ЭЛЕКТРОНДУК ЭМИССИЯНЫН БЕЛГИСИЗ ТҮРҮ
ЖЕ "МАМБЕТОВ ЭФФЕКТИСИ"
Залкар илимпоз Дүрбөлөң Мамбетов тирүү болгондо быйыл сексендин сересине чыкмак экен. Анын атомдук физикага кошкон салымы өз мезгилинде илимпоздордун арасында чоң резонанс жараткан. Тилекке каршы, күтүүсүз ажал арабыздан алып кетип, ал негиздеген жаңы илим багыты боюнча пландалган эксперименттер токтоп калыптыр...

Кайгылуу кабар

1970-жылы Москвада командировкада жүрүп, дүйнөгө белгилүү "Химия и жизнь" журналынын редакциясында иштеп жүргөн таанышым менен жолугушуп калсам, ал мага: "Биздин журналдын жакынкы санында "Эффект Мамбетова" деген макала жарыяланат, чоң илимий ачылыш окшойт, автору Мамбетов сенин жердешиң экен, куттуктаймын!" - деди.
Чоң кубаныч менен Фрунзеге учуп келип, тилекке каршы, өтө жаман кабарды уктум: Мамбетов Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, жүрөк оорусу кармап, каза болуп калыптыр. Анын сөөгүн туулган жери Эки-Нарынга алып барып коюшуптур. Мен лабораториямдан Мамбетовдун Москвадагы Физикалык химия институтунда коргой турган докторлук диссертациясынын авторефератын көрдүм. Коргоосуна 20 күн гана калган экен. Кандай өкүнүч, трагедия! Кырктын кырына чыга электе, 39га эми гана келгенде таш боор ажал кыргыздын таланттуу окумуштуусун алып кетти...

"Мамбетов эффектиси"

"Эффект" деген сөздү илимпоздор кандайдыр бир кубулушту ачкан же биринчи байкаган автордун аты менен байланыштырышат. Мисалы, "Фарадей эффектиси", "Доплер эффектиси" ж.б. таң каларлык эффекттерди энциклопедиялардан окууга болот. Ысымы илимий ачылышка коюлган окумуштуулар - бул эң жогорку баа жана урмат.
Өзүнүн аты менен байланыша турган жаңы кубулушту Мамбетов Алматыда аспирантурада окуп жүргөн мезгилинде 23 жашында (1954-жылы) эксперимент жасап жатып, кокустан байкап калат.
Анын диссертациясынын темасы радиоактивдүү элементтер: торий, уран жана радий изотопторун "Белгиленген атомдор" ("Меченные атомы") катары пайдаланып, байыркы археологиялык табылгалардын геологиялык жашын аныктоого багытталыптыр. Көндүм режимде иш жүргүзүлүп жаткан күндөрүнүн биринде диссертанттын негизги изилдөө куралы ионизациялык камерасында түшүнүксүз нурлар аралашып турат. Бул окуянын тегерегинде көп изилдөөнү жүргүзүп, Мамбетов акырында, "кылгылыктын" ээсин табууга жетишет. Ал көрсө кызматкерлердин бирөө Мамбетовдун камерасын пайдаланып жатып, кокустан таштап кеткен натрий сульфаты деп аталган туз болуп чыгат. Бирок ал зат радиоактивдүү эмес, эч кандай нур бөлүп чыгара албайт, бул мектеп окуучуларына дагы белгилүү.
Мамбетовдун тапкан жаңылыгы: өз алдынча кристаллдык структурасы бар, натрий сульфатынын кристаллогидраты (курамында суунун оң молекуласы бар Nа2SO4 o 10H2O) суу молекулаларынан ажырай баштаган мезгилинде ("кургаганда") кристаллдан электрон агымы (электрон эмиссиясы) бөлүнүп чыга баштайт. Суунун акыркы молекуласы учуп кеткенде, электрондук эмиссия токтойт. Кристалл өзүнөн өзү талкаланып күкүмгө айланат. Мына ушул кубулуш "Мамбетов эффектиси" деп атала баштайт.
Мамбетов болсо азырынча түшүнүксүз өңдөнгөн бул кубулушту өзүнүн диссертациясына аралаштырбай эле, бекитилген план боюнча эксперименттерин аткарып, диссертациясын 1955-жылы ийгиликтүү коргоп, Фрунзедеги өзү бүтүргөн университетине келип иштей баштайт.
Ошондой болсо дагы, анын негизги ою өзү ачкан эффект тегерегинде кала берет. Тилекке каршы, жаңыдан түзүлгөн ошол мезгилдеги Кыргыз илимдер академиясында атом физикасы боюнча илимий иштер жүргүзүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу ал Өзбек илимдер академиясына которулуп, өзүнүн илимий табылгасы боюнча көп жаңы материалдарды алып келгенге жетишет.

Кара-Богаз-Көлдөгү эксперименттер

Сульфат натрийин бир жерге атайын чогултуп турган жаратылыштын өз алдынча "өндүрүш заводу" бар. Ал жер Каспий деңизинин Кара-Богаз-Көл деп аталган бир булуңу. Суулар ашып-ташып турган жаз мезгилде деңизден агып чыккан 10-15 метрдей суу катмары бир нече жүз квадрат километр аянтты ээлеп алат. Жер ысык, чөл болгондуктан, суу тез бууланып учуп, эриген туздар кристаллданып, жыйыла берет. Бул жерде кристаллогидрат Nа2SO4 o 10H2O мирабилит деп дагы аталат.
Кыргызстандан көп алыс болсо дагы, Кара-Богаз-Көлдүн жээгине жайдын ысык, буулануу күчтүү мезгилинде (Мамбетов үчүн өтө керектүү параметр), Кызыл-Кум чөлү менен бир нече күн жол жүрүп барып, лабораторияда аныкталган кубулушту жаратылыш шартында байкоо, түрдүү жактан изилдөөлөрдү жүргүзүп келүү - бул нукура илимпоз Мамбетовдун эрдиги!
Мамбетовдор алып барган ядролук эсептегичтердин Кара-Богаз-Көлгө чукулдаганда эле кыймылга келиши, көлдүн үстүндөгү атмосферанын ар дайым туруктуу иондошуп тургандыгы (атайын көккө учурулган зонддор аркылуу аныкталган), айрыкча, шамал болгон учурда (Мамбетов лабораторияда вентиляторду колдоно турган) иондошуу процессинин күчөп кетиши ж.б. ар түрдүү кубулуштар Мамбетовду жаш баладай кубанычка бөлөгөндүгүн кошо баргандар айтып келишиптир.
Докторлук диссертация багытындагы кыйынчылыктар

Кара-Богаз-Көлдөгү триумфалдык эксперименттер, албетте, Мамбетовдун диссертациясынын салмагын жогору көтөрүп, "Мамбетов эффектиси" чын эле жаратылыш шартында бар экендиги далилденет. Ошондой болсо дагы, электрондук эмиссия натрий сульфатынан башка заттарда дагы болушу мүмкүн, аналог табыш керек деген пикир, бул иштердин улантуусуна алып келет.
Өткөн кылымдын 60-жылдары дүйнөлүк масштабда илим-билим дүркүрөп өскөн, айрыкча физика жана химия илимдери аралашып, өз ара бирин бири толуктай баштаганы жалпыга белгилүү. Мамбетов тапкан кубулуш бул багытка көрүнүктүү мисал болсо, электрондук эмиссиянын башка, жаңы түрлөрү, мисалы, экзоэмиссия, механоэмиссия, адгезия жана когезия шарттарындагы эмиссиялар ошол жылдарда аныктала баштаган.
Мына ушул маалыматтарды эске алып, Мамбетов өзүнүн докторлук диссертациясын алда канча кеңейтүүгө барат. Бул жагынан активдүүлүктү көрсөткөн, СССР илимдер академиясынын атактуу Физикалык химия институту менен бирдикте кошумча илимий иштерди жүргүзгөн. Пайда болгон жаңы маалыматтар эл аралык эки симпозиумда каралат. Анын бирөө "Механохимия жана механоэмиссия" деген ат менен Мамбетовдун уюштуруусунда, Фрунзе шаарында 1969-жылы июнь айында өткөрүлгөн (август айында Мамбетов каза болуп калат).

"Экинчи фронт" же Мамбетов эки академик ортосунда

Мамбетовдун докторлук диссертациясы биринчи фронт катары каралса, экинчиси - анын атактуу академик П.А.Ребиндер менен кездешкенден башталат. Академик табылган кубулушка айрыкча кызыгып, СССРдин илим багытындагы эң жогорку тепкичин ээлеген журнал ДАНга (Доклады Академии Наук) өзү рекомендация берип, Мамбетовдун макаласын 1966-жылы жарыялаган. Бул окуя менен удаа эле, Мамбетов, СССРдин Ойлоп чыгаруу жана илимий ачылыш комитетине өзүнүн илимий табылгасын ("Мамбетов эффектиси") илимий ачылыш (открытие) катары заявка кылып жиберет. Бул окуяга илимпоздор, сөзсүз, акад. П.А.Ребиндердин таасири бар деп божомолдошот. Анткени академик бүт дүйнөгө "Эффект Ребиндера" аркылуу белгилүү.
Берилген заявка Мамбетовду дагы бир залкар окумуштуу - Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик А.В.Шубников менен жолугушууга алып келет. Ал инсан Мамбетовдун заявкасынын эксперти болуп аныкталыптыр.
"Экинчи фронт" боюнча менин колумда Мамбетовдун архивинде сакталып калган Комитеттин башкы рецензенти академик А. В. Шубниковдун рецензиялары турат (үчөө экен). Булардын биринчисинде (1967-ж.) "Мамбетовдун эмгеги колдой турган кызыктуу иштердин бири экен" деп жазылган. Мамбетов ишенимдүү жоопторду берип жүргөн көрүнөт, академиктин акыркы (үчүнчү) рецензиясы (1969-ж) "Автордун айрыкча жасаган аракетин эсепке алып, патент берүүгө мүмкүн" деген жыйынтык менен аяктайт.
Тилекке каршы, бул рецензия Мамбетовдун колуна тийбейт (анын сөөгү жерге берилип калган). Эгерде Мамбетов тирүү болгондо, албетте, ал А. В. Шубников менен кездешүүгө аракеттенмек. Бирок, тагдырдын татаалдыгын караңыз, академик дагы ошол эле жылы 24-мартта каза болуп калыптыр (БСЭ, том 21, 1975-ж)!
Экинчи фронт боюнча башка материал жок болуп чыкты. Мамбетовдун докторлук диссертациясын коргоо алдында (ал мезгилде саналуу эле докторлор бар болчу) капыстан каза болуп калгандыгы анын жакын адамдарынын (аспиранттарынын) шаштысын кетирип койсо керек, эч ким Комитетке кайрылып сураштырбаптыр.
Андан бери кырк жыл өттү. СССР убагында Комитет чыгарып турган Бюллетендерди аңтарып жатып, мен бир кызык материал таап алдым. Ал гезиттик материал болбогондуктан, аны Мамбетовго арналган атайын бир томдукка кошолу деп чечтик. Ал буюрса жыл аягында жарык көрүп калат.