"Жаўы кылым", 29.05.08 - 9-бет: Финансы министрлигинде...•№21, 29.05.08-ж.
  Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде

Алгачкы жыйында эмнелер айтылды?
22-майда кыргыз тараптан экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров жана Латвия тараптан экономика министри Каспарс Герхарс тең төрагалык кылган Кыргыз-Латвия өкмөттөр аралык экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташуу боюнча комиссиянын алгачкы жыйыны Рига шаарында болуп өттү.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын күн тартибине соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү жана кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүнү колдоо, айыл чарбасы, финансы сектору, саламаттыкты сактоо, туризм, техникалык жөнгө салуу, курулуш, ишке орноштуруу жана миграция тармактарындагы инвестициялык ишмердүүлүк сыяктуу эң маанилүү маселелер камтылган.
А.Жапаров белгилегендей, кызматташуунун эң приоритеттүү жана перспективдүү багыттарынын бири болуп соода саналат. Тилекке каршы, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн деңгээли канааттандыраарлык эмес, ушуга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн потенциалын чагылдыруучу көлөмдө товар жүгүртүүгө жетишүү максатында зарыл чараларды көрүүлөрү керек.
2007-жылы Кыргызстандын Латвия менен товар жүгүртүүсү 23,5 млн. долларды түзгөн же 2006-жылга салыштырмалуу 5,2 эсе өскөн. Анын ичинде экспорт - 6,9 млн. доллар (же 8,3 эсе көп), импорт - 16,6 млн. доллар (же 2,8 эсеге өскөн).
Экспорттун структурасында болгону бир нече статья бар. Нефть продуктылары (Латвияга экспорттун жалпы көлөмүнүн 84,2%ы), пахта буласы (10%), легирленген коррозиялык болоттун калдыктары жана сыныктары (0,8%). Ушундан улам экспорттун статьяларын негизинен сырье ресурстары түзгөндүктөн, А.Жапаров латвиялык тарапка Кыргызстандын аймагында даяр продукцияларды өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү жана алардын даяр продукцияларын Европа мамлекеттерине экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунуш кылды.
Латвиядан импорттук берүүлөрдүн 48%ын (10,0 миң тонна же 3,3 млн. долларга) кант, эттен жана балыктардан даяр азыктар (19% же 1,0 млн. доллар), древесинадан буюмдар (14,1% же 1,0 млн. доллар), электр машиналары жана анын бөлүктөрү (8,2% же 0,6 млн. доллар) ээлейт.
Жыйындагы сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана тараптардын ишкер чөйрөлөрүн соода жана инвестициялык биргелешкен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу маселелери болуп калды. Бул багытта кызматташууну активдештирүүнүн шарттарынын бири кыргыз компаниялары тарабынан латвиялык порттордун терминалдарын пайдалануу, ошондой эле Кыргызстандан европалык рынокко чыгуу үчүн жүктөрдү ташууга транзиттик коридорлорду берүү болуп кала алмак.
Жыйында ишкердик чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулоо да маанилүү маселелерден болуп калды. Кыргызстан үчүн ишкердик рынок мамилелеринин бүтүндөй системасын кеңейтүүнүн жана өркүндөтүүнүн негизи, ошондой эле өнүккөн учурда ишке орноштурууну жана калктын реалдуу кирешелерин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү экономикалык өсүштүн башкы резервдеринин бири болуп калууда. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы кичи жана орто ишкердик чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү максаттарында тийиштүү уюмдар менен ишкерлердин ортосундагы байланыштарды кеңейтүү маанилүү.
Латвия тараптан аталган өлкөнүн экономика министри К.Герхард сөз сүйлөдү.
Биринчи жыйындын жыйынтыктары боюнча тараптардын төрагалары протоколго кол коюшту.




Сезондук пошлиналар жактырылды
Парламенттин экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги Акылбек Жапаров тарабынан сунуш кылынган "Данга, буудайга, буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн караманын данына карата ташып чыгаруу (эксперттик), сезондук бажы пошлиналарын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн 20-майдагы токтомун жактырды.

А.Жапаров белгилегендей, бул токтом буудай данынын бир килосуна 15 сом өлчөмүндө, буудай унуна 1 килосуна 30 сом өлчөмүндө, химиялык курамын өзгөртүүсүз рафинаддалган же рафинаддалбаган өсүмдүк (күн карама, сафлор же пахта жана алардын фракцияларына) майына бир литрине 100 сом жана күн караманын данына 1 килосуна 20 сом өлчөмүндө 6 ай мөөнөткө ташып чыгаруу (эксперттик) сезондук пошлиналарды бекитүүнү карайт.
Экспорттук сезондук пошлиналарды бекитүү кайра иштетүүчү ишканалардын жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын өнүгүүсүнө оң түрткү берет, ун, ундан азыктарды жана өсүмдүк майын өндүрүүнүн көбөйүшүнө жана ички рынокту толтурууга алып келмекчи.
Өкмөттүн бул токтому өлкөнүн кызыкдар министрликтер менен ведомстволорунда макулдашуу процедурасынан өткөнүн, профилдик комитет тарабынан жактырылгандыгын жана парламенттик талкуусуна жөнөтүлгөндүгүн белгилей кетүү керек.

Элчи менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндө
Акылбек Жапаров Румыниянын Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Емил Рапча жана элчиликтин экономикалык маселелери боюнча кеңешчиси Константин Гицэ менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, Кыргызстан менен Румыниянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуулар боюнча сөз жүрдү. Тараптар кыргыз тарап румын тарапка макулдашуунун долбоорун жөнөтүүсү жөнүндө келишимге келишти.

Алгачкы бизнес-форум, алгачкы таанышуулар
"Кыргызстан-Латвия бизнес-форуму КР премьер-министри Игорь Чудиновдун катышуусу менен ачылды. Ал куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Латвиянын экономика министри К.Герхард жана Кыргызстандын экономикалык өнүк-түрүү жана соода министри А.Жапаров катышкан бул форумда латвиялык тараптан ал өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын башкармалыгынын төрайымы Жанетта Яунземе, кыргыз тараптан экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары Санжар Мукамбетов модератор болушту.
Бул форум эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө зор мааниге ээ болуп калды жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болмокчу.
Форумдун жүрүшүндө А.Жапаров Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат боюнча баяндама жасады. Анда акыркы жылдардагы өлкөнүн ички дүң продуктысынын (ИДП), тышкы сооданын өсүшүнүн динамикасы, инвестициялык климат жана чарба жүргүзүүчү субъетилердин тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тиешелүү башка маселелер да чагылдырылган. ИДПнын 2007-жылдагы өсүшү 3,8 млрд. долларды түзгөн, ошол эле учурда тышкы сооданын деңгээли ИДПнын көрсөткүчүнөн ашкан. Бул өлкөнүн экономикасынын ачыктыгын билдирип турат.
Бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн өкмөт башчылары тарабынан Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул Кыргызстанга латвиялык инвестицияларды тартуу деңгээлин жогорулатууга олуттуу түрткү болуп калмакчы.
Бизнес форумдун алкактарында эки тараптуу жолугушуулар да болду.

Инвестициялык климатты жакшыртуу аракети
Министр Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү жана эл аралык консультанттар менен жолугушууда республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу программасын иштеп чыгуу талкууланды.

АӨБнын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лан Ву, штаб квартиранын кызматкерлери Шона Шреста, Жоа Фарина, Тян Хту, ошондой эле эл аралык консультанттар Джон Доннели, Владимир Бохун, Энтони Ши жана Марус Дони министр Акылбек Жапаров менен бирдикте Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн, бизнести өнүктүрүүнүн шарттарын жакшыртууга, соода жүргүзүүдө тоскоолдуктарды кыскартууга, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган долбоорду карап чыгышты.
АӨБнын миссиясы белгилегендей, сунуш кылган долбоордун үч фазасы бар. Алар: соодада административдик тоскоолдуктарды азайтуу, "Бирдиктүү терезе", ошондой эле инфраструктурада жеке инвестицияларды алга жылдыруу. Бул долбоорду деталдык талкуулоо үчүн жакынкы күндөрдө министрликтин ишкердикти өнүктүрүү, соода саясаты жана түз инвестициялар саясаты башкармалыктары менен кызыкдар министрликтер менен бирдикте жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.

Бет министрликтин басма сөз кызматынын
маалыматтары боюнча даярдалды