш! Бир гана сиздин макулдугуңуз керек, Верочка!
- Ягода, сиз элдин шылдыңына калган адамсыз! Акылдан адашууну токтотуңуз. Менин үйүмдөн чыгып кетиңиз, циркке барып клоун (маскарапос) болуп кириңиз!
Ягода тизесинен өйдө турду. Менин алдымда кайрадан салабаттуу, кайдыгер, мансапкор жана бетпак адам турду.
- Эсиңизге салып койгум келет Давыдова, биздин тармактагы кандай гана акмакчылыкка болбосун, кайсы гана күнү болбосун кабылышың мүмкүн жана ошондо мен сага мындай оңой кутулуп кетүүгө жол бербейм. Жеке өзүм абакка (түрмөгө) алып барамын да эң бир адам жийиркенерлик акмактар толгон камерага таштап коем! - Ошентип ал кутуруудан калтырап, күбүрөй баштады: -Сен жерде калган айбан, эртеби, кечпи менин алдымда эсептешесиң! Менин бут алдымда жөргөлөп, менин өтүгүмдү өбөсүң! Сени киши өлтүргүчтөр менен жалаптардын көтүн жалатпасам!..
Ал - күчтөн тайган мен чечинбестен кроватка куладым. Эртең менен театрга барууга да менде каруу жок эле. Врач мага бюллетень жазып берди.
Түштө театрдын директору келди: "Абдан кыйын мезгилде ооруп калдыңыз. Бүгүн бизде атайын иш-чара өтмөк, залда жетекчи адамдар болот. Урматтуу Верочка, сактап калыңыз! Мен сизге машина жиберейин".
Мен кандайча театрда болуп калганым, эсимде жок. Костюм кийгизген аял мага кийинүүгө жардам берди, кандайча гримденгенимди да билбеймин.
- Давыдова - сахнага...
- Эч нерсени укпай эле ырдай бердим, оркестр менен дирижер да эсимден чыгып кетти. Дүркүрөгөн кол чабуулардан кийин эсиме келдим. Өкмөттүк ложада Сталин мага жылмаю менен кол чаап жатат...
Спектаклден кийин мени анын ложасына чакырышты, бирок мен кечирим суроо менен өзүмдү жаман сезгендигиме шылтоолоп, ложага баруудан баш тарттым да үйгө кайттым.
Түнүндө Сталин телефон чалды:
- Вера Александровна эмне болду? Ким сизди ыза кылды?
- Иосиф Виссарионович, кечирип коюңуз, сүйлөөгө дарманым жок.




  Таанышкым келет

Урматтуу окурман, балким өз түгөйүңүздү таппай кыйналып жүргөндүрсүз. Дароо (0773) 48-36-74 номерине SMS жөнөтүңүз. Жөнөткөн SMSиңиз гезит бетине жарыяланат. SMS билдирүүнүн баасы сиздин тарифиңизге жараша болот. Эң негизгиси, SMSиңиз кызыктуу болсун. Чоң сураныч, "Таанышкым келет" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.
©©© Менин атым Самара. Мен акылдуу балдар менен достошом. (0777) 54-43-40
©©© Саламатсыңарбы. Мен кыргыздын сулуу кыздары менен таанышкым келет. Атым Нурик, 1991-жылкымын. Таластыкмын. Таанышуунун максаты - достук. (0777) 12-50-75
©©© Мен сулуу-сулуу жигиттер менен таанышам. Атым Гүлзина, 18демин.
(0777) 29-73-96
©©© Саламатсыңарбы кыргыздын сулуу кыздары. Менин атым Бека, жашым 17, таластыкмын. 15-17 жашка чейинки, таластык сулуу кыздар менен таанышкым келет. Максатым - достук. Бирок маяк бербегиле, суранам.
(0773) 18-61-18
©©© Атым Айзада. Жашым 32. Турмушка чыккан эмесмин. Ыймандуу жакшы балдар менен таанышкым келет. (0772) 96-53-26
©©© Мен 20 жаштамын. 25 жашка чейинки ыймандуу, иштеген балдар менен таанышам.
(0772) 67-99-46
©©© Салам "Жаңы кылым". Атым Аделя, 1986-жылы 3-мартта туулгам. Турмушка чыккам, бирок ажырашып кеткем. Балам жок. Кара-Көл шаарында жашайм. Мен жакшы, ыймандуу, мени сыйлаган жигиттер менен таанышкым келет. (0777) 45-63-69
©©© Салам, атым Рита. Мен 14 жаштамын. Баткен району. (0777) 07-16-68
©©© Мен 18-19 жаштагы жакшы кыздар менен таанышкым келет. Атым Данияр.
(0773) 13-55-05
©©© Мен жакшы балдар менен таанышам. Чалгыла 19-24 жаштагылар. (0772) 39-46-77
©©© Менин атым Анарбек. Мен 16-18 жаштагы, айдай сулуу, күндөй жаркыраган көлдүк кыздар менен таанышкым келет. Өзүм 17 жаштамын. Sms жазгыла жана чалгыла, күтөм. Шашылгыла көлдүк кыздар! (0777) 16-48-27
©©© Менин атым Сыймык, 1990-жылкы болом. Ош шаарынын тургунумун. Мен 1990-1993-жылга чейинки кыздар менен таанышам.
(0777) 34-38-09
©©© Салам, мен 23-27 жашка чейинки кыргыздын туруктуу, чынчыл мырзалары менен таанышкым келет! (0772) 95-10-43
©©© Салам, атым Гүлнура. Төрт жагынан төп келишкен жигиттер менен таанышкым келет. Маяк бербегиле, смс жазгыла.
(0777) 14-13-44
©©© Салам, атым Марат. Мен сулуу, ыймандуу, кыздар менен таанышам. Смс жазгыла.
(0772) 13-33-00
©©© Салам кыргызымдын сулуу кыздары. Атым Болот, 18 жаштамын. Сүйүүсү күчтүү кыздар менен таанышам. Чалгыла, таанышалы.
(0773) 61-07-02
©©© Ош шаарынын 21-25 жаштагы сулуу, ыймандуу кыздары менен үй-бүлө куруу үчүн таанышам. (0772) 82-28-13




Урматтуу окурман! Сиздерден келген кызыктуу Sms билдирүүлөрдү гезитибизге жарыялап турууну туура көрүп, "Кылым Sms" рубрикасын ачканбыз. Анда редакция сиздерден жандуу SMS билдирүүлөрдү күтөт.
Урматтуу окурмандар! Чоң сураныч, "Кылым SMS" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.

Тел.: (0773) 08-11-79
* Адамдар төрөлөт түндөрдө. **6846
* Исфана шаарынын Рай сотунда иштеген Улукка салам! Бактылуу бол! Канымай.
* Данияр, Кишим! Силердин кыздуу болушуңар менен куттуктайбыз! Ыңаалап бул дүйнөгө жарыкка келген кызыңардын бешик боосу бек болсун. Түнкүсүн көп ыйлабай, ата-энесин кыйнабай, келечекте элине жагымдуу, ата-энесинин кадырлап сыйлаган бактылуу кыздардан болушун каалайбыз.
Айгүл, Роза, Бишкек.
* ЖаМУнун Тк-05 тайпасына, классташтарыма жана досторума чоң салам! Вика.
* Досторум Нураида, Гүлбурак ж.б силерге салам жолдоп досуңар Мира.
* Алыскы Лейлек районундагы Бешкент айылында жашап жаткан атам Алимбеков Каныбекти 14-октябрь туулган күнү менен куттуктаймын. Өмүрүңүз узун болсун. Бишкектен кызыңыз Айтбүбү.
* Ош областынын, Араван районунун, Тепе-Коргон айылдык округуна караштуу Жаңы-Абат айылындагы М.Назаров атындагы 11-класстын окуучуларына, окууларында ийгилик деп классташыңар Гуля.
* Атам Жумабай, апам Гулзаарага жараткандан аларды биздин бактыбызга ар дайым аман-эсен болуштарын сурайбыз деп балдарыңардын атынан, кызыңар Гуля.
* Айка бир гана сени сүйөм. Кызматты бүтүрүп барам жаныңа, алтыным. Мелис.
* Күзгү жамгыр денени чыйрыктырып,
Кыш мезгили жакындады кудай ай.
Качан эми кыйылам деп муңканып,
Жол жээгинде ыйлап турат карагай.
Өмүрбек, Кара-Балта.
* "Жаңы кылым" эң супер газета! деп окурманыңар Гуля.
* Свет өчсө өчсүн, рухубуз өчпөсүн.
**9867
* Быйыл кургакчылык болуп, түшүмүбүз жакшы болбой калды деген көпчүлүк дыйкандар. Болот.
* Асанбек сен ооруп, ооруканада жатканыңда мен сенин жаныңан чыккан жок элем. Эми өзүм ооруп жатсам сен бир келип койгонго жараган жоксуң. Малик, Талас.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan