"Жаўы кылым", 18.09.08 - 2-бет: Маалымат...•№33, 18.09.08-ж.
  Маалымат

Кылым пресс
Кыргызстан Түркмөнстандан электр сатып алабы?
С.Балкыбеков катышкан Түркмөнстан менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келерки кышта Кыргызстан тараптын энергетикалык кризистен чыгуу боюнча Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишимдер түзүлөт. Адистердин божомолу боюнча, Кыргызстан кыш мезгилинде 1 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоого мажбур болот.

Тоодон велосипед тебишет
Бишкекте "Шаардык даунхил" багыты боюнча маутинбайк мелдешин өткөрүүнүн максаты - спорттун, туризмдин жана эс алуунун түрү катары тоодо велосипед тебүүнү активдүү өнүктүрүү, спорттун бул түрүн белгилүү кылуу, калк арасында турмуштун активдүү жана жакшы образын жайылтуу, ага жаштарды тартуу.

Кыргызстандын суусу баалуу
Борбор Азияда, атап айтканда Кыргызстанда суу-энергетика проблемалары жөнүндө Оксфорд энергетика изилдөөлөр институтунун илимий кеңешинин мүчөсү Шамил Еникеев Кыргызстандын суусунун өтө тазалыгын жана даамдуулугун да белгилеп, сууну Европа өлкөлөрүнө сатса эң көп пайда алып келээрин баса көрсөттү. Кыргызстандын таза суусуна Франциянын, Италиянын же Швейцариянын гана суулары теңдеше тургандыгын айтты. Ошондуктан бул сууну эларалык деңгээлде сатуу үчүн сөзсүз жакшы инвесторлор керектигин көрсөттү.

Ереванда оппозиция баш көтөрдү
Ереванда оппозициянын кезектеги митингиси башталды. Байыркы кол жазмалар сакталган "Матендаран" имаратынын алдындагы аянтка Армениянын мурдагы президенти Левон Тер-Петросянды жактаган 5 миңге жакын адам чогулган. Бийликтер акцияга уруксат беришкен, бирок полиция митингден кийин алар жалпы жүрүштү баштабоого эскертишкен.

Өзбекстанда балдар пахта жыйнабайт
Өзбекстандын өкмөтү балдарды пахта жыйноого тартуудан баш тарткан республиканын бийлиги токтом кабыл алып, аны менен алар өлкөдө жашы жетпегендердин укугун гарантиялоонун аткарылышын камсыздашмакчы.

Ирактык жанкечти
Ирактын Дияла провинциясынан түштүк жактагы Бала Друз шаарында жанкечти-террорчу алып жүргөн жардыргыч иштетилгенден кийин кеминде 22 адам өлүп, 34 адам жарадар болгон. Өлгөндөрдүн арасында бир нече полицейскийлер болгон.

"Айк" бороон-чапкыны
"Айк" бороон-чапкыны Мексика булуңундагы кеминде 10 нефти платформасын кыйратып, натыйжада бир нече ири нефти түтүктөрү жабыркаган.

Даярдаган Н.Бөдөшова




  Тышкы иштер министрлигинде эмне кеп

Бишкекте - Индонезиялыктар
Жакында Бишкек шаарында Индонезия мамлекетинин делегация тобу болуп кайтты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташууларды бекемдөө туурасында сөз болуп, макулдашуулар жүрдү. Дипломатиялык жана кызматтык мамилелерде визасыз жүрүү тартибин бекитүү маселелери каралды.

Кыргызстан-Норвегия кызматташтыгы
Өткөн аптада министр Э.Карабаев Норвегиянын ыйгарым укуктуу элчиси Метте Конгсхем айым менен жолугушту. Бул жолугушууда кыргыз-норвегия мамлекеттер аралык байланышын чыңдоо туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргызстандын экономикалык кубаттуулугун арттырууда норвегиялык инвесторлорду тартууга байланышкан маселелер каралды.

Тоо саммити жана Ч.Айтматовду эскерүү
БУУнун билим, илим, маданият боюнча Кыргызстандагы миссия башчысы Ж.Азылов менен ЮНЕСКОнун Башкы директору К. Матсууранын жолугушуусу Париж шаарындагы ЮНЕСКОнун Штаб квартирасында болуп өттү. Достук маанайда өткөн жолугушууда Ж.Азылов К.Матсуурага ишеним баракчасын тапшырды. Жолугушууда 2009-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган экинчи Тоо саммити жана залкар жазуучу Ч. Айтматовду эскерүү үчүн өтө турган иш чаралар жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Элчинин кыдыруусу
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж. Үрүстөмбеков түндүк Казакстанды түрө кыдырып аймактардын акимдери менен болгон жолугушууларында Кыргызстандын түштүк региондору менен байланышты бекемдеп, буудай азыктарын түз алып өтүшүп, экономикалык соода алакасын бекемдөө туурасында кеп болду.

Даярдаган Д.Султаналиева




  Ош жаңылыктары

Чоң-Алайда төрт киши каза тапты
Дагы он киши жабыркады. Сарыташ - Комсомолабад жолунда бараткан автобусту айдоочу эңкейишке токтотуп коюп, автобус ордунан жылып кетип, жарга кулаган.

Ошто кол топтойт
Оштогу укук коргоо кыймылынын төрагасы Түмөн Берикбаевдин маалымдашынча, орус тили кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары өнүгүшүнө кедергисин тийгизүүдө. Ошол себептүү Кыргызстандын Баш мыйзамындагы орус тилине расмий макам берген беренени алдыртуу талабы менен кол топтошууда.

Ош облустук бийлиги эмне дейт?
Ош облус губернаторунун биринчи орун басары, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча комиссиянын төрагасы Айтмамат Кадырбаев атайын маалымат жыйынында кыштагы зилзаладан 4030 үй-бүлө жапа чеккендигине токтолуп, Кыргыз Өкмөтү кыйраган турак жайларды куруп берүүгө милдеткер эместигин жарыя кылды.
Оштук талдоочу Санжар Тажиматов Кадырбаевдин кебин жоопкерчиликтен качуу катары эсептеп, эгерде Өкмөт чукул арада чараларды көрбөсө, кыш мезгили нааразычылык акциялары менен коштолоорун билдирди.

Үгүт иштери башталды
Облустагы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо ийгиликтүү аяктап, 15-сентябрдан тартып кандидаттар шайлоо өнөктү-гүндөгү үгүт иштерин башташты.

Кылычбек Султанов ЭлТРдин жетекчиси
Президент Курманбек Бакиев өз буйругу менен ЭлТР коомдук телекөрсөтүү компаниясынын башкы директорунун орун басары Султанбек Абдыракмановду бошотуп, анын ордуна Кылычбек Султановду дайындады. Султанов көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин ээси катары таанымал.

Даярдаган А.Каракозуев




  Ысыкккөл жаңылыктары

Базардагы баш ооруу
Базарлардагы санитардык абалдын начардыгына өзү күбө болгон облус башчысы шаар мэри Н.Алиевге жакынкы арада Каракол шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу департаментинин директору Р.Жолдошалиеванын ээлеген ордуна татыксыз экендигин кароону тапшырылды.
Өзүнүн кызматтык милдетине шалаакылык менен мамиле жасап, орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнө баш аламандык менен курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы архитектура жана курулуш агенттигинин директору К.Нарбаевге, №5 мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгынын начальниги С.Баимбекованы ээлеген кызматына татыксыз экендигин кароо жөнүндө өтүнүч жиберилди.

Кедейчиликти кыскартууга аракет
Облустагы кедейчиликти кыскартууга багытталган токтомго ылайык, 16 миң жакыр үй-бүлөгө жардам берүү каралган.
Азыр аймакта 31974 үй-бүлө аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турат. Бул облустагы калктын 28,4 пайызын түзөт.
Жакында Түп айыл өкмөтүнүн демилгеси жана "Зеленое Колесо" коомдук фондусунун колдосу менен 15 үй-бүлөгө саан уй берилди.
Ал эми Жети-Өгүз районунда жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен жакыр үй-бүлөлөргө 700 миң сомдук жардам берилип, буга мал, айыл чарба продуктулары сатылып алынды. Мындай акция жыл бою улантылмакчы.

Күздүк - алынбай калган түшүмдү толуктайбы
Быйылкы аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнүн кесепетинен аймактагы түшүм ойдогудай болбой дыйкандарды бир топ түйшүккө салды. Ошондуктан Ысык-Көл областтык администрациясы быйылкы жылы күздүк айдоо аянттарын көбөйтүү маселесин койгон.
Азыр Түп районуна 10 миң га күздүк айдоо тапшырылып бул райондун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтү түзөт. Аталган милдетти татыктуу аткаруу максатында күздүк айдоого ниеттенген дыйкандар үчүн жер жана үрөн маселелери район жетекчилиги тарабынан чечилүүдө.

Ж.Иманова




  Жалалабат жаңылыктары

Талапкерлер ат салышууда
Жалал-Абадда 84 талапкер шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышууда. Шаардык кеңешке 179 талапкер көрсөтүлгөн болсо, анын 25и шаарда каттоосу болбогондуктан каттоодон баш тартылган. Ал эми 70и өзүнүн талапкерлигин алып коюшкан. 11 адам саясий партиялардан көрсөтүлгөн.
Жакыр үй-бүлөлөргө жардам
Даниялык "Балдарды коргойлу" кайрымдуулук фондунун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Айткүл Жетигенованын берген маалыматына караганда, "Үй-бүлөлөрдү бекемдөө аркылуу жакырчылыктын таасирин кыскартуу" долбоорунун алкагында III-кварталда облустун айрым район-шаарларына 161миң 600 сомдук жардам 35 үй-бүлөдөгү 115 балага берилген.
15 миң тонна "ак алтын"
Быйылкы жылы 21 миң 370 гектарга пахта эгилип, бүгүнкү күнгө 8 миң 983 гектардан 15007 тонна пахта буласы жыйналып алынды.
Биринчи теримдин орточо түшүм-дүүлүгү 16 центнерден айланды. Былтыркыдан пахтанын аянты 2 миң 23 гектарга азайган. Себеби, пахтанын наркы арзан болуп, кеткен чыгашасы көбөйүп кетип жатат.
Ошондой эле, облуста 43093 гектарга буудай эгилип, анын 38057 гектары орулуп 112058 тонна түшүм жыйналган.
Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата "Ыр кесе"
Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата облустун райондорунда "Ыр кесе" өткөрүлүп, аны УТРК тартууда.
Талас облусунан эстафетаны алып, Токтогул районунан башталган "Ыр кесе" азыр Чаткал, Ала-Бука райондорунда өткөрүлүп жатат. Анда негизинен "Манас" айтуу, кыргыз ыр-күүлөрүн ырдоо менен дастан айтууга да көңүл бурулат.
Гүлсүн Мамашова 60 жашта
Гүлсүн Мамашованын 60 жылдык чыгармачыл кечесинде анын чыгармачылыгын куттукташып Аксы районунун акими Аскербек Алиев, Кошдөбө айыл өкмөтүнүн башчысы жана Аксы коомунан келишкен. Жети-Өгүздөн кайын-журту кесиптештери, жакын санаалаштары катышышкан.
Анархан Жаныбаева,
Жалал-Абад шаары.