"Жаўы кылым", 03.07.08 - 3-бет: Абийир соту...•№26, 03.07.08-ж.
  Абийир соту

Тергөө чындыкты аныктайбы же аны жаап-жашырабы?
21-апрель күнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынан чыга бериште жол-транспорт кырсыгы болуп өттү. Адатта мындай эки автомашина кагышкан учурда эки тараптын бирөөсү күнөөлүү боло тургандыгы анык. Бирок, ал күнөөлүүнү аныктоо иштеги бардык документтерди эске алуу менен калыс жана объективдүү териштирүүнү талап кылат. Өкүнүчтүүсү ишти териштирген укук коргоо органдарынын кызматкерлери кээде жөнсүз эле ишти создуктурушса, а кээде мына ушул калыстыктан тайып кетишет.


Жеке менчик "Ауди-80" маркасындагы S 9407 M мамлекеттик номерлүү автомашинасы менен жүргүнчүлөрдү ташып үй-бүлөсүн баккан Садык Тыналиев үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Талас шаарынан жүргүнчүлөрдү салып алып, Кызыл-Адыр айылын көздөй келе жаткан. Анан Өзгөрүш айылынан чыга бериштеги дөңсөө жерден анын алдынан каршы багытта "Ауди-100" маркасындагы S 5747 F мамлекеттик номерлүү автомобили чоң ылдамдыкта анын жолу менен чыга калат. Анын рулунда ошол эле айылдын тургуну Мукталы Сасыкулов экен.
Садык Тыналиевдин билдирүүсү боюнча ал жолдун өзүнө тиешелүү тилкесинен чыккан эмес, тескерисинче, каршы келе жаткан М. Сасыкулов анын тилкесине чыгып кеткен. Мына ушул нерсе - ким кимдин тилкесине чыккандыгы бул жол-транспорт кырсыгындагы башкы талаштуу нерсе болуп турат. Анткени ошого жараша эки айдоочунун кимиси күнөөлүү экендиги аныкталмак.
Бул ишти тергеп жаткан Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Кенжебек Сатаев жол-транспорт кырсыгы болгон жерге барып, алгачкы кароо жүргүзүү протоколун түзгөн жана схемасын чийген. Андан кийин 24-апрелде иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ушул факт боюнча соттук-автотехникалык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарган, анын өндүрүшүн юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун эксперт-автотехниктерине тапшырган. 1-май күнү № 64-08-36 кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарган.
Мамлекеттик соттук экспертиза тергөөчү койгон төмөндөгүдөй суроолорго жооп бериши керек болчу.
Биринчиси, автомашиналардын рулдук башкарууларында жана тормоздук системаларында жол-транспорт кырсыгынын себеби болуп кала турган бузулуштары бар беле?
Экинчиси, эгер андайлар болсо, аларды алдын ала аныктоого мүмкүн беле?
Үчүнчүсү, кагылышуу учурундагы эки автомашинанын жолдун ортоңку огуна карата жайгашуусун аныктоо.
Төртүнчүсү, автомобилдердин кагылышкан жерин аныктоо.
Бешинчиси, айдоочулар кандай аракеттерди жасашы керек эле?
Экспертиза борборунун башкы эксперти Михаил Сябро кол койгон корутундуда биринчи суроого андай бузулуштар эки автомобилде тең аныкталбагандыгы айтылган. Демек, экинчи суроо да техникалык жактан алганда маанисин жоготкондугу айтылат.
Үчүнчү суроо боюнча тормоз берүү, сүрүлүү сыяктуу белгилер болбогондуктан автомобилдердин кагылышуу учурундагы жайгашуусун аныктоо мүмкүн болбогондугу билдирилген.
Төртүнчү суроо боюнча кагылышуу жолдун М. Сасыкулов айдаган автомобиль тарабында болгондугу көрсөтүлгөн.
Бешинчи суроо боюнча "эгерде "Ауди-100" автомобилинин айдоочусу М. Сасыкулов кагылышууга чейин өзүнүн тилкеси боюнча жол берилген ылдамдыкта каршы келе жаткан автомобилге жолтоо түзбөй келе жаткан шарттарда, техникалык көз караштан алганда анын аракеттери жолдо жүрүүнүн эрежелерине карама-каршы келбегендиги" айтылат.
А бирок, ошол эле учурда С.Тыналиевдин жүргүнчүсү, бул иштин жол кырсыгына катышкан эки айдоочунун биринин пайдасына чечилишине кызыкдар эмес күбө болгон Кызыл-Адыр айылынын жашоочусу Нурбек Адымиталиповдун облустук укук коргоо органдарына жазган арызында таптакыр башка пикир айтылган. Ал С. Тыналиев өз жолунан чыкпагандыгын жана М. Сасыкулов катуу ылдамдыкта булардын тилкесинде алдынан чыга калгандыгын жазат. Анан да айыл жергесинде ар бир окуянын майда-чүйдөсү тез эле билинип калат эмеспи, М. Сасыкулов ошол күнү ичип жүргөндүгүн көргөн адамдар бар экенин да көрсөткөн. А бул иштин объективдүү чечилишиндеги экинчи олуттуу факт.
Баса, М. Сасыкуловдун жапа чеккендерге жардам берүүнүн ордуна кырсык болгон жерден дароо качып кетиши да ушундай шек саноого түртөт. Ал эми С. Тыналиев авариядан өзүнүн мээси чайкалганына, алты кабыргасы, сол колу сынып кеткенине карабастан ошол жердеги адамдардын жардамы менен жол тосуп, өзүнүн жүргүнчүлөрүн Талас шаарындагы ооруканага жеткиздирет.
М. Сасыкуловдун авариядан кийинки жоругу да таң калаарлык. Ал дароо эле Бишкек шаарындагы мэрияга караштуу Бишкек травматология, ортопедия илим-изилдөө борборуна дарыланууга келип жатат. Кызыгы - ооруканага кабыл алынганда анализге өзүнүн канын эмес, башка бирөөнүн канын тапшыргандыгы. А мунусу 3 күндөн кийин, С. Тыналиевдин туугандарынын өтүнүчү боюнча анын канынан кайра анализ алдырганда ашкереленип калат. Анткени ошол күнү анын каны текшерилип, экинчи топто экендиги аныкталган. Ал эми мурда пробиркага куюп алып барып лабораторияга тапшырган канынын тобу биринчи экен. Бул боюнча аталган борбордун реаниматолог-врачы А. Кенжакунова, реанимация медсестрасы Бөбөкова жана лаборатория башчысы Березина кол койгон 24-апрелдеги Канды текшерүү актысында бадырайып жазылып турат.
Башка бирөөнүн канын тапшыра коюп, мынчалык жандалбастаганына караганда жогорудагы күбөлөрдүн анын мас абалында жүргөндүгүн көрүшкөндөрү чындык окшойт. Мына ушундан улам жол-транспорт кырсыгына ким күнөөлүү экендиги ал ишти тергеп жаткан тергөөчү К. Сатаевдин позициясына байланыштуу болуп турат.
Ал ишти тыкан, бардык жүйөөлөрдү карап, талдап чыгуу менен калыс, бир жагына жан тартпастан тергей алабы же М. Сасыкуловдун пайдасын көздөп иш жүргүзөбү? Бул дагы азырынча чоң суроо. Анткени, биринчиден, ал ишти а деп баштаганда эле - алгачкы кароо протоколун жана схемасын С. Тыналиевдин катышуусуз жана иш М. Сасыкуловдун пайдасына чечилчүдөй ыңгайда түзгөн. Экинчиден, С. Тыналиев алып барып берген жогорудагы Канды текшерүү актысы боюнча аны тактоо амалдарын жүргүзүүнүн ордуна аны жоготуп жиберген.
Дагы кошумчалай кетерибиз Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун эксперти М. Сябро берген корутундунун акырында "Бул жол-транспорт кырсыгынын шарттарында S 5747 F мамлекеттик номерлүү "Ауди-100" жана S 9407 M номерлүү "Ауди-80" автомобилдеринин айдоочуларынын Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежелеринин тиешелүү талаптарын аткаруу боюнча аракеттерине бул жол кырсыгынын бардык иш жүзүндөгү шарттарын аныктагандан жана иш боюнча чогултулган бардык материалдарга юридикалык баа бергенден кийин соттук-тергөө органдары бере алат" деп жазылган. Ал эми тергөөчү болсо азыркыга чейин Канды текшерүү актысы боюнча анын эмне себептен ушундай жасалмалангандыгын, эгерде М. Сасыкулов арак ичпеген болсо жана өзүн күнөөлүү эмесмин деп эсептесе, анда "канды алмаштыруу боюнча фокус" кимге керек болгонун иликтөө иштерин жүргүзгөн эмес. Мына ошондон кийин бул иш объективдүү тергелет деп ким айта алмакчы?..
А бул арада С. Тыналиев авариядан алган мээси чайкалуудан улам врачтарга кайрылуу убарасынан башка да иштин ушул убакка чейин объективдүү тергелбегенинен улам ар кайсы инстанцияларга арыздануу убарасын да тартууга аргасыз болууда.
Т. Исхаков
Сүрөттө: М. Сасыкуловдун башка бирөөнүн канын тапшыргандыгы жөнүндө акт




Бир топ бейөкмөт уюмдар өлкөнүн түштүгүндө адам сатуу көрүнүшү барган сайын күч алып баратканын айтып, коңгуроо кагышууда.
Кулчулукка сатылган жаштар
Боркошовдордун үй-бүлөөсү 8 жыл бою Казакстандын тамеки талааларында иштеп, айтылган сумма Боркошовдордун колуна тиймек тургай, алар кадимки эле кулдарга айланып калышкан.
Бул үйбүлө колдон-колго өтүп, бир нече жолу сатылып да кеткен. Канчалык оор жумуш аткарбасын, тапкан тыйыны тамак ашына араң жетчү. "Golden Goal" бирикмесинин президенти Алишер Мамажановдун айтымында, учурда мындай көрүнүш түштүк жергесинде көп учурайт.
Адам сатуу көбүнчө Кыргызстандын, Ош, Жалалабат, Баткен облустарында кездешет. Биздин проблема - жаштар арасындагы жумушсуздук. Экинчиси, бул айылдардагы экономиканын өсүш деңгээли өтө эле төмөн болгондуктан, биздин көптөгөн жаш жарандарыбыз чет-өлкөлөргө чыгууга мажбур болуп жатышат. Жаштарды чет мамлекетке алып барып жаткан жеке адамдар же фирмалардын лицензиясы көп учурда такталып, көзөмөлдөнбөйт. Ошондуктан алданган адамдардын саны да көбөйүүдө.
Эл аралык эксперттердин пикиринде, жыл сайын Кыргызстандан 4 миңге жакын адам сатылат. Өткөн жылдагы изилдөөлөр боюнча 371 жолу адам сатуу фактысы катталганы бейөкмөт уюмдар, укук коргоо органдары тарабынан аныкталды.
Жанарбек Акаев




Коммунисттер - Ленинге, пенсионерлер - Горькийге
Шейшемби күнү Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өкмөттүк эмес уюмдардын бир катар лидерлеринин арыздарын кароо менен өткөн жылы декабрда Бишкек шаарынын "реформатор" мэри Данияр Үсөновдун демилгеси менен шаардык кеңеш кабыл алган тынч митингдерди өткөрүү тартиби боюнча токтомун Конституцияга ылайык эмес жана каршы келет деп тапты да жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Конституциялык соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпагандыктан бул көптөн бери коомчулукта талаш туудурган жана демократиянын башкы атрибуттарынын бири болгон адамдардын өз пикирин эркин билдирүүсүнө чек койгон маселеге акыркы чекит койду.
Бул токтомдун абсурд экени башынан эле көрүнүп турган. Бирок, биздин бийлик башындагылар өздөрүнүн оюна келген нерсени "элдин каалоосу" жана "элдин талабы" деген шылтоолорго жамынып кабыл ала койчу адатына салган. Анан да жакынкы болуп өткөн окуялар бул токтомдун галиматья экенин дагы бир жолу далилдеди.
Мисалы, коммунисттер өз көсөмү В. И. Лениндин туулган күнүнө жана 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештиги күнүнө карата шаардын чок ортосунда парламенттин бет маңдайында орнотулган пролетариаттын улуу жол башчысынын эстелигинин жанында митингдерди өткөрүштү. Ошол учурда шаар бийликтери өздөрүнүн токтому бузулуп жатканына кайдыгер карашты жана шаардык укук коргоо органдары митингдерди өткөрүүгө эч кандай тоскоолдуктарды жасашкан жок.
А жакында пенсионерлер баалардын кымбатташына жана жеңилдиктердин алынып салынышына каршылык көрсөтүү менен митинг уюштурушканда аларды пролетариаттын улуу жазуучусу М. Горькийдин эстелигине айдашты. Чынында байкаган кишиге эки жерде өткөрүлгөн митингдердеги талаптар дээрлик бирдей экени көрүнүп турат.
Анда мунун кандайдыр-бир саясый боёгу болуп жүрбөсүн? Мына ушул суроо айрымдарда жаралбай койгон жок.
Ооба, мында чоң саясат жатканын да билген адамдар эң сонун түшүнүп турушат. Анткени, ал токтом оппозиционерлердин митингдерине жана башка каршылык көрсөтүү акцияларына бөгөт коюу үчүн атайы кабыл алынган. Бирок, анын демилгечиси Данияр Үсөнов жана анын ойлонулбаган кадамын колдоп берген шаардык кеңештин депутаттары мындай мыйзамсыз чечимден улам жогоркудай нааразылыктар жаралып, натыйжада токтом бумеранг болуп өз баштарына тиерин ойлонгулары келишпегендей. Натыйжада, жогорудагы мисал көрсөткөндөй, токтом бирөөлөргө бөгөт коюп, ошол эле учурда экинчилерине жол ачып, демек, болжол менен бирдей эле курактагы жана ошол социализм убагында жаштыгын жашап өтүшкөн адамдарды "өзүбүздүкүлөр" жана "өзгөлөр" кылып экиге бөлүп жатпайбы.
Т. Садыбеков