"Жаўы кылым", 05.06.08 - 14-бет: Аралаш...•№22, 05.06.08-ж.
  Аралаш

Сырдуу окуя
Кечке арык чаап, алышты бедеге байлап жүрүп, кечинде бутумду тарталбай сүйрөлүп үйгө араң келдим. Эшиктин алдындагы сөрүгө жатып көзүм илинип кетиптир.
Түшүмдө сакалы жайкалган бир абышка эшик алдына келип, башыңды өйдө көтөр уулум, турмушта кыйналганың бир күнчөлүк билинбей калат. Эмгегиңдин акыбети кайтат. Сен Сары-Булак тоосуна бар. Бир адам басчу жолду табасың дагы тоону аралап кете бергин. Дарыянын жээгине бир ат чабым калган жерден жогору жагыңды карасаң мелтиреген тоо турат. Ошол тоонун ортосуна жеткенде бир көк таш бар. Сен ал көк ташты акырын ордунан жылдырып туруп, корумдалган майда таштардан тазаласаң, үңкүрдү көрөсүң. Ичине кир анан калганын өзүңө кудай акыл берет деп көздөн кайым болду.
Секирип туруп эки жагымды карасам эч ким көрүнбөйт. Үйгө кирип, чоң энем жасаган муздак жармадан бир кесе ичип алып, жайлоону көздөй жөнөдүм. Мен Сары-Булакка барарын барып алып кеч кирип кеткендиктен жол таба албай кыйналдым. Эки жагымды элеңдей карап жатып айдын жарыгына каниет кылып, алдыга карай кетебердим. Эми бүрдөгөн карагандын түп жагынан кеткен бир таман жолду көрүп, сүйүнүп ошол жол менен алдыга карай жөнөдүм. Көп бастымбы же аз бастымбы айтор сууга жакындап барып жогору тиктедим. Баягы абышка айткандай жогору жагым жалама зоо экен. Караңгыда эми кантмекмин. Эртең менен эле чыкпай деп өзүмдү жемелеп, ушунча келгенден кийин акырына чыгайын деп жогору карай эптеп чыга таштадым.
Мен аркан бою чыкканда таң аппак атты. Уктабаганыма кайыл болуп, улам жогору жүрүп отуруп, баягы абышка айткан көк ташка жеттим. Үстүн акырын жылдырып, корумдалган таштарды тазаласам чын эле килейген үңкүр экен. Жарык кылайын десем жанымда ширенке жок. Кудайга тобо деп ичин көздөй кирдим, улам кадам таштаган сайын караңгыга сиңип кеткендей жарык көрүнбөй барат. Коркконумдан кыңылдап ырдай баштадым, үнүм каргылданып эки жагымды улам элеңдей карайм. Эми бул жакка эмне келдим десең деп өзүмө жиним келет. Акыры бутума бир нерсе чалынгандай болду. Мен аны кучактай кармадым дагы үңкүрдүн оозун карай жөнөдүм .
Сыртка чыгарып алып, көргөн көзүмө ишенбей эсим ооп калыптыр. Көрсө, абдан кылдат токулган таарга оролгон адамдын сөөгү жана анын арасында союз учурундагы бир сомдук тыйынга окшогон бир нече алтын тыйын жана бермет седепке оролгон кыздын сеп кийимдери экен. Мен аны карап канча отурганымды билбейм. Эсиме эптеп келип, кайра ташты ордуна койдум дагы табылганы жаман костюмума ороп алып, кеч кире араң үйгө жеттим.
- Айланайын уулум кайда жүрөсүң? Сени издеп барбаган жерим калган жок. Таң аткыча уктабай чыктым. Жок дегенде карыган энеңди ойлоп койсоң боло деп энем кемшеңдей көзүнө жаш алып, көнүмүш адатка айланып калган чыныдагы суусун башымдан айлантып чачты.
Мен энеме болгонун болгондой айтып бердим. Энем сүйүнмөк тургай мисирейип жерди тиктеген бойдон отурган жеринде катып калгандай нес болуп калды.
- Энеке, сага эмне болду, менин ийгилигиме сүйүнөт экен десем кайра унчукпайсың да дедим таарына.
- "Ээ балам ай кайра кайталана баштаган экен да атаңдын көрү дүнүйө" деп ордунан көз жашын арчып туруп кеткен энемди ээрчий карадым.
- Энеке, мен сизге чын эле айтып жатам деп баягы түшүмө кирген абышканы, тоого кантип барганымдын барын кайрадан төкпөй-чачпай айтып бердим.
Ошондо энем ушул үңкүргө байланышкан биздин жети ата өткөн чоң аталарыбыздын тагдыры жөнүндө мындайча баяндады.
- Менин чоң аталарымдын айтышына караганда, биздин жетинчи чоң атабыздын аты Камбар экен. Ал бир байдын жылкычысы болгону менен анын баласындай болуп, барын өзү чече билчү экен. Жашы жыйырмаларга чамалап калса дагы келинчек үй-бүлө курууга ниети жок жүргөн уланга бай мындайча кеп салат. Камбар айланайын менин уулум жок, сен уулум катары жүрөсүң, эмнеге үйлөнбөйсүң. Эгерде аял алсаң айылды дүңгүрөтүп той берем дейт. Анда, Камбар жаркылдап күлүп, ата мен алам деген кызды мага алып бересизби дейт.
- Ооба, уулум алып берем.
- Алсам Уулжанды алайын мага бересизби?
Байдын он төрт жаштагы Уулжан аттуу ошол аймактын ашкан акылдуу, эң сулуу жалгыз кызы болгон экен.
Асылбек Урманбетов




Таанышкым келет
Урматтуу окурман, балким өз түгөйүңүздү таппай кыйналып жүргөндүрсүз. Дароо (0773) 48-36-74 номерине SMS жөнөтүңүз. Жөнөткөн SMSиңиз гезит бетине жарыяланат. SMS билдирүүнүн баасы сиздин тарифиңизге жараша болот. Эң негизгиси, SMSиңиз кызыктуу болсун. Чоң сураныч, "Таанышкым келет" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.
©©© Салам, мен Айдаркендик, ыймандуу, 1988-1989-жылкы жигиттерри менен таанышкым келет. Чалгыла, чыдамсыздык менен күтөм. Менин атым Пека.
(0772) 47-70-45
©©© Салам. 19-20 жаштагы ыймандуу балдар менен достошом. Чалбасаңар да, смс жазгыла, жооп берем. Атым Элянора.
(0772) 88-15-84
©©© Жалалабаттык 21-22 жаштагы балдар менен таанышабыз. Жашыбыз 19да.
(0777) 57-20-51
©©© Салам! Атым Санабар, 18 жаштамын. Мен 18-19 жаштагы жигиттер менен достошом.
(0772) 27-89-60
©©© Мен 17-18 жаштагы кыздар менен таанышкым келет. Достук мамиледе. Атым Азамат.
(0777) 66-45-52
©©© Салам! 1995-жылкы кыздар менен таанышкым келет.
(0772) 30-50-47
©©© Атым Аскар. Жашым 30да. Сүйүүгө туруктуу, баарына түшүнгөн кыз-келиндер менен турмуш куруп, балалуу болгум келет. 1 баласы болсо каршы эмесмин. Жүрөгүмдү багындырса болду.
(0777) 53-85-34
©©© Салам! Мен таластык сулуу кыздар менен таанышам. Жашы 18, атым Касым.
(0773) 53-92-14
©©© Салам! Мен 21демин, атым Фарид, Оштон болом. Ыр жазууга же угууга кызыккан кыздар болсо, угууга жана угузууга даярмын. Эки күндүктөр жакпайт!
(0773) 19-18-62
©©© Атым Асел, жашым 20да. Ыймандуу, акылдуу, 24-27 жаштагы жигиттер менен таанышам, барсыңарбы жигиттер?!!
(0777) 29-58-05
©©© Салам! Жакшы сапаттарды алып жүргөн жигиттер менен достошом. Атым Назик.
(0773) 87-57-34
©©© Салам кыргызымдын татынакай кыз-келиндери. Мен таанышкым келет. Айдар.
(0777) 53-55-81




Гороскоп с 9.06.08 по 15.06.08
ОВЕН. Сегодня хорошо посвятить себя дому, семье, близким. В воскресенье сделайте что-нибудь для укрепления организма. Во вторник показаны активные действия по улучшению материального положения. В среду не дайте провести себя сомнительным личностям. Пятница хороша для общения.
ТЕЛЕЦ. Вы готовы к решительному преодолению препятствий. В общении старайтесь быть тактичнее, чтобы не нарваться на агрессию. Сейчас не стоит излишне афишировать свои источники доходов.
БЛИЗНЕЦЫ. Вы тоже не склонны откровенничать про свой заработок, но остро нуждаетесь в выгодных деловых контактах. Тайные знания помогут вам в личном развитии. Среда и пятница - наиболее подходящие дни для этого.
РАК. Возьмите под строгий контроль свои финансы. Доходы тем больше, чем скорее вы стремитесь к духовному развитию и других ведете за собой (хотя бы членов семьи). Сейчас полагаться приходится в основном лишь на личные усилия. Может повезти в среду и пятницу.
ЛЕВ. Вы будете стремиться к более тесному сотрудничеству, и особенно перспективны энергичные люди издалека. Чем активнее вы их ищете, тем скорее обретете покровителей.
ДЕВА. Профессиональные успехи у тех, кто занят в медицине, благотворительности, рекламной деятельности и бизнесе, связанном с водой и иными жидкостями. Первая половина недели более удачна.
ВЕСЫ. Хороший творческий настрой, желание проявить себя в обществе. Но без личной активности возможности пройдут мимо. Некоторые захотят сменить место работы.
СКОРПИОН. Чтобы сохранить позиции, важно действовать быстро и уверенно. Тем, кто планирует создание семьи, лучше не терять время даром. На работе начальство должно оценить ваше трудолюбие.
СТРЕЛЕЦ. Ожидаются хорошие результаты в давно начатом деле. Если не повезло на прежнем рабочем месте, можно поискать новое. Некоторых ждет встреча со старой любовью, и в отношениях теперь уже вы будете диктовать свои условия.
КОЗЕРОГ. В работе должно открыться второе дыхание, и вы поймете, что сейчас важнее синица в руке. Светлому, отдаленному будущему вы предпочтете немедленный результат. С партнером (-шей) вероятен крупный разговор на тему вашего бездушия.
ВОДОЛЕЙ. Хорошее время для поездок и групповой деятельности. Вас могут поддержать даже малознакомые люди. Но в близком окружении можете почувствовать напряжение. Некоторые попадут в объятия тайной любви. Сохраните это в секрете.
РЫБЫ. Захочется интересного общения. Источники дохода -творчество, быт, сфера недвижимости. Некоторым откроется возможность перехода на другую, более перспективную работу или может завязаться интересная дружба.