Оптимисттик трагедия
Мен илгери чийки студент кезимде, Москванын Малый театрында болуп, маанисин жакшы түшүнбөсөм дагы "Оптимистическая трагедия" деген сөздү биринчи жолу угуп, спектаклди көрүп, абдан башкача толкунданганым эсимде.
Азыр Мамбетовдун кыска өмүрүнүн кээ бир "беттерин барактап" көрүп, "оптимисттик трагедия" Мамбетовдун тагдырына да тиешелүү деген жыйынтыкта турам.
Албетте, анын өмүрү терең трагедиялуу. Физика илими боюнча Кыргызстанда биринчи илимдин доктору болоор алдында, 39 жашында жаш балдарын (бешөө) жетим калтырып, капыстан мүрт кеткендиги кандай трагедия?!
Ошону менен эле бирге, бул инсандын илимдеги тагдыры - нукура оптимизмдин үлгүсү. Мисалы, Кыргызстанда илим жаңы гана өнүгө баштап, Илимдер академиясы уюштурулуп жатканда, 24 жаштагы Д.Мамбетов диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ал мирабилит минералынын эч ким биле элек касиетин (кийин "Мамбетов эффекти" деп атала баштаган кубулушту) ачып, СССР Илимдер академиясынын дүйнөгө белгилүү журналдарына: "ДАН СССР", "Физическая химия", "Физика твердого тела", "Коллоидная химия" ж.б. жарыялайт ("ДАН СССРге" Кыргызстандан бардыгы болуп 8 илимий макала жарыяланса, анын 4өө Мамбетовдуку: 1) ДАН СССР, 171, №1, 1966; 2) ДАН СССР, 180, №3, 1968; 3) ДАН СССР, 185, №1, 1969; 4) ДАН СССР 196, №2, 1970). Ал 5 илимдин кандидатын даярдаган, 60тан ашык илимий эмгектердин, анын ичинде монография жана 6 патенттин автору.
Мамбетов жогорку окуу жайлары үчүн так илимдер боюнча кыргыз тилинде окуу китептерди биринчилерден болуп жазгандарга кирет. ("Атомдун түзүлүшү жана энергиясы". Ф. 1956-ж, "Элементардык атомдук физика" Ф., 1969-ж. ж. б.)
Кыскача гана аталып кеткен эмгектери Мамбетовдун кандай зор илимпоз экендигин айгинелеп турат. Мамбетов - атына "эффект" деген сыймыктуу сөз кошо айтылган кыргызстандык жалгыз инсан!
"Трагедиялуу оптимизмдин" Кыргызстандагы өкүлү жөнүндө кененирээк маалымат атайын даярдалып жаткан бир томдукта берилмекчи.
Биз, Мамбетовдун замандаштары, бирге иштешкендер, Мамбетовду өз мезгилинде баалай албай, илимдин кандидаты эле деп некролог турмак, үй-бүлөсүнө гезит аркылуу көңүл айтып коюуга жарабаптырбыз. Бүгүн анын 80 жылдыгын белгилеп жатып, маркумдан кечирим сурап, өзүбүз жазбасак дагы, жок дегенде мындан 40 жыл мурда Москвада СССР академиктеринин колу коюлуп, "Коллоиддик химия" журналында жарык көргөн некрологдун көчүрмөсү менен кыргызстандыктарды тааныштырып коёлу.

Үсөн Асанов,
Кыргыз улуттук
энциклопедиясынын
башкы редактору,
академик