"Жаўы кылым", 08.05.08 - 4-бет: Мезгил...•№18, 08.05.08-ж.
  Мезгил

Токойчунун келмеси
Көл өрөөнүндөгү жаратылышты коргоо маселелери акыркы мезгилде чегине жетип, өтө курч көйгөйдүн бири бойдон калууда. Жыл ичинде карагайды мыйзамсыз кыйып, сыртка ташып бара жатканда кармалган бир топ фактылар катталды. Ал гана эмес бир машина карагай уурдалып бара жатканда облус губернатору Кыдыкбек Исаев өзү кармап алган. Мындан уялганбы Ысыккөл областынын прокурору массалык маалымат каражаттары аркылуу өзүнүн кесиптештерине өтө катуу эскертүү жасады. Чынында эле мыйзамсыз кыйылып, сыртка ташылып жаткан жаратылыш байлыктарына укук коргоо органдарынын тиешеси болбосо кантип эле килейген машиналар эч кимге көрүнбөй өтүп кетсин деген суроо пайда болот. Прокурор ушуну эске алып, карагай уурдоочуларга крыша болуп берип жаткан кесиптештерине муштум кезеди окшойт.
Ал эми токой чарбачылыгында мындай орунсуз иштердин болуп жатканына эмне себеп болуп жатат деген суроонун жообун билүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Аксуу токойчулугунун директору Бакыт Ыбыкеевди сөзгө тарттык.

- Сөзүбүздүн башында сизге караштуу Аксуу токойчулугу жөнүндө айтып кетсеңиз?
- Аксуу токойчулугу мындан беш жыл мурун Каракол токой чарбачылыгынан бөлүнүп чыгып өз ишин жүргүзө баштаган. Бизге учурда 21 миң гектар жер карайт. Бул токойчулукта 18 адам эмгектенсе, анын 10у токойчу. Ошондо ар бир кызматкерге 4 миң гектар жерди кайтарганга туура келет десек болот.
- Өз алдынча токойчулук болуп бөлүнүп чыгууга эмне түрткү болду. Мындай структуралык өзгөрүү ашыкча чыгымдарды алып келбейби?
- Мурда биз Каракол токой чарбачылыгына кошулуп жүргөнүбүзгө караганда, бөлүнүп чыккандан кийин ишибиз жемиштүү боло баштады десем жаңылышпайм. Буга менин мурдагы кесиптештерим таарынбасын. Өз алдынча токойчулук болуп бөлүнгөн соң, мыйзамсыз кыйуулар 10 эсеге азайып, киреше бөлүгүбүз 4 эсеге к?п боло баштады. Каракол токой чарбачылыгына бизге окшогон беш токойчулук карайт. Бешөө биригип чогулткан акчанын суммасы менен биздин токойчулуктун жалгыз мамлекетке төккөн кирешеси бирдей болууда. Демек, өзүнчө бөлүнгөндөн кийин иш кирешелүү болуп калгандыгы дана көрүнүп турбайбы.
- Мындай жетишкендиктин сыры эмнеде?
- Биринчиден, адамдын абийири таза болуш керек. Токой кызматкери болуп келген адам карагай сатып бутума туруп алайын дебестен, жаратылыштын бир бурчун кайтарууга өз салымымды кошоюн деп ойлоп жумушка кирүү керек. Экинчиден, жоопкерчилик күчтүү болушу зарыл. Муну мен эмнеге айттым. Мисалы, Каракол токой чарбачылыгында жыл сайын ири өлчөмдөгү карагайлар уурдалып, башы балээден кутулбай келүүдө. Ал эми мага караган Аксуу токойчулугунда кудайга шүгүр, бир да ири өлчөмдөгү мыйзамсыз карагай кыюу каттала элек. Албетте, бирин-экин карагай кыйылып кетип жаткан учурлар бар. Чабандар, жергиликтүү тургундар пендечилик кылып жиберип жатышат. Бирок, башка токойчулуктарда гектарлап карагай кыйылып жатканын көрүп жатпайсыздарбы. Бул жоопкерчиликсиздиктин кесепетинен болуп жатат. Мен абдан жооптуу адам болгондуктан Аксуу токойчулугунда иш жакшы болууда деген сөздөн алысмын. Мындай ийгилик биздин токойчулуктун өз убагында структуралык реформага барганынын жемиши болууда.
- Ал кандай реформа, ушул жөнүндө кеңири айта кетсеңиз.
- Мисалы, мен Аксуу токойчулугунун директорумун. Менин кызматкерим мага билгизбей карагайды мыйзамсыз сатып жиберсе сурай турган орган биринчи менден талап кылат да. Ошондуктан, өзүмдүн артымдан корккондуктан кызматкерлериме да талапты катуу коюуга туура келет. Каракол токой чарбачылыганда беш токойчулук болсо, алардын бири-бирине тепкич түрүндө баш ийе турган жети структурасы бар. Карагай кыйылгандан кийин териштирсең жетөөнүн бирөө да жоопкерчиликти өз мойнуна алышпай четтеп чыга беришет. Анан мыйзамсыз карагай кыйуулар бул жерде болбогондо кайда болмок эле. Инженер карагай башчысына шылтайт, анысы дагы бирөөгө. Иши кылып ортолорунда эч байланыш жок.
- Сиз жогоруда кызматкерлериме талапты катуу коем деп кетпедиңизби. Аны кандай түшүнсөк болот? Катуу жазалайсызбы же…
- Жок мен андай мааниде айткан жокмун. Менин кызматкерлеримдин карагай кыйууга аралашууга акысы жок. Мыйзамдуу түрдө карагай сатып алгысы келген адам өзү аспап шаймандарын алып келет да, анан мен картадан көрсөткөн жерден барып кыят. Эгерде, токойчулуктун кызматкерлери кошо жардамдашса пенде деген пенде да, акчаны көргөндө ашыгы менен жүктөп жиберүүдөн да кайра тартышпайт. Мен муну өзүмдүн тажрыйбаман жакшы билем. Токойчу токойду кайтарыш керек, ал эми кыйган адам башка болуш керек. Мына ошондо гана чыныгы жоопкерчилик пайда болот. Негизи карагай башчы өзү мыйзамсыз ишке аралашпаса уурулар ири өлчөмдөгү жаратылыш байлыгын көрсөтпөй ташып чыгып кете албайт.
- Сиз жетектеген мекеме токойду кайтаруудан сырткары аны өркүндөтүп өстүрүп турууга милдеттүү эмеспи. Бул багытта кандай иштер жасалып жатат?
- Албетте, токойчулуктун милдети токойду кайтаруудан тышкары аны жаңыртып өстүрүп туруу саналат. Мен өзүмдүн көп жылдык тажрыйбамда байкагандай бул багытта да бир топ көйгөй бар экен. Токойчу өзү планда көрсөтүлгөн көчөттөрдү отургузат, өзү сугарат. Анан анын кандай өсүп жаткандыгы жөнүндө да өзү отчет берет. Ким эле өзү жасаган ишти жаман деп отчет берүүгө даяр болсун. Мунун кесепетинен соолуп калган же отургузулбаган бак дарактар отчетко тиркелип накта көз будамайлоо башталып жатпайбы. Муну эске алып учурда Аксуу токойчулугу Швейцария мамлекетинин колдоосу менен "Токойчулуктагы өндүрүлмө иштерди жеке тараптарга өткөрүп берүү" деген долбоорду жүзөгө ашырууда. Бул долбоорго ылайык токойчулуктагы өндүрүү, өстүрүү иштерин тендерден утуп чыккан фирмалар мойнуна алышып, алар бүтүрүшөт. Эгер сапатсыз жасап койсо биз алардан сот аркылуу талап кылганга акыбыз бар.
- Токойчулукка текшерүүчүлөр көп келип турабы?
- Ооба, өткөн жылы 18 жолу текшеришти. Бир киши токойду кайтарса, аны жыйырма структура текшерет экен. Андан көрө алар кошо кайтарышса пайдалуу болмок. Учурда токойчу "албарстыдай байкатпай баскан текшерүүчүдөн кудай сактасын" деп келме келтирип калды.
Маектешкен
Ж.Иманова




  Кайыр сурап, тапканын аракка салат

Магазинден тамак-аштарды кымбатка сатып алгычакты беш-он сом болсо да жолума калаар деген ой менен жумуштан чыгып, Аламүдүн базарын карай шаша жөнөп калдым. Таң эрте жумушка бара жатканда, кечинде үйгө кайтканда базардын ал ахыбалына көз жүгүртүп өтөм. Эртең мененкисин баардыгы жакшы, ойдогудай башталат, ал эми кечки көрүнүшүнө азыр күбө болом.

Базарга жете келип маршруткадан түшүп калдым. Аламүдүн аялдамасындагы павильондун жанында мас болуп бирөө жатат. Бир аз нарыраак барсам, соодасы бүткөн сарттардай беш алтоо бири-бирине калоо тилек айтып "жүздөн" басып коюшат. Анан өзүмө керектүүлөрдү ала баштадым. "Эт алгыла, эт!"-деп кыйкырган үндү улай карасам уйдун этин өзүнчө "тачкага", койдун этин өзүнчө "тачкага" салып сатып жатышат. Мага окшоп жумуштан жаңы чыккандар эттин арзанына карап, анын тазалыгына көңүл бурбай эле алып жатышкандар... Ушул эле кан болгон кол арабага кечке чейин эмнелер гана салынбайт?.. Чала жуулган арабага "лепешка" салып, анда-санда кыйкырып коюп сатып жүргөндөр да жок эмес. Жерге бардыгын жайып алышкан чаңга аралаштырып, арасында сүт-айраны, быштагы жана аялдар колдоно турган косметикалар, гигиеналык пакеттер, жадагалса балдардын оюнчуктары да бар. Бул базардын санврачтары таза жерлерди гана кыдырып кетип калышабы же кол ийрисине тартат болуп жерде жайылган тамак-аш, буюмдарга келгенде көздөрүн жумуп алышабы деген ойдо калдым. Соода кылып алып базардын экинчи тарабындагы эшигинен чыгып бара жатып күнгө жайылган дары-дармектердин жанына жеткенде бааларын сурап, кетип бара жатсам "Эжекеси ала бербейсизби, дарыканага караганда баасы арзаныраак"- деп кыйкырып кала берди. Арзанына карап алып колдонуп, ууланып, ооруканада азап чегип жаткандар канча?.. Эх түбүң түшкүр дүнүйө, жашоонун айынан ушинтип элди алдап сатканга да көнүп алдык. Ал жерден аялдамага жакындаганда жашы кыркка чамалап калган адам кайыр сурап олтурат. Инвалид дейин десең колу, буту соо иш десе ишке тойбой турган убагы экен. Ал жердегилерден сурасам "Күнүгө кайыр сурап, тапканын бүт аракка салат. Бизди да тажатты, ушундан көрө иштесе болбойбу"- деп жооп беришти базарчылар. Бул жерде соода кылып жан баккандардын "эрке баласы" кайырчы тура... Кечки базарга кирип, ары урунуп, бери урунуп аялдамага келдим, бака-шака түшүп баягы эле ичкилик менен оозанмай көрүнүшү кайталанды. Ден соолугу чың, кыргыздын генефондун арака берилип өз колубуз менен бузсак, аз күндө чет өлкөлүктөрдүн акчасына кызыгып, аларга турмушка чыккан кыздарыбыздын аркасы менен таза кандуу кыргыз калбай калат го деген ой менен маршруткага түшө жөнөдүм.
А. Амантурова




Бааларды ооздуктоого Өкмөттүн, депутаттардын күчү жетпейби?
(Башталышы 2-бетте)
Деги, бааларды ооздуктап аны кармап турууга Өкмөттүн, министрлердин депутаттардын күчү жетеби же жокпу? Же алар рынок экономикасында бардыгы менчикке өтүп кеткен деп шылтоодон шынаа издеп, улам эле дүйнөлүк тенденцияга шылтоолоп, актануу менен гана кутулушабы? Азыр байлар, чиновниктер өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюшууда. Бул - баалардын жасалма жол менен жогорулатып жатышынын бирден бир далили. Карапайым калктын курсагы жакшы тойбой турган убакта бааларды асмандатып, элдин тагдыры менен ойногон болбойт.
Эгерде, баалардын өсүшүн мамлекеттик деңгээлде мыйзам чегинде токтотпосок, анда жакыр жашаган элдин жашоо-тиричилиги мындан дагы абдан оор, кыйын абалга туш келип, жогорку бийликке болгон ишеними болбой, чоң нааразычылыктар пайда болушу ыктымал. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү экономикалык кризистен чыгуунун программасын министрлер менен бирге иштеп чыгып, баа саясатын парламентте талкуулап, бардык бааларды ооздуктап, чек кое турган мыйзам кабыл алып, тез арада чечкиндүү кадамдарга барбаса болбойт. Антпесек, баары менчик эле деп баалар улам өскөн сайын байлар байып, жакыр, аз камсыз болгон, бюджеттик мекемеде иштеген үй-бүлөлөрдүн жашоо турмушу улам начарлап, алардын кыжырын келтирүүдө. Учурда көптөгөн адамдардын ой-сезиминде үй-бүлөмдү багуу үчүн кантип акча табам деген көр тиричиликке байланыштуу көйгөйлүү маселелер ээлеп алды. Себеби, баалар асмандап, күнүмдүк азык-түлүккө акчаң жетпей, маяна, пенсия көбөйбөй ошол бойдон турса, кантип жакшы жашайсың. Бир жылда эки жолу пенсияга 50 сомдон, ал эми айлыкка беш жылда бир жолу 20 пайыз кошулганы болбосо, мындай пенсия, маяна менен азыркы баа асмандаган шартта бул жашоодо бакубат өмүр сүрүүгө дегеле болбой калды окшойт. Азыр бийлик бутагында олтурган жогорку рангадагы чиновниктер, депутаттар карапайым элдин жашоо турмушуна көңүл буруп, азык-түлүк коопсуздугун ооз эки эмес, иш жүзүндө жүзөгө ашырып, бааларды туруктуу бир калыпка келтирип, шылуундардын, алып-сатарлардын тизгинин тартып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ак дилинен кызмат кылууну турмуш өзү талап кылууда. Өлкөбүздө стабилдүүлүк, экономикалык жактан өнүгүү болсун десек, эң оболу бааларды ооздуктап, элдин курсагын тойгузуп, бардар турмушту камсыз кылуу- бийлик бутагында олтурган ар бир чиновниктин, эл шайлаган ар бир депутаттын ыйык милдети жана адамдык парзы.

Бактыяр Оңолкан уулу