"Жаўы кылым", 11.09.08 - 9-бет: Маалымат...•№32, 11.09.08-ж.
  Дил маек

"Мен машинени ГУИНдин акчасына алган жерим жок"
Жакындан бери Адилет министри Марат Кайыповдун дарегине оң да, терс да, сын пикирлер айтылып жатканы баарыбызга белгилүү. Ошол айтылган сындардын канчасы далилдүү, дегеле Адилет министри эмне иш кылды, эмнелер менен алектенип жатат деген ойдо Марат Таштановичти кепке тарттык.

- Марат Таштанович , сиздин дарегиңизге айтылган сындардын канчасы далилдүү? Капар Мукеев сизди кадр саясатына кийлигишпейм деп кайра баары теңирден тескери болду деп сындады эле...
- Эми ким эмне десе өз эрки. Бирок, мен аларга теңелип аларды андай-мындай дегенден алысмын. Жаманбы-жакшыбы эки-үч жыл аралыгында колониялардын, түзөтүү мекемелеринин абалы мурдагыга салыштырмалуу жакшырып калды. Аны кантип танабыз. Маселен, Адилет министринин көзөмөлүндө турган жатак абактардын көпчүлүгү Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Маселен, 11 түзөтүү мекемеси, 3 тергөө изоляция ошондой эле 8 жатак абагы бар. Баткен облусунда бир дагы жатак абак жок. Тергөө изоляциянын көпчүлүгү Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Баткен, Жалалабад облусунда бир дагы тергөө изоляциясы жок. Бирок, тергөө изоляциясы Нарында, Таласта бар. Ал эми түзөтүү мекемелер түштүк аймагында болгону бир гана Жалалабад облусунда бар. Азыркы учурда абактагы адамдардын саны былтыркыга же 2-3 жыл мурдагыга салыштырмалуу бирканчага кыскарды. Эмне себептен азайды ага түшүндүрмө берип өтөйүн. 2005-жылга чейин биздин дарегибизге укуккоргочулардан, карапайым элден өтө көп сын пикирлер айтылып келген. Чын эле бир бөтөлкө арак, бир шоколад уурдаса же чычкак улак уурдаса дагы адам өлтүргөндөр менен кошо соттоп жибересиңер. Жасаган кылмышы оорбу, жеңилби карабайсыңар деп нааразы болушкандар арбын болду. Анан камактагы кылмышкерлердин ишин гумандаштыруу максатында былтыр мыйзам карадык. Ошол мыйзамдын негизинде түрмөдөгү адамдардын санын 1 500 кишиге кыскарта алдык. Камактагылардын иши менен таанышып, оор эмес, кылмыш жасаган адамдар бошотулду. Маселен, абактагылардын санын 2004-жылдан баштап салыштырып карап көрөлү. 2004-жылы 16900-17миңге чукул болчу. Бүгүнкү күндө абакта адамдардын саны 10 111 адам болду.
- Сиз жогорудагы сөздөрүңүздө кылмышкерлерге да гумандуулук кылып жатабыз дедиңиз. Кылмышкерлер бизге жеңилдиктер берилди деп 2006-жылдагыдай болуп, кылмыштуулуктун саны кескин түрдө өсүп кетүү коркунучу болбойбу?
- Туура айтасыз, 2006-жылы кылмыштуулук кескин түрдө өскөн. Аны моюнга алыш керек. Бирок, эмне себептен кылмышкерлердин саны өсүп кеткенин иликтегенибизде түзөтүү мекемелеринде биздин кызматкерлер кылмышкерлер менен иштей башташкан. Баңги заттарды кармоо, тинтүү боюнча эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан кылмышкерлердин саны кескин түрдө өсүп кеткен.
- Кызматкерлер кылмышкерлер менен эриш-аркак иштешип, баңги заттарды такыр тинтишкен эмес десек болобу?
- Ошентип айтсак да болот. Маселен, 2004-жылы 1кг 36 гр гана баңгизат кармалган. Демек кызматкерлер дээрлик иштеген эмес, баңги заттарды кармоого аракет да жасашкан эмес ошондой эле тинтүү иштерди жасашкан эмес десек болот. 2005-жылы да бир да колонияда тинтүү иштери болгон эмес. Соттолгондор өз алдынча каалаганын жешип, каалаганын алып келишип, колонияда билгендерин кылышкан. 2006-жылы жыйырма кг, 2007-жылы 20 кгдан ашык баңги заттар алынган. Бул баңгизаттар бир эле соттолгондорду тинтүү учурунда эмес, соттолгондорго келип, баңги заттарын берем деп келгендерден да кармалган.
- Азыр ГУИН тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп жатабы?
-Эми абдан сүт көл, май көл болбосо дагы 2002 -жылы сарпталган акчага салыштырмалуу 2008-жылы жарым миллиардга чейин Президенттин көзөмөлүндө акча сарпталды. Аны белгилеп койсом ашыкча болбос. Ошондой эле 2005-жылкы каргашалуу окуядан кийин Президент биздин кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берди. Анткени, буга чейин биздин кызматкерлер Ички иштер министринин кызматкерлеринен 50 пайыз аз алчу экен. Же тамагына, кийген кийимине жетпесе, жашаган шарттары жакшы болбосо, иштеген иши орчундуу болсо, арасында өмүрү коркунучтуу болсо деп Президент Каржы министрине тапшырма берип, азыркы учурда биздин кызматкерлер Ички иштер министринин кызматкерлеринен 25%көп ал эми Коргоо министринин кызматкерлеринен 50% көп алып калышты. Мындай жетишкендикти баса белгилеп койсо болот.
- Буга чейин айлыгын көтөрүү тууралуу маселе көтөргөн жок белеңер?
- Биздин кызматкерлердин өмүрү коркунучта экенин кылмышкерлердин арасында жүрүшөөрүн билчүбүз. Бирок, өкүнүчтүүсү айлыктарын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк жок болчу. Биздин кызматкерлердин айлыгын көтөрүп жатканыбыздын дагы бир себеби алардын таза иштешин талап кылып жатабыз.
- Учурда орточо айлык канча сомдун тегерегинде болуп калды?
- Азыр офицерлердин айлыгы 4-5 миң сом болуп калды.
- Учурда абактагыларга тамак-аш жетиштүүү элеби?
-Мен жетишкендиктерди билдириш үчүн 2005-жылкы абал менен салыштырып өтөйүн. 2005-жылы тамак -аш жөнүндө сөз кыла турган болсок бир күндүк тамакка 17 сом каралган. Ал кезде камактагылардын бир күндүк тамак-ашына 29 сом сурасак 17 гана сом беришкен. Ал эми былтыр 2007- жылы 26-27 сом бөлүндү. Кудайга шүгүр, быйыл 35 сом бөлүндү. Башкача айтканда, эки эсе түрмөдөгүлөрдүн тамак-ашы жакшырды десек болот. 2005-жылы камакта олтургандардын көпчүлүгү тактап айтканда, 90%ы тамак-аштын жоктугунан ачка болгондуктан бунт чыгарышчу. Азыр кудайга шүгүр, тамак үчүн чатак чыгарган учурлар болбой деле калды.
- Камактагылардын көпчүлүгү кургак учук дартына чалдыгып, каза болуп калышат. Бул ачуу чындык. Сиздер ушул камактагылардын ден соолугу үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Дарылоо жөнүндө сөз кыла турган болсок. Бул тармакта да каржылоо учурунда абдан начар болгон. 2004-2005-жылы чоң кырдаал болгон 600дөн ашык адам кургак учуктан каза болуп калышкан. 2007-жылдан баштап дары-дармекке кескин түрдө акча бөлүнө баштады. Саламаттыкты сактоо үчүн жардам көрсөткөн Эларалык уюдарга ыраазычылыгымды билдирип кетет элем. Анткени, "Кызыл крест", Глобалдык фонд, жана башка уюмдардын жардамы менен камактагылардын ден соолугун карап, өлүмдү азайтканга жетише алдык. Биз эл аралык уюмдар менен ачык эле сүйлөшкөнбүз. Бизге жардам бергиле. Керек болсо жата турган төшөктөрү жок, ал түгүл шейшептери начар деп түрмөнүн оор шартын айтканбыз. Алар бизден жардамын аяшкан жок. №27 түзөтүү мекемесинде "Кызыл крест" уюму дары-дармекке эле эмес, абактын шарттарын оңдоого да көмөктөштү. Ошондой эле №31 колонияда да жакшы иштерди жасашты. Тамак-аш бышырганга да жакшы идиштерди алып келип берип жатышат. Биздин абактын шартынын жакшырышына салым кошкон эл аралык уюмдарга ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ошондой эле таптакыр доктурлар көчөгө чыгарып, айыкпайт деп койгон кургак учуктарды эл аралык уюмдар эң кымбат дары-дармектерди алып келип берип, кургак учук менен жабыр тарткандарга жардам берип жатат. Эгер ушул темп менен кете берсек, Кудай буюрса, кургак учукту колониялардан биротоло жоюуга мүмкүнчүлүк болот. Азыркы учурда ар бир камакка алынган адамга дарысына күнүгө элүү сомдон берилет. Ошондой эле сүт дагы жетиштүү түрдө берилип жатат, ичиш керек. Анткени, тамагы жакшы болуп калды. Жакшы дары берип, жаман тамак берсең анда адам анча жакшы боло албайт. Дарысы, тамагы жакшы болгон үчүн ушундай иштерди жасап жатабыз. 300 миң еврого жакын акчаны бизге бергени жатат. Ар бир ооруган адамга жакшы таасир этет.
- Кечиресиз, Марат мырза, сиз эларалык уюмдар менен жигердүү иш алып барып жатабыз деп жатасыз. Бирок, эл аралык уюмдардын айрымдары иштешпейбиз деп жатышыптыр го…
- Эл аралык уюмдар менен дагы деле эриш-аркак иштешип жатабыз. Алар бизди мурдагыдай эле колдоп жатышат. Бири-бирибизден көңүлүбүз калгыдай таарынычтар деле болгон эмес. Бул деле менин атымды жаманатты кылыштын бир аракети болсо керек.
- -Сизди кирпич чыгара турган заводдордун темирлерин да сатып жиберди дегендей сөз болду эле..
- Кирпич чыгара турган заводдордун темирлерин сатмак түгүл кайра камактагылар кирпич чыгарып иштеп жатышат. Мага ишенбесеңер өзүңөр барып көргүлө. Бир топ колонияда кирпич заводдору ишке киргени жатат. Бизге кытай инвесторлору жардам берди. Сегизинчи жана үчүнчү колония кышты бышырган печкасын бүтүрө алышпай жатат. Андан тышкары брусчатка чыгарган заводдорду колонияларга куралы деп жатабыз. Бизге жакында 3млн евро бергени жатышат биз аларды чирип калган суу түтүктөрүн алмаштырууга жумшайлы деп жатабыз.
- Айрым маалымат каражаттары сиз мамлекеттин акчасына машине сатып алып, минип жүрөт деген Капар Мукеевдин жана башкалардын маалыматын таркатышты…
- Менин атымды булгаш үчүн эмне деген гана аракеттерди көрүп жатышат. Бирок, мен алар айткандай эмес, тескерсинче жакшы иштөөгө дилгирленем. 28-августта биздин кызматка тийиштүү адистер уюшуп, ГУИНдин акчасына машине алды дешип, Аки-пресс маалымат жыйынына келип, пресс-конференция беришкен. Аны мен да теледен көрдүм. Ал түгүл жеке өзүнө алды деп күнөөлөп жатышат. Ошондой эле ушул машинени сатып албаса биздин эки кызматкер ооруканага эрте барып, каза болуп калбайт эле дешип жатышат. Мен ал машинени чындап келгенде Адилет министринин каражатына, ошондой эле токтомдо көрсөтүлгөн лимиттен ашпаган акчага сатып алганбыз. Алар айткандай жаңы эмес. Эски машине алдык. Жаңысын алганга азыр каражат дагы жетпейт. Биздин министрликке да татаал жолдор үчүн алыс жерге жеткенге мүмкүнчүлүгү бар машине керек. Бир автомашина алууга укуктуубуз. Ошон үчүн алдык. Былтыр КРнын токтомунун негизинде 1996-жылкы жүрбөй калган машинени сатып, күчтүү машиналардан бирди алалы дегенбиз. Мен деле мыйзамдуу иш кылдым.
Андан тышкары мени кирпич заводдун тетиктерин сатып жиберди дешип жатат. Бирок, алар айткандай мен сатып эмес, тескерисинче аны ишке киргизип, кылмышкерлер өз жанын баккыдай, акча болуп калсын деп аракет кылып жатам.
- ГУИНди Адилет министринен ажыратуу тууралуу сөздөр болуп жатат …
- Мындай сөздөр мурда эле болуп келген. Маселен, Капар Мукеевдин учурунда, азыр Исаев да айтып жатат. Бирок, алар мисал келтирген Россия менен Казакстанда деле Адилет министринин курамында ажыратылган эмес. Менимче, ажыратуунун зарылдыгы да жок. Биз жарандык министрбиз. Ошондуктан жаза аткаргандар менен биз гана иштешибиз керек. Россия менен Казакстан өз алдынча иш алып барат деп калп айтып жатат. Мен алар айткан мамлекеттерге барып, шарты менен таанышып келгем. Ал жакта деле Адилет министринин курамында экенин өз көзүм менен көргөм. Аны мен баалай албайм. Мен кантип өзүмө баа берем. Аны силер баалайсыңар. Эгер өзүнчө комитет кылсак, аларга өзүнчө министрлик түзүш керек. Азыр Кыргызстандын дагы бир министрлик түзгөнгө кудурети жок. Ошондуктан жок нерсени көздөбөй эле койгонубуз оң

А. Мусаева




  Финансы министрлигинде

Учурдагы долбоорлордун абалы жана келечеги талкууланды
8-сентябрда Финансы министри Тажикан Калимбетова Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча өкүлчүлүгүнүн директору Полин Хайес менен жолугушту.

Жолугушууда DFIDнин Кыргыз Республикасындагы учурда жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорунун ишмердүүлүгү жана аны андан ары кеңейтүү маселелери талкууланды. Аталган долбоорлор туруктуу өнүктүрүүнү өркүндөтүүдө жана жакырчылыкты кыскартууда өнөктөш өлкөлөргө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
DFID Кыргызстанда 1997-жылдан бери иштейт жана өз алдынча офиси бар. Учурда эки тараптуу кызматташуу программасы боюнча финансылоонун көлөмү жылына 7 млн. фунт стерлингди түзөт (бул 14 млн. АКШ долларына барабар). Ошондой эле Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашырууну колдоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Швейцария өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюму менен бирдикте Кыргызстанга жардам берүү стратегиясы иштелип чыгууда жана аткарылып жаткан иштер жардамдын натыйжалуулугу принциптери колдонулууда.
Тажикан Калимбетова өзүнүн жооп сөзүндө жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди жана Полин Хайес айымды Өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоо боло тургандыгына ишендирди.




Атайын эсеп ачылды
Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан Кыргыз Республикасындагы экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык өсүш ыргактарын сактоо боюнча иш чаралар планын аткаруунун алкактарында Улуттук Банкта атайын эсеп ачылды. Аталган план Өкмөттүн 2008-жылдын 31-июлундагы №415 токтому менен бекитилген.

Эсеп Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баалардын кескин жогорулашы шарттарында калктын аялуу катмарларын социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2008-жылдын 4-июнундагы №191 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максаттарында жана вице-премьер-министрдин 16-июнундагы тапшырмасын аткаруу үчүн ачылды. Ал мамлекеттик менчиктин объектилерин приватташтыруудан, "Центерра Голд Инк." корпорациясынын акцияларынын бир бөлүгүн сатуудан, мамлекеттик автотранспорттук ишканалардын (мамлекеттик органдарды, саламаттыкты сактоо мекемелерин тейлешкен мамлекеттик автотранспорт ишканаларынан башка) кирешесинин 5%нан, эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттарынан, кайрымдуулук төлөмдөрүнөн, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төлөмдөрдөн түзүлгөн каражаттардын бир бөлүгүн которуу үчүн арналган.
Алуучу: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы,
эсептешүү эсеби: №1010100037512681,
"Борбордук казыначылык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эсеп".
Алуучунун банкы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, БИК: 101001.
Төлөмдүн багыты: калктын аялуу катмарын социалдык колдоо үчүн каражаттар.

Министрликтин басма сөз кызматынын
материалдары боюнча даярдалды