"Жаўы кылым", 18.09.08 - 9-бет: Маалымат...•№33, 18.09.08-ж.
  Спорт жаңылыктары

Теннис сынагы
Кыргызстандын борборундагы өспүрүмдөр жана балдар спорт мектебинин кортунда эмгек сиңирген тренер Валентин Акиньшиндин жаркын элесине арналып теннис боюнча турнир өткөрүлүүдө. Бул беттешүүгө ар кандай курактагы 120 спортсмен катышып, шаардык теннис сүйүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү дагы беттешишет. 21-сентябрь күнү жеңүүчүлөр аныкталып, калыстар тобунун башчысы катары белгилүү тренердин кызы сөз сүйлөйт.

Мекендешибиздин ийгилиги
Евгений Ваккер аттуу спортсменибиз Франция мамлекетине барып веложарыш боюнча ат салышып келди. Ал дүйнөнүн булуң-бурчунан катышкан 26 спортсмендин ичинен марага тогузунчу болуп келди.

Күрөш искусствосу маанилүү
Кожомкул атындагы спорт сарайында биринчи жолу күрөш искусствосу боюнча фестиваль өткөрүлдү. Бул туурасында ушул иш чаранын уюштуруучуларынын бири, Борбордук Азия мамлекеттеринин спорттук-прикладдык түрлөрү боюнча федерациясынын вице-президенти Леонид Когай билдирди. Бул фестивалды өткөрүүнүн негизги максаты күрөш искусствосунун ар кандай түрлөрү менен жаштарыбызды кеңири тааныштырып, ар кайсыл спорт федерацияларынын ортосундагы байланышты бекемдөө эле.

Футбол
Республикалык чемпионаттын ХI турунун алкагында биринчи лиганын командаларынын жолугушуусу болду. Бул оюндун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду. "Ата"(Бишкек)-"Назар"-0:3, "Бишкек"-"Кара-Балта"-1:3,"Токмок"-"СОФ Диннур"-2:1, "ЖерүйАлтын"(Талас)-"Пиво "Беловодское"-1:0.
Д.Султаналиева




Приглашает вас!
Несколько вместительных корпусов:
- Спальный корпус на 450 мест.
- Спальный корпус № 1 "Алтын" на 134 места.
- Спальный корпус № 2 на 174 места.
- Коттедж "Космонавтов" на 40 мест.
- Минкоттедж на 6 мест.

Общественный блок.
- Почта.
- Телефон.
- Библиотека.
- Зал фитнеса.
- Детская комната.
- Тренажерный зал.

l Гостиница на 24 места.
l Конференц-зал на 50 мест.
l Малый конференц-зал на 20 мест.
l Конференц-зал на 170 мест.
l Малый конференц-зал на 40 мест.
l Зал для работы оргкомитета на 15 мест.

Кроме того на территории санатория имеются: Лечебно-диагностический корпус, клуб, кафе бары, диско бар, пункт проката, медпункт, прачечная, открытая автостоянка.