"Жаўы кылым", 02.10.08 - 13-бет: Маалымат...•№35, 02.10.08-ж.
  Адабият

Кесилген баштын махабаты
(курч окуялуу повесть)
Таалай Нуркемелдин ысмы мезгилдүү басма сөз беттерине, жаштардын адабий альманахтарына жарыяланган ыр-аңгемелери аркылуу адабият чөйрөсүнүн окурмандарына жакшы тааныш. Убагында жарык көргөн "Жоголгон муундар" аттуу ыр-поэмалар жыйнагы да көпчүлүк поэзия сүйүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурган.
Жакында "Кесилген баштын махабаты" деп аталган курч окуялуу повестин жазып бүттү.
Гезитибиздин бүгүнкү санынан баштап анын толук вариантын окурман назарына сунуш кылмакчыбыз.

"Квартира берилет" деп кичине ак баракка жазылган, саргайган жалбырактары шамалга сапырылып учуп жаткан күзгү дарактын түбүнө, кара сумка асынган узун бойлуу жигит жакын басып келип токтоду. Болду-болбоду ушул квартира ыңгайлуу болуш керек деп ойлоду. Анан да Мээрим менен ушул жерден өз бактысын кошкусу келди. Көптөн бери издеп жүргөнү туюк көчөдөн ызы-чуусу жок, өзүнө ыңгайлуу, ишине жакын квартира эле. Ошол сумсайган күзгү даракта илинген ак барактын бир четин акырын үзүп алды да, ылдам-ылдам басып жолго түштү. "Достук" туюк көчөнү издеп, таш жолдуу көчөлөрдүн далайын кыдырды. Жолдон жолуккан адамдардан кыя өтпөй сурап да келатты. Акыры "Достук 6"ны таптым дегендей, жашыл дарбазалуу үйдүн жанына жакын басып келди да эшигин каккылай баштады. Үйдү күн анча карабаганын баамдап көрүп, "Бул жерде жалгызбой адам жашаса керек" деген ойго токтоду. Кожоюндун чыгышын чыдамсыздык менен күтүп нары-бери басып, кайрадан эшикти каккылап кирди.
- Ким бул?- деген аялдын үнү угулду короо тараптан.
- Квартира берилеби?
- Берилет-деди дарбазаны ачып жаткан аял. Аялдын үнү Жылдызбекке абдан жагымдуу угулду. Кыязы акчага муктаж же абдан боорукер адам болуш керек деген ойго кетти. Эшикти тартканда эле шалак этип бир жак капталына каалга очорула түштү. Эскилиги жетип кажып калса керек, эч нерсе эмес деген бүдөмүк ой пайда болду Жылдызбекте.
- Канча адамсыңар?- деди толмоч сулууча келген орус аял.
- Мен жалгыз элемин.
- Кандай жалгыз? Кайда аялың? А кайда балдарың?...
- Жок, али үйлөнө элекмин.
- Ушул жашка келгиче эмне үйлөнбөй жүрөсүң? Анда сага квартирага төлөш оор болот.
- Балким мен ушул квартирадан үйлөнөт болушум керек. Себеп дегенде менин ийгилигим баары жакындап келатат.




Кечир таяке, мен билген эмесмин
(азил-чыны аралаш)
Анда да теребел саргыч тартып, күркүрөгөн күз айларынын бири эле. Биз иш аяктап, айлык акыбызды алгандан кийин беш-алтыбыз бөлүнүп кичине көңүл көтөрүү үчүн ресторанга бет алдык. Ресторанга кирип үстүнө жыты аңкыган гүл коюлган мамык отургучтардан орун алдык. Аңгыча тейлөөчү кыз биз заказ берген түрлүү тамак-аштарды толтуруп жиберди. Арасында беш жылдыздуу коньяк да, ак селдечен арак да, муздак пивосу бар. Адегенде тамактан ооз тийип андан ары ичкилик улана берди. Бир оокумда музыканын ыргагына магдыраган мен, тумандаган көздөрүм менен айланамды карай баштадым. Адамдардын баары ийри-буйру болуп көрүнүп, окчунураак столдо кызы менен бейкапар отурган кермурут жигит менин көзүмө азезилдей көрүнүп кетти. Ордуман туруп темтеңдей басып барып аларга ар кайсы сөз айтып тийише баштадым.
- Ай, жээн, койсоң боло, ушунуң уят эмеспи мени тааныбай калдыңбы? Сен тиги Аламүдүндөгү Сайра эженин баласы эмессиңби?-дегенине карабай жакасынан муунта кармадым.
Жолдошторум кой-ай дешип ортого түшө калышты. Аларга байкатпай муштумумду жигитти көздөй шилтеп жибердим. Аңгыча арт жагыман оор бир нерсе тийип сендиректей түшүп столду кучактап барып жыгылдым. Андан аркысы эсимде жок. Көзүмдү ачсам караңгы жайда жатам. Көрсө, соолуктуруучу жайга түшүп калыптырмын. Таңдайым кургап суусап калыптырмын. Таң атайын деп калганы эшикке жасалган кичинекей терезеден улам билинип турду. Салмактанган башымды мыкчый кармап, ресторанда болгон окуяны эстөөгө тырыштым. Ошол учурда эшик шылдырттап "Гражданин Нурматов, бери чыгыңыз"-деген милиционердин өкүм үнү кулагыма шак этти.
Салмактанып ооруган башымдын тегеренгенине карабай, милиционердин артынан илкий бастым. Ичкери киргенимде формачан капитанды, апамды, кечээги ресторандагы жигитти көрүп селдейе түштүм. Менин келгенимди көргөн апам жаныма басып келип: -Уулум, аш ичсең акылың менен ич, - деп канча айтчы элем. Арактын кайда алып барарын билесиңби? Минтип өз бир тууган таякеңди сабаганың кандай? - деп менден жооп күтүп турду. Апамдын сөзүн уккан мен төбөгө бирөө бир чапкансып башым шылкыя "Кечир таяке, мен билбей калыптырмын"-дегенге араң жарадым. Милиционер менен коштошуп үчөөбүз бөлмөдөн чыккандан кийин, мени жылмая караган таякемдин жүзүнө тик карай албай уялып "кечир таяке" дедим да батыштан соккон күздүн таңкы эрке желине көкүрөгүмдү тосуп автобустун аялдамасын көздөй чуркап бара жаттым.

Кубат Жакып уулу