"Жаўы кылым", 22.05.08 - 10-бет: Маселем...•№20, 22.05.08-ж.
  Маселем

 Ушакчы депутат. Калпычы аким.

Бегалы Наргозуев кимдерге кызыгып калды?
- "Ак жол" фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуевдин акыркы кездеги коомчулуктагы кылган кылыктарына итиркейибиз келип жатат"-дешип Ош облусунун тургундарынын атынан 37 адам кол коюп, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Мадумаровго "депутаттардын алдында окуп коюңуз"-деп кайрылуу жолдошту. Каттын негизги мааниси: "Кыргыздын жакшы чыкмалары Марат Султанов, Үсөн Сыдыков жана Акылбек Жапаровдорго негизсиз асылбасын" деген мааниде. Эмесе кеп башынан болсун.
"Агым" гезитинин 13-майдагы санына Жогорку Кеңештин дептаты Б.Наргозуев Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов менен жогорку Чоң Чүй каналынын астында айдалбай калган жерлерди кыдырып (депутаттын эсеби боюнча 300 гектар, ал эми акимдин баамында 160 гектар жер) "кимге тиешелүү экендигин аныктадык" деген маалыматын тараткан. Тагыраак айтканда депутат кыдырып жүрүп, айдалбаган жерлерди көрүп: "эмнеге айдаткан эмессиңер?"-десе, аким: "бул жер Марат Султанов, Үсөн Сыдыков жана Акылбек Жапаровдордуку, анан аларга кантип айтат элем"-деп кол куушуруптур.
Ошол эле гезиттин кийинки санында акимдин: "андай деп айткан эмесмин"-дегенин жана депутаттын: "ошентип айткан"-дегендерин жарыя салды. Кимиси калпычы?
Ушул жерден аким С.Керимкуловдун антип айтпаганы тууралуу "Агымга" берген интервьюсун келтире кетели:
- "Силердин гезитке маалымдалгандай, Үсөн Сыдыков, Акылбек Жапаров жана Марат Султанов ал жерлерге ээлик кылбайт. Аталган айдоо жерлери башка бирөөлөргө таандык. Мүмкүн алар "подставное лицодур"… Муну документке таянып айтып жатам. Жер ээлери жазылган тизмеде алардын ысымы жок…".
Акимдин тактоосунда аталган жер 300 да, 160 да эмес, 146.6 гектер экен. Анын ичинен 74.6 гектары Каражыгач айыл өкмөтүнө, калганы Көкжар айыл өкмөтүнө тиешелүү. Ү.Сыдыковго тиешелүү делген коргондолуу жер Сарыбашев аттуу ишкерге таандык экенин жана мындай кылгандыгы үчүн ишкерди сотко бергенин гезит аркылуу белгилеген. Ошондой эле аким бул маалыматтарды документтерге таянып сүйлөп жатканын кошумчалаган. Ушундай карама-каршы фактыдан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы А.Мадумаровго кайрылуу жолдошконун билдиришти.
- Б.Наргозуев аты аталган үч адамга эмне максатта жана кимге таянып алып, кызыгып калды деген суроо туулат экен. Дегеле бул кишинин ысымы мурда саясатта жок эле го. А.Акаевдин арам акчалары менен байып, ошол акчасын чачып, арасында "мурдуң кана?"-десе оозун көрсөткөн депутаттары бар "Ак жол" партиясына кошулуп депутат болуп алып, эми эмне кылып кыйратты дейсиң? Калкка кыпындай бир кызмат кылып коюп анан асылчу кишиге асылбайбы-дейт-"Каракулжа районунун атуулдарынын атынын кайрылууга кол койдум"-деген Болуш Эркебаев.
Калыстык катары аким менен депутаттын айткандарына анализ жүргүзүп көрөлү, болуптур депутаттын таламындагы "алар аталган жерди менчикке алып алыптыр", "жерди иштетпей жатат", өзү айткандай: "жерди какыратып таштап койгон - чөң күнөө, кылмыш болуп эсептелет" жана буга кошуп "жердин ээсин айтпа"-дешип "акимди куугунтукка, кысмакка алып жатышат" ж.б. сөздөрдү колдойлу дейли. Бирок, андай болбой калып жатпайбы. Аким өзү жердин ээлери башка адамдар экендигин документ аркылуу айтып жатканын белгилептир, анан калган доомат тиги үч адамга тиешеси жок болуп калып атпайбы.
Тийишиши го тийишиптир эми депутат мырза кандай айласын табат билбейсиң. Ал эми аким мырза кай жактан тезек терип жүргөн, жер ээлери башка деп өзү айтып жатат, кыйын эле жерди иштеткиси келет экен ошолорду таптырып бир чарасын көрбөйбү, калпычыдай болуп эки жакка жаман көрүнбөй.
Б.Наргозуев ушул 146.6 гектардын иштетилбей калганын эл алдына алып чыгып трагедия кылып жатат - "жерди какыратып таштап койгон - чоң күнөө, кылмыш"-деп. Ал жер кимдики болсо да иштетилбесе иштетилбей калып, доңуз консун. Андай калып калган жерлер Кыргызстанда канчасы бар. Быйыл болбосо эмдиги жылы деген бар… Ар бир инсандын өзүнүн ырыскысы болот, тирик коңгонун курук койбойт дейт. Ошол жер иштетилгенде эле байып кете турган болсок бир жөн.
"Алакандай жердин иштетилбегенин айтып какшап, айдалбай калганын трагедия кылат дедик. Мейли трагедия дейли. Ал эми жерди түбөлүккө башка элге сатып жиберген күнөө да, кылмыш да эмес майрамбы? Мына кечээ эле депутат Б.Наргозуев өзү барып Каркыраны Казактарга ченеп берип келди го. Ошол эле пансионаттардын берилишине келгенде да ал каякта эле. Жана электр энергиясы сатылып жатканга каршы туралбай жүргөн немеден эл бир нерсе үмүт кылса болобу? Же булар үчүн Б.Наргозуевди кечирип коелубу?"-деген сөздөр бар. Араңарда калыс адамдардан бар болсо, кимиңер эмне демекчисиңер, урматтуу окурмандар?
Кайрылууга Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Манас Эргешов да кол койгон. Анын айтымында:
- "Булардын саясаты теңирден тескери кетти. Б.Наргозуев "Агым" гезити менен каалаган нерсесин айтып, жеп өзү билемдикке барып жатат. Өзү билемдик кылып жатат дейин десең, анын артында А.Акаевдин куйруктары болушу мүмкүн. Өзү жогорудагы адамдарга асылмак тургай, куурай сая албасы көрүнүп турат. Качкын ажонун адамдары азыр деле бийликте отурганына түшүнбөйсүң. Анан тигинтип тийише баштаганынан өздөрү бир нерсе каалап калышса керек да" деген ойго келесиң.
Араван районунан келген Латипжан Тажибаев:
- "Ушуга окшогон депутаттарды тартипке чакырып, тыйып, билим деңгээлдерин көтөртүп койсо жакшы болоор эле, анткени депутаттардын арасында айрымдары аңырайып тиктеп, анан шымын жыртып эле отурганы болбосо, элге чымындай пайда алып келген деле жок"-деген тилегин билдирет.
Эмне дейбиз, саясат дегениң ушундай тура…
Асанбек КАРАКОЗУЕВ, Ош шаары




  Ой бөлүшөт

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиевге
Кайрылуу
Урматтуу Президент сизге "Ак-Босого" жаңы конушунун тургундары өтүнүч менен кайрылат:
Бул конуштун карапайым калкка турак-жай салуу үчүн берилгендигине 17 жылдын жүзү болду. Биз башка конуштар сымал басып албастан Бишкек шаарынын ар бир районунан кезек күтүп, анан алдык эле. Тилекке каршы, ошол күндөн ушул күнгө чейин конушубуздун инфраструктурасы жашоочуларды канаттандырбай келет. 2005-жылдан бери бул конушка көңүл бурулуп, эл үчүн телефон, суу түтүкчөлөрү киргизилген. Бирок, суу деген эле аты болбосо, бир айдан бери суу дегенди билбейбиз. Колунда барлар үйүнүн ичинен атайын бурдуруп суу чыгартып алган. Бизге окшогон колунда жоктор конуштун борборунан суу ташып ичишет. Күн тез ысып кеткендигине байланыштуу эшик алдында эптеп өстүрүп алган жашылча жемиштерибиз курап баратат. Сизден эле жардам болбосо шаардын мэрине бир нече жолу кайрылып жатып тажадык.
Жеңишбек Асылбеков




 Кыргыз жери урпагын батыралбай...

14 жашар балага Нарындан топурак буйрубай калабы?
18-майда Нарын облусунун Куланак айылында бир баптист кыргыздын 14 жашар уулу жvрөк оорудан каза тааптыр. Ошондон ушуга чейин айыл имамы баш болгон жергиликтүү эл баланы атайын баптисттерге бөлүнүп берилген жерге да койдурбай жатышыптыр.

Акырында булар Нарын губернаторуна арыз менен кайрылышат. Таң эртең менен (20-майда) арызга кол койгондордун бири - Чүйтиев шериктери менен губернатордун кабылдамасына келет. Аерде отурган кыз аларды киргизбейт, алар алып келген арызды алат.
Бирок эки саат күтүшүп, губернаторго кире алышпайт.
Акырында Чүйтиев губернатор Субаналиевдин кабинеттен чыгып кетип баратканын көрүп, артынан барат:
- Агай, ушундай-ушундай... - деп айтат.
Губернатор:
- Мен аны кечээ эле уккам жана жергиликтvv бийликтерге айткам, - дейт.
"Маселени мамлекеттик мыйзамдын чегинде чечип берсеңиз" деген суранычка губернатор:
"Алар исламга кирсе баласын жайына койобуз деп жатышыптыр го, мен алардын укугун бузалбайм" деп жооп кайтарат.
Биерде кимдин укугун ким бузуп жатканын каратып туруп бурмалап салат урматтуу губернатор.
"Агай, кокус эртең элдердин ортосунда чатак чыгып кетсе, ким айыпкер болот?" деген суроого урматтуу губернатор:
"Баптисттер", деп туруп, андан ары сvйлөшvvдөн баш тартып, кетип калат.
Жогорудагы окуяны кыргыз басма сөзү туура чагылдырат го деген үмүттөмүн.
Арыздагы каршылык көрсөтүп жаткандардын тизмесинде ана башында ошол айылдын имамы тургандыгы Кыргыз дин муфтияты (же кандай аталчы эле..) бул окуяны билбей калды деп айтуудан абайлатат. Демек, бул окуя алардын тикелей колдоосу менен иштелип жатышы да мүмкүн. Андай болгондо, Кыргызстанда диний терроризмдин жаңы бутагы күч алып баратканын тануу да кыйын болсо керек.
Менимче, бизде азыр мыйзам улук болгону дурус.
Жанызак, Нарын шаары




  Түштүк аскер группасы жеңүүчү

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 16 жылдык майрамына карата Коргоо министрлигинин Спартакиадасынын лидери - Түштүк аскер группасынын курама командасы болуп калды. Байгелүү орун тогуз орун болсо, мелдештин бардык түрлөрү боюнча Түштүк аскер группасынын кол башчысы генерал-майор Абибила Кудайбердиевдин жоокерлери жеңишке жетишти.
Баса белгилеп кетүүчү нерсе- мындай спорттук иш чараны куралдуу күчтөрүндө жүзөгө ашыруу Президенттик дене тарбия жана спорт боюнча концепциянын негизинде жүргүзүлүүдө. Бул албетте, биринчи кезекте спорттун аскердик-прикладдык түрүн өнүктүрүү, аскерде кызмат кылуунун кезегин көтөрүү, жоокерлерди аскердик-патриоттук духта тарбиялоо максатында жүргүзүлүүдө. Спорттун көп түрлүү мелдешине 200дөн ашык жоокерлер катышышты.
Биринчи жалпы командалык орунду жана Спартакиаданын кубогун Түштүк аскер группасынын спортчу - аскерлери жеңип алышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө грамота, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Министрликтин басма сөз кызматы




 ?ТИМ билдирет

Бизнес чөйрөсүн
жакшыртуучу долбоор
Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилиги Колубия университети (АКШ) менен бирге "Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүн жакшыртуу" жөнүнүн негизги жыйынтыктоочу докладынын биринчи ачылышын өткөрүштү. Аталган долбоор эл аралык донорлор, бизнес-коомчулугу менен Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүн жакшыртууга, экономиканы өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартууга багытталган.

Кыргыз-казак кызматташуусу өркүндөйт
Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Рустенбеков Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы К.Токоев менен болгон жолугушуусунда кыргыз-казак парламенттер аралык кызматташуусунда актуалдуу маселелер талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУнун Парламенттик Ассамблеясын түзүү, анын штаб-квартирасын Чолпон-Ата шаарында жайгаштыруу, ошондой эле Астанада өтүүчү ОБСЕнин Парламенттик Ассамблеясынын 17-сессиясынын ишине кыргыз парламентчилеринин катышуусу талкууланды.

Министрликтин басма сөз кызматы