"Жаўы кылым", 15.05.08 - 4-бет: Каржы министрлигинде...•№19, 15.05.08-ж.
  Каржы министрлигинде

8 млн. долларга кыскартылат
Өзүнүн Испаниянын борбору Мадрид шаарына иш сапарынын жүрүшүндө финансы министри Тажикан Калимбетова Кытай Эл Республикасынын жана Индиянын финансы министрлери менен карыз маселелери боюнча эки тараптуу жолугушууларды жүргүздү.

Кытай делегациясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Т.Калимбетова эки өлкөнүн ортосундагы карыз маселелери учурда чечилгендигин баса белгиледи. 2007-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда 7 млн. доллар суммасындагы Кытайдын өкмөттүк кредитин грантка кайра түзүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Бирок, министр белгилегендей, 72,5% өлчөмүндөгү Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасынын акцияларынын мамлекеттик пакетин "Мэй Ли" Кытай металлургия-кагаз корпорациясына берүү боюнча чечиле элек маселелер бар. "Мэй Ли" корпорациясы өз кезегинде кагаз фабрикасы долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттерди жабуу боюнча милдеттенмени өзүнө алат. Кытай финансы министрлиги кытай тараптын бул маселени тездетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Индиянын финансы министри Чидамбарам башында турган делегация менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жакынкы мезгилде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда Кыргызстандын Индияга 1,024 млн. доллар суммадагы карызын кечүү жөнүндө макулдашуу түзүлө тургандыгы жөнүндө келишимге жетишилди.




Вакциналар өткөн жылы сатып алынышы керек эле
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларга каршы вакциналарды өткөн жылы эле сатып алууга тийиш болчу. Бул жөнүндө финансы министри Тажикан Калимбетова билдирди.

Анын пикири боюнча ар бир ведомство өз бюджетин алдын-ала болжолдошу керек. "Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөгөн министрликтер өздөрүнүн реалдуу чыгымдарын билишпейт. Өз бюджеттерин прогноздоону үйрөнүү керек. Азыр Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги вакциналарга талап кылынуучу сумманы бизден алганда да аларды дароо сатып алалбайт. Бул үчүн тендер жарыялоо жана подрядчикти аныктоо керек. А буга бир нече ай кетет. Министрлик бул процедуралардын баарын аткараар замат каржы министрлиги финансылоону жүргүзөт",-деди Т.Калимбетова.
Финансы министринин сөзү боюнча мындай кырдаалдарга туш келбөө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн министрлик тарабынан бюджеттин үч жылга орто мөөнөттөгү прогнозу иштелип чыккан. Ага ылайык бардык министрликтер менен ведомстволор өз бюджеттерин үч жылга прогноздошу жана чыгымдар программаларын иштеп чыгууга тийиш. Иштин мындай коюлушу жогоруда көрсөтүлгөндөй кырдаалга туш болбоого мүмкүндүк берет жана мамлекеттик структураларды өз ишмердүүлүктөрүн прогноздоого үйрөтөт.
Азыркы учурда Айыл чарба министрлигин финансылоо толук өлчөмдө жүрүүдө. 1-майга карата 339 032,2 миң сом суммада, анын ичинде "Башка кызматтарды сатып алуу" статьясы боюнча 23 141,3 миң сом суммада финансылоо ачылган. А бул каражаттарды андан ары бөлүштүрүү айыл чарба министрлигинин милдетине кирет. Бөлүнгөн каражаттарды максатка ылайыктуу андан ары бөлүштүрүү, ошондой эле аларды келишимдик милдеттенмелерге ылайык которуу - Мамлекеттик ветеринария департаментинин милдети.




  Гранттык жардам көбөйтүлмөкчү

Министр Тажикан Калимбетова Мадрид шаарында Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолугушууда аталган банк биздин өлкөгө гранттык жардамдарды көбөйтүүгө даярдыгын билдирген.
3-8-майда Т.Калимбетова Мадрид шаарында өткөн АӨБнын башкаруучулар кеңешинин жылдык жолугушуусуна катышкан. Министрдин бул өлкөдө болуусу өтө жыш болду. Ал АӨБнын президенти Харихико Курода, АӨБнын Борбордук жана Батыш Азия боюнча департаментинин башкы директору Хуан Миранда, Борбордук жана Батыш Азия боюнча департаментинин башкы директорунун орун басары Шон Салливан жана аталган департаменттин регионалдык кызматташуу боюнча башкармалыгынын директору Роберт Си менен жолугушууларды жүргүздү.
Х.Курода менен жолугушууда Т.Калимбетова Кыргызстандын жаңы экономикалык саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп реалдуу секторду өнүктүрүү саналаарын белгиледи. Бул - транспорт инфраструктурасын куруу жана реабилитациялоо ошондой эле энергетикалык секторду өнүктүрүү. Экономиканын аталган стратегиялык маанилүү секторлору финансылык колдоого муктаж болгондуктан министр АӨБнын жетекчилигине алыскы келечекте бул долбоорлорду жүзөгө ашырууда банктын портфелинин үлүшүн көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмдөрүн кармоодон үнөмдөө, бюджеттин чыгымдар системасынын бүтүндүгүнө жана ачыктыгына жетишүү, долбоорлордун бирин-бири кайталоосунан качуу максаттарында донордук ресурстардан финансылануучу бардык каражаттарын бирдиктүү бюджетке баш коштурууну түшүндүргөн бюджеттин консолидацияланышы маселелерин көтөрдү. Ошондой эле ал донорлордун долбоорлорунун бардык каражаттарын алар тобокелчиликке туш келген коммерциялык банктардын өзүнчө эсептеринде кармабастан казыначылык системасы аркылуу өткөрүүнү сунуштады.
Т.Калимбетова учурда республиканын экономикасы тышкы экономикалык кыйынчылыктардын таасири астында тургандыгын жана дүйнөдө болуп жаткан инфляциялык процесстерге тушукканын белгиледи. Анын пикири боюнча бул фактор Кыргызстан АӨБнын портфелинин көбөйтүлүшүнө муктаж болгон себептердин дагы бири болуп саналат.
Министр банктын жетекчилигине жакында болуп өткөн жер титирөөлөрдөн жабыр тарткан социалдык объектилерди калыбына келтирүүдө тезинен жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Себеби жардам жакынкы мезгилде - күзгө чейин керек. Т.Калимбетова үстүбүздөгү кыштагы катуу сууктардан улам жогорку чыңалууларга туш келген трансформатордук станцияларды жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү мүмкүнчүлүгүн да айтты.
Өз кезегинде Х.Курода АӨБнын Кыргызстан менен кызматташуусу жогорку деңгээлде экендигин, банк мындан ары туруктуу өсүш жана жакырчылыкты кыскартуу максаттарында өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө активдүү саясатты уланта тургандыгын баса көрсөттү. Ийгиликтүү эки тараптуу кызматташуу үчүн Кыргызстан тандап алган жаңы экономикалык багыт жагымдуу шарт түзөт. Ал АӨБнын Директорлор кеңеши 2008-жылы кабыл алган 2020-жылга чейинки банктын узак мөөнөттүү стратегиясына тыгыз шайкеш келет.
Бюджетти консолидациялоо жана шашылыш жардам көрсөтүү маселелерине карата банктын өкүлдөрү колдоо көрсөтүштү жана аны кароого киргизишти. Ал эми Кыргызстан үчүн банктын портфелин көбөйтүү боюнча Азия өнүктүрүү фондунун ресурстарын 10-толуктоонун алкактарында Кыргызстанга донордук жардамды 25%га алдын-ала көбөйтүү болоору белгиленди.
Бет министрликтин басма сөз кызматынын маалыматтары боюнча даярдалды