"Жаўы кылым", 02.10.08 - 9-бет: Маалымат...•№35, 02.10.08-ж.
  Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде

Курортто эс алуу менен экономикалык форум
Республикабыздын делегациясы Польша Республикасынын белгилүү курорту Крыницада 18 экономикалык форумдун ишине катышты. Форумдун дискуссиялык бөлүгү Евразия-Борбордук Азия ачык диалогунун алкактарында өттү. Өзүнүн машстабдары, талаш-тартыштар аянтчаларынын саны жана катышуучуларынын саны боюнча бул экономикалык форумду Давос экономикалык форуму же Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форум менен салыштырууга болот.

Форумдун жүрүшүндө Борбордук Азиянын энергетикалык жана суу коопсуздугу сыяктуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Бул маселеде Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Өзбекстан, Тажикстандын жана Казакстандын катышуусу менен өлкөдө Эл аралык суу академиясын ачууга даярдыгын билдиришти. Академия суу коопсуздугун камсыз кылуу маселелери, дарыялардын сууларынын азайуусу проблемалары жана суу коопсуздугуна байланыштуу башка проблемаларды иликтөө менен алектенмекчи. Анда суу нефть жана газ сыяктуу товар экендиги да баса көрсөтүлдү.
Форумдун жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик структураларынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен расмий эмес кырдаалда жолугушуулар болуп, региондун жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу маселелери талкууланды. Региондун мамлекеттери менен өз ара мамилелер маселелери боюнча өзүнчө ири талкуу уюштурулду. Анда региондорду натыйжалуу өнүктүрүү, инфраструктураны өнүктүрүүгө ишкерлерди тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү. Жалпысынан катышуучулардын пикирлери регионалдык кластердик мамилеге багытталды. Мындай мамиле регионалдык деңгээлде экономиканын бардык секторлорун өнүктүрүүгө жана алардын айланасында кызматтардын сапаттуу чөйрөсү менен толук инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул экономикалык форумдун ишинин алкактарында Тарнов шаарында эл аралык инвестициялык форум болуп, анда мамлекеттин инвестицияларды тартууга таасири жана инвестицияларды тартууда приватташтырылуучу долбоорлордун жагымдуулугу маселелери талкууланды. Буга экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы А.Алиев катышты. Ал республикадагы инвестициялык климаттын бет ачаарын жасады жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын курулушу сыяктуу долбоорлорду сунуш кылды.
Кыргыз делегациясы бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү. Форумдун уюштуруучусу - Чыгыш Европа иликтөөлөр институтунун демилгеси боюнча ал институттун директору Зигмунт Бердиховский менен жолугушууда Европа союзу - Борбордук Азия экинчи экономикалык форумун Бишкек шаарында өткөрүү маселеси талкууланды. Себеби мындай иш-чараны уюштуруу өлкөнүн эл аралык имиджин жогорулатат жана өлкөгө кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.
Польшанын экономикалык өнүктүрүү министринин чакыруусу боюнча кыргыз делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялар, ишкердик жана макроэкономикалык анализ боюнча министрликтердин адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, Кыргызстандан ташылып келинген продукцияга ветеринардык сертификаттарды алып салуу сыяктуу бир катар олуттуу маселелер талкууланды. Польшанын экономикалык өнүктүрүү министри Г.Сваслевска инвестициялык ишмердүүлүк маселелер боюнча тажрыйба алмашуу үчүн программанын долбоорун берди.
Приватташтыруу ишмердүүлүгү маселелери боюнча жолугушуу Польшанын мамлекеттик министри Александр Град менен болду. Анда эки өлкөдөгү приватташтырууну жүргүзүү этаптары талкууланды. А.Град билдиргендей Польша ири мамлекеттик ишканаларды приватташтыруу боюнча башка багытка түшкөн. Мамлекеттик ишканаларды башкарууга мамлекеттик структураларга тиешеси жок менеджерлер, кызматкерлер, директорлор коюлушат. Бул аталган ишканалардагы өтө натыйжалуу рынок мамилелерге алып келет. Натыйжада ишканалардын капиталдашуусу кескин көбөйөт жана мамлекет аларды сатуудан алда канча көп пайда алат.
Кыргыз делегациясы өзүнүн Польшада болуусунун аягында Славковдо жайгашкан эркин экономикалык аймакта жана темир жол жүк терминалында болушту. Алар терминалдык иштөө принциптери менен таанышышты. Андагы кайра жүктөөгө, кампага киргизүүгө жана жөнөтүүгө байланыштуу баардык документтер "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча бир жерде жүргүзүлөт. Терминалдын иши тар жана кеңири кординалуу темир жол жолдорунда "Кургак жердеги портту" толук кандуу түзүүгө багытталган. Ал терминалдын жетекчилери бул секторго инвестицияларды жумшоого кызыкдар кыргыз бизнесмендери үчүн сунуштарды жасашты.




Карыларыбыз - ырысыбыз
Министр Акылбек Жапаров Эл аралык карылар күнүнө карата соода жана мурдагы мамлекеттик жабдуу тармагында иштешкен эмгек сиңирген кызматкерлерди, министрликтин мурдагы башкармалыктарынын начальниктерин жана бөлүм башчыларын салтанаттуу сый тамакка чакырды.

Ардагерлерди майрамы менен куттуктаган А.Жапаров алардын эмгегине баа берди жана тармакта узак жылдар иштеп, республиканын өнүгүшүнө татыктуу салым кошушкан кызматкерлерге урмат көрсөттү.
Сый тамактын катышуучулары - ардагерлер өткөн мезгил жана эмгек жолдору жөнүндө эскерүүлөрдү айтышып, кыйын күндөр жана ийгиликтер жөнүндө сөз кылышты. Министр аларга бекем ден соолук жана узун өмүр каалоо менен ардагерлердин эч кимиси унутта калбай тургандыгын баса көрсөттү.
Чакырылгандарга финансылык жардамдар да көрсөтүлдү, ал эми сыркоолоп калып сый тамакка катыша албагандарга министрликтин кызматкерлери финансылык жардамдарды үйлөрүнө жеткирип беришти.




Өз алдынча башкаруу да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт
Министрликте ЮСАИДдин "ДемСУ" долбоору жана АРИС тарабынан уюштурулган, министрлик жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттик колдоого алган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык пландары Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына кандай түрдө салым кошушат" темасында тегерек стол болуп өттү. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин, министрликтин, аталган улуттук агенттиктин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү, ар кандай деңгээлдердеги башкаруу органдарынын ролу, жергиликтүү деңгээлде стратегиялык пландаштыруунун стандарттары жөнүндө пикир алмашышты.
Министрликтин статс-катчысы Азиз Аалиев "Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына (2009-2011-жылдар) региондордун ролу жана катышуусу жөнүндө" баяндама жасап, анда долбоордун негизги багыттарын жана приоритеттерин белгиледи, ошондой эле регионалдык деңгээлде стратегияны жүзөгө ашыруу процессинин катышуучуларынын ролун баса белгиледи.
Регионалдык өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары - ар бир районду, шаарды, айыл өкмөтүн регионалдык стратегиялык документтерде иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык пайдалуу долбоорлорду жана класттерлерди ишке киргизүү менен балансташкан жана сапаттык өнүктүрүү. Стратегиянын алкактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү процесси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жана көз карандысыздыгын күчөтүүгө багытталууга тийиштигин баса көрсөттү А.Аалиев.
Катышуучуларга "ДемСУ" долбоорунун жана АРИСтин бет ачаар баяндамалары да сунушталды.
Тегерек столдо Каракол, Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларын жана Момбеков муниципалитетин экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык пландары сунуш кылынып, талкуулоонун жүрүшүндө демилгелер үчүн стимулдарды түзүүгө, ар кандай уюмдардын иш-чараларынын карталарына байланыштуу сунуштар киргизилди.




Бишкек 3 жылдан кийин кандай болмокчу?
Министрликте Азия өнүктүрүү банкынын долбоору жана министрлик биргелешип уюштурган "2008-2011-жылдарга Бишкек шаарын өнүктүрүү программасын мониторингдөө жана баалоо системасын ишке киргизүү" темасында тегерек стол болуп өттү. Анда Бишкек шаарынын Мониторинг жана баалоо системасынын учурдагы абалы талкууланып, ошондой эле 2008-2011-жылдарга "Сүйүктүү шаар" программасынын Индикаторлор матрицасы жактырылды.

Министр Акылбек Жапаров эксперттик баалоолордун натыйжаларын сунуш кылуу менен индикаторлор матрицасынын финалдык долбоорунда аралык экспертизанын жүрүшүндө аныкталган бардык олуттуу эскертүүлөр жана кемчиликтер эске алынганын белгиледи. Индикаторлордун саны 83төн 49га кыскартылган. "Проблемалуу индикаторлор" (маалыматтардын ишенимдүү булактарынын жана аларды өлчөөлөрдүн методикаларынын жоктугу ж.б.) дээрлик толук көлөмдө алынып салынды. Так баяндалган индикаторлордун саны жана мазмуну боюнча оптималдуу топтому сунуш кылынды.
Индикаторлордун тизмесинде Президенттин 10-январдагы билдирүүсүндө көрсөтүлгөн Жаңы экономикалык саясаттын элементтерин мүнөздөөчү алты олуттуу көрсөткүчтөн үчөөсү сунуш кылынган. Мониторинг үчүн сунуш кылынган индикаторлор маалыматтар булактары боюнча да, жооптуу аткаруучулар боюнча да жеткире иштелип чыккан. 49 индикатордун ичинен беш социалдык индикатору өтө жакшы катары баа алган.
Ошентсе да индикаторлордун матрицасынын даярдалган долбоору жалпысынан олуттуу толукталып иштелип чыгууга муктаж. Ошондуктан жалпысынан талкууга алып чыккан матрицанын долбоору жактырылып жана документ боюнча толуктап иштеп чыгуу жана бардык эскертүүлөр боюнча кемчиликтерди четтетүү сунуш кылынды. 2009-2011-жылдарга индикаторлор боюнча бардык зарыл прогноздук эсептөөлөрдү так эсептеп чыгуу, маалыматтар болбогон күмөн туудурган же "Проблемалуу" индикаторлорду алып салуу менен алардын ордуна түшүнүктүүлөрүн сунуш кылуу тапшырылды. Ошондой эле толукталып иштелип чыккан документтин долбоору Бишкек мэриясынын жетекчилигине бекитүү үчүн 1-ноябрдан кечиктирбей берүү белгиленди.
Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун консультанты Любовь Тен белгилегендей, кийинки кадамдар матрицанын индикаторлорун АӨБнын долбоорунун консультантынын колдоосу менен электрондук форматка инсталляциялоо болуп калышы керек. Ошондой эле шаардын өнүгүшүнүн мониторингинин электрондук системасы менен иштөөчү адистер үчүн тренинг, бул мониторингдин маалыматтарын министрликтеги мамлекеттик маалымат системасына берүүнүн техникалык маселелерин иштеп чыгуу.
Мындан тышкары тармакты өнүктүрүүнүн мониторинги жана баалоосу боюнча бул сынамык инструментарийди ишке киргизүүнүн ар бир этабында областтын администрациясынын жетекчилиги да, ошондой эле министрликтин жетекчилиги да тарабынан туруктуу административдик колдоо керек.
25-сентябрдан баштап бардык региондордо жана Ош шаарында бул инструментарийди киргизүү жөнүндө кызыкдар тараптарга маалымат берүү боюнча тегерек столдорду өткөрүүнү кошо алганда мониторинг жана баалоо системасын иш жүзүнө киргизүү боюнча иш башталат.




Ал эми Чүй областычы?
Жогорудагыдай эле аталыштагы тегерек стол Азия өнүктүрүү банкынын долбоору жана министрлик тарабынан Чүй областы үчүн өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө катышуучулар Чүй областын мониторингдөө жана баалоо системасынын учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле 2008-2011-жылдарга Чүй областын өнүктүрүүнүн программаларынын индикаторлорунун матрицасын жактырышты. Министр Акылбек Жапаров жана АӨБнын улуттук консультанты Любовь Тен индикаторлордун матрицасынын эксперттик баалоолордун натыйжаларын сунуш кылышты.
Матрицанын финалдык долбоорунда аралык экспертизанын жүрүшүндө аныкталган бардык олуттуу эскертүүлөр жана кемчиликтер эске алынган. Максаттардын жана чаралардын, ошондой эле индикаторлордун өздөрүнүн так сүрөттөлүшү менен индикаторлордун санын (60) жана мазмуну боюнча оптималдуу топтом сунуш кылынды. Бул тизмеде Президент 10-январдагы билдирүүсүндө белгилеген Жаңы экономикалык саясаттын элементтерин мүнөздөөчү көрсөткүчтөр сунуш кылынган.
А.Жапаровдун пикири боюнча мониторинг үчүн сунуш кылынып жаткан индикаторлор маалыматтардын булактары (90%ы областтык статистикалык башкармалыгы) жана жоопкер аткаруучулар боюнча да жакшы иштелип чыккан. Атүгүл индикаторлордун топтомун иштеп чыгууда 2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктү-рүү стратегиясынын индикаторлор матрицасын даярдоодо колдонулган методологиялык мамиле жасалган. Атап айтканда бул процесстеги "жөнөө" чекити катары Чүй областтык статистикалык башкармалыгы менен иштөө болуп калган. Аларда областтын стратегиясын жүзөгө ашыруу прогрессин камтыган өлчөөлөрдөн көр-сөткүчтөрдүн 90%дан ашууну алынган. Индикаторлордун жетпеген топтому негизинен областтык администрациянын бөлүмдөрүнүн ички статистикалык булактарынан сунуш кылынган.
2009-2011-жылдарга олуттуу индикаторлорду прогноздоо методологиялык жактан туура жүргүзүлгөн. Мындайды бул жумушту аткарууда ар бир эле областтан көрүүгө мүмкүн эмес. Атап айтканда ички регионалдык продуктынын дефляторун прогноздоонун негизине бул көрсөткүчтүн жалпы республика боюнча статистикалык жана прогноздук маалыматтары пайдаланылган. Дефляторду оңдоп-түздөөдө жылына орточо 7% реалдуу өсүштө ички регионалдык продуктынын болжолдонулуучу көлөмдөрү олуттуу көбөйтүлгөн. 60 индикатордун 20дайы эксперттер тарабынан өтө жакшы катары бааланган. Алардын ичинде жашоонун сапатын мүнөздөөчү индикатор бар.

Бет министрликтин басма сөз кызматынын материалдары боюнча даярдалды