"Жаўы кылым", 08.05.08 - 7-бет: Учур...•№18, 08.05.08-ж.
  Учур

Ишкерлерге бут тосууга ким, эмне үчүн кызыкдар?
Азыр рынок мезгили. А рынокто өлкөнүн экономикасын негизинен жеке ишкерлердин жеке менчик ишканалары түзөт. Мисалы, дүйнө жүзүнө белгилүү фирмалар өнүккөн мамлекеттердин экономикасына гана салым кошушпастан, социалдык проблемаларын чечип, маданиятын көтөрүп, ал өлкөлөрдүн атагын да чыгарып жатышпайбы. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө жана алардын катарына кошулууга умтулган өлкөлөрдө азыр бизнесмендер үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракеттерди көрүшөт.
Биздин жергиликтүү бизнесмендер арасында да бир топ эле ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү барлары жетиштүү. Бирок, ошол эле учурда алардын өз инвестицияларын жумшап, өндүрүш уюштуруу аракеттерине жергиликтүү чоң жана майда чиновниктер тарабынан бут тосулуп жатканы эч кандай логикага жатпайт. Алардын суранганы да бирөө эле -мамлекет башчысынын талаптарында көрсөтүлгөндөй мыйзамдарга ылайык шарттарды түзүп берүүнү мындай кой, жөн гана бут тоспоо.
Бул жөнүндө кепти бекер баштаган жокпуз. Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Жер-Казар айылында жайгашкан "Алга" айыл чарба кооперативинде (АЧК) болуп өткөн окуя ушундай бут тосуулардын типтүү мисалы болуп турат.
Эки фирма - "Би-Старт" ЖЧКсы жана "Би-Пласт" ЖЧКсы акыркы мезгилде дээрлик банкрот болгону калган "Алга" АЧКсынын пайчыларынын мүлктүк пайларын учурдагы мыйзамдарга ылайык рыноктук бааларда сатып алат. Натыйжада "Би-Старт" ЖЧКсы 54,19%, "Би-Пласт" ЖЧКсы 21,4% мүлктүк пайлардын ээси болуп калышат.
2007-жылдын 25-мартында учурдагы аракеттеги мыйзамдарга жана кооперативдин уставына ылайык өткөрүлгөн "Алга" АЧКсынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бир нече маселе каралат. Анда бир катар маселелер менен катар эле "Би-Старт" ЖЧКсы жана "Би-Пласт" ЖЧКсы кооперативдин мүчөлөрү-нөн алардын мүлктүк пайларын сатып алышкандыгына байланыштуу аталган эки фирманын кооперативге мүчөлүккө алуу боюнча арыздарын канааттандыруу чечими кабыл алынат. Ошентпи алар "Алга" АЧКсынын толук кандуу мүчөлөрү болуп калышат. Баса, пайчылардын доосу боюнча Ысык-Ата райондук сотунун 2007-жылдын 27-февралында кабыл алынган чечимине ылайык, ошол эле жалпы чогулушта кооперативдин Кеңешинин, Текшерүү комиссиясынын жана Башкармалыгынын мурдагы курамдары кайта чакыртылып алынып, жаңы курамдары шайланган. Муну алдын-ала айтканыбыздын себеби - "Би-Старт" ЖЧКсы жана "Би-Пласт" ЖЧКсы менен мамилелерге байланыштуу кийинки чечимдерди "Алганын ушул мыйзамдуу шайланган жаңы жетекчи органдары кабыл алышкан.
Андан кийин 2007-жылдын 16-апрелинде кооперативдин Кеңеши аталган эки фирманын аларга тиешелүү мүлктүк пайлардын эсебинен мүлк бөлүп берүү боюнча арыздарын карап, аларды канааттандыруу чечимин кабыл алат. Натыйжада "Би-Старт" ЖЧКсына №3 уйкана, №4 уйкана, мал туудуруучу бөлүгү, 2 музоокана, музоолор үчүн клетка, СТФга өтүүчү жай, анын дарбазасы, тоют кампасы, эски СТФдагы бастырма, гараж, машина-трактор мастерскаясы, трактордук бригаданын жайы, асфальтталган кырман (жалпысынан 616 423 сом суммадагы) жана "Би-Пласт" ЖЧКсына №1 уйкана, №2 уйкана, мал туугузуучу бөлүгү, ветеринардык-санитардык тосмо, ветлаборатория жана СТФга өтүүчү жай (жалпысынан 206 442 сом суммадагы) тиет.
Мындан тышкары ошол жогоруда айтылган кыймылсыз мүлктөр жайгашкан жер участогу "Алгага" жеке менчик укугунда тиешелүү экендиги Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2007-жылдын 31-декабрында № 24912 болуп катталган жана аны тастыктаган "Ч" сериясындагы № 119953 мамлекеттик акт берилген.
Мына ушундан кийин аталган фирмалар инвесторолорду тартып келип өндүрүштөрдү уюштуруу боюнча иш башташкан. Алардын мындай аракеттери жергиликтүү бийлик башчылары, атап айтканда Узун-Кыр айыл өкмөт башчысы Ш. Акматов жана райондун акими Б. Кененбаев тарабынан колдоо гана табат деп ойлошкон. А буга ишенүү үчүн олуттуу себептер да жетиштүү болгон. Анткени аталган эки фирма райондогу айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына буга чейин эле көптөгөн жардамдарды берип келген. Мисалы Кант шаарына балдар аянчасын куруп берип, Минлянфан, Биринчи май, Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнө ар бири 170 миң сомдук күрөшүүчү килемдерди, андан тышкары спорттук формаларды, инвентарларды сатып берген. Райондук ички иштер бөлүмүнө оргтехника, Минлянфан айыл өкмөтүндөгү мектепке 3 компьютер белек кылган. Люксембург айыл өкмөтүндөгү жаңы конушка канализация өткөрүп, андан тышкары мурдагы Кант районунун аймагындагы балдарга жыл сайын 1-июнда 1ден балмуздак жана 1ден оюнчук белек кылууну салтка айландырышкан. Мунун өзү эле бул фирмалар райондун аймагында мыйзамдуу негиздерде олуттуу иш жүргүзүүгө ниеттенишкенин көрсөтүп турбайбы.
Алгач эч кандай бут тосуулар болбоочудай сезилгендиктен ишкерлер чоң долбоорлорду түзүшүп, айыл өкмөтүнүн аймагында 6 завод курушмак болушат. Пластик труба, газопенобетон блокторун, кирпич, томат пастасын, италиляык жабдуулары бар темир-бетон буюмдарын, өсүмдүк майын чыгаруучу заводдор болмок. Алдын-ала макулдашуулардан улам 3 заводдун жабдуулары ташылып келип, жабдууну берген фирманын адистери тарабынан монтаждалып да коюлган.
Бирок, мына ушул жерден жергиликтүү чиновниктер тарабынан түшүнүксүз аракеттер башталды. Аталган эки фирма жеке менчик укугунда аларга таандык болгон объектилерде өндүрүш уюштуруу аракетин көрө баштаганда өздөрү үчүн күтүүсүз тоскоолдуктарга кабылышты. Анткени "Алга" АЧКсы аталган фирмаларга объектилерди берүү боюнча чечим чыгарган менен бул боюнча бүтүмдөрдү нотариус тарабынан тариздешпеген. Натыйжада Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы ал участоктор аймагында жайгашкан Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн мүлк үлүштөрүнүн эсебинен берилген имараттар менен курулуштар жайгашкан жерлерди бөлүп берүү боюнча чечимисиз кыймылсыз мүлккө справкаларды жана техникалык паспортторду бербей койгон. Бул да формалдуу алганда туура.
Ошондуктан аталган фирмалар "Алга" АЧКсы менен бүтүмдөрдү анык деп таануу боюнча доо арыз менен Чүй райондор аралык экономикалык иштер боюнча сотуна кайрылууга аргасыз болушкан. Сот судья П. Жумагуловдун төрагалыгы астында бул доо арыздарды кароо менен 2007-жылдын 8-ноябрында аларды толук көлөмдө канааттандыруу чечимин кабыл алган.
Мына ушундан кийин Президенттин саясатын жер-жерлерде ишке ашыруучулар болушкан ошол эле айыл өкмөт башчысы Ш. Акматов менен райондун акими Б. Кененбаев бул инвесторлорго өндүрүш уюштуруу үчүн уруксат берүүгө жардам көрсөтүшү керек болчу. Бирок, тилекке каршы, алар чиновниктик бут тосууларын андан ары улантышты.
"Би-Старт" ЖЧКсына Президент К. Бакиев айткандай, шарттарды түзүп, документтерди тариздөөдө жардамдарды берүүнүн ордуна курулушу башталып, Кытайдан жабдуулары алынып келип калган кирпич цехин бузуу боюнча коркутууларын башташат. А чынында мында мамлекеттин же жергиликтүү жашоочулардын кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизе турган мыйзам бузуу да жок. Болгону аким Б. Кененбаев кол коюп койсо баары чечилгени турат. Мына ушул акимдин бир кол коюусу бир жылдан ашык убакытка созулуп келет.
Өзү жетектеген Узун-Кыр айыл өкмөтүнү аймагында болуп жаткандыктан анын башчысы Ш. Акматов болсо инвесторлорду коргомок түгүл, кайра аларды акимге жамандап жаткандай. Анан да 2007-жылдын 14-декабрында өзү түзгөн комиссиянын актысын карап чыгуу менен кирпич цехин бузуу боюнча чечимин чыгарат. Бул, албетте, парадокс.
Мына ушундай бут тосуулардан улам эки фирма алып келмек болгон заводдордун бири кошуна Казакстандын Астанасында курулуп иштей баштаса, дагы экөөсү Тараз шаарында иш баштаганы турат.
Эгерде иши токтотулуп турган сметалык баасы 90 млн. долларлык 3 завод ишкерлер пландаштыргандай иштей башташса, быйыл эле 150 млн. сомдук продукциялар чыгарылып, райондун бюджетине 50 млн. сом суммада салыктар жана башка төлөмдөр түшмөк. Баса, Узун-Кыр айыл өкмөтүнө ишкерлер балдар бакчасын да куруп берели дешип, Ш. Акматовдон макулдук алалбай жүрүшөт.
Ушул айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан карьерден кеткен жол азыр автомашиналар жүрмөк түгүл, тракторлор зорго өтчү абалда. Жогоруда аталган инвесторлор бул жолду асфальттап берүү милдетин да өздөрүнө алышкан. Албетте, ишканалар ишке киргизилген учурда экени ар бир адамга түшүнүктүү.
Мүмкүн Ш. Акматовдун айыгышып каршы болуп жатканында олуттуу себептер бардыр? Бул суроого да жооп издеп көрөлү. Экологиябы? Алып келине турган технологиялык жабдуулар экологиялык экспертизадан өткөрүлгөн. Айыл өкмөтүнүн аймагында кытайлар ушундай эле кирпич заводун куруп иштетип жатышат. Баса, алар заводду айыл чарба багытындагы сугат жерге куруп алышкан. А бул болсо мыйзам бузуу болуп саналат. Ушундай эле мыйзам бузулуу менен салынган 2 кирпич заводу райондун Минлянфан айыл өкмөтүнүн аймагында турат. А аталган фирмалар өздөрүнө жеке менчик укугунда таандык болгон обьектилерге линия коё алышпай жатышат!
Ш. Акматовдун ар кайсы инстанцияларга жазган арыздарынын баардыгынан майнап чыга элек. Анткени ал инстанциялар ишкерлердин аракеттеринен мыйзам бузууларды табышкан жок, табышпайт дагы. Анткени мыйзам бузуунун өзү жок болсо кайдан тапмак? Бул боюнча жооптор да бар.
Мына ушундай окуялар кызып жаткан учурда, кокусунан болдубу, же жогорудагы окуялардын уландысыбы, айтор 2007-жылдын 31-октябрында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Синдбад" кафесинин жанынан белгисиз бирөөлөр "Би-Пласт" ЖЧКсынын башкы директору Б. Кыдыкеевага тиешелүү "Порше-Каен" автомашинасын өрттөп жиберишкен. Буга байланыштуу жабыр тартуучунун арызынын негизинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү А. Мандыбаев тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-статьясынын 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча Улан аттуу белгисиз бирөөгө карата кылмыш иши козголуп өндүрүшкө алынган. А бирок натыйжа азырга чейин жок...
Баса, инвесторлорго бут тосуп жаткан айыл өкмөт башчысы Шаадатбек Ильясович Акматовдун өмүр баянына кызыгуу менен журналисттик иликтөөлөрдөн улам бир фактыны аныктадык. Көрсө, Ш. Акматов 1991-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 148-статьясы боюнча тоногондук үчүн 2 жылга түзөтүү иштерине соттолгон экен.
Албетте, ар бир адам жаңылышы мүмкүн. Ошентсе да ар бир окурман макаладагы фактылардан өзүнүн жыйынтыгын чыгарып алаар. Жергиликтүү деңгээлдеги бул чиновник Ш. Акматовдун дагы башка жоруктары да аныкталууда.
Биз жогоруда айтканыбыздай, кытайлар иштетип жаткан жана айыл өкмөт башчысы коргоп жаткан кирпич заводу айдоо жерге курулган. Жердин ижара акысы үчүн завод ээлери айына 10 миң кирпич бермек болушкан. Бирок, Ш. Акматов ал завод өткөн жылы 4 ай иштеди деп алардан 40 миң кирпич алган. Ошол эле мезгилде жергиликтүү жашоочулар завод 8 ай иштегенин айтып жатышат. Демек, алардыкы туура болсо, 80 миң кирпич алышы керек эле. Анан ошол 40 миң кирпич айылдагы клубду ремонттоо үчүн жеке адам Таалай Малабаевге берилген. Ш. Акматовдун эмне себептен аны тандап алганы белгисиз, себеби биринчиден, мындай учурда сөзсүз өткөрүлүүгө тийиш болгон тендер өткөрүлгөн эмес, экинчиден, Малабаевдин курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензиясы жок.
Баса, Т. Малабаевдин өмүр баянында Ш. Акматовдукуна окшош бир жагдай бар. Малабаев да Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан убагында шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылууга соттолгон.
Кеп кезеги келгенде айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жарандарды күч структураларына жана салык кызматына ишке алууда талаптарды катуулатуу чараларын көрүү боюнча жакында демилге көтөргөнү белгилүү. Ал мыйзам долбоору азыр палатанын кароосуна киргизилгени жатат. Менин оюм боюнча ушундай эле чектөөлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң төмөнкү звеносу болгон айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлерине карата да киргизүү зарыл. Антпесе андайлар ар кандай жолдор менен дайындалып калышып, анан биз мамлекеттин мыйзамдары боюнча эмес, криминалдык түшүнүктөр боюнча жашап калып жүрбөйлү.
Учурда бизнесмендер кандайдыр-бир ишти баштоодон мурда анын аягы кандай бүтөөрүн билишпейт жана ага карата жергиликтүү чоң жана кичине чиновниктердин мамилеси кандай болоорун билүүгө аракеттенип баш катырууга аргасыз. Мында бизнесмен өлкөнүн Президенти Курманбек Бакиевдин экономикабызга инвестиция салуу чакырыгына ылайык иш кылып жатса да. Президент ушундай инвестицияларды жумшагысы келген инвесторлорду тартуу, өзгөчө азырынча анча өнүкпөй жаткан региондорго тартуу тапшырмасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынан талап кылууда. Ошол эле мезгилде жергиликтүү чоң жана кичине чиновниктер элдин кызыкчылыктарынан мурда өздөрүнө гана түшүнүктүү болгон жеке кызыкчылыктарын ойлоо менен сырттан инвестор издеп таап, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, аларды ар кандай жеңилдиктер менен кызыктыруу аркылуу өз региондоруна тартуунун ордуна өздөрү келген инвесторлорго бут тосууну улантышып жатышат. Бекеринен азыр Бүткүл дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" долбоорунун эксперттеринин корутундусуна ылайык биздин өлкө бизнес жүргүзүүгө шарттардын түзүлүшү боюнча акыркы орундардын биринде турбасак керек.
Биз бул макалада келтирген мисал анын дагы бир далили.
Т. Исхаков