presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бири тоо, экинчиси гүл
Редакциядан:
Быйыл белгилене турган - Кыргыз ССРинин 75 жылдыгы (1936), Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 20 жылдыгы (1991) жана Курманжан датканын 200 жылдык (1811) маараке майрамдары тарыхыбыздын таразасын дагы бир карап, өйдө-ылдыйын тактоого салымын кошмокчу.
Курманжан датка менен Алымбек датканын да эки жүз он жылдыгы бирге өтүүсү - улуу инсандардын үй-бүлөлүк үлгүсүнө да көңүл буруунун табигыйлыгын, ал турмак зарыл экендигин эч ким танбас. Анткени үй-бүлө өзүнчө кичи мамлекет жана анын пайдубалы менен түгөйлөрдүн жеке, коомдук турмушка кошкон салымдары, тарбиялаган балдары, урпактары канчалык, кандай экендигине жараша да Кыргызстан өнүгүп-өсөрү ырас эмеспи. Өлкөбүздүн өткөндөгү, учурдагы турмушуна, келечегине колдон келген салымдарын кошуп жаткан миңдеген үй-бүлөлөр бар.
Ал эми маданият, илим-билим тармагында мындай үй-бүлөлөр, ал турмак укум-тукумдарына чейин ушул улуу жана жооптуу тармакта эл үчүн кызмат өтөп келаткандары жүздөп саналат.
Алымбек, Курманжан даткалардын коомдук турмуштагы ордуна салыштыруу менен бүгүнкү үй-бүлөлөрдүн үлгүсүн республика эгемендигинин 20 жылдыгына карата көпчүлүккө чагылдыруу туура деп ойлойбуз.
Анда эмесе алгачкы маалымат-маек Памирбек Казыбаев менен Мистегүл Махмутбекованын үй-бүлөсү жөнүндө.


Экөөнүн эл катары түтүн булатып келатканына отуз алты жылдан ашканы деле билинбей калгансыйт. Экөө тең Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алган. Бири адабиятчы, бири тарыхчы.
Жогорку билим алган көптөгөн жаштар сыяктуу эле элет жергесинде, болгондо да кыргыздын түпкүрү саналган Чоң-Алайда иштеп келишкен. Андан бери канча закым өтүп, замандар алмашканына карабай чоңалайчылар менен болгон алака уланууда. "Үч үркөрүм" деп атасы айткандай, эки кыз, бир уулдун ата-энелери. Учурда сүйкүмдүү неберелердин, жээндердин не бир укмуш жан жыргаткан кылык-жоруктарынан дем, күч, кубат алуу менен алардын: "Эмне үчүн? Эмнеге? Кантип?" деген суроолоруна, таңданууларына кээде жооп беришсе, кээде табалбай турган кызык маал.
Эмесе, Памирбек Казыбаевди кепке тарттык.
- Памирбек Шоморович, сизге эгемендик эмне берди, анын 20 жылдыгына кандай келдиңиздер?
- Жекече анча-мынча иштер жасалды. Ал эми эгемен мамлекет катары алигиче турукташалбай, 2-3 көңтөрүш-төңкөрүштүн үзүрүн деле сезбей, чайкама абалдабыз. Өңгөдөн да шаарды кой, 5-6 микрорайон салынбаганына таңмын…
- Анда эмне жеке адамдар же коомдук уюмдар мамлекетке көбүрөөк мээнет сиңирди деген кыязда кеп улайлыбы?
- Кескин, бир тараптуу айтканга болбостур. Бирок бул сурооңуздун жүйөөсү өзөктүү го…
- Мисалыңыз…
- Кыргыздан алгачкы демөөрчүлөр, улуттук угутту уланткандар, ат оюндарын өнүктүргөндөр, төкмөлүк менен манасчылыктын жаңы муунун ачкандар, жадакалса соода-сатык менен шугулдана чоң-чоң базарларды түптөгөндөр жеке мүнөздө чыкты, өнүктү дегендей. Мамлекет тарабынан мындай алгылыктуу аракеттер болгон күндө да үзүрүн анча бербеди.
- "Манас-1000", "Ош-3000", "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө - 2200" сыяктуу эларалык маараке-салтанаттарын унутта калтырганга болбостур…
- Ооба, аларды танбайбыз. Бирок, алардын күнүмдүк турмуштагы же ошол эле мамлекеттик саясаттагы орду туруктуу, топуктуу уланбай калды. Мисалы, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясы үнөм үчүн деп балык чарбасы менен жоюлуп кеткени чоң кейиш. Кийин Кытай тарап "Манас" маселесин кое баштаганда ал 1994-жылы октябрь айында БУУ тарабынан эбак эле чечилгенин маданияттын кийинки атка минерлери билбегени, ал турмак соңку аксакал манасчылардын кимиси тирүү, өлүү экендиги менен деле иши жоктугу руханий-моралдык жосунсуз көрүнүш эмеспи.
- "Манас-1000" де өзүңүз да кызмат өтөбөдүңүз беле…
- Өкүнүчтүүсү ошондо бирге иштешкендердин көбүнүн көзү өтүп кетти. Жаткан жерлери жайлуу, арбактары ыраазы болсо экен деп Теңирден суранам.
Чындыгында "Манас" эпосунун миң жылдыгы эгемен кыргыздын эң алгачкы эл аралык маданий жана саясий бетачары катары тарыхта калды.
- А өзүңүзгө тиешелүү жагы…
- "Манас" тематикасы боюнча ар тараптуу иштерге катышуу, Ашым Жакыпбектин "Теңири Манас" романын уюштуруучу редактор катары демөөрчү Алишер Ишимов менен бирге жарыкка чыгаруу, жүздөгөн макала жазып, ондогон маек-жолугушууларды өткөрүү, окумуштуу-манасчылардын эмгектерин өзүбүздө, чет өлкөлөрдө басып чыгарууларды уюштуруу, "Манас" фотоальбомдорун редактор, түзүүчү катары даярдоо, жарыкка чыгаруу өңдөнгөн машакаттуу иштер көптөгөн чыгармачыл жана кызыктуу кишилер, кыйын адистер, илимпоздор жана чарбадар, уюштургуч адамдар менен бирге иштөөгө, жолугушууга шарт түзүүсү аркылуу "Манас-1000" мааракеси эстен чыккыс элестерин калтырды.
- "Манас" боюнча эмне өкүттөсүз…
- Ашым Жакыпбектин "Теңири Манас" романын чет тилдерге которуп чыгарууну колго ала албаганыбыз жана "Теңири Манастын" негизинде көркөм тасма тарталбай жатканыбыз. Мелис Убукеев менен Болот Шамшиевдердин деңгээлиндеги "Манас" тасмаларын тарталбаганыбыз жана кинотармагына таптакыр тиешеси жоктордун, болгондо да "Манас" боюнча көркөм фильм тартабыз дегендеринен чоочуйм. Ыйык нерсени ылайга айлантып алуудан корком. Жок дегенде кенже эпосторду мультфильмге тартуудан башташса боло… Анткени, М.Убукеев, Т.Океев, Б.Шамшиевдер деле улуу сөзгө ыйбаа мамиле жасап, кандайдыр даярдануу, улам бир тепкичке чыгуу менен, өөрчүү чыйырында келатышпады беле.
- А эстелигинечи…
- Манастын баатырдыгынан мурда анын айкөлдүгү, жан дүйнөсү биринчи кезекте жогору турарлыгы, анын бизге акыл-эс, ишенич, купуя сыр же рухий күчү өзгөчөлөнгөн күч катары таасир этери, ыйыктыгы чагылдырылса деп мурдатан эле мүдөө кылчумун. Буга чейин тургузулган атчан эстелигинен айырмаланбай калса кантебиз деп ойлончумун… Дегеле, Айкөлдүн жүзүн ачык көрсөтпөй, кандайдыр кайманалуулук колдонулат дечүмүн.
Тилекке каршы, бул ой-пикирлерим "төө кыядан өткөн соң" айтылып жатпайбы. Себеби, уюштуруучулар тарабынан эстелик долбоору эл арасына кеңири талкууга коюлган жок да.
- Үркүн боюнча да бир катар иштер жасалды го?
- Биздин үй-бүлөнү айрым билгендер "үркүн таануучулар" деп тамашалап коюшат. Анткени өзүм тарых күйөрманы катары, ал эми жубайым Мистегүл Махмутбекова тарыхчы-илимпоз катары 1916-жылдагы көтөрүлүш маселесине эриш-аркак кызмат өтөп келебиз.
- Мисал, далилдер менен айтсаңыз?
- 1930-жылдары Москвада чыгарылган архивдик документтерди кыргызчага котортуп, биздин академия 1953-жылдары республика боюнча чогулткан эскерүүлөрдүн көп бөлүгүн басууга даярдап, экөөнү бир китеп түрүндө 1996-жылы чыгарттык. Ал эми Мистегүл эжекең "Сорос-Кыргызстан" фонду уюштурган жабык конкурска "1916-жылдагы элдик эркиндик көтөрүлүш" кол жазмасы менен катышып, жеңүүчү болгон жана кийин аны толуктоо аркылуу тарых илимдеринин кандидаты даражасын коргогон. Учурда ал теманы улантып иликтөөдө.
- Эми залкар акын Алыкул Осмонов боюнча сүйлөшсөк дейм. Себеби бул Алыкул акындын мурастарын көтөрүүдө эмгегиңиз зор экени талашсыз чындык.
- "Алыкул үйү-борбору" коомдук бирикмеси болуп кайра түзүлгөнүбүзгө жана акындын Бишкектеги үй-музейин уюштурганыбызга быйыл он жыл толду. 2009-жылы Чолпон-Атада жашаган үйүнө да экспонаттар топтолуп, фото ж.б. жасалгалар менен толукталып музейи ачылган.
- "Жолборс терисин" да кайра редакциялап чыктыңыз көрүнөт.
- Ооба, 1940-жылдагы алгачкы басылышы менен 1982-жылдагы алтынчы басылышын салыштырууда көптөгөн айырмачылыктар, атеизмге тиешелүү өзгөртүүлөр, орунсуз кыскартуулар бардыгына көзүм жетти. Ошентип, текстологиялык салыштырууларды бүткөн соң, демөөрчү издеп, беш жылдан кийин араң чыгардым. Басмадагылардын тапандары: "Памир байке, жолборс териңизди күбө жеп бүтө турган болду го" деп эки-үч жолу айтышканда: Ал тери жалаң меники эмес, мүлдө кыргыздыкы эмеспи? Демек, сен да акча тапсаң жакшы болбойт беле! - дегенимди укканбы, аты-жөнүн белгисиз калтырган бирөө каражатты төлөп кеткенине рахмат!
- Дагы башка күйөрмандар чыгуудабы?
- Чыкмак түгүл, "чыркыратып" кеткендер да болууда. Музейлерин түзүүдө, ар кандай иликтөө, изилдөөдө, дегеле Алыкул таануу ишинде чий башын сындырбагандар чыга калганы, алар утурумдук атак-даңкка, өзгөчө мааракелик тыйын-тыпырга гана кызыктары капалантат. Ал эми эң башкысы - Алыкулду Ата-Журттун акыны даражасынан уруулук деңгээлге дегдеңдете сүйрөп жатканы эч бир эрежеге сыйбас көрүнүш. Болбосо, ошондой оендор акындын кайсы жыйнагын колго аларлык сапатта чыгарды?!
- "Алыкул" кемеси, эстелигичи…
- Бул жагынан көлдөгү туризм боюнча алгачкы ишкер, "Руханият" сыйлыгынын лауреаты Туратбек Андашев туруктуу аракеттенүүдө. Соңку окуялардан улам анын деле иштери өтө илгерилебей жатканы түшүнүктүү. Кырк жыл мурдагы имараттарды жана кемени оңдоп, эл чарбасына, туризмге кызмат өтөө деңгээлине чейин көтөрүүдө канчалаган убаракерчилик, каражат жана ден соолук кетти дейсиң.
Ага карабастан Алыкул үчүн демөөрчүлүк кызматын өтөп келатканына рахмат!
Китепке, кемеге көмөгүн көрсөткөн ишкер инсан азыр акындын эстелигин көлдүн тескейине койдуртуунун түйшүгүндө.
Эгемендик алдында акындын Муратбек Мукашев, Борис Силаев, Абылгазиев Мукан, Урматбек Барктабасов сыяктуу күйөрмандарын да атабасак жарашпас.
- Сиздин үй-бүлөнү коомчулук "Алыкулчу үй-бүлө" деп жүрөт.
- "Уядан эмнени көрсө ошону алат" дегендей, балдарым кичинесинен Манас, Алыкул, Чынгыз, Үркүн же жалпылап айтканда адабият менен тарыхтын таасиринде чоңоюшкандыктан, кийин ар кимиси колунан келген иштерин Алыкул үчүн жасашканы табигый көрүнүш го деп ойлойм.
- "Үч үркөрдүн" ошол салымдарын атай кетсеңиз?
- Улуу кызым Аида акындын ырларын алгач ирет англис тилинде кеңири аудиторияга көркөм окуп алып чыкты, англис тилдеги жыйнактарына редактор, айрым ырларынын котормочусу да.
Кенже кызым Ариет япон тилине которулушуна, "Дүйнөлүк акындар" сериясында жарыяланышына көмөктөштү.
Алар турмушка чыккандан кийин деле Алыкул маселесине кайдигер эмес.
- Сыргак чороңуз, баатырыңызчы…
- Карындашы менен эжесинин жолун ал уул балага тиешелүү милдеттер менен улантууда. Аны тамашалап: "Алыкулдун маляры, "чарбадары" деп коебуз, азыркыча алганда менеджер да.
Жаңы экспонаттарды иликтөө, ташып келүү, көчмө көргөзмөлөрдү уюштуруу, үй-музейди тазалыкта кармоо, зарыл учурда экскурсовод болуу, жаштар менен иш жүргүзүү Сыргак уулумдун милдети. Анткени көптөгөн окуучулардын, студенттердин жана башкалардын талабына, башкысы Алыкулдун ысымына тете жооп берерлик иш мойнубузда экенин уулум жүрөгүнөн сезет.
- Жоопкерчилик менен милдеттин үзүрү кандай?
- Үзүрү - үй-музейге келүүчүлөр улам көбөйүп, кызыгуу артып жатканы. Аны алардын ой-пикир китебиндеги жазуулар тастыктайт.
Ал эми коомчулук жана мамлекет тарабынан "Алыкул үйү-борбору" коомдук бирикмесинин иштери расмий таанылганын, баалангандыгын Сыргакка Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын өткөн жылы ыйгарылышы тастыктады.
- Ал эми ата-энесинин эмне сыйлык, наамдары бар?
- Мистегүл энеси "Эл агартуунун отличниги, Тарыхчылар жамаатынын лауреаты, тарых илимдеринин кандидаты, доцент.
Атасы Ч.Айтматов коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча академиги, Алыкул адабий сыйлыгынын лауреаты, "Манас-1000" медалынын ээси, "Мажарстан (Венгрия) маданияты үчүн" медалы менен сыйланган.
Баса, КР эгемендигинин 20 жылдыгына арнап, "Ныша жана анын доору" аттуу китепти түздүм, жаздым дегендей. 1758-жылып Пекинге кыргыз-кытай чек ара маселеси менен барган кыргыз элчилери, анын ичинде Ныша баатыр-элчи жана анын жашаган мезгили, замандаштары жөнүндөгү санжыра - тарых-фольклор өзөктүү хрестоматиялык мазмундагы басылманы чыгарууга Асылбаш айылынын эр-азаматтары демөөрчүлүк көргөзгөндөрүнө ыраазылык айтамын.
- Үй-бүлөңүзгө, Сизге ушундай эмгегиңиздер үчүн таазим этип, Эгемендик күнү менен куттуктоого руксат этиңиздер. Менимче, дагы толгон тоголок мээнет жана ага жараша сыйлык, наамдар да алдыда деп ойлойм. Маегиңизге рахмат!
- "Кутбилим" редакция жамаатына жана окурмандарына да майрамдык маанай, кажыбас илхам жана бекем ден соолук кааламакчыбыз.

Аңгемелешкен Майрамбек Токторов,

"Кутбилим"








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o