"Жаўы кылым", 22.05.08 - 14-бет: Кызыктар...•№20, 22.05.08-ж.
  Кызыктар

Шымынын кыры сынбаган, жалмаңдаган жигиттерден сак болгула
Тагдырдын жазмышын кара, кыргыздын "ат баспайм деген жерин миң басат" деген сөзүнүн калети жок деп кабагын чытыган келин автобекеттин эки жагын элеңдей карады.
Мындан беш жыл мурда так эле ушул жерден күйөөсү Максат менен таанышканы көз алдына келе түштү. Анда, мектепти жаңы бүтүп, классташ кыздары менен Бишкекке окууга тапшырам деп келген эле. Шарактаган үч кыздын бараар жери деле жок болчу. Бирок, жаштык деген жаштык да, үчөө чогула калып, тамактанып алуу үчүн чакан кафеге киргенде аркы столдо отурган жигит "кыздар келишиңер менен кел чогу тамактаналы" деп эшиктен кирген кыздарга ордунан тура калып сыпай мамиле менен өзү отурган жерден орун берген.
Таанышып алалы, менин атым Максат деди жылмая, Гүлнур дедим көзүмдү жигиттен ала качып.
- Ой, ой дорогая, сиз эмнеге мынчалык неге уяңсыз аа? - деп колумду кармады. Мен мурда мынчалык өткүр жигиттер менен сүйлөшпөгөндүкпү же бул бейтааныш жигитти бир көргөндө эле жактырып калганданбы бетим албырып апкаарып калдым. Дос кыздарыма мындай нерсе жага бербей шаракташып, Гүлнур какап калды деп каткыра беришти.
Кыздарды сыйлап алган тамак аштарына өзү акча төлөп: Кана кыздар эми сиздерди кайда жеткирейин? деп суроолуу карады.
- Университеттин жатаканасына жеткирип койгулачы?
- Болуптур
Ошол күндөн баштап, ал күндө келип, кыздарды шаардын сырт жагына алып чыгып, көңүл ачып жүрдүк. Тилекке каршы мындай жыргал күндөр саналуу эле экенин мурдараак билген болсом, жакын дагы жолобойт элем го. Арадан эки ай өтпөй эле Максат экөөбүз ачык жүрө баштадык. Себеби, Спорт сарайында кыргыздын жаңы чыккан жылдыздарынын концерти болот деп эки билет алып келиптир. Биз кыздарга айтпастан кетип калдык. Түнкү саат 12лер чамасында чыгып, жатакана жабылып калды деп Максат түз эле үйүн көздөй мени алып кетти. Мен деле аябай каршылык кыла алган жокмун. Ошентип, ошол күндөн баштап, Максат экөбүздүн ортобузда кыз-жигит мамиледен, эрди-катын мамилеге өттү. Акыркы эки айда экөөбүздүн мамилебиз негедир күндөн күнгө салкындай баштады.
Бир күнү "Максат сен акыркы күндөрү мага салкын мамиле кыла баштадың. Эмне болду же жумушуңдан чарчап келип жатасыңбы"? деген суроомо мени таң кала карап турду дагы "Сен эмне менин аялым белең, деги өзүңдү ким деп ойлойсуң. Билбесең билип ал, менин айылда аялым, эки балам бар. Болгону сени менен убакыт өткөрүп жүрөм" деп колундагы чөмүчтү жерге бир чаап туруп сыртка чыгып кетти.
Мен буга чейин анын үй-бүлөсү бар экендигин кызыгып сурап да койбогондугума өзүмө жиним келип, ичимден кан өтүп кетти.
Эми эмне кылам, менин боюмда бар экендигин бир күнү сүйүнчүлөйүн деп жүрбөдүм беле. Ата-энем укса эмне дейт деген суроолор башымды оорута баштады.
Мен бардыгын жыйыштырып Университеттин жатаканасына классташ кыздарыма келдим.
"Деги кайда эле жүрөсүң. Сени таппай Максатка чалсак, билмексен болуп, телефонун өчүрүп салды. Апаң катуу ооруп жатыптыр, бүгүндөн калбай кетишиң керек" деп беселенген курдаш кыздарым мени таксиге салышты. Барсам апам чындыгында эле катуу ооруп жаткан экен.
- Кызым, окубай эле кой. Андан көрө мага жардам бергениң оң. Сырттан эле окуп аласың, атаң экөөбүз кыйналып кеттик. Сен келгенден бери оңолуп калдым. Эмнеге мынчалык эле ой басып, жүдөп калгансың? деп мени сөзгө тартты. Мен апама болгонун болгондой айтып бердим. Апам ичинен сызып, көпкө ойлонуп отуруп калды.
Бир күнү "Кызым мен атаңа айттым. Сен жаштык кылып бирөөнө алданып калсаң, сени өлтүрүп салмак белек. Мен сени тез арада Караколдогу сиңдимдин үйүнө жиберейин. Ал жактан төрөп, бала торолгонго чейин жүрөсүң, анан атаң экөөбүз алып келебиз" деп муңая сүйлөдү.
Ушундан көрө мени катуу урушуп, тилдесе жеңилдене түшпөйт белем деп өзүмдү күнөөлүү сезип, таң атканча уктабай чыктым.
Эртеси, атам экөөбүз шаарга жөнөдүк. Жолдо катар мени телмире тиктегенден башка атам бир дагы сөз сүйлөбөй койду. Мени Караколго атам алып барып таежем экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Атам кеткенден кийин таежем өзүнүн кийим тиккен цехине топчу кадаганга адам жетпей жатат деп мага жумуш таап берди.
Убакыт учкан куштай деп бекеринен айтылбаса керек. Айы-күнүм жетип калган мезгилде апам келди. Мына көптөн күткөн күн дагы келип, кыздуу болуп, атын Толкун коюшту.
Таежем эжесин аядыбы же менин алданып калганыма боору оорудубу иши кылса, көзүмдүн кареги менен тең айланат. Эки-үч ай болгондо эле мени жумушка чыгарып, апам багып калды. Толкундун күндөн-күнгө өнөрү чыгып, талпынып, күлүп, иши кылса чарчап келген таежем экөбүзгө апам айтып түгөтө албай кечке небереси экөө эмне кылганын жобурай берет. Алты ай болгондо апам айылга Толкунду алып кетти. Таежем экөөбүз үйгө келгенде эмне кылаарыбызды билбей тиктешип отуруп, ар кимибиз бөлмөбүзгө кирип кетебиз.
Мен жайында Караколдогу Университеттин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Жаш болсом дагы кетирген кемчилигимди билмексен болуп, төрөгөн кызымды өздөрүнүн атына жаздырып алган ата-энеме кандай гана ыраазычылык билдирээримди билбей келем.
Албетте, бардык ата-эне меникиндей түшүнө бербейт. Бирок, мен ушул башымдан өткөн окуяны жазып жатып мектепти бүтүрүүчү кыздарга сабак болуп, шымынын кыры сынбаган, жалмаңдаган жигиттерден сак болгула дээр элем.
Бул окуя болгондон бери беш жыл өттү. Эгерде, мени ата-энем алданып калгандыгымды тура түшүнүү менен мамиле жасабаганда ким билет бүгүн автобекеттин жанында кетирген кемчилигимди өзүм сезип, башымды мыкчып тураарымды. Балким, турмуштан запкы көрүп, бузулуп денемди көрүнгөн жерде, көрүнгөн адамдын алдынан издеп калмакмын.
Гүлнур Арыкбаева,
Каракол шаары




  Таанышкым келет

Урматтуу окурман, балким өз түгөйүңүздү таппай кыйналып жүргөндүрсүз. Дароо (0773) 48-36-74 номерине SMS жөнөтүңүз. Жөнөткөн SMSиңиз гезит бетине жарыяланат. SMS билдирүүнүн баасы сиздин тарифиңизге жараша болот. Эң негизгиси, SMSиңиз кызыктуу болсун. Чоң сураныч, "Таанышкым келет" рубрикасындагы телефонго маяк бербегиле! Жиберген SMSтериңер сөзсүз чыгарылат.

©©© Салам. 16-19 жаштагы кыздар менен таанышам. Атым Эльдар. Бишкектен болсо жакшы болот эле.
(0777) 12-13-43, (0773) 90-80-89
©©© Салам! Мен кыргызымдын сулуу, татынакай, спортсмен, акылдуу, көйрөң эмес мырзалары менен таанышкым келип жатат. Менин атым Мимозка. Боюм 1,72 см, салмагым 47 кг. 24-30 жаштагы байкелер менен таанышкым келет. Маяк кылбагыла, жактырбайм. Бишкектенмин.
(0555) 64-20-91
©©© Атым Марина, намаз окуган балдар менен таанышкым келет. Суусамырданмын.
(0773) 94-84-37
©©© Салам, мен кыргызымдын ыймандуу балдары менен достошом. Рима. (0773) 87-57-34
©©© Салам, атым Айзаада, 16 жаштамын. Таза, ак ниеттүү балдар менен таанышууну каалайм. Маяк бербеңиздер, чалбайм.
(0773) 17-84-87
©©© Атым Жаңыл, жашым 16да. Сүйүүгө туруктуу жигиттер менен таанышкым келет.
(0777) 18-06-14
©©© Салам жигиттер. Мен түштүктүн 19-21 жаштагы красавчиктери менен таанышкым келет. Талабым: 1. студент, 2. түштүктөн болсо. Атым Айпери, 18демин. (0555) 09-43-08
©©© Салам кыздар! Мен 19 жаштамын, боюм 1,68 см, салмагым 65 кг. Мен сулуу кыздар менен таанышкым келет. Атым Кылыч. (0773) 52-86-94
©©© Салам, мен кыргыздын ыймандуу жигиттери менен таанышам. (0772) 77-51-03
©©© Салам! Мен кыргыздын ыймандуу, сулуу, түшүнүктүү кыздары менен таанышкым келет. Атым Аскар, жашым 20да.
(0312) 65-64-18
©©© Салам, мен 20-25 жаштагы жалалабаддык олуттуу, шамдагай, узун бойлуу, сөзгө чечен жигиттер бар болсо таанышамын. Чалгыла. (0777) 81-26-81