"Жаўы кылым", 09.10.08 - 7-бет: •№37, 09.10.08-ж.
  Учур

"60*К" тобу
Рыспайдан бата алган бир туугандар
Акыркы мезгилдерде кыргыздардын шоу бизнесинде учур талабына шайкеш болууга умтулган бир катар жаңылыктар болууда. Тактап айтканда, "жылдызбыз" дешип, төшүн каккылап, Европанын шоу дүйнөсүндөгү атактууларды туураган бир катар жаңы топтор, эстрада аткаруучулары пайда болду. Албетте, "беш кол тең эмес" демекчи, музыка дүйнөсүнө өз чыйырын салып, өзгөчө стили менен жаңылык киргизип, жылуу чырай жүзү менен эл оозуна алынып калган аткаруучулар дагы жок эмес. Маселен "60*К" тобу жөнүндө угуп-билбеген, алардын чыныгы изденүүчүлүгүнөн кийин жаралган мукам кайрыктуу чыгармаларына күбө болбогон замандаштарыбыз жокко эседир.

Ырас, ушул тапта "60*К" тобу калың топту жарып, кыргыз шоу дүйнөсүндөгү таанымал өнөрпоздордон болуп калышты. "Аккан арыктан суу агат" демекчи, ушул аталган топтун жигиттери бир туугандар Талант, Самат Кадыровдор маркум обончу жана аткаруучу Алтымыш Кадыровдун уулдары.
Эчен-эчен орошон таланттарды таптап уясынан учурган Ош шаарында удаасы менен төрөлүшкөн бул жигиттердин атасы Алтымыш Кадыров таланты ташкындап турган маалда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан. Эми минтип бүгүнкү күндө атадан калган асыл туяктар, кыргыздын кыйырына таанымал болгон обончу атанын жаркын элесин туу тутуп, анын ысымындагы топту негиздеп, түзүшкөндүгүнө бир топ эле мезгил болуп калды.
Жогоруда белгилеп кеткенибиздей эле Талант менен Самат жарык дүйнөгө келген күндөн тартышып эле музыка менен айкалышкан чөйрөдө өсүп чоңоюшту. Балдардын апасы Рая Нургазиева Ош шаарындагы музыкалык окуу жайын аяктагандан кийин, уулдарын өстүрүп-чоңойтуу менен алек болуп, жогорку билимди кийинчерээк ушул эле шаардагы Мамлекеттик университеттен улантып, жогорку билимге ээ болгон. Андан кийин Ош областтык Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда 16 жыл бою чыгармачылык менен алектенген. Бешенеге жазылган тагдырды ким эле алдын ала боолголоп, жаман жагын ойлосун? Анын сыңары Рая дагы сыртта "мен, мен" деген дөө-шаа таланттар менен чыгармачылыкта үзөңгү кагышып, тыным албай иштесе дагы, үй ичинде балдарына мээримдүү эне болуп, өмүрлүк жолдошу Алтымыш Кадыровдун чыгармачылыгынын өркүндөп өсүшүнө салым кошуп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду.
Алтымыш агабыз менен Рая айымдын чогуу жашаган жылдарында алардын жашоосун жалаң ыр-күлкү, кубаныч-шаттык коштоп жүрдү десек ашыкча болбос. Алтургай ушул чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн перзенттерге Талант, Самат деген мааниси терең ысымдарды дагы залкар обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров өзү койгон экен.
Жигиттердин балалык чагы музыкалык чөйрөдө, керемети күч сыйкыр даарыган сахнанын айланасында өттү. Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшпаев, Ибрагим Жунусов, Бабаравшан Тургунбаев, Жолдошбек Мамажанов өңдүү таланттуу инсандар, ырчы-аткаруучулар Кадыровдордун үйүндө тез-тез конокто болуп турушчу. Алар Алтымыштын божураган наристелеринин жоруктарына, балдай тилдерине эбедейлери эзилип, эл керегине жараган азаматтардан болсун деп баталарын беришчү.
"Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" демекчи, залкарлардын батасын алган бир туугандар бүгүн чыгармачылыктын күрөштү талап кылган татаал жолунда, эргүү менен ырахаттанып изденишүүдө. Оор сыноолордо жолуккан кайгы-нааразычылыктарга дагы кайыл болгон бир туугандардын продюсери -алардын апасы Рая Нургазиева. Музыкалык мектепте окуп жүрүшкөн күндөрүнөн тартып эле алар "Жаныш-Байыш" тобу менен ээрчишип, жер-жерлерде болушуп, ырдап жүрүшчү. Кийинчерээк Самат фортепианонун коштоосунда обон жаратып, ырга кошту. Ошентип, булактын көзү ачылып, улуу жүрүшкө бет алып, чыйырын салды.
Чыгармачылыкка аралашкан жаштарыбыз албетте, сүрөөнчүлөрү болбосо, эл алдында таланттары менен тааныла албай калат эмеспи. Бир туугандарды эл алдына алып чыгып тааныштырып, өнөрлөрүн тартуулоодо аларга "Дастан" акционердик коомунун жетекчиси Таалай Сейитбеков колдоо көрсөттү. Аларга концерттик костюмдарды тиктирип берип, ырларын жаздырып, видеоклиптерин тарттырып алар менен кошо убаракерчиликтин чордонунда кайнап жатат. Аттиң десең, Таалай мырзага окшогон таланттууларды колдон тартып жөлөп кетээр азаматтарыбыз көп болсо гана!
Азыр "60*К" тобу жаңы ырларды жаздыруу менен алек болушууда. Алар көбүнчө белгилүү ырчы-обончулардын ырларына басым жасашат. Бир мезгилдерде эл арасында ооздон түшпөй ырдалган аталарынын ырларына экинчи өмүр берүү үчүн талбай эмгектенишип, изденишүүдө. Атадан калган асыл таберикти туу тутуп, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен бир туугандарга ден соолук, ийгилик каалоо менен бирге жаңы табылгаларды күтөлү.
Р.Дүйшөнбекова




Өз жергебизде өгөйлөнүп...
Ырас, акыркы он беш жылдын ичинде чакан жаш мамлекетибизде мурда-кийин болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүүлөр кулач жайды. Элибиз жашоо шарттын адаттагыдан башкача нугуна кантип түшүп кетишкендиктерин жана ата-бабаларыбыздан мурас катары кылымдан кылымдарга сакталып келе жаткан улуттук менталитетибиз, көөнөрбөс каада-салттарыбыз, эне тилибиз эл башчыларынын эсинен чыгып, кандайча кийинки пландарга калып кеткендигин деле туйбай калышты.

"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" деп кудуңдап, жаңы өзгөрүүлөргө курсант болгон карапайым "кыргызбайлардын" айрымдары "Цивилизациянын жаңы баскычтарына көтөрүлүп, дүйнөгө таанылып жатабыз. Ким элек ким болдук" деп куру кыйкырык менен курулай көкүрөк каккылаганы кимдир бирөөлөрдүн алгач балким күлкүсүн келтирип, соңунда кыжырдануусун пайда кылып жаткандыгын туйбай деле жаткандыр. Андай айтканыбыздын себеби борбор калаабыздын кең көчөлөрүн алыстан келген же болбосо чын ыкласы менен саресеп салып аралай баскан адамдар эки жагын аңдап караса Кыргызстандын борбору Бишкекте эмес, таптакыр кайсы бир башка мамлекеттин шаарына кез келгендей сезээри анык.
Соода-сатыгын кеңейтип, ишинин илгерилешин самап, ишкердүү өнөктөштөрдү издеген бизнес борборлорунун козу карындай жайнаган жарыя-жарнактары карапайым мекендештерибиздин басымдуу бөлүктөрүнүн тиши өтпөй турган чет тилинде же болбосо орус тилинде жазылып тургандыгы бир жагынан жүдөтсө, бир жагынан чексиз бушайманга салат. Анан дагы борбордук көчөлөрдүн чордондорундагы кайсы бир мезгилдерде шаардыктарыбызды, конокторубузду турмуш-тиричилик жактан тейлеп, маданий эс алуучу жай катары руханий байлыктарыбызды арттырган кооз имарат жайларыбызды сыйпалап таппай калдык. Алар чектелүү, эл үчүн күйүмдүү болумуш болгон азын-оолак адамдардын кызыкчылыгы үчүн "кызмат" кылып кандайдыр бир түшүнүксүз себептер менен, бирок мыйзамдуу жол аркылуу чет элдик ишкерлердин карамагына өтүп кеткени качан. Өз көмөчтөрүнө күл тарткан айрым аттуу-баштуу адамдардын ооздорун майлап коюп, мыйзамдуу жол менен имарат жайларга ээ болуп, элди керектүү тармактар менен тейлегенге мүмкүнчүлүк алган конокторубуз "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" деген кыргыз макалы менен кабары бар адамдар өңдөнгөнсүп, өздөрү каалагандарын жасашат.
Ошол тегеректеги чейрек кылымдан бери жашап келе жатышкан жергиликтүү адамдар менен макулдашып, алардын пикирин, каалоосун укпай турушуп, укмак түгүл алардын жашоо-шартына кедергисин тийгизип, моралдык жактан кемсинтүүгө алып барган жагдайларга туш кылышып, каалаган жерлерин тешип, бузуп жарып эшик-терезе чыгарышып, көп кабат үйлөрдүн жашоочулары пайдаланышчу короону тосуп алышып, далай кыйынчылыктарды жаратышат.
Эми, жогоруда биз сөз кылып жаткан көрүнүштөргө мекендештерибиз деле көнүп бүтүшкөндөй болду. Биздин аябай чоң кайгыбыз - унутулуп бара жаткан эне тилибиз экендигин ушул жарнактардагы жарыялар дагы айгинелеп, ындыныбызды өчүрүп тургансыйт. Көчөлөрдөгү жарыялардын, соода-тейлөө түйүндөрүнүн басымдуу бөлүгү алардын ээлеринин ким, улуту кандай экендигине карап көрнөктөрдү жазышат. Мамлекеттик тилди сыйлап кыргыз тилин эсине алып койгон конокторубуз жокко эсе. Ириде кытай, немец же англис тилинде жазылат, андан соң жалпы жашоочуларга маалымат берүү максатында орус тилинде жазылат.
Шаардын чок ортосунан орун алган кытайлыктардын "Гоин" соода борборун кимдер билбейт. Ушул жайга кирип чыккан адамдар туура эмес көрүнүштү байкаса дагы байкамаксан. Анткени кытайлыктарга тигил же бул деп акыл айтканың менен бекер. Өз жериңде өгөйлөнүп алсыз болгондугуңа кейип, арманың арткандан башка эч нерсе таппайсың. Жок дегенде биринчи катарга расмий тилде эмне болгон имарат жай экендигин жазып, андан кийин гана каалаган тилдеринде жазып алса эп болмок.
Ырас, Кытай биздин улуу кошунабыз, аласа-бересе мамилелерибиз жагы жакшы өнүгүп, жакшы тил табышып, бизнесте бир топ өнөктөштүгүбүз бар. Бирок, алар биздин мамлекеттик тилибизди байкамаксан болуп, унутта калтырышкандары Кыргыз мамлекетин мамлекет катары тааныгысы келбегендигин айгинелеп тургансыйт. Алар биринчи кезекте мамлекетти сыйлабай туруп бизнесинин ийгилигин жана акчаны гана самап, калганына кол шилтеп койгону улутту сыйлабагандык. Ири соода түйүндөрү мамлекет үчүн кандай киреше берип, кимдердин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандыгы туурасында ар кандай арбын кеп бар. Ал туурасында арбын сөз алдыда.

Д.Султаналиева




Ысык-Көл жаңылыктары
Нура айлынын кайгысын тең бөлүшөбүз
Ысык-Көл облусунун губернатору К.Исаев зилзаланын кесепетинен жапа чеккен Алай районундагы Нура айлынын жашоочуларына, мекендештерибизге 750 миң сом өлчөмүндөгү жардам жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Байкатпай кармады
Мергенчилик департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн 6 укук бузган иши катталса, Ак-Суу районунан 2 сибирь тоо эчкисин жана 1 аркарды мыйзамсыз атып алып бара жаткан жеринен Д.Касаболотов жана М.Маданбеков кармалып отурат. Андан тышкары баалуу аң терилер менен бара жаткан жеринен Б.Алтымышбаев жаратылышты коргоочулардын колуна тутулду .

Жаратылышты коргоочуларга эскертүү берилди
Облус башчысы К.Исаев региондор аралык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көлдөгү жана Соң-Көлдөгү балык запастарын көбөйтүү жөнүндөгү указынын аткарылбай жатышын сынга алды. Тиешелүү жетекчилерге эскертүү берилип, Каракол балык чарбасы жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин кылдат текшерүү областтык прокуратурага тапшырылды.

Жаңы мектеп
Жети-Өгүз айлына караштуу Кабак айлында белгилүү саясий ишмер Жумгалбек Аманбаевдин аты ыйгарылган мектептин ачылышы болуп өттү. Мектептин курулушуна облустук администрация тарабынан 250 миң сом, райондук бюджеттен 324 миң сом, мамлекеттик кызыктыруучу гранттардын эсебинен 926 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ж.Иманова