presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин 1-9-класстары үчүн
"Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери"
сабагынын окуу программасы
ТҮШҮНДҮРМӨ
Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" жобосуна ылайык, калкты өзгөчө кырдаалдарга даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Вице премьер-министринин №21-4382 2011-жылдын 16-мартындагы тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин 1-9-класстары үчүн "Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" курсунун жалпы билим берүүчү программасы даярдалды.
Сунуш кылынган жалпы билим берүүчү программанын негизи Россия Федерациясынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуу программасындагы "Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" билим берүү программасынан алынды. Аталган программа республиканын жалпы билим берүүчү мекемелери үчүн курстун базалык маңызын аныктаган үлгү болуп саналат.
"Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" жаңы курсун окутуу окуучунун аң-сезим жана жоопкерчилик менен жеке коопсуздугуна мамиле жасоого жана айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн коопсуздугун, алардын жашоосуна коркунуч туудурган, кооптуу шарттарда өмүрүн жана ден соолугун сактап калууга болгон жөндөмдүүлүгүн, жабырлануучуга жардам көрсөтүүнү калыптандырууга багытталган. Аталган курсту окутуу процессинде окуучулар калкты өзгөчө кырдаалдар учурунда коргоонун улуттук системасын уюштуруу, Жарандык коргонуу боюнча тажрыйба алуу, өзүнө жана жанындагыларга жардам көрсөтүү, сергек жашоо образы менен таанышат.
Бул жалпы билим берүүчү программаны ишке ашыруу окуучунун кооптуу жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турумун, өзүн-өзү жана айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү коргоого болгон психологиялык туруктуулугун калыптандырууну камсыз кылат.
Жалпы билим берүүчү курстун программасы мазмуну жагынан адамды кооптуу, зыяндуу факторлордон жана өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун теориялык жана практикалык билим берүүчү өз ара байланышкан эки бөлүктү камтыйт.
Жалпы билим берүүчү болжолдуу программадагы сааттардын санын, окутуу жолдорун карап көрүп, жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилиги жергиликтүү шарттарды, окутуу спецификасын, окуу-материалдык базасын жана мугалимдердин квалификациясын эске алып, өз алдынча жалпы билим берүүчү курстун жумушчу программасын иштеп чыкса болот. Ушуга ылайык, бөлүмдүн аталыштары жана негизги мазмуну, майда бөлүмдөр жана темалар сакталышы керек.
"Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" курсу боюнча сабак жалпы расписаниеге өзүнчө предмет катары киргизилип, аталган программа боюнча даярдыгы бар мугалимдер гана өтө алышат.
"Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" курсу боюнча сабак 1-9-класстардын окуучуларына академиялык көлөмдөгү 34 саат өтүлөт.


1 КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Коопсуздук. Коопсуздук деген эмне? Биз жашаган шаар, айыл, кичи райондор. Лифттеги, подъезддеги, квартирадагы, чатырдын үстүндөгү, эл аз жердеги коопсуздуктар. Тааныбаган адамдарды көргөндө өзүн алып жүрүү эрежеси. Чоочун адамдар менен байланышууда сактануу чаралары.
Көчөдөгү күтүлбөстүктөр. Көчөдөгү коопсуздук. Мектепке жана үйгө бара жаткан жолдогу кооптуу жерлер. Үйгө кантип туура жетүү керек? Конкреттүү маршрутту иштеп чыгуу.
Биздин көчөдөгү жана жолдогу ишенимдүү досторубуз. Жол эрежесинин белгилерине көңүл буруу. Жол чырак жана анын белгилери. Жол белгилери менен таанышуу: "Жөө адамдар өтүүчү жол", "Жөө адамдар өтүүгө тыюу салынат", "Балдар", "Жер алдынан өтүүчү жолдор" ж.б.
Биз-жүргүнчүлөрбүз. Шаар (айыл) транспорттору менен таанышуу. Транспортто өзүн алып жүрүү эрежелери. Балдар үчүн коопсуз орундуктар.
Суудагы коопсуздук. Күз, кыш, жаз жана жай мезгилдериндеги суу айлампаларындагы коопсуздук эрежелери. Куткаруучу негизги каражаттар.
Имарат ичиндеги коопсуздук. Имарат ичинде бизди кандай коркунучтар тооруйт? Өрт коопсуздугунун негизги эрежелери. Өрттөн сактануу чаралары. Балдардын шалаакылыгынан чыккан өрттөр жана алардын натыйжасы. Үйдө, мектепте жана транспортто өрт чыккан учурда эмне кылуу керек?
Практикалык көнүгүүлөр: Биз - жөө жүргүнчүлөрбүз: окуучунун мектепке жана үйгө карай кетүүчү жолунун жеке картасын иштеп чыгуу. Оюндар: "Тапчы, кайсы белги?", "Шаар (айыл) көчөсү", "Жол кесилиштеринин түрлөрү".
Биз - жүргүнчүлөрбүз: шаар (айыл), жеке жана кызматтык транспорттор менен таанышуу. Айыл чарба машиналарынын жүрүү өзгөчөлүктөрү.
Эгерде мектепте өрт чыкса эмне кылуу керек? Жол белгилеринин, жол кыймылынын эрежесин сактоонун көрсөтмө куралдарын колдонуу.

II КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Курчап турган чөйрө. Адамдын айлана-чөйрөгө болгон иш-аракети. Күнүмдүк жашоодо кандай коопсуздуктар болушу мүмкүн? Биздин короодогу кооптуу нерселер: электр өткөрүүчү аба линиялары, транcформатордук подстанция, аянтча, канализациялык кудук жана люктар, курулуш аянтчалары. Мусор таштоочу контейнерлер. Жаныбарларга абайлап мамиле жасоо. Сигналдар: 101 - өрт кызматын чакыруу, 102 - милиция чакыруу. 103 - "Тез жардам" чакыруу, 104 - газдын авариялык кызматын чакыруу.
Заманбап турак-жайлар. Заманбап турак-жайлардын жашоо камсыздыгынын өзгөчөлүктөрү. Адам үчүн ал эмнеси менен коркунучтуу? Заманбап турак-жайдын кооптуу жана зыяндуу факторлорунун түрлөрү. Электрприборлорду, газ жана сууну кантип туура колдонот? Үйдө дагы кандай кооптуу кырдалдар болушу мүмкүн, алардан кантип сактанып жана кандай иш-аракеттерди көрүү керек (тиричилик химиясы, курч жана кесүүчү предметтер, шаймандар, бейтааныш бирөө эшик чертсе, аны менен көчөдөн жолугуу, лифтте, подъездде ж.б.).
Өрт - адамдын досу жана душманы. Өрт эмнеден келип чыгат (имаратта, транспортто, жаратылышта). Ал эмнеси менен коркунучтуу? Өрткө каршы кандай чара көрүлөөрүн билишибиз керек жана кандай иш-аракеттерди кылуу керек?
Жаратылыш. Жаратылыш чөйрөсүндө адам үчүн экстремалдуу кырдаал деген эмне? (ысык уруу, суук, шамал, кар, жаан, ачкачылык, суусоо, чарчоо, физикалык жактан ооруксунуу, уулануу ж.б.). жегенге жарактуу жана жебей турган мөмө-жемиштер, козу карындар. Токойдогу өрт. Суудан өтүү. Жаратылышта жүргөндө туура багытты табуу (багыт табуунун жөнөкөй жолдору).
Суу айлампалары. Көл, дарыя, көлмө. Күз жана кыш мезгилдериндеги коопсуздук чаралары. Суу өтмөктөрүн колдонуу чаралары. Муз, лыжа жана коньки тебүүдө сактануу чаралары. Муздагы кырсык. Өзүн-өзү сактап калуу ыкмалары, кырсыкка кабылган адамга жардам берүү. Эң керектүү, дайыма колдонулуучу каражаттар.
Үй жаныбарлары. Аларга жакындашууда жана кам көрүүдө сак болуу чаралары (шаарда жана айыл жерлеринде).
Окуучунун көчөдө жана жолдо өзүн алып жүрүүсүнүн негизги эрежелери. Балдардын жол транспорт кырсыктарынын травмасы. 1-класста өтүлгөн материалдарды кайталоо. Эмне үчүн көчөдө кооптуу? Кичирайондордогу, айылдардагы жол - транспорт кырсыктарын (МАИнин материалдары боюнча) талдоо. Стадионго, паркка, кинотеатр, музейге баруучу багыттар. Велосипед, лыжа, коньки тээп ойноочу жерлер.
Жол кыймылын көзөмөлдөөчү жол белгилери жана сигналдар менен таанышуу. Жол белгилери: "Жөөлөрдүн өтмөгү", "Жөө адамдар өтүүчү жол", "Балдар", "Жер астындагы өтмөк", "автомашина өтүүгө тыюу салынат", "Жөө адамдар өтүүгө тыюу салынат", "Аялдаманын орду", "Машина токтоочу жай", "Телефон" ж.б. Көчөдөгү жана жолдордогу башаламандыктар. Жол чырак. Кыймылды көзөмөлдөө.
Практикалык сабак. Эскертүүчү "Көңүл бургула" сигналы боюнча окуучулардын иш-аракеттеринин натыйжасы.
Алган билимди бышыктоо: биз жол кыймылынын эрежелерин сактаганды, стол оюндарын, моделдерди, макетти үйрөнөбүз, окуйбуз; шаарга экскурсияга чыгуу, МАИнин балдар шаарчаларына баруусу; жаратылыштагы-токой аптекасына экскурсия. Багыт табуунун жөнөкөй жолдору.
Көрсөтмө куралдарды колдонуу.

III КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Өзгөчө кырдаал деген эмне? Мектеп жайгашкан жана окуучулар жашаган аймактагы күтүлүүчү өндүрүштөгү авариялар, табигый кырсыктар жана алардын кесепети. Өзгөчө кырдаалдардагы коркунуч, ызы-чуу, дүрбөлөң жана аларды жеңип чыгуу. Өзгөчө кырдаалдар учурунда шаар криминогендик мүнөздөгү социалдык коркунучтуу булак катары. Элдин социалдык коркунучтуу жүрүш-турушунун формалары. Жогорку криминалдык коркунучтуу аймактар (вокзал, парк, эл көп чогулган жер). Обочолонгон жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери: кичинекей тар көчөлөрдө, жер алдындагы өтмөктөрдө. Кокусунан таанышкан чоочун адам менен мамиле кылуунун эрежелери, ошондой эле көчөдө, транспорттордо тийишүү, күч колдонуу.
Турмуш-тиричилик травмасын эскертүү. Травманын түрлөрү (сынык, көгөрүү, жаракат, күйүк ж.б.). Бийиктен жыгылып травма алуу, ага карата эскертүү. Кыймылдуу оюндар учурунда, саюучу жана тешүүчү предметтер менен ойногондон, сууга түшүүдө ж.б. травма алуу. Көздүн травмасы. Уулануу. Эмгек сабагы учурундагы жана айдоо участкаларындагы травма. Өзүнө жана жолдошуна кантип жардам бересиң?
Суу айлампаларында өзүн алып жүрүү эрежелери. Суудан өтүүдөгү коопсуздук чаралары (айылда, жүрүштө ж.б. учурларда). Жабдууланган жана жабдууланбаган жайларда сууга түшүү эрежелери жана коопсуздук чаралары. Суудагы коопсуздук белгилери ("Сууга түшүүчү жай", "Сууга түшкөнгө тыюу салынат" ж.б.). Сууда жана музда болгон кырсык учурунда жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн жөнөкөй ыкмалары. Өзүн-өзү сактоо ыкмалары.
Окуучунун көчөдө жана жолдо өзүн алып жүрүүсүнүн эрежелери. Балдардын жол транспорт кырсыктарынын травмасы. 2-класста өтүлгөн материалдарды кайталоо. Жол кыймылынын эрежесин сактоо - жөө жүргүнчүнүн коопсуздугунун салымы. Шаардагы, кичирайондордогу, айылдардагы жол - транспорт кырсыктарынын (МАИнин материалдары боюнча) себебин талдоо.
Жол жана көчөлөрдөгү жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы. Жөө жүргүнчүлөрдүн көчө жана жол жээктериндеги, тротуарлардагы кыймылы. Оң жактуу транспорт каражаттарынын жана жүргүнчүлөрдүн кыймылы. Жол кесилиштери жана алардын түрлөрү. Шаар четиндеги жолдордогу жөө жүргүнчүлөрдүн кыймыл өзгөчөлүгү.
Коомдук транспорттогу коопсуздук шарттары. Жүргүнчүлөрдүн милдеттери. Коомдук транспорттон (автобус, троллейбус) түшкөндөн кийин көчөдөн (жолдон) өтүүнүн эрежелери.
Практикалык сабак. Жөнөкөй каражаттарды колдонуп, дем алуу органдарын коргоо боюнча окуучулардын иш-аракеттеринин натыйжасы. Сууга түшүүчү жайды карап көрүү (дарыя, пруд, бассейн).
Жаратылышка саякат: токойдо кантип туура багытты тапса болот? Токой аптекасы: дары чөптөрдү жана мөмөлөрдү жыйноо. Көрсөтмө куралдарды колдонуу.

IV КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар. Кыскача мүнөздөмө (Жер титирөө, кар көчкү). Негизги түшүнүктөр, күтүлүүчү кесепеттер, чара колдонуу, кырсыктын чыгымдарын жеринде алдын алуу, эскертүү жана азайтуу. Жер титирөө жана кар көчкү учурундагы өзүн алып жүрүү эрежелеринин рекомендациясы. Техногендик мүнөздөгү "имараттан кокусунан кыйроо" өзгөчө кырдаалына аныктама берүү.
Сууга түшүүдөгү коопсуздук. Кайыктарды колдонуудагы сактануу чаралары. Биздин жердеги суу айлампалары, ага түшүүдөгү коопсуздук чаралары. Суудан сактоодогу негизги жана дайыма колдонулуучу каражаттар.
Тиричилик травмасын эскертүү. Балдар арасындагы тиричилик травмаларынын негизги себептери: шалаакылык (балкондо, чатыр үстүндө, ачык турган терезеде, тепкичтерде ойноо, от менен ойноо, карбид, күкүрт менен "химиялык эксперименттер", аткычтар, жаңы жылдык же өз алдынча жасаган жардыргычтар, ачык турган электр тогуна тийүү, лифтте, ондоо жүрүп жаткан жолдордо жана курулуш жайларында, коммуникацияларда, ачык турган люктарда ж.б. тентек кылуу).
Практикалык сабак. Жаратылышка чыгуу: окуучулар талаадан же токойдон дары жана уулуу чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жыйнашат. Аларды жыйноонун жана колдонуунун жолдорун айтып беришет.
Турган жеринде багыт алуу: аралыкты, горизонтту жергиликтүү предмет, күн жана приборлор менен кантип аныктаса болот?
Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?
Кар көчкү түшкөндө өзүн алып жүрүү эрежеси.
Балдардын травматологиялык клиникасына баруу.
Кенже мектеп жашындагы балдардын травмаларынын түрлөрү жана алгачкы медициналык жардам. Кенже мектеп жашындагы балдардын травмаларынын негизги себептери (1 бөлүмдөгү темага байланыштыруу). Травма алгандагы алгачкы медициналык жардам. Травмада, сыйрытып алууда, кесип алууда, күйүктө, чымын-чиркей чакканда, мурун канаганда, көзгө бир нерсе түшүп кеткенде биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү билүүнү иштеп чыгуу. Өз-ара жана өзүнө жардам көрсөтүү түшүнүгү.
Ден соолук, саламаттык жана ага терс таасир берүүчү факторлор. Курчап турган чөйрөнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасири. Ден соолук жана жашоо образынын өз ара байланышы. Окуу жана эс алуу режими. Рационалдуу тамактануу, дене тарбия, чыңдоо. Жеке жана коомдук тазалык. Инфекциялык оорулар жана аларды алдын алуу.
Терс адаттардын башталышы (чылым чегүү, алкоголь ичимдиктерин колдонуу, баңгизат) жана алардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири. Чылым чегүүнүн зыяндары.

V КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Шаар (айыл) коркунучтун булагы катары. Калк жашаган чөйрөдөгү (өз ара карым-катнаштын бузулушу, элдердин чогулуусу, элдин кесиптик бөлүнүшү) шаарлар (айылдар) өзгөчөлүктөр. Өтө коркунучтуу аймактын болушу (транспорт, элдердин чогулган жери). Адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык тең салмактуулуктун бузулушу. Мамлекеттик жана муниципалдык коопсуздукту камсыз кылуунун системасынын (милиция, өрт коопсуздугу, тез жардам ж.б.) тапшырмалары жана мүмкүнчүлүктөрү.
Турак-жайдагы авариялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал. Заманбап турак-жайлар, алардын түзүлүштөрү жана жашоо камсыздандыруу (суу түтүктөрү, жылуулук, канализация, жарык берүү ж.б.) өзгөчөлүктөрү. Турак-жайлардагы болуучу авариялык мүнөздөгү кырдаалдар (өрт, суу каптоо, конструкциянын бузулушу, кыйроо).
Турак-жайда өрт чыгуу. Өрттүн келип чыгуу себептери (электр түйүндөрүнүн эрежесин бузуу же кемчиликтери, телевизордун күйүп кетүүсү, газдын чыгуусу, мештерди туура эмес жылытуу, жылыткыч приборлорун туура эмес колдонуу, от менен ойноо ж.б.). Синтетикалык материалдын күйүү өзгөчөлүгү. Курулуштун өрткө туруктуулугу. Өрт учурундагы өзүн алып жүрүү эрежесине рекомендация. Көп кабаттуу имараттардан ташып чыгуу. Өрт өчүрүүчү каражаттар жана аларды колдоно билүү. Өрт өчүрүүдөгү дайыма колдонгон каражаттар (суу, кум ж.б.) өрт өчүргүчтөр, алардын түрлөрү. Аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү.
Турак-жайды суу каптоо. Каптоонун себептери (борбордук жылыткычтын батареялары жарылганда, канализациядан суу акканда, кранды бекитүүнү унутуп калганда ж.б.). суу каптоодогу өзүн алып жүрүү эрежелери жана суу каптоонун себебин жоюудагы зарыл чаралар.
Тиричиликтеги химиялык каражаттар. Колдонуудагы эреже бузуудан келип чыккан коркунучтар (уулануу, күйүк), ууланууда жана күйүктө биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
Транспорттогу өзгөчө кырдаал. Заманбап транспорт - өтө коркунучтун аймагы. Заманбап коомдук (автобус, троллейбус), темир жол, суу жана авиациялык транспорт түрлөрүнө кыскача мүнөздөмө. Заманбап транспорттун энергетикасы жана коопсуздук шарттары. Транспортко түшүүдөгү жана чыгуудагы, жолдон өтүүдөгү жана авариялык кырдаалдагы жүргүнчүлөрдү тооруган коркунучтар. Транспорт каражаттарын колдонуудагы жүрүш-туруш негизги коопсуздук эрежелери. Коомдук транспорт. Жол кыймылынын катышуучуларынын жүрүш-туруш эрежелери. Жол-транспорт кырсыктары, келип чыгуу себептери жана кесепеттери. Авария болгондогу жүрүш-туруш, жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү.
Темир жол транспорту. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу. Өзгөчө кырдаалдарда (кыйроо, вагондогу өрт, ток берүүдөгү авария, кокусунан токтоп калуу, поездден калып калуу ж.б.), өзүн алып жүрүү эрежелери.
Суу транспорту. Өрткө каршы көрүлүүчү чаралар. Коллективдик жана жекече коргонуучу каражаттар. Күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдар. кемеден чыгып кетүү жолдору, өзүн алып жүрүү эрежелери.
Авиациялык транспорт. Самолеттун учуусунун коопсуздугун камсыз кылуу. Жүргүнчүлөрдүн ар кандай кооптуу кырдаалдардагы жүрүш-туруштары (учуу, конуу учурларындагы өрт чыгууда, конууга аргасыз болгондо самолетту таштап чыгып кетүү, самолетту террористтер барымтага алганда). Самолеттун салонунда коопсуз жайгашуу.
Социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал. Калк жашаган шаардагы (айылдагы) жалпы криминалдык кырдаал.
Үйдөгү ар кандай уруш-талаш учурларында балдардын өзүн алып жүрүүсү. Мектеп рэкети, акча өндүрүү, кыздардын чатагы. ИИМдин кызматкерлеринин мектеп окуучулары менен алдын алуу иш чараларын өткөрүүсү.
Коопсуздукту камсыз кылуудагы жана кырдаалды баалоодогу маалыматтык фактордун ролу, күч колдонууга карата, анын ичинде өзүн-өзү коргоого өз убагында көрүлгөн чечкиндүү иш-аракет. Өзүн-өзү коргоо жана анын чеги.
Жашап турган жердеги экологиялык тең салмактуулуктун бузулушуна байланышкан өзгөчө кырдаал. Жашап турган жердеги абанын, суунун жана топурактын булганышы, алардын себептери. Тамактануу, азык-түлүктүн сапатынын төмөндүгү жана ден соолукка тийгизген терс таасири.
Жашап турган жердеги экологиялык тең салмактуулугунун бузулушунда (турак-жайдын герметациясы, квартиранын абасын тазалоо, сууну тазалоо, азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөө жана аларды көрсөтүлгөн убакка чейин сактоо) адамдын коопсуздугун камсыз кылуучу негизги иш-чаралар жана аларды аткаруунун тартиби.
Окуучулардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттери.
Жалпы билим берүүчү мектептерде өрт чыгуу учурунда окуучулардын иш-аракеттери. Өрт өчүргүчтөрдүн түзүлүшү жана алардын түрлөрү. Өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуунун эрежеси.
Имараттан ташып чыгуу иш-аракеттери. Газга каршы каражатты колдонуу эрежеси. Газга каршы масканы кийүүнү үйрөнүү.
Күйүктө биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Күйүктө биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Таңуучу пакетти кантип туура колдонот?

VI КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Жаратылыштагы өзгөчө кырдаал. Жаратылыштагы өзгөчө кырдаал, анын түрлөрү жана пайда болуу себептери (климаттык шарттын өзгөрүшү, жаратылышта автономдук жашашы, жүрүштө ооруп калуу (жабыркоо) уулануу, чактырып алуу ж.б. адамдын жаратылыштагы жүрүш-турушунун коопсуздук эрежелери).
Согуш-конфликттик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал (анын ичинде терроризм). Жарандык конфликттер жана согуштук окуялар, терроризм. Жарандык конфликттер тынч жашоону, өлкөдөгү конституциялык жана укуктук тартипти бузуп, коомдо жана мамлекетте жарандык араздашууга алып келет. Согуш окуялары бул мамлекеттин чегинде болгон аскердик иш-чаралар жана конфликттер, ошондой эле курамында жарандык жана мамлекеттер аралык башаламандык активдешкен аймактагы тынчтыкты жөнгө салуучу аскер контингенти бар күч структураларынын катышуусу. Терроризм - адамдын мурун курмандыкка учураткан жана мамлекеттин, коомдун туруктуулугун бузуу үчүн чогулган, куралданган аскердик иш-аракеттеги бандалардан калыптанган топ. "Террор" сөзү латын тилинен которгондо коркунуч, ужас дегенди түшүндүрөт.
Географиялык-климаттык шарттын алмашуусу. Географиялык-климаттык шарттын муктаждыктан алмашуусу (ата-энелердин жашаган жерин өзгөртүүсү, эс алууга баруу, аскерде кызмат өтөө ж.б.) жана адамдын абалына таасир берүүчү (температуралык режим, күндүн режими, убакыт, тамактануу режими, ичүү режими ж.б.) факторлор. Климатка ыңгайлашууда жүрүш-туруштун коопсуздук эрежеси.
Адамдын жаратылышта автономдук жашашы.
Өзүнө-өзү медициналык жардам көрсөтүү каражаттары. Автономия шартында таңуучу жана дары-дармек каражаттары бар (керек учурда муктаж болгон алып жүрүүчү минималдуу авариялык предметтердин жыйнагы) медициналык кутуча.
Коллективдүү коргоо каражаттары жана аларды колдонуу. Өзгөчө кырдаалдар шартында коллективдүү коргонуу каражаттарын пайдалануу тартиби, жашыруун, баш калкалоочу жайды түзүү жана анын ичин жабдуу. Жашыруун жайды толтуруу тартиби, жайгашуу жана андагы эрежелерди аткаруу.
Аба булгануу коркунучу болгондо практикалык иш-аракеттер. Аба коркунучу жакындоодогу иш-аракеттер. Баш калкалоочу жайга жашынуунун нормативдери (убакытты эсепке албастан группалык курамда). Газдан коргонуучу каражатты пайдаланууну үйрөнүү.
Жаратылыш шартында биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Сыйрытып, кесип алууда, чымын-чиркейлер, жылан чакканда өзүнө-өзү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
Чыгып кетүүдө, сынганда, үшүккө, күндүн нуруна кабылганда жардам көрсөтүү.
Сууга чөккөн адамга биринчи жардам көрсөтүү. Жасалма дем алдыруунун негизги ыкмалары.
Ден соолук жөнүндө түшүнүк жана ага таасир кылуучу факторлор. Алкоголизм.
I жана II бөлүм боюнча практикалык сабактар: Горизонттук багытты жергиликтүү предметтер жана күн боюнча аныктоо. Өзүнүн турган жерин аныктоо. Компастын же сааттын жардамы менен баруучу багытты тандоо жана ага чыдоо. Азимут боюнча кыймыл, жабык жана ачык жердеги багытты табуунун өзгөчөлүктөрү.
Убактылуу жашоого жай тандоо. Лагерди бөлүү. Отун чогултуу. Суу менен камсыздоо, анын тазалыгы жана жугушсуздандыруу. Түнөөчү жана от жагуучу жайды жабдуу. Отто тамак-аш даярдоо. Дары чөптөр менен таанышуу. Жүрүштөгү оорураак жаракат, алдын алуу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү.

VII КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Жер титирөө. Жер титирөөнүн келип чыгуусу. Жер титирөөнүн очогу. Жер титирөөнүн эпицентри. Жер титирөөнүн негизги параметрлери. Жер титирөөнүн кесепеттери. Жер титирөөдөн келтирилген зыянды жана жоготууларды азайтуу боюнча көрүлүүчү чаралар. Жер титирөө учурунда жүрүш-туруштун коопсуздук эрежелери боюнча рекомендация.
Жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкүлөр. Жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкүлөргө кыскача мүнөздөмө жана анын кесепеттери. Жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкүлөрдү алдын ала эскертүү, жана келтирилген зыянды азайтуу боюнча көрүлүүчү чаралар. Калкка жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкү коркунучу пайда болгон учурда кандай иш-аракет көрүү боюнча рекомендация.
Аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамал. Аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамалдын кесепеттери. Аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамалдын кесепеттеринен болгон зыянды азайтууга колдонулуучу чаралар. Калктын аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамал коркунучу пайда болгон учурда кандай иш-аракети.
Суу каптоо, суу ташкыны жана өрт. Суу каптоо жана суу ташкыны боюнча негизги түшүнүктөр жана классификациясы. Суу каптоо жана суу ташкынынын кесепеттери. Калкка суу каптоо жана суу ташкыны коркунучу пайда болгон учурда кандай иш-аракет көрүү боюнча рекомендация. Тоодогу жана токойдогу өрт коркунучтары. Тоодогу жана токойдогу өрттүн кесепеттери. Калкка тоодогу жана токойдогу өрттүн алдын алуу, аны өчүрүүдөгү коопсуздук иштери боюнча түшүнүк берүү. Өрт учурундагы жүрүш-туруштун коопсуздугу жана андан сактануу.
Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар. Жашыруун жол менен жасалган түзүлүштөгү техниканын жарылышы. Мектеп окуучуларынын өздөрү даярдоосу, майрамдарда жана өзгөчө Жаңы Жылда жашыруун жол менен жасалган каражаттарды колдонуудагы активдүүлүктөрү. Тиричилик газынын жарылуу коркунучу. Имараттын ичинде газдын таркалышына жол бербөө, газ приборлоруна балдарды жакындатпоо жана газды күйгүзгөндө: адегенде ширенкени жандырып алып, андан соң газ берүүнү ачуу эрежесин сактагыла.
Табигый кырсык курч мүнөздө болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери. Табигый кырсык таасын болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери.
Жаракат жана травма алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Жаракат алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Жарааттын ырбап кетүүсүн алдын алуу. Башка жана төшкө стерилденген таңууну (бинттен, жоолуктан, колдо болгон нерселерден) коюу эрежеси. Жогорку жана төмөнкү сөөк бөлүктөрү сынганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Жабырлануучуну эвакуациялоо. Жабырлануучуну носилкасыз жеткирүүнүн жолдору.
Ден соолук жөнүндө түшүнүк жана ага таасир кылуучу факторлор. Наркомания.
1 жана 2 бөлүм боюнча практикалык сабактар: Табигый кырсык таасын болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери. Жер титирөө, суу каптоо, суу ташкындары жана селден болуучу кесепеттер менен таанышуу. Аймактын коопсуздук картасын түзүү.
Сынык болгон учурдагы биринчи медициналык жардам көрсөтүү эрежелерин үйрөнүү. Стерилденген таңууну коюу. Жабырлануучуну эвакуациялоодо носилкасыз жеткирүүнүн жолдорун үйрөнүү.

VIII КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Өндүрүштөгү авариялар жана катастрофалар. Эл чарбасынын аймагындагы авария. Авария жана катастрофанын негизги түшүнүктөрү жана аныктамасы. Жабыркоонун очогу жана кесепеттерине мүнөздөмө (өрт, жарылуу, күчтүү таасир берүүчү уулуу жана радиоактивдүү заттардын таштандысы ж.б.)
Өрт жана жарылуу. Өрттөн жана жарылуудан болгон зыяндарга мүнөздөмө. Калкка өрт жана жарылуу коркунучу күтүлгөн учурда өзүн алып жүрүү эрежесин түшүндүрүү.
Химиялык коркунучтуу заттардын таштандысынан келип чыккан авария. Өндүрүштөгү химиялык коркунучтуу объект. Авариялык-химиялык коркунучтуу заттар (АХКЗ), аларга мүнөздөмө, кыйратуучу факторлору. Химиялык коркунучтуу аймактардагы авариялардын кесепеттери. Калктын Авариялык-химиялык коркунучтуу заттардан (АХКЗ), коркунуч күтүлгөн учурда өзүн алып жүрүү эрежеси.
Радиоактивдүү заттардын таштандысынан келип чыккан авария. Радиациялык-коркунучтуу объектилер. Авариялык жабыркоонун очогуна мүнөздөмө. Жашап турган жердин, абанын жана суунун радиоактивдүү авариядан булгануусу. Адамдардын жана жаныбарлардын жабыркоосуна, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана азык-түлүк, өндүрүштүн радионуклиддик булганышына мүнөздөмө. Радиациялык авариялардын кесепеттери. Калктын радиациялык авария жана жашап турган жердин радиоактивдүү булгануу коркунучу күтүлгөн учурда өзүн алып жүрүү эрежеси жана иш-аракеттери.
Гидродинамикалык авариялар. Гидродинамикалык авариялар, алардын кесепеттери. Калкка суу каптоонун негизинде гидродинамикалык авария коркунучу күтүлгөн учурдагы иш-аракеттерди түшүндүрүү.
Экологиялык тең салмактуулуктун бузулушу. Экологиялык тең салмактуулуктун жашап турган жерде бузулушу. Жаратылыш чөйрөсү менен адамдын жашоо-тиричилигинин байланышына кыскача мүнөздөмө. Атмосферанын булганышы, топурактын, табигый суулардын булганышы, биосферадагы радиация. Булгоочу заттар, булгоочу заттардын чектен ашпаган концентрациясы жөнүндө түшүнүк.
Жашап турган жердеги экологиялык тең салмактуулуктун бузулушунан ден соолукту коргоонун чаралары. Жашоо-тиричиликти камсыздоодогу кийимдин, бут кийимдин жана башка тиричилик элементтеринин ролу.
Окуучулардын өндүрүштүк кырсык таасын болгон аймактагы практикалык иш-аракеттери. Окуучулардын өндүрүштүк ишканада авария коркунучу күтүлгөн учурдагы иш-аракеттери. Кырсыктын сигналдарын угаары менен эшик-терезени жабуу, газдын, суунун, крандарын жабуу, электрди өчүрүү. Вата-марлисинен таңуу жасап, 2%дык соданын эритмесине малып, дүрбөлөңсүз, ызы-чуусуз чыгып, шамал соккон тарапка катар басуу керек.
Химиялык коркунучтуу заттар менен ууланганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү эрежеси. Жабырлануучуга газга каршы масканы кийгизүүнү, аны эвакуациялоону үйрөнүү.
Жаштардын саламаттыгы жана жашоо образы. Ар бир адамдын ден соолукту сактоодогу жекече кызыкчылыгы. Ден соолукту чыңдоонун жолдору жана ооруну алдын алуу. Негизги жугуштуу оорулардын тобокелчилик факторлору. Өспүрүмдүн жетилүү өзгөчөлүктөрү. Кыздардын жана өспүрүмдөрдүн жыныстык жактан жетилүүсү, организмдин физиологиялык жана психологиялык кайра калыптануусу. Өспүрүмдүн эмгек жана эс алуу режими. Алкоголдун, никотин жана наркотиканын өспүрүмдүн организмине тийгизген таасири.
Ички чөйрөнүн иш жөндөмдүүлүгүнө жана чарчап-чаалыгууга таасирин тийгизген физиологиялык негиздери. Организмге жогорку температуранын, чаңдын, жогорку нымдуулуктун тийгизген таасири ж.б. Иш ордунун жарык менен камсыз болушун талап кылуу.
Ден соолукка таасир берүүчү негизги факторлорду талдоо. Жеке, үй-бүлө, коомдун саламаттыгы. Ички дүйнө жана ден соолук. Жыныстык жактан катнаштын туура калыптануусу. Коллективде жана үй-бүлөдө өз ара психогигиеналык мамиле.
Өспүрүмдүн ден соолугунун физикалык жана психологиялык жактан коргоонун нормасы жана анын мааниси. Алкоголь жана баңгизат колдонгон терс адаттардын социалдык кесепеттери.
1 жана 2-бөлүм боюнча практикалык сабактар: Техногендик кырсык (өндүрүштүк авария), курч мүнөздө болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери (химиялык коркунучтуу таштандылардан чыккан авария, райондун радиациялык булгануусу, аймактагы экологиялык тең салмактуулуктун бузулуусу ж.б.)
Ишканадагы калктын коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруусун үйрөнүү максатында экскурсияга баруу.

IX КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын түзүлүшү жана тапшырмалары. Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын түзүлүшү жана тапшырмалары. Согуштук жана тынч убактарда калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоодо Жарандык коргонуунун ролу жана орду. Жарандык коргонуунун башкаруу системасы. Билим берүү мекемелеринде Жарандык коргонуунун иш-пландары жана окуучунун милдеттери.
Окутуу мекемелеринде террордук акт болгон учурдагы окуучулардын жүрүш-туруш эрежеси. Окутуу мекемелеринде террордук акт болгон учурдагы окуучулардын жүрүш-туруш эрежеси. Террордук акт деген эмне. Жардыргычтардын түзүлүш түрлөрү.
Мектептин жогорку класстар арасында травманын алдын алууга чаралар. Үйдө, көчөдө, мектепте, дене тарбия сабагында, спорт менен машыкканда жүрүш-туруш коопсуздугу. Химия, физика сабактарында электроприборлорду жана кесүүчү шаймандарды колдонууда, айыл чарба техникасын иштетүүдө жана шаймандарды колдонууда коопсуздук эрежелери.
Ар кандай түрдөгү жаракат алганда биринчи медициналык жардам. Жараатты таңуунун ыкмалары. Асептика жана антисептиканын чаралары. Тиричилик химиясынын препараттарынан ууланууда, кислота жана жегич заттардан болгон күйүктө көрсөтүлүүчү биринчи медициналык жардам. Травма алууда ооруну басаңдатуу жолдору, баш жана кыр аркадан травма алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Сууга чөккөн адамга көрсөтүлүүчү биринчи жардам. "Ооздон-оозго", "ооздон мурунга" жасалма дем алдыруу жолдорун жүрөккө кыйыр массаж менен бирдикте жасоо ыкмалары.
Массалык жабыркоо учурундагы биринчи медициналык жардам. Радиациядан травма алуу менен жабыркаган учурдагы биринчи медициналык жардам. Ууландыруучу жана күчтүү таасир этүүчү уулу заттардан жабыркоонун белгилери, биринчи медициналык жардам. Жеке медициналык кутуча жана аны колдонуу эрежеси. Шприц-тюбик. Жеке химиялык пакетти колдонууну үйрөнүү. Өпкөнү жасалма дем алдыруу (РПА - 1) жана аны колдонуу.
Химиялык заттарга каршы пакетти жана шприц-тюбиктерди колдонууну үйрөнүү. Адамдын саламаттыгы, жалпы түшүнүк жана аныктамасы. Ден соолуктун абалынын критерийлери, саламаттыктын резерви жөнүндө түшүнүк, физикалык жана ички дүйнөнүн саламаттыгы. Чың ден соолукта болууга жетишүү жолдору. Өспүрүмдүн окуу жана эс алуу режими. Адамдын ишке болгон физикалык жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн күндөр, айлар, жылдар аралыгындагы динамикасы. Чарчоону алдын алуу.
Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо сабактарына системалуу катышуу адатын калыптандыруу.
Курчап турган чөйрөдөгү ден соолукту чындоочу факторлорду колдонуу эрежеси. Өзүнө-өзү милдет жүктөө формасынын негизинде билим алуу. Өспүрүмдүн өздүк гигиенасынын эрежелери жана туура тамактануусу.
Өспүрүмдөрдө өз жанын кыюу көрүнүшү. Өспүрүмдүн организминин психологиялык жана физикалык өзгөчөлүктөрү. Психологиялык туруктуулук жана анын адамдын ден соолугу үчүн мааниси. Өзүнүн сезимин туура башкаруу жолдорун калыптандыруу.
Жугуштуу оорулар жөнүндө түшүнүк. Жугуштуу оорулардын классификациясы.
Жугуштуу оорулар менен күрөшүүнүн жана алдын-алуунун негизги багыттары.
Иммунитет, алдын ала эмдөө жөнүндө түшүнүк, иммунитетти алсыздандыруучу факторлор. Ичеги-карын инфекциялары, ич келте, токсикоинфекция, ботулизм жана жугуштуу гепатиттер. Ооруну козгоочу булактар, жугуу жолдору, негизги белгилери жана алдын алуу.
Энтереробиоз, аскаридоз: ооруну козгоочу булактар, жугуу жолдору, белгилер, алдын алуу.
Дем алуу жолдорунун инфекциялары: грипп, ОРВИ, ангина, кургак учук. Ооруну козгоочу булактар, жугуу жолдору, негизги белгилери жана алдын алуу.
Негизги венерологиялык ооруларды тобокелге салуу факторлорун алдын-алуу (СПИД, сифилис, гонорея, трихономоз).
Практикалык сабактар: кол салуу коркунучу болгон учурдагы окуучунун жүрүш-турушу жана иш-аракети. Окуучуну коргоо үчүн баш калкалоочу (жашынуучу) жай даярдоо.
Жекече коргонуу каражаттарын алуу. Газга каршы каражатты колдонууну иш жүзүндө көрсөтүү.
Химиялык заттарга каршы пакетти жана шприц-тюбиктерди колдонууну үйрөнүү.
"Ооздон-оозго", "ооздон мурунга" жасалма дем алдыруу жолдорун жүрөккө кыйыр массаж менен бирдикте жасоо.






"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o