"Жаўы кылым", 02.10.08 - 2-бет: Маалымат...•№35, 02.10.08-ж.
  Маалымат

Кылым пресс
Кыргызстанда коррупция күчөдү
"Трэнсперенси интернешнл" уюмунун иликтөөсү боюнча, быйылкы жылы Кыргызстанда коррупциянын деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу көтөрүлдү. Эгерде Кыргызстан өткөн жылы коррупциянын деөгээли боюнча 180 мамлекеттин ичинен 150-орунда болсо, быйылкы жылдагы иликтөө боюнча 166-орунга түшүп кеткен. Кыргызстан менен катарлаш Өзбекстан, Түркмөнстан жана Зимбабве турат. Өткөн жылы Кыргызстан менен бирдей абалда болгон Казакстан беш пунктка абалын жакшыртып, быйылкы жылы 145-орунга татыган. Коррупция эң төмөн өлкөлөр катары Дания, Жаңы Зеландия жана Швеция аталган.

Кышка даярдык - негизги маселе
Кечээ Өкмөттүн жыйыны болуп, анда калкты жумуш менен камсыздоо, Ош облусунда жерди трансформациялоо жана түрдүү маселелер каралды. Жыйындан кийин Өкмөт башчы Игорь Чудинов облус губернаторлору менен жолугушуп, кышка даярдык маселеси тууралуу сүйлөшүштү.

Ырчы, чоорчу, бийчилерибиз - Кытайда
Кытайда маданият күндөрүбүз өтүүдө. Кыргызстандын делегациясын маданият жана маалымат министри Султан Раев жетектөөдө. Маданият күндөрүнүн алкагында Султан Раев кечээ Кытайдын маданият министри Цай У менен жолугушту. Кыргызстандын чыгармачыл тобунун арасында А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры, "Ак-Марал" ансамбли, Ош облустук филармониянын артистери жана "Кыз Бурак" тобу бар.

Дин жөнүндө мыйзам
Парламент дин жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун октябрда карамай болду. Жаңы мыйзамды кабыл алуунун башкы максаты-улуттук коопсуздукту сактоо жана ар кандай диний агымдардын мамлекеттин коопсуздугуна терс таасир тийгизүүсүнө бөгөт коюу.

Н.Турсункулов -Адилет министри
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Адилет министри болуп Нурлан Турсункулов дайындалды. Ал буга чейин Башкы прокурордун орун басары-аскер прокурору болуп иштеген

К.Насбеков
ГУИНге жетекчи
Жаза өтөө мекемелер башкармасынын жетекчилигине Калыбек Насбеков дайындалды. Айтмакчы, ал 2004-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев жана парламенттин эки кызматкери набыт болгон №31 түрмөнүн башчысы болгон.

Жапон адистеринин иликтөөсү
Жапон адистери Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурс боюнча иликтөө жүргүзөт. Жапондук делегация суу-энергетикалык ресурсту колдонуу боюнча Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандагы ушул жаатта иш алып барган кырктай уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуп, иликтөөнүн жыйынтыгында Эл аралык кызматташуу боюнча жапон агенттигине (JICA) Борбор Азия жумуриятындагы өлкөлөргө жардам берүү боюнча сунуштар берилмекчи

И.Кадырбеков соттолобу?
Бишкек шаардык соту Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртпөгөн райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бирок, Ишенбай Кадырбековдун коргоочусу Кубаныч Калыков шаардык соттун бул чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку Сотко кайрылаарын билдирди. Ал эми Каржы полициясынын Кадырбековго ачылган кылмыш ишин тергеп жаткан тергөөчүсү Ислам Боров тергөөнү 15 күндүн ичинде аяктап, ишти сотко берерин кабарлады. Ишенбай Кадырбеков шаардык кеңеш депутаттыгына талапкер катары абактан бошотулуп, үгүт иштерин жүргүзө алат деген БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек райондук сотуна Кадырбековдун атаандашы Рахат Бейшенбаев кайрылып, кечээ сот анын талабын канааттандырган болчу.
www.azattyk.kg сайтынан
алынып даярдалды




БУУда дүйнөлүк лидерлер
АКШнын президенти Жорж Буш өз сөзүндө террор жана экстремизмге каршы күрөштө биригүүгө чакырып, Иран жана Сирияны терроризмди колдогон өлкөлөр катары атады. БУУнун трибунасынан акыркы ирет президент катары кайрылып жаткан Жорж Буш ошондой эле Россия Грузияга басып кирүү менен БУУнун талаптарын бузганын белгилеп, лидерлерди тезирээк жаңы соода келишимине жетишүүгө чакырды.

Иран президенти кимдерди "көзгө сайды"
Иран өзөктүк кубатка эгедер болууга укуктуу экенин БУУнун Башкы Ассамблеясында билдирген Махмуд Ахмединежад АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүгү бүткөнүн белгиледи.Иран президенти ошондой эле Ооганстанда баңги соодасынын күчөшүнө жана Грузиядагы чатакка НАТО тиешеси бар экенин аныктады. Грузин президенти Михаил Саакашвили БУУнун принциптерин тепселөөгө жол бербөөгө чакырып, мындай иш менен Москва алектенип жатканын эскертти.

Ооганстанга 15 миң аскер керек
Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Сенаттын жыйынында билдирди. Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн башчысы 15 миң кошумча аскер сураган. Гейтстин айтымында, ал талапты азыр канааттандыруу мүмкүн эмес. Бул арада Ооганстандын тышкы иштер министрлиги Пакистанга кызматкерлеринин тобун жиберди. Алар дүйшөмбү күнү Пешаварда барымтага алынган ооган элчисин бошотууга Пакистан бийлигине жардам бермекчи.

Грузия Россиянын учкучсуз учагын талкалады
Грузиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Шота Утаишвилинин айтымында, грузин күчтөрү Түштүк Осетия тараптан келген учкучсуз учакты Гори шаарына жакын жерде атып түшүрдү. Окуя дүйшөмбү күнү болгон. Грузин тарап учактын максаты тыңчылык экенин билдирүүдө. Бирок орус тарап муну чагым катары баалап, эч кандай учак жоготпогонун билдирүүдө.

Украина НАТОго кирүүгө белсенди
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Украина тышкы иштер министри Володимир Огрызко менен жолугушуп, Киевдин НАТОго кошулуусун Вашингтон толук колдоорун билдирген. Россия буга кескин каршы чыгып келатканы белгилүү.
www.azattyk.kg сайтынан
алынып даярдалды




 ?Ысык-Көл жаңылыктары

Акыйкатчынын орду бош
Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбек Акундун катышуусунда коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган бул жыйында областыбызга жаңы акыйкатчыны дайындоо боюнча маселе талкууланып, ага А.Мансуровдун, У.Мураталиевдин, М.Мамбеткадыровдун, С.Үсөновдун талапкерлиги көрсөтүлүп, карама-каршы пикирлердин болушунун натыйжасында бул суроо кийинкиге калтырылды.

Азык-тҮлүк коопсуздугу
Быйылкы жылда кургакчылык болушунун кесепетинен Ысык-Көл облусу боюнча тоют жана дан эгиндеринин тартыштыгы жаралып отурат. Мындай жагдай областтык администрация тарабынан эске алынып "Дан жана тоюттук өсүмдүктөрдүн продукцияларын ташып чыгарууга тыюу салуу жөнүндө" облус губернаторунун буйругу чыккан.

Балыкчыдагы миграция
Балыкчы шаарынан кеткен адамдардын саны келгендерге караганда эки эсеге көбөйүп кеткен. Бул албетте, сапаттуу жумушчу күчүнүн азайышына, шаардын илимий, интеллектуалдык жана экономикалык күч-кубатынын начарлашына алып келет.

Эр эмгегин эл эстейт
24-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында Кыргызстандан чыккан медицина илими боюнча биринчи академик, Улуттук академиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына арналган иш чара областтык администрациянынын демилгеси менен өткөзүлдү. Биринчи академиктин айкели жана мемориалдык музейи ачылып, байге фондусу 250 миң сомду түзгөн улуттук ат оюндар өткөзүлмөкчү.
Жылдыз Иманова