"Жаўы кылым", 17.07.08 - 9-бет: Билим берџџ...•№29, 17.07.08-ж.
  Билим берүү

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Жогорку окуу жайынын техникалык билими жанданууда
Техникалык кадрларды даярдоонун флагманында
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин премьер вице-премьер-министр Элмира Ибраимованын, билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоевдин жана Өнөр жай министрлигинин энергетика жана жылуулук берүү ресурстарынын статс-катчысы Батыркул Баетовдун коштоосунда келди.
Премьер-министр жана башка жогорку мансаптагы чиновниктердин визитинин максаты - Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин окумуштууларынын университеттин музей-көргөзмөсүндөгү иштеп чыгуулары менен таанышуу эле. Энергетика факультетинин окумуштууларынын энергиянын альтернативалык булактарын түзүүнүн үстүндө иштеп чыгуулары меймандардын көңүлүн өзгөчө бурду. Биздин машина куруучуларга да көрсөтө турган иштер бар эле. Алар өздөрүнүн "АиР-02" минироботтун жана металл жана металл эмес материалдарды жылуулукта иштеп чыгуу үчүн өтө жогорку жыштыктагы плазмотронун; технологдорго, көп жылдар бою иштеп туруучу технологияларды: коопсуз тамак продукцияларын, экологиялык жактан таза кийимдер менен бут кийимдерди түзүүдө жергиликтүү сырьелорду пайдаланууну, цианидсиз алтын алууну көрсөтүштү. Меймандарды студенттердин дизайнерлик иштери, моделдердин оригиналдуу автордук коллекциялары кубандырды. Улуттук кийимдердин теңдешсиз экспозициялары жөнүндө Премьер-министр музей-көргөзмөнүн пикирлер Китебине өзүнүн алган таасирлерин калтырды. Өздөрүнүн программалык продукцияларын маалымат технологиялар факультети да көрсөттү. Ошондой эле тоочулардын иштеп чыгуулары да меймандардын көңүлүн бурду. Андан кийин меймандар университеттин китепканасынын электрондук ресурстары менен таанышты. Ал акыркы эле айда өнөктөш жогорку окуу жайлар - Н.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети, Москвадагы энергетика институту, Кыргызстандагы Германиянын элчилиги тарабынан тартууланган азыркы окуу куралдарынын жүздөгөн нускалары менен толукталган.
Урматтуу меймандар менен болгон аңгемесинде Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Муратаалы Жаманбаев КМТУнун негизги тилеги - университеттин базасында азыркы инженерлик жогорку окуу жайына технологиялык парк түзүү зарыл керек экендигин белгиледи. Ал өзүнүн тегерегинде келечектеги инженерлер үчүн динамикалуу өсүп бараткан илимий окуу-өндүрүштүк мейкиндикти түзөт. Ошондой эле ректор КМТУнун аймагында келечектеги имараттын пайдубалы салынгандыгын билдирди. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин (2007-2011-ж) өнүктүрүүнүн Стратегиялык программасынын маанилүү милдеттерин ишке ашырууда мамлекеттин колдоосу жардам бермек. Өлкөнүн Премьер-министринин технопаркты түзүүдө өзүнүн жардам көрсөтүүдөгү убадасы, ошондой эле билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын активдүү колдоосу- өлкөнүн экономикасынын ийгиликтүү өнүгүшүнүн жаңы күбөсү болуу менен биздин мамлекетибиздин биринчи адамдарын инженердик билим берүүнү жана жогорку окуу жайларынын техникалык илимдерин өнүктүрүү менен байланыштырат.

Жеңиш артынан жеңиш
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин спортсмендеринин кезектеги салтанаты 2008-жылдагы универсиада менен аяктады. Спорттун 21 түрү боюнча салгылашуудан кийин башкы студенттик спорттун мелдештин экинчи жыл катары менен биздин Политех лидери болуп калды. Экинчи орунду - КГАФКИС, үчүнчү орунду -КГУСТА ээледи.
Бир сөз менен айтканда Политех өткөн жылдагы жеңишин ишенимдүү бекемдеди жана Кыргызстандын студенттик спортунда кимдер бар экенин далилдеди.
КМТУнун башкы спортсмени, күч жагынан тарбиялоо кафедрасынын башчысы, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, КР спортунун мастери Таалайбек Каюмовдун пикири боюнча жеңишти төмөнкү факторлор камсыз кылган: өздөрүнүн тарбиялануучуларына бүткүл мүмкүнчүлүктөрүн арнаган биздин курама команданын таланттуу машыктыруучу-насаатчылары, ал эми өз кезегинде жан тери акканча аракеттенип өз салымын кошкон команданын мүчөлөрү. Бардык учурда спортко кызыккан студенттерге жардамга келишкен декандар, окутуучулар чоң салым киргизишкен. Ошондой эле ректор Мураталы Жүзүмалиевич Жаманбаевге өзгөчө алкыш айтуу керек. Ал университеттин кадыр-баркы, ден соолук тармагы-физкультура жана спорттун өсүшү менен тыгыз байланыштуу экенин, өлкөгө жалаң эле билимдүүлөр эмес, ошондой эле ден соолугу менен руху өнүккөн адистер керек экендигин эң сонун түшүнөт. Политехтин жетекчилеринин студент спортсмендери менен алардын машыктыруучуларын моралдык жана материалдык колдоолору башкаларды шыктандырбай кое албайт.
Мына ошентип, универсиада - 2008дин фанфарлары шаңдуу кагылды! Коюлган максатка жетишилди! Биз Политехтин спорттук даңкын кайрадан алып келдик! Биздин спортмсендер жалаң эле спорт ишине берилгендер эмес, ошондой эле Политехтин патриоттору экендиктери далилдентти.

Кыргыз-Герман факультетине чоң рахмат!
27-июнда биз төрт жыл бою күткөн окуя болуп өттү. 2004-жылы Федеративдүү Герман Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда макулдашуулардын негизинде түзүлгөн Берлин шаарындагы Техникалык университетин прикладдык илимдер менен И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин - Кыргыз-Герман технологиялык факультети биргелешип 29 бакалаврды чыгарды. Алардын бири - Гулмира Ниязова. Ал жакында "электроэнергетикалык элементтер системаларын жаңы маалымат технологияларды пайдалануу менен аныктоо" деген тема боюнча окуу жайды бүтүрүү ишин артыкчылык менен жактырды.
"Төрт жыл мурда мен Кыргыз-Герман техникалык факультетине студент болгом. Политехтин бүтүрүүчүлөрү - ата-энемдин изи боюнча барууну чечкем. Алар экөө тең энергетик, техникалык илимдердин кандидаттары. Алардын кеңештери боюнча "Релейлик коргоо жана энергетикалык системаларды автоматташтыруу" деген адистикти тандап алгам. Биринчи күндөрдөн тартып эле окууга баш отум менен киргем. Немец тилин күч менен кириштим, ал эми мектепте окубасам да англис тилин үйрөнүүгө ниет кылдым. Катуу эмгек жумшадым. Аракетим текке кеткен жок. Немец профессорлору: "Кьоне, Кляйшродт, Фойхоф, Борхерт жана башкалардын лекцияларын башкалардын деңгээлинде өздөштүрдүм. Берлин шаарындагы Техникалык университеттин илимдериндеги стажировкам эң сонун жардам берди. Ал жерде менин адистигим боюнча адистерди даярдоо үчүн эң сонун шарттар түзүлгөн. Материалдык-техникалык жана лабораториялык базалар ал жерде европалык деңгээлде. Студенттерге болгон талап эң жогору. Ошонун негизинде биз баа жеткис билим алдык. Биз ал жерде КМТФнун 4 студенти КМТУ жана TFHдин ортосундагы келишим боюнча май айында бүтүрүү иштеринин практикалык бөлүгүн аткардык. Чындыгында муну коргоо алдындагы иш деп айтса болот. Биздин бардыгыбыздын иштерибиз жогорку бааларга татыктуу болду. Бакалавр деген даражаны алуу менен азыр мен магистрант катарында Германияда билим алууну пландап жатам.
Политех менен коштошуу менен биздин факультетти негиздегендердин бардыгына, TFHBнын жетекчилерине; Герман кызматынын (DAAD) маалымат борборунун жетекчиси - айым Гизеле Циммерманнга; чет өлкөдө болобу, ошондой эле биздин бир тууган Политехте болобу биздин студенттердин сапаттуу билим инженерлик билим алышы үчүн лекция окууга чет өлкөлүк алдынкы окутуучуларды чакырган биздин университеттин ректору, профессор Мураталы Жүзүмалиевич Жаманбаевге зор алкышымды айтамын. Эгерде биз дүйнөлүк коомчулукта жашагыбыз келсе, алдынкы инженердик жогорку окуу жайлары менен тыкыз байланышта болушубуз керек. Ошондо гана биздин жогорку окуу жайларыбыз дүйнөлүк стандартка жооп берет. Мен өзүмдүн келечегимди, кандидаттык диссертациямды биздин университетин энергофагында окутуучулук иш менен байланыштырам. Ошондой эле энергофактын деканы, профессор Жоомарт Асыранкулович Апышевге, КМТФнын деканы, профессор Үсөн Касымович Өмүраливге, факультеттин жана башка окутуучуларына ыраазылык билдирем. Өзгөчө менин бүтүрүү ишимдин жетекчиси, таланттуу педагог, ойлоп табуучу, сейрек кездешүүчү адам жана рухий насаатчы Калмырза Асанович Сатаркуловго чоң рахмат айтамын".

Мамкомиссия аттестациялоону сунуш кылат
Алты күн бою Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын мүчөлөрү Б.Ельцин атындагы Кыргыз Республикасынын Славян университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги В.И.Нифадьевдин төрагалыгы астында Кыргыз мамлекеттик техникалык универистетин жана анын структуралык подразделениелерин аттестациялоо өткөрдү. КМТУнун тарыхында биринчи жолу эл аралык авторитеттүү экспертер - Берлиндин, Томскинин жана Казакстандын өкүлдөрү комиссиянын мүчөлөрү болуп калышты. Электрониканын негиздери боюнча орус жана немец тилдериндеги үч өлчөмдүү интерактивдүү виртуалдык лаборатория, ошондой эле университеттин китепканасынын электрондук ресурстары комиссияга өзгөчө таасир калтырды. Окумуштуулар кеңешинин 24-майдагы кеңир кеңешмесинде комиссия төмөнкү корутундуну чыгарды:
Мамлекеттик аттестациялык комиссия жалпы билим берүүчү университеттин окуу - методикалык, маалыматтык-китепканалык, кадрдык, материалдык -техникалык жактан камсыз кылууну, сапатты, студенттердин билим деңгээлин, кесиптик компетенцияларын комплекстүү түрдө анализдөөнүн негизинде окуу жайынын ишке ашырып жаткан иштерин, ар бир алынган адистик боюнча өз алдынча жана бүтүндөй окуу жайына берилүүчү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берет деп эсептейт.
Мамлекеттик аттестациялык комиссия университет тарабынан берилген багыттар жана адистиктер боюнча мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугу менен КМТУга жогорку (күндүзгү жана сырттан) окуу программаларын ишке ашырууну аттестациялоону сунуш кылат!!
Фото: Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү: В.А.Гречихин - Москвадагы энергетика институтунун "Радиоэлектрониканын негиздери" кафедрасынын башчысы, А.И.Дудкин - Томск политехникалык университетинин ТОЭ жана ОЭ энергофагына аттестациялоочу электротехникалык институтунун директорунун орун басары.

Бауманканын баа жеткис белеги
Жакында биздин китепканалык фонд кезектеги өнөктөштүк белектер менен толукталды. Москвадагы Н.Бауман атындагы мамлекеттик техникалык университетинде басылган 37 нускадан турган математика, физика, теориялык механика, сопромат, жылуулук техникасы, радиотехника, робототехника, механика, гидромеханика, автоматтык башкаруу боюнча азыркы окуу куралдары жана маалыматтык басылмалар китепкананын маалымат борборунун окуу залына берилген. Азыр бул китептер студенттер, окутуучулар жана окурмандар үчүн жетиштүү болуп калды. Бул бауманкадан келген экинчи белек экенин белгилөө керек. Мындан эки ай мурда Германиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан берилген немец тилиндеги окуу куралдары биздин окурмандарда өзгөчө талап менен пайдаланыла баштады. Бул эл аралык эң жогорку билим алууга зор өбөлгө түзөөрүн айтып турат.
Которгон Р.Бакиров.