"Жаўы кылым", 02.10.08 - 8-бет: Маалымат...•№35, 02.10.08-ж.
  Учур

Семинарда баары маанилүү темалар
Ысык-Көл областында "Кыргыз Республикасында үч жылдык мөөнөткө (2009-2011-жылдарга) бюджеттин долбоорун даярдоодо салык - бюджет чөйрөсүндөгү жана бюджеттер аралык мамилелердеги пландаштырылган реформалар" темасында семинар болуп өттү.

Бул семинарга регионалдык финансы бөлүмдөрүнүн жана казыначылыктардын өкүлдөрү катышышты. Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын бюджетин орто мөөнөттүү прогноздоодо фискалдык саясаттын негизги багыттары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин прогноздоо методдору жана жергиликтүү салыктарды администрациялоо сыяктуу темалар талкууланды. Ошондой эле жаңы бюджеттик саясат шарттарында бюджеттер аралык мамилелер саясатына жана казыначылык системасын модернизациялоо этаптарына тийиштүү бет ачаарлар угулду.
Андан кийин иш чакан топтордо улантылып, аларда жергиликтүү бюджеттердин деңгээлдеринде бюджетти үч жылдык пландаштырууну киргизүү маселеси боюнча сунуштарды, рекомендацияларды талкуулоо жана даярдоо жүрдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетекчилигинин жана региондордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген талкулоо болду, ошондой эле семинардын жыйынтыктары чыгарылды.




Пресс-конференция в Минфине по финансированию выборов
Сегодня в министерстве финансов Кыргызской Республики прошла пресс-конференция, на которой и. о. министра Арзыбек Кожошев а также заместитель министра Медер Темирбеков рассказали о ситуации финансирования выборов депутатов местных кенешей которые состоятся 5 октября 2008 года.

В ходе своего выступления они отметили, что средства на проведение выборов выделялись поэтапно. Так на первом этапе к 19 августу 2008 года было выделено и профинансировано 30,0 млн. сомов на подготовку выборов. На втором этапе к 28 августа 2008 года было выделено 30,7 млн. сомов, которые были профинансированы в начале месяца сентябрь. И в конечном этапе на 18 сентября 2008 года было выделено дополнительных 72868,3 тыс. сомов.
И так в общей сложности всего на подготовку и проведению выборов депутатов местных кенешей из бюджета были выделены средства на сумму 133,6 млн. сомов.
По состоянию на 30 сентября 2008 года Министерством финансов Кыргызской Республики обеспечено своевременное выделение из республиканского бюджета необходимых финансовых средств Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики на подготовку и проведение выборов депутатов местных кенешей Кыргызской Республики.

Министрликтин басма сөз кызматынын материалдары боюнча даярдалды




  Учкун КАРИМОВ:

МАКСИМ БАКИЕВ КҮБӨ КАТАРЫ СУРАЛДЫ
БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусунун негизинде козголгон кылмыш ишине ылайык, бүгүн башкы прокуратура Максим Бакиевди суракка алды. Ошондой эле президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да жакынкы күндөрү башкы прокуратурага чакырылып, бул иш боюнча суралат. Клара Кабилова видеокайрылуусунда президенттин уулу менен президенттик администрациянын башчысы коркутуп-үркүткөнү, орой сөздөр менен кемсинткени тууралуу билдирген эле. Мындан тышкары видеокайрылууну жарыя кылган оппозиция мүчөлөрү да сурак беришмекчи. Бул тууралуу башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

- Учкун мырза, БШКнын мурдагы төрайымынын кайрылуусунда аты аталып, анын кызматтан жана өлкөдөн кетүүсүнө себепкер болгон адам катары айыпталган Максим Бакиев сиздердин тергөө тобу тарабынан суракка алыныптыр. Натыйжасы кандай болду?
- Баарыңыздарга белгилүү, 27-сентябрь күнү башкы прокуратура тарабынан БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө тобу түзүлгөн. Кечээ тергөө тобу тарабынан БШК мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери суралган. Бүгүн ал видеокайрылууда аты аталган Максим Бакиев башкы прокуратурага чакырылып, кызыктырган суроолорго жооп берди. 2-октябрга ЖКнын айрым депутаттары: Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов жана Бакыт Бешимов суракка чакырылды. Ошондой эле айрым саясатчылар: Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Чолпон Жакыпова да ушул күнү сурак берүүгө чакырылып жатышат. Булардан тышкары президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да суралабы деген суроолор көп болууда. Ооба, ал киши да суралат, чакырылат. Азыр убактысын, күнүн тактап атабыз. Анткени анын аты да Клара Кабилованын видеокайрылуусунда аталып кеткен.
- Максим Бакиевдин сурагы кандай натыйжа көрсөттү? Ал суракка дагы чакырылышы мүмкүнбү же ушуну менен бүттүбү?
- Ал бүгүнкү берилген суроолорго толук жооп берди. Эгерде тергөө амалдарынын жүрүшүндө дагы суроо пайда болсо, дагы чакырабыз.
- Максим Бакиев кандай негизде суралды?
- Күбө катары суракка чакырылып, күбө катары жооп берди.
- Сурактын мазмуну тууралуу ачыгыраак айта аласызбы?
- Жок, сурактын мазмуну тууралуу айталбайм. Анткени тергөөнүн сыры деп коет. Бул иш боюнча тергөө иштеп жатат, иликтөө жүрүп жатат.
- ЖКнын бир нече депутаттарын жана "Акыйкат үчүн" кыймылынын кээ бир мүчөлөрү суракка чакырылаарын айттыңыз.. Алар ушул видеокайрылуу боюнча чакырылдыбы?
- Аларды күбө катары эле чакырдык. Анткени алар Клара Кабилованын кайрылуусун коомчулукка жарыялашты. Ушуга байланыштуу суроолор болот. Тасма алардын колуна кандай тийген, Кабилова аларга өзү кайрылганбы дегендей... Ошолорду тактоо керек.
- Медет Садыркуловду суроо кандай өңүттө жүргүзүлөт? Анткени ал дагы видеокайрылууда аты аталып, Ишенбай Кадырбековдун шайлоого талапкер катары катталганына кысым көрсөткөн, деп айыпталган эле...
- Мына ушул боюнча гана сурак берет. Тактоого аракет кылабыз.
- Бул видеокайрылуунун автору же ээси БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын өзү менен байланышуу, аны суроо жагы кандайча жүргүзүлөт?
- Аны менен байланышууга аракет жасайбыз. УКМК менен ИИМге да Клара Кабилованын турган жерин аныктоо тууралуу көрсөтмө берилген. Эгер алар тактап берсе, биз аны менен байланышка чыгып, сурайбыз. Ага да бериле турган суроолор бар, ошондуктан күч органдары жардам берип, Клара айымдын турган жерин тактап берсе, байланышка чыгабыз.
- Бул кылмыш ишин тергөө амалдары канча убакытка созулушу мүмкүн?
- Мыйзам боюнча эки ай уруксат берилет. Эгер кандайдыр бир себептер болуп калса, дагы узартууга болот. Бирок мен ойлойм, эки ай ичинде болгон күчтү жумшап, тергөөнү аягына чыгарабыз.
www.azattyk.org




Премьер-министрдин жообу
Игорь Чудинов парламентте өкмөттүк саатта жетишпеген электр энергиясын Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан сатып алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканын, Казакстан менен макулдашууга жетишилип, 250 миллион килловат саат электр энергиясы сатылып алынарын билдирди.
Министр Балкыбеков светти өчүрсө эле Токтогул суу сактагычындагы суу кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен камсыз кылууга жетеби? Жогорку Кеңештин отун-энергетика комитетинин мурунку төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, кыштан үзгүлтүксүз чыгуу үчүн Токтогул суу сактагычында кеминде 11 миллиард куб метр суу болуш керек. Ошондуктан азыркы 9 миллиард 620 миллион куб метр суу менен ГЭСтердин токтоп калуу коркунучу бар.

Кыргызстан коррупцияланышкан өлкө
Бул жумада көңүл бурган дагы бир нерсе - "Трэнсперенси интернешнл" уюмунун дүйнө мамлекеттериндеги коррупциянын деңгээли боюнча жылдык отчетун жарыялашы болду. Эгерде өткөн жумаларда Дүйнөлүк банк "Дуинг бизнес" боюнча кыргыз бийлигин кубантып, ишкерликке жол ачуу боюнча жасалган иштерди жогору баалап, Кыргызстанды реформатор өлкөлөрдүн катарына кошсо, "Трэнсперенси интернешнл" уюмунун отчетунда андай кубаныч тартууланбастан Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 150 орунда турса, быйыл 166 орунга түшүп, Өзбекстан, Түркмөнстан, Зимбабве менен катарлаш болуп, коррупция күчөгөнүн белгиледи. Кыргызстанда коррупциянын күчөгөнү иликтөөсүз эле байкалып турат дейт "Туран" партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев.

Россияга болот, Кыргызстанга болбойбу?
Кыргызстан мына ушинтип ичтен кайнап жаткан убакта сырткы саясатта да жеңил-желпи эмес кырдаал түзүлүп турат. АКШ менен Россиянын мамилесинин курчушун пайдаланган Москвага жакын күчтөр Бишкек эки тараптын бирин тандаш керек, ошондой мезгил келди деп дембе-дем айта баштады. Бул маселе өткөн жумада болгон Кыргызстандагы орустардын курултайында да көтөрүлгөн эле.
Бирок, бул жерде Кыргызстан "бир жагын тандаш керек" дегендер Россия өзүнүн Европа жана АКШ менен мамилесин оңдоого умтулуп жатканын айтпай жатышат. Россиянын президенти Дмитрий Медведев да, премьер-министр Владимир Путин да Россия Батыш менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, ошол эле Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө аракетин уланта берерин бир нече ирет ачыкташты. Мындай шартта Кыргызстан бир жагын тандаш керек деп кыйкыргандар, эмне үчүн Бишкектин Батыш менен да, Россия менен дурус мамиледе болушун ыраа көрбөйт?
Өз маалыматыбыз