"Жаўы кылым", 10.07.08 - 9-бет: Экономикалык єнџктџрџџ жана соода министрлигинде...•№28, 10.07.08-ж.
  Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде

Ишкердикти жөнгө салууну оптималдаштыруу
Министр Акылбек Жапаров "Кыргыз Республикасында ишкердик ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун нормативдик-укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ага өкмөттүн аппаратынын, ЮСАИДдин бизнес чөйрөнү жакшыртуу долбоорунун өкүлдөрү жана министрликтин кызматкерлери катышышты.

Кеңешменин жыйынтыктары боюнча азыркы этапта лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндө нормативдик-укуктук актыларды кайра кароону жүргүзүү ("Гильотина" принциби), аткаруу бийлигинин эки органын (саламаттык сактоо министрлигин жана мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигин) жана бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын (Бишкек мэриясын) тандап алуу менен сынамык долбоорду (эки ай аралыгында) жүргүзүү.
Ошондой эле бул долбоор аяктагандан кийин жогоруда аталган мыйзамды жалпысынан аткарууга киришүү, башкача айтканда аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык нормативдик-укуктук актыларын кайра карап чыгуу.




БСУнун алдындагы милдеттенмелерди аткаруу
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги республиканын мамлекеттик патент кызматынын катышуусу менен ЮСАИДдин сооданы либералдаштыруу жана бажыны реформалоо боюнча регионалдык долбоору менен бирдикте "Хаят" отелинде тегерек стол өткөрүштү. Ал Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикке укуктардын соода аспектилери боюнча макулдашуунун (ТРИПС) талаптарын колдонуу тармагындагы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткарууга арналды

. Тегерек столдун ишине министрликтер менен ведомстволордун, укук коргоо органдарынын, республиканын Укук ээлери ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой Америкалык соода палатасынын патенттик ишенимдүү өкүлү компаниялары жана мүчөлөрү катышышты. Интеллектуалдык менчик маселелерди БСУнун нормалары менен жоболорунун курамдык бөлүгү жана ТРИПСтин жоболору менен жөнгө салынат. Алар аны эффективдүү ишке ашырууга жөндөмдүү болгон тийиштүү мыйзамдардын жана органдар менен уюмдардын институционалдык реформаларын талап кылат.
Ошол эле учурда аны аткаруунун татаалдыгы интеллектуалдык менчикти коргоо жөнүндө мыйзамдардын жана институттардын зарылдыгында гана эмес, укуктарды камсыз кылуу тармагындагы атаандаштык практикасынын жогорку стандарттарынын, ошондой эле укуктарды мажбурлап жүзөгө ашыруунун процедураларынын болушун да талап кылгандыгында турат.
Тегерек столдун ишинин жыйынтыгында мыйзамдарды өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты. Алар өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик тармагындагы укук бузууларга каршы туруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында жүзөгө ашырылмакчы.




Алдыңкы эксперттер менен экономисттер кеңеш беришти
Министр Акылбек Жапаров республиканын алдынкы эксперттери жана экономисттери менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевдин 2008-жылдын 10-январындагы билдирүүсүн эске алуу менен Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү үчүн андан аркы жолду талкуулап жана иштеп чыгуу үчүн чогулушту. Стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 24-июндагы чечимине ылайык экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги 2008-жылдын 1-сентябрына чейин 2011-жылга чейин Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын толукталып иштелгенин бекитүү үчүн президентке берүү тапшырылган.
Жолугушууда бул иш чаралар үчүн республиканын министрликтеринин, ведомстволорунун, агенттиктеринин, облмамадминистрацияларынын, Улуттук банктын жана Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрүн тартуу пландаштырылууда.
Жолугушууда Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө иштин негизи катарында Жаңы экономикалык саясаттын идеологиялык аспектилери кабыл алуу, ошондой эле стратегияны жаңылатуу процессин жарандык сектордун жана донордук шериктештиктин өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачыктыгын камсыздоо жана эл аралык донор уюмдардын колдоосу болгон учурда бул ишке улуттук консультанттарды тартуу кабыл алынды.




"Жибек Жолу" программасы
Министр А.Жапаров Борбордук Азия жана Кавказ институтунун "Жибек Жолу" программасынын эксперти Йохан Ингвалды кабыл алды.
Жолугушууда суверендүү Кыргызстандын салык системасынын тарыхы жана калыптануусу, ошондой эле Салык кодексинин жаңы редакциясына карата кырдаал, республикадагы экономикалык реформаларды жүргүзүү маселелери талкууланды.

Министр жаңы Салык кодекси биринчи кезекте өлкөдөгү ишкер активдүүлүктү колдоого багытталгандыгын баса көрсөттү. Аны өнүктүрүүнүн негизги факторлору болуп салык саясатынын туруктуулугу, ачыктыгы жана алдын алууга боло тургандыгы, ошондой эле салык салуу системасын жөнөкөйлөтүү саналат. 2003-жылы эле Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Акылбек Жапаров өлкөнүн парламентине Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууну сунуш кылгандыгын белгилей кетүү керек.
А.Жапаров менен Борбордук Азия регионунун салык системасын изилдеген эксперт Йохан Ингвал Кыргызстандын көз карандысыздык алган күнүнөн тартып 2010-жылга чейинки салык системасы жөнүндө китепти чыгарууну биргелешкен долбоору жөнүндө макулдашышты.
Жолугушуунун аягында А.Жапаров мейманга "Экономиканы модернизациялоо стратегиясы" китебин белекке тапшырды. Ал китептин авторлорунун бири.




Семинар - презентация
Министрликте "Курулуш буюмдарынын коопсуздугу" жалпы техникалык регламентинин долбоорун презентациялоо семинары болуп өттү.
Бул мыйзам долбоору өкмөттүн "2006-2007-жылдарга биринчи кезектеги техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасы жөнүндө" токтомун жүзөгө ашыруунун алкактарында экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги менен келишимге ылайык Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттик тарабынан иштелип чыккан.
Жогорку Кеңеш техникалык регламентти кабыл алса, имараттарды жана курулуштарды курууда пайдаланылуучу бардык курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары, ошондой эле аларды ар кандай ремонт-курулуш иштерине пайдаланууда бул тармактагы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан коопсуздук талаптарына ылайыктуу болушу керек.
Андан тышкары бул техникалык регламент ата мекендик продукциянын курулуш буюмдары рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Семинардын жүрүшүндө экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин техникалык регламенттер бөлүмүнүн башчысы Канай Мамырбаев эксперттик комиссия үчүн техникалык регламенттердин долбоорлорун баалоо боюнча баяндаманы сунуш кылды. Эксперттик комиссияга республикадагы курулуш буюмдары тармагындагы эң мыкты адистер камтылган. Эксперттик комиссия бир айлык мөөнөттө долбоорду карап чыгуу менен өзүнүн корутундусун берүүгө тийиш.




Кореялык ишкерлерди эмне кызыктырды?
Министр А.Жапаров Корея Республикасынын элчиси Ли Кенг Юлдун катышуусу менен Кореялык бизнес делегация менен таанышуу жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушууда инвестицияларды тартуу жана алдыга жылдыруу тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, кореялык инвестицияларды тартуу үчүн Кыргыз Республикасында инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу негизги багыттар талкууланды.

Кореялык бизнесмендерге Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатынын презентациясы көрсөтүлдү жана өлкөнүн приоритеттик инвестициялык долбоорлорунун тизмеси сунуш кылынды.
Өз кезегинде кореялык тарап Кыргызстандын экономикасына инвестициялоону каалагандыгын билдирди. Атап айтканда кореялык инвестицияларды тартуу үчүн эң перспективалуу болгон текстиль өнөр жайы, маалымат технологиялары, айыл чарбасы, фармоцевтика жана курулуш тармактары сунуш кылынды. Министр А.Жапаров Корея Республикасынын элчисине Кыргызстанда Кореялык бизнести өнүктүрүү борборун түзүү жөнүндө сунушун айтты.
Жолугушуунун аягында тараптар Кыргыз Республикасына Кореялык инвестициялардын агымын күчөтүү үчүн мыйзамдарды жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү тармактарындагы жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашышты.




Ишкердикти өнүктүрүү маселелери
Министрликте А.Жапаровдун төрагалыгы астында министрликке караштуу ишкердиктин маселелери боюнча консультативдик кеңештин жыйыны болуп өттү. Ага министрликтердин ишкердиктин тармактык ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты.

Күн тартибинде өкмөттүн курулуштагы лицензиялык уруксат берүүчү документтер боюнча токтомун жүзөгө ашыруу, товарларды контролдук маркалары менен белгилөө жөнүндө мыйзам долбоору, маркировкалоого жаткан товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтомунун долбоору, эл аралык рейтингдин индикаторлору боюнча НПАны жүзөгө ашыруудагы министрликтин координациялык ролу, үчүнчү кварталга консультативдик кеңештин иш планы маселелери каралды.
Бул маселелерди талкуулоо менен Консультативдик кеңеш курулуш объектилеринде иликтөөлөрдүн кронометражын жүргүзүү, маркировкалоо жөнүндө мыйзамды колдонууга карата Регулятивдик таасир этүүнүн анализин жүргүзүү чечимин кабыл алды.
А.Жапаров консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө он күндөн кийин Салык Кодексинин жаңы редакциясы боюнча сунуштарын берүүнү, ошондой эле сентябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн ишкердикти өнүктүрүүгө жолтоо болгон тигил же бул нормативдик-укуктук актыны жокко чыгаруучу мыйзам долбоорлорунун пакетин даярдоону сунуш кылды.
Текшерүүлөргө мороторийге жана ак ниет салык төлөөчүнү баалоо критерийлери иштеп чыгууга, бизнести легалдаштырууга, экономиканын бардык чөйрөлөрүндө бирдей атаандаштык шарттарын түзүүгө, патент негизинде салык салуу системасын өркүндөтүүгө, азык-түлүк комплексинин абалына жана андан ары өнүктүрүүгө, курулуш индустриясын өнүктүрүүгө жана курулуш комплексинин, ювелирдик тармактын өсүш перспективаларына, баалуу металлдарды терең кайра иштетүүнүн технологиялык класстерлерин түзүүгө байланыштуу маселелеринин тизмесин карагандан кийин бул маселелер үчүн кварталдагы иш планына киргизилди. Ошондой эле дагы бир катар маселелер консультативдик кеңештин кийинки кварталдардагы иш пландарына киргизилди.

Бет министрликтин басма сөз кызматынын маалыматтары боюнча даярдалды