Республикалык
коомдук-саясый гезит

№38, 16.10.08-ж.





  Адабият

Таалай Нуркемел
Кесилген баштык махабаты
(курч окуялуу повесть)
(Башталышы өткөн санда)
- Мен сизге алгач ирет бийге түшкөндө эле эскерткем. Артымдан ээрчип убара болбоңуз деп. Бийдин соңунда албырттаган жумшак эриндери менен Жылдызбектин бетинен бир өөп, анан кылчайбай кеткен. Жылдызбек эстен танып жыгылып кала жаздаган. Эми Мээримге канча ирет келсе дагы өз бактысын Жылдызбекке кошкусу келбегенин айтат. Ошондо да алыстан төртүнчү этаждан. Кебез менен мууздагандан жаман болуп, Жылдызбектин башы жерге шалак эте түшөт.
Жылдызбек тынымсыз ойлордон улам жууркандын алдына катылган өлгөн адамдын башын аяр кармап алып чыкты да столдун үстүнө коюп, терезени чүмбөттөп, эшикти бекем бекитти.
- Айтчы сен,-деди кесилген башка жакын келип. - Мен шордуунун шору арылабы? Ал кыз менин бактыма эмес, шорума жолуккан адамбы? Азап-кайгыны унутаар күнүм барбы? Сенин алдыңда Мээрим менен кучакташып, аппак бетинен, жумшак эриндеринен сорушаар күн качан келет. Сен да тирүү кезиңде мендей болгонсуң, азап - кайгы тарткансың. А азыр эми сенин жаның тынч...
Өлүк башта кайдагы үн-сөз, мурункусундай ак куба жүзү кубарып жансыз калыбында туруп берди.
- Канчага чейин мелтиреп тура бересиң? Канчага чейин? Деги сен өмүрүңдө бактылуу болдуң белең. Сүйгөнүңө жеттиң беле тирүү кезиңде? Ай билбейм, сен да мендей шордуу болсоң керек,- деди Жылдызбек кесилген баштын чачтарынан сылап. - Ушу сен Доуэлдин башындай болуп сайрап сүйлөп турганда мага далай окуяны айтып бермек экенсиң. Бирок сен жөнүндө мен териштирип сурадым. Сен көрбөгөн кордук, сен көрбөгөн жыргал да капбаптыр жер үстүндө. Сен мага ишен. Мээрим, мен сен үчөөбүз сөзсүз бактылуу болобуз,- деди да тынч укта менин академиям деп ак чүпүрөктү кесилген баштын үстүнө жаап, өзү диванга жыгылаар замат коңурук тартып уйкуга кетти. Азап кайгынын баары тирүү адамдын башында экени анын уктап жатканынан улам сезилип турду. Бөлмөсүндө турган кесилген баштай болуп эң кур дегенде өз башы кесилип, баш ташыган кара сумкага салынып барып, Мээримдин столунун үстүндө үн-сөзсүз карап тургусу келди.
Жылдызбек мединститутту кызыл диплом менен бүтүрүп, аспирантурада калып окуп жаткан. Келечекте кандидаттыкты коргоо үчүн "Адамдын баш мээсинин аткарган функциялары жана аны жасалма жол менен электрондоштуруу системасы" деген илимий эмгектин үстүндө иштеп жаңы ачылыш жасоо аракетинде кара жанын карч уруп жүргөн. Өз кесибин өтө сүйгөндүктөн Гиппократтын "Медицина поистине есть самое благородное из всех искусств" деп айткан сөзүн чоң таяныч кылып өзүнөн врачтык кесибине ар дайым сыймыктануу менен карайт эле. Ошол себептен Жылдызбек лабораториядан чыкканда кара сумкасы тултуйган боюнча чыгат. Бул кесилген адамдын башы жаңы баш болгондуктан үйүнө алып келип мээ капкагын ачып алып, ар кандай приборлор менен текшерип, аны кандай жол менен электрондоштуруу керек экенин, схемаларын түзүп чыгуу аракетинде жаңы илимий эмгегин жазып жаткан мезгил эле. Ар дайым иштен чыкканда автобус, троллейбуска түшпөстөн кесилген башты сумкасына билгизбей салып, көтөрүп алат да ээн жол менен он чакырымдай үйүнө жөө келет, кайра таң жаңы эле агарганда баягы кара сумкадагы башты көтөрүп алып ишке жөө жөнөйт. Кесилген баш таң алдында лабораторияда, түнкүсүн Жылдызбектин үйүндөгү иш столунун үстүндө. Жылдызбек Мариянын кээ күндөрү терезенин түбүнөн нары-бери басканын угуп калып жүрдү. Эмне мени аңдып жатабы? Милиция чакырып, карматып жибереби? деген ойдо сактана баштады, өзү да Мариянын келген-кеткенин аңдып калчу болду. Кечкурун жумуштан кайткан мезгилде кара сумканы үйгө көтөрүп кириш өтө оор боло баштады. Ошол маалда Мария алдынан чыгат же артынан узатып карап калат.
Жылдызбек жетекчисине, өзүнүн эң жакшы илимий ачылыштарын кабарлап барды. Ийгилигинин өтө мыкты экенин баалоо менен жетекчиси Жылдызбектин колун кысып куттуктады. Кудай буюрса жакын арада өзүнүн илимий ачылыштары тууралуу доклад жасоо мүмкүнчүлүгү келип турду. Бул ийгилик канча деген адамдарды бактылуу кылаарын алдыртан сезген Жылдызбек эң биринчи Мээримге жетип сүйүнчүлөө аракетин жасады.
Ар дайым Мээримге жөнөгөндө жолдо карата түркүн ойлор менен алектенип, өзүн-өзү коопсуз сезип, айтайын деген көп сөздөрүн айтуудан жазганып кайтаар эле. Бул жолу эмнегедир жүрөгү алып-учуп Мээримге жетсе эле сагынышып кучакташа калчудай сезип, жол арбыбай куштай учуп баратты. Университеттин кыздарынын күлкүсү жатаканага жакындаганда эле кулагынын түбүндө шарактап тургандай сезилчу. Бул жолу эч бир тартынчаак уяңдык да сезилбеди. Куш тилиндей кабарды уккан Мээрим терезеден Жылдызбекти жалт карады. Мурда Мээримдин көзүнө шелпейип жүдөө көрүнөөр эле. Бул жолу Жылдызбек таптап койгон аттай далылары чыгып, моюну койкоюп, алыска чуркоочу күлүктөй болуп турганын көрдү.
- Кандайсың Мээрим? - деди терезеден көрө койгон Жылдызбек.
- Жакшы байке, и-и жоголуп кетип, келип калдыңызбы?
- Мээрим бир минутка убактың болобу? - деп сыпаа өтүндү Жылдызбек.
- Ошончолук зарыл ишпи?




Элет жерден сен деп жүрөөр бир сезим
Сен карасаң мен да карап кайра улам,
Сени көрүп мен өзүмчө бушайман.
Садагасы саламатта жүрө гөр,
Сансыз жылдыз көктө сымал жайнаган.

Карашыңда табышмактуу сырың бар,
Таза суудай тамылжыган ырым бар.
Тарынбастан татынакай окуп кой,
Таанышканда берер сага гүлүм бар.

Гүлдөй жайна гүл өмүрүн соолбосун,
Жүүнүң бошоп жүрөк зилге толбосун.
Күкүк зейнеп үн салышкан куштардай,
Күүгүм кирсе күндө мени ойлонттуң.

Эстен кетпей элжиреткен элесиң,
Эстүү жандай көрүнүшү келбетиң,
Эсен болсок жолугушаар күн бардыр,
Элет жерден сен деп жүрөөр бир сезим.
Сагындырат айлуу түндөр
Токтогулдун кызы сенсиң,
Тоолук мага ысык сенсиң.
Толгон жандан сени көрүп,
Толгонтту го ысык демиң.

Көңүлүмдүн тазалыгы,
Көргөн жанга сен ажарлуу.
Көөнүм түшүп сендик ырлар,
Көкүрөктө жатаар жылуу.

Башка түшсө байтал жорго,
Баарына тең кайыл жолдо.
Байлаттырбай жетелетет,
Баардык сезим сени ойлосо.

Кызыл алма бышып турган,
Кызгалдактай кызыктырган.
Сен жаштыкты ойлонттуң го,
Сезимимди жылыттырган.

Кырдан ашкан жолоочудай,
Кызык жашоо болбочудай.
Күздүн күнү күлмүң батып,
Күн да мага жалоорчудай.

Айдың көлдө ак куу учар,
Арылбастыр жаштык кумар.
Азда болсо ойноп күлөр,
Арты жакшы күндөр турар.

Сезимиде сен деп жүргөн,
Сергек кыял сени сүйгөн.
Саймедиреп сансыз толо,
Сагындырат айлуу түндөр.

Токтогулдун кызы сенсиң,
Тоолук мага ысык сенсиң,
Толукшуган чырайың ай,
Толгон айдан кем эмессиң.
Руслан Сагынбаев




 ?Жан-дүйнө жаңырыгы

Жүрөктө калган сүйүүнүн ыйы
Андан бери канчалаган мезгил өтсө да, негедир жан дүйнөмдү жабыркатып, жүрөгүмдү жаралаган ошол окуя дале эсимде сакталып кала бериптир.
- Ээ, иним гезитиңе жазып койчу? - мен бул сырымды жөн жерден айтып жаткан жерим жок. Балким айтканым айрыкча жаштарга кандайдыр бир тарбиялык мааниси жагынан таасири тийип калаар-деп өткөн жаштыгын эстеп "өх" деп оор улутунган Жаркынай эже сөз учугун улады.
Анда да 1977-жылдын ушундай күз айларынын бири эле. Теребел сары кымкап жамынып сапырылган сары жалбырактар бутактарынан бошонуп жерге үзүлүп түшүп жаткан убагы. Мен анда медучилищада окуучумун. Дайыма дос кызым экөөбүз окуудан чыккандан кийин парк аралап сейилдегенди адатка айландырып алганбыз. Ал күнү да ишемби болгондуктан сабактан эрте чыгып адаттагыдай парк ичиндеги отургучта олтурганбыз. Аңгыча алар келип жаныбыздан орун алып калышты. Ошентип сөздөн-сөз уланып, алар менен капыстан таанышып калдык. Алгач кыздык кылыгым менен бой көтөрүмүш болгонум менен аны бир көргөндө эле жактырып калдым. Ал мени үйгө жеткирип келип:
- Күндө келип турсам болобу?-деп сураганында.
- Мейли келип тур,-деп уялыңкы жер караганым эсимде. Билбейм негедир ошол күндөн баштап ага болгон сезимим өзгөрө баштады. Үйгө келип да тынчый албай түн ичи уйкум бузулуп өзүңдү эстеп чыгам. Көз ирмелип уктап кетсем түшүмө киресиң. Жаратылыш да экөөбүздөн эч нерсени аябаптыр. Колтукташып бак аралап бирге бассак баары бизди суктанып карашаарын байкачумун. Ал анда күндө мага келгенден тажачу эмес эле. Өзү студент болсо да убактысын көпчүлүк бөлүгүн мени менен өткөзөр эле. Айрыкча ал экөөбүз өткөзгөн ошол түн эсимде калыптыр.
Ал күнү да адаттагындай мага келип, парк аралап экөөбүз көпкө басып, сейилдеп кайтаарыбызда колумдан кармап:
- Алтыным Жаркынай ушул ишемби күнү классташ баламдын үйлөнүү кечеси болот. Барып келбейлиби?-деп суранып калдың. Сунушуңду четке кагалбай дароо макул болдум. Анткени сенин жаш баланыкындай болгон кыялкеч мүнөздөрүң, кийген кийимиң өзүңө куп жарашып келишкен мүчө боюң тегеректегилердин гана эмес менин да сага болгон сезимимди дайыма ого бетер өрчүтөөр эле. Ошентип биз күткөн ишемби күн да келип жетти. Жасанып алып колубузга гүл, шампан көтөрүп, сенин айылыңа жөнөп калдык.
Айылың жакын болгондуктан тез эле жетип бардык. Барсак, той шааниси эчак эле башталып, кенен жайылган дасторкондун үстүндө эки жашка ак тилектер айтылып, шампандар атылып, кымча бел кыздардын шыңгыр күлкүлөрү жаңырып, оюн-зоок, ыр-күлкү менен коштолгон той көңүлдүү өтүп жатыптыр. Барган экөөбүз да алардын катарынан орун алдык. Анда азыркыдай үйлөнүү тойлорун ресторан, кафелерде өткөрүш кайда ал кезде мезгилдин талабына жараша болуш керек го азыр ойлосом. Шампандан удаа-удаа ичкенгеби бетим албырып негедир денем чымырап чыгып аябай уялып жаттым. Аңгыча эле магнитофондон сыбызгыган:
Ырда жигит ырдагын,
Жигит сен да турбагын.
Комуз күүсү коштоп кет,
Үйлөнүү той жыргалын-деген аргендүү ыр жаңырганда жупташкан кыз-жигиттер эки-экиден бийге түшө башташты. Алардын арасында экөөбүз да бийлеп жаттык. Аңгыча мааракенин тамадасы бир аз антракт белгилеп, биз экөөбүз эшикте көпкө сейилдеп басып жүрдүк. Чакан салынган үйдүн короосундагы кичине алма бактын ичинде көпкө сүйлөшүп отурдук.
Аңгыча сен мени аяр кармап кучагыңа кысып:
- Жаркынай алтыным, сен экөөбүз түбөлүк бирге болобуз. Ишеним кой айтканыма. Сени эч кимге ыраа көрбөйм. Кандай күн болсо да сен үчүн баарын аткарганга даярмын, сени эч качан таштабайм,-деген сөздөрдү айтып ай нуруна чагылышкан аппак жүзүмдөн, көздөрүмөн, эриндеримен өпкүлөп жаттың. Үйлөнүү той кечесинен эртеси кечирээк тарадык.
Ошентип бири-бирине окшош романтикалуу кызыктарга бай студенттик күндөр учкан куштай зыпылдап өтүп жатты.
Бир күнү ал күндөгүдөй жайдары кабагы менен кирип келип:
- Жаркынай бүгүндөн баштап кудай буюрса, биздин диплом алдындагы практикабыз башталды. Мен эки айлык мөөнөт менен айылга кеткени жатам. Практиканы ошол жактан өткөрмөй болдум,-дедиң. Экөөбүз жылуу коштоштук. Кетип жатканыңда бат-бат жолугушуп турууну чечтик. Арадан бир канча күндөр өттү. Ошол бойдон сенден дарек болбоду. Кат-кабарыңды билгизбедиң. Эмнегедир жүрөгүмдү кусалуу сагынычка толгон армандуу күйүт ырлары уялап сыртка чыга баштады. Менин кайгымды бөлүшкөн дос кызым көңүл жубатаарлык сөздөрдү айтканы менен ага деле көңүл бөлбөй суз болуп кеттим.
Акыры айылдагы эки айлык практикаң да аяктап экөөбүздүн жолугаар күнүбүз келип жетти. Сени издеп сен окуган айыл чарба институтуна бардым. Сени көрөм дегенде эки көзүм төрт болуп жүрөгүм элеп-желеп болуп айда кайда учкансыйт. Бирок анын баары кыял бойдон кала берди. Сураштырсам окуу башталганына эки жума болуптур. Сенден дарек жок. Көрсөм деп көксөп барган үмүтүм суу сепкендей өчтү. Ошентип арадан канча өткөнүн билбейм бир күнү сабакта отурсам "сени эшикте бирөө чакырып жатат" дешти. Сыртка чыксам сени менен чогуу окуган Жеңишбек туруптур. Ал мени менен жылмая учурашып аркы-беркини сүйлөшүп тургандан кийин кетээринде чөнтөгүнөн бир барак оролгон катты алып, сенин мага берип коюсун өтүндү эле деп кетип калды. Катты ачып окусам. Кандай Жаркынай алтыным, амансыңбы? Ден соолугуң жакшыбы? Мени эмне болду деп тынчсызданып жатсаң керек. Кечирип кой ушундай болуп калды. Мен практикада жүргөнүмдө атамдар мурдатан кудалашып жүргөн жерлери бар эле ошого үйлөнтүп коюшту. Мындан кийин экөөбүз эч качан жолуга албайбыз. Сен да турмуштан өз бактыңды таап бактылуу болушуңду тилейм. Сени түшүнөт деп ойлойм. Кош бол, Айдар! деп жазылып турат. Катты окуганда көздөрүм тумандап, жер астын-үстүн болуп эмне кылаар айламды таппай калдым. Сенин жан-дүйнөбүздөгү аруу таза сүйүүбүздү барктап кадырлай албаганыңа менин акактай болгон кыздык намысымды тебелеп тепсеп алдап, сенин алсыз жетеленме жан экениңди ойлоп, ичимден сага болгон жек көрүү сезимим ойноп жатты. Көпкө чейин солуктап ыйлап ичим туз куйгандай ачышып күчүмдүн баарын көз жаштагы ыйымдан чыгарып жаттым.
Андан бери арадан канчалаган мезгил өттү. Азыр мен да үй-бүлөлүү, балдарым менен бакубат жашап жатам. Негедир ошол окуя эсиме келе калганда эле Айдардын сүйүүгө болгон эч туруксуздугу мага айткан жалынып жалбарган сөздөрү дайыма эсиме түшө берет-деп сөзүн аяктап үнсүз калыбында терезени телмире карап ойлуу тиктеди.

Жазып алган
Кубат Жакып уулу











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan