"Жаўы кылым", 09.10.08 - 2-бет: •№37, 09.10.08-ж.
  Маалымат

Кылым пресс
Өлкө жетекчилигине кайрылышат
"Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы өлкөдөгү энергетика кризисине байланыштуу Президент К.Бакиевге жана премьер-министр И.Чудиновго кыймылдын атынан кайрылуу жолдошот. Кайрылууда кризистик абалдан чыгуу үчүн коомдук өкмөт түзүү сунушу, энергетикалык тармакты сатуунун пайдасыздыгы айтылат.

Жабыркагандар үчүн 120 үй курулат
Зилзаладан жабыр тарткан үй-бүлөлөр үчүн тез курулуучу үйлөр салына баштайт. Жабыр тарткандарды ноябрь айынын ортосуна чейин турак-жай менен камсыз кылуу тапшырмасын Президент кечээ Ош облусуна болгон сапары учурунда берди.

Америкалык базаны чыгаруу талабы
"Айкөл Манас жана Сергий Радонежский" фондусунун президенти АКШга каршы өлкөлөрдүн биринде саясый баш паанек сурашы тууралуу фонддун президенти Игорь Трофимов билдирди. Анын айтымында, кечээ фонд жана "Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу" кыймылы митинг өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген соң, алар атайын кызматтардын кысымына кабылышкан. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө ага каршы шашылыш түрдө кылмыш иши козголуп, ал бир нече жолу суракка чакырылган. Фонд жана кыймыл 10-октябрга белгилеп жаткан митингде кыргыз бийлигинен америкалык базаны жайгаштыруу боюнча макулдашууну жокко чыгаруу талабы коюлары маалымдалган.

Дүйнөдөгү экономикалык кризис
Нью-Йорк биржасында акциялардын жана баалуу кагаздар соодасы бир аз көтөрүлүп кайра 300 пунктка төмөндөп кеткен. АКШ Борбордук Банкынын жетекчиси Бен Бернанке каржы каатчылыгы өлкөнүн экономикасына гана көлөкө түшүрбөстөн, оор кырдаалды дагы көпкө чейин создуктурат деп кабатырлануусун билдирди.

Орусия Грузияга жакын аскерлерин чыгарат
Орусия өз аскерлерин Грузиядагы өткөөл тилкелерден шаршембиде толук чыгарып кетээрин билдирди. Бул Европа Биримдигинин ортомчулугу астында жетишкен келишимдин бир бөлүгү.

Германиянын Ооганстандагы аскер миссиясы
Расмий Берлин Ооганстандагы аскерий миссиясын дагы 14 айга узартты. Ооганстандагы альянстын аскерлеринин саны боюнча Германия үчүнчү орунда турат.




Кожоюндан багы ачылбаган "Аалам" гезити
Бүгүнкү күндө "Аалам" гезити буулуккан иттей эле ар кимге тийише берчү адатты таап алды. Мен журналист болбосом дагы, коомдук гезиттердин бирин калтырбай сандан санга калтырбай окуп, аларды атайын тиркеп келем.

Мисалы, Ч. Абыкеев кожоюн болуп турганда, анын табитине жараша "Аалам" гезити теңирге сыйынып, бүбү-бакшылар басымдуулук кылып, атүгүл гезит жашыл түстө чыгып калды эле. Бир жылдан бери аты, жыты кыргыз элине белгисиз Шамшыбек Медетбеков деген кыргыздын карапайым жигити кожоюн болуп калган экен. Учурда гезиттин позициясы такыр эле түшүнүксүз. Бир карасаң өзүн апендинин кызындай мактатып, ошол эле учурда кыргыздын аттын кашкасындай таанымал атуулдарын жамандап сандан-санга чыгарат. Анан мен бул атуулдун өмүр таржымалына кызыгып көрсөм мактанаарлык деле тарыхы жок экен. Анан билбегенге көзгө сайып, айланайын уулум, кыргыздар: "жылкыңа карап ышкыр" деп коёт. Жок дегенде артыңды кылчайып карап туруп анан башкаларга асылсаң боло деген сөздү айткым келет.
Угушума караганда бул жигит Жогорку Кеңеште Эл өкүлдөр жыйынында 10 жыл депутат болгон экен. Тилекке каршы, парламентте бир убакта чогуу отурган депутаттар анын бир мыйзам кабыл алууда катышпаганын, качан көрсөң эле ийнин куушуруп алып, сөзгө түнт, кабагы ачылбаган бул жигитти акыркы мезгилде өз гезитинен байма-бай жерге-сууга тийгизбей мактатканын айтып таң калышат. Анан мындай суроо туулат экен.
Деги бул жигит кыргыз эли үчүн эмне кылып жибергени үчүн мактап жатышат?
Турсунбек Чынгышевди сызга отургузуп, "Кыргыз-Гонконг" биргелешкен банкын банкрот кылып байыгандыгы үчүнбү? Же Акаевдин учурунда канайымдын тилин таап, эптеп Нарынга эки айга жетпеген убакыт губернатор болуп, Кочкор раймамадминистрацияга чогулган элден чочулап, экинчи кабаттан секирип, терезеден түшө качканы үчүнбү? А балким өзүнүн жашоодогу туруксуздугу үчүндүр. Деги ким билсин, эл аралап сураштыра келсең бул жигит жөнүндө эч кимден жылуу кеп укпайт экенсиң. Ошондуктан, уккандарымды гезит бетине берип коомчулукка тааныштырууну чечтим. Буюрса, кийинкиде өмүр таржымалы жана анын жубайлары жөнүндө кеңири баяндап берем.
Урмат Асылбашев,
ардагер, Бишкек шаары




Ош областынын Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылынын элине жана Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы Ж.Калыбаевке
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Үсөн Сыдыков Кыргызстан элине Алай районуна караштуу Нура айылында болгон жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтат.
"Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Алай районуна караштуу Нура айылында көптөгөн адамдардын өмүрүнүн кыйылышына алып келген жер титирөө болуп өткөндүгү жөнүндөгү суук кабарды мен терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Бул табигый кырсыктын натыйжасында болгон орду толгус жоготууларды кыргыз элин биргелешип чечүүгө чакырамын.
Жеке өзүмдүн атымдан Алай районунун элине терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана алардын кайгысын тең бөлүшө турганымды айтып коюшуңузду өтүнөм".
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ү.Сыдыков.


Адам пендесине айттырбай келүүчү жаратылыштын таш-боор кырсыгынан жапа чеккен Ош областынын Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылынын элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Орду толгус оор жоготууга учураган кайгыңыздарды тең бөлүшүп, капилет кырсыктан каза болгон ага-туугандарыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын эмгек жамааты.


"Жаңы кылым" газетасынын эмгек жамааты газетанын кызматкери Нурбүбү Бөдөшовага
жеңесинин
дүйнөдөн мезгилсиз өткөнүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Жеңеңиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Шайлоонун шайтан оюндары
Бишкек шаарында болгон жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлоодо, тагыраак айтканда, №1202 Курулуш шайлоо округунда участкалык комиссиянын төрайымы Касаткина И.Р. мыйзам бузууларга жол берген. Анда жергиликтүү тургундардын арызы боюнча үйлөрүнө барып, добуш алуу үчүн даярдалган 27 бюллетендин ордуна 115 бюллетен шайлоо урнасына салынган. Текшерүү учурунда бирдиктүү шайлоо реестри жоголуп, Касаткинанын колунан жашырылып коюлган ошол реестр табылган. Анда М.Т.Акматбаев жана А.С.Атахановго тиешелүү добуш 25-сентябрь күнү эле даярдалган болуп чыгып, 8 байкоочу акт түзүп, арыз менен сотко кайрылган.
Өз маалыматыбыз