Республикалык
коомдук-саясый гезит

№38, 16.10.08-ж.





 Абалың кандай, мугалим?

20 миң маяна алган министрди дагы мугалим окуткан
Негедир сапырылган сары жалбырактар жер бетине себелей баштаган күз мезгилин мугалимге жана анын тагдырына салыштырууга болот. Анткени күздүн алгачкы күнүндө жаңы окуу жылы башталып, ушул мезгилде ар дайым мөмөлүү даракка салыштырып келген мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, мугалимдерди ушул күнү эле көрө калгансып изги куттуктоолор менен кошо жүрөк жибитер жылуу пикирлер айтылат. Эртеңки күнүбүздүн ээси болуп, элибиздин тагдырын тизгиндей турган жеткинчектердин калыптанышына, билимге ээ болуусуна милдеткер болгон мугалим эже -агайларыбызды ушул күндөрү гана эмес ар бир убакта эстеп, аларга кубаныч тартуулап, жеңилин жерден, оорун колдон талашып турбаганыбыздын өзү өкүнүчтүү.

Эгемен мамлекетибиздеги билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын узак убакыттар бою дыңга айланып келип, аргабыз биротоло түгөнүп, билим берүү тармагыбыз чоң коркунучка келип кептелгенден кийин, шашылыш көрүлгөн чаралардан кийин кыймылдай баштагандыгына аз эле убакыттардын болгондугун жашырууга болбос. Мындан саналуу жылдар мурун мугалимдерибиздин айлыгы 800-1500 сомдун айланасында болсо, учурда алардын айлыктары 2000-3000 сомго чейин көтөрүлдү. Албетте Өкмөт тараптан "мугалимдердин айлыгын көтөрүп койдук, жыргаттык!" деп төш каккылап, мактаныч кылгандары менен мугалимдердин айлыгы абдан эле аз. Айлык акылары 20-30 миң сомду түзгөн министрлерди, жетекчилерди, май-талкан мекемелерде шапар тепкен "жаңы кыргыздарды" дагы дал ушул айдан айга саргайып айлык күткөн карапайым мугалимдер окутпады беле. Эң биринчи кезекте келечек ээлерине калем карматып, арип үйрөткөн агай-эжелердин социалдык проблемаларын чечип, каражат жагынан көз карандысыз деңгээлге жеткиргенде гана сапаттуу билим, күчтүү экономика менен айкалыша тургандыгын көз жаздымда калтыруунун өзү кечирилгис күнөө.
Күн-түнү тыным албай мектеп иши, окуучулар менен алек болгон мугалимдердин кызматы үчүн Өкмөт тараптан берилген бул айлык деле учурдун инфляциясы менен салыштыра келгенде текейден арзан болуп калат. Анткени түбөлүккө устун болбой убактылуу жашай турган бул жалган дүйнөдөгү жашоодо зарыл болгон нерселердин баардыгы кымбаттагандан кымбаттап, бул кымбатчылыктын аягы барып каякка такалып, эмне менен бүтөөрү дагы бүдөмүк. Маянасын колуна алган мугалим азык-түлүк алуу үчүн базарды аралап колундагы 2000-3000 сомун резинкадай созуп, зарыл болгон азык түлүктөргө, күндөлүк керектелинчү самын сумундарына жеткирүүгө аракет жасап, "Өлбөсөк алтын аяктан суу ичээрбиз" деген үмүт менен муңайып күн кечирип келишет. Деги алар канчага чейин чыдашат. Базарда болсо бир мүшөк ундун баасы 1300-1800 сом, канттын килосу 36-40 сом, өсүмдүк майынын литри 80-120 сом, эттин килосу 180-250 сом, күрүчтүн килосу 55 сом, кесме азыктарынын килосу 50-60 сом, картошка 15-20 сом, пияз 15 сом болуп карапайым мугалимдердин амалын алты кетирип турган чак.
Чындыгында эле азыр билим берүү тармагынын, андагы эмгектенген кызматкерлердин жана аларды даярдаган окуу жайлардын көйгөйлүү маселелери абдан эле көп. Азыр айыл кыштактарда мындан 50-60 жыл мурун курулган мектептерде окуучулар билим алышат. Алардын ар бир үчүнчүсү капиталдык ремонтко муктаж. Мындан тышкары мектеп окуучуларын жана мугалимдерин сапаттуу китептер жана колдонмолор менен жетиштүү камсыз кылуу маселелери талаптагыдай жетишпей келе жатат. Баардыгыбызга маалым болгондой жогорку класстын окуучуларына 14, башталгыч класстын окуучуларына 5тен китеп куралдары пайдаланылат. Ар бир 5чи жылы окуу куралдары жаңырып басылып туруусу, мамлекеттик стандарттын чегинде каралып чыкса дагы бул маселелер эсепке кирбей жаткансыйт.
Мектептерде окуу куралы жетишпей бир класста окуган 30-40 окуучулардын 3-4үнө бир окуу куралы пайдаланууга берилип, натыйжада жетиштүү билим алуу үчүн толук шарттардын түзүлбөй жаткандыгы дагы жашыруун эмес. Мындан саналуу жылдар мурун окуу китептери жана колдонмолору үчүн мамлекеттин бюджетинен көп суммадагы акчалар которулган. Бүгүнкү күндө окуу куралдардын канчасы басылып чыгып, мектептерде окуучулар үчүн кызмат кылып жаткандыгын ким билсин айтор, билим берүү тармагындагы ооз көптүрүп айткан мактанычтарыбыз деле мугалимдердин чекесин жылытып жаткан жери жок.
Социалдык абал-шарттарынын оордугуна, чеке жылытпаган акчасына карабай ар күнү ак таңдан тартып, күүгүм киргенге чейин мектептерде окуучуларыбыздын келечек тагдырына күйүп бышкан эжейлерибизди өз кесиптеринин фанаттары деп айтпаска арга барбы.
Учурда республикабызда 1 млн.го жакын окуучулар орто мектептерден билим алышса, аларга 80 миңдей мугалимдер сабак беришет. Ал мугалимдердин дагы теңинен көбү пенсия курагындагылар. Жалпы республикабыз боюнча мектептерге 3 миңден ашуун мугалимдер жетишпейт. Өзгөчө акыркы жылдары Баткен, Жалал-Абад областтарындагы мектептерге мугалимдер жетишпегендиктен окуучулардын предметтер боюнча билим алуусунда өксүктөр пайда болгон.
Мектептерде мугалимдердин жетишпегендигинин негизги себеби эле алардын айлык маяналарынын аздыгы менен түшүндүрүлөт. Бүгүнкү күндө шаар жерлериндеги мугалимдердин айлык акылары 2500-3000 сомду түзсө, элет мектептеринде эмгектенген мугалимдер 1800-2000 сомдун тегерегинде айлык акы алышат. Ошондуктан түйшүгү оор, жоопкерчиликтүү жумуштардан тажаган ондогон, миңдеген мугалимдер жумуштарын ташташып, алыскы Россия, жакынкы Казакстан мамлекеттерине сапар тартып, мекендин жакыр патриоту болгончо, бөтөн жерде көз каранды болсо дагы акчалуу мигрант болгонду эп көрүшөт. Алыска кетүүгө мүмкүнчүлүк таппагандары башка жумуштарга иштеп кетишет.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эле 900дөн ашуун мугалимдер иштен бошонуу үчүн арыз беришип, Россияга сапар тарткан. Ушуга окшогон кейиштүү көрүнүштөр канча дейсиз.
Мугалимдик кесип мурдагыдай бааланбай калгандыктан, ЖОЖду бүтүрүп жатышкан жаш кадрлар маяналуу башка жумуштарды издешет. Ушул көрүнүштүн кесепетинен ушул жылы Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 200 бюджеттик орун толбой бош калган.
Мугалимдердин жетишпегендигинин кесепетинен билим берүүнүн сапаты кескин начарлап жаткандыгы дагы калп эмес. Учурда айыл жерлеринде англис тили, орус тили, информатика, география мугалимдери жетишпесе, айыл жерлеринде тарых, математика мугалимдери жетишпейт экен. Мунун натыйжасында мектептердеги оор абалдардан чыгуу үчүн мугалимдер 2-3 ставкада иштешип, жумасына 35-40 сааттан сабак беришип, өз нормаларынан алда канча көп иштешүүгө аргасыз болушат. Өзү жыргатып билбеген предметти мугалим окуучуларга канчалык деңгээлде окута тургандыгы айтпаса дагы түшүнүктүү.
Шаар жерине салыштырмалуу айыл жергесинде мугалимдердин педагогдук деңгээли төмөн. Азыр мектепти бүткөн кыздар сырттан окууга тапшыра коюшуп, мектептерде жогорку класстардын окуучуларына сабак берип жүрүшөт. Айрымдарынын деңээли 11-класстын окуучуларыныкына эле барабар экендигин көз карандысыз эксперттердин какшап келе жаткандыгына көп болду. Андай жаш мугалимдер эмнени окутуп кыйратышат жана андан билим алып жатышкан жаш муундарыбыздын тагдыры эмне болот.
Мунун натыйжасында Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты төмөн экендигин өткөн жылы КМШ аралык окуучулардын олимпиадасы далилдеген. Союздун гүлдөп турган маалында Кыргызстан билимдүүлөрдүн арасында өзгөчөлөнүп, интеллектуалдык деңгээли боюнча дагы, билим берүү, алуу боюнча дагы экинчи орунду ээлей тургандыгын сыймыктануу менен айтып келгенбиз. Азыр болсо билим берүү тармагындагы кашыктап жыйнап алган нарктуулуктарыбызды, кадыр баркыбызды абага сапырып жибергендей абалда калып, эртеңкибиз сар санаага салып турган чак.

Д.Султаналиева




  Мугалимдер эмне дешет?

Зарина, 43 жашта, Кочкор району.
Мен азыркы БГУ,мурунку орус тили жана адабияты институтун бүтүргөм. Канча жыл мээ чиритип, тишимдин кирин соруп мектепте иштесем деле алаканым толо акча кармап көргөн эмесмин. Апамдын каршы болгонуна карабай алкаш күйөөм менен биротоло ажыраштым дагы, үч баламды үч бир тууганыма аманат тапшырып коюп, Алматага кетип калгандыгыма эки жыл болду. Бала багуучу болуп иштейм, тапкан акчам балдарымды бакканга жетет. Эми качан сүйгөн кесибиме кайрылып бараарым белгисиз.

Сейилкан, 51жашта, Нарын областы.
Мугалимдер үчүн кошумча бериле турган пособиени ала албай канча жылдан бери жүрөбүз. Айлабыз түгөнгөндө соттошуп жатып төлөттүрүп алууга мүмкүнчүлүк алдык. Үзүп-кесип атып качан кантип төлөп бере тургандыгы деле табышмак бойдон калды. Мугалимдердин унутта калгангандыгына көп болду. Мага окшогон улгайып калган мугалимдер аргасыздан жумуштарыбызды таштай албайбыз. Анткени бизде мектепсиз,окуучуларсыз күн жок. Аларсыз бул өмүрдү элестете албайбыз.




Будет ли настоящая горячая вода?
Почти месяц жители многоэтажек привыкают к здоровому образу жизни. А происходит это благодаря усилиям нашей дорогой теплосети. Сегодня вода из кранов горячей воды "вытекают" чуть теплой.

Жители столицы республики повсеместно жалуются на отсутствии горячей воды. География отсутствие горячей воды весьма обширна - даже центр города не остался в стороне - на этой карте отметились все жилые районы Бишкека.
Глава коммунального предприятия "Бишкектеплоэнерго" Ж.Каримжанов, а также руководитель ОАО "Бишкектеплосеть" М.Батаканов на прошедший недавно пресс-конференции, так объяснили сложившуюся ситуацию: отопительная система предприятия не может мгновенно нагреть воду после веерных отключений. Требуется время, чтобы довести температуру воды до нормы. Также существует проблема с нехваткой газа. Он необходим для того, чтобы довести температуру воды до нужной отметки. Видимо, такие заявления нужно понимать так: проблемы с электричеством и газом потянули с собой и горячую воду, а поэтому нашей вины здесь нет.
Но горожане категорически не желают мириться с такой ситуацией. Жительница с улицы Чокморова Чолпон Ташибекова возмущена до глубины души: "У нас такое безобразие с горячей водой происходит не первый год, но на этот раз ситуация переходит все границы. Вода идет практически холодная и чтобы хоть немного она потеплела, приходится по полчаса ее спускать. На воду у нас стоит счетчик, чтобы не платить лишнее, а сейчас выходит, что вместо экономии мы получаем огромнейший перерасход. Получается, цены растут, а качество обслуживания падает. За несколько последних лет я неоднократно вызывала контролера из "Бишкектеплосети" и мы весьма ей благодарны за оперативную работу - приходит по первому звонку, тщательно проверяет все показатели и помогает оформить перерасчет. Но, во-первых, перерасчет делают только тем, у кого хватает времени и нервов для вызова соответствующей комиссии, а разве можно назвать это справедливым, ведь многие пожилые люди терпеливо сносят все неудобства, а потом из своих небольших пенсий оплачивают чье-то халатное отношение к своим обязанностям. Во-вторых, перерасчет собственно малый и не оправдывают ни финансовых затрат, ни тем более морального ущерба. Большинство горожан в частных разговорах возмущаются сложившейся ситуацией, но лишь единицы пытаются отстаивать свои права. Больно уж суматошно бегать по судам, доказывать, что договор на соответствующее обслуживание грубо нарушается, да и полученная компенсация навряд ли окупит затрату нервной энергии, потраченную на борьбу за "прелести" цивилизации.

Геннадий Деев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan