presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



кыргызстандын келечеги кең
Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгына быйыл туптуура жыйырма жыл толду. Ушул жылдар ичинде эркиндикти самаган кыргыз эли бир топ кыйынчылыктарды башынан кечирди. Турмуштун оош-кыйышы, албетте, агартуу тармагын да кыя өткөн жок. Андыктан майрам алдында ушул тармакка тиешеси бар адамдарга үч суроо менен кайрылып, жооп алдык.


1. Эгемен өнүгүү жолундагы кыргыз эли 20 жыл ичинде эмнеге жетишти жана эмнеден өксүдү?
2. Эгемендик жылдарында жаштар кандай билим, таалим-тарбия ала алды?
3. Эгемендиктин келечегин кандай элестетесиз?


Төлөбек АБДЫРАХМАНОВ, И.Арабаев ат.
КМУнун ректору:
1. Жыйырма жыл ичиндеги эң чоң жетишкендигибиз эгемендүү мамлекет болуп турганыбыз. Билген адамга өз алдынча мамлекетти түзүп, анын баардык институттарын калыптандырып жашап кетиш өтө чоң маселе.
Белгилүү болгондой, 4 млн. эли бар курддар, 10 млн. калкы бар уйгурлар сыяктуулар жүрүшпөйбү өз алдынча мамлекет боло албай.
Чоң жетишкендиктердин бири катары кыргызстандыктардын рухтук деколонизацияланышын, анын негизинде Гегель айткан азиячыл "түбөлүк кулчулуктан" арылганын айтсак болот.
Азия чөлкөмүндө жайгашкан Кыргызстандын эгемендүүлүк доорундагы жетишкендиктерине өлкөдөгү граждандык коомдун калыптанганын жана анын бекем позициясы бар экенин кошсок болот.
Позитивдүү көрүнүштөргө кыргыз элинин көөнөрбөс маданиятынын, тарыхынын мурда катылып келе жаткан барактарынын элге кайтарылып беришин айткан абзел. Канчалык оор турмуш кыйнаса дагы кыргыздардын билимге болгон далаалатынын жогорулугу жакшы жетишкендик десек болот.
Тилекке каршы, жыйырма жыл ичинде терс көрүнүштөр дагы болду. Эң оболу, 20 жыл өтсө дагы мамлекетибиз өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшө албай чайналып жатканын айтуу керек. Ушундан улам 20 жыл ичинде Кыргызстанда үч революция болду, эки президент качып кетти, жыйырма өкмөт башчысы алмашты, Конституция алты жолу алмашып үч жолу толукталды, бир нече жолу референдумдар өткөрүлдү. Парламент бир, эки палаталуу болуп өзгөрүлдү, мамлекеттик түзүлүш формасы президенттик, президенттик-парламенттик, парламенттик болуп өзгөрүлдү.
Калктын бир топ бөлүгү жумуш издеп чет өлкөлөргө кеткенине байланыштуу үй-бүлөлөр бузулуп, балдар тарбиясыз, ата мээримисиз калып жатканы ичти ачыштырат, өкүндүрөт.
2. Эгемендик жылдарында биздин жаштардын билим деңгээли төмөндөп кетти дегенге көп деле кошула бербейм. Албетте, массалык маданият сыяктуу эле массалык жогорку билим берүү башталышы менен ортозаар билимдүүлөр арбып кетти. Бирок мыкты жаштар көп эле бар.
Тилекке каршы, эгемен-дүүлүк жылдары кетирилген кемчиликтердин бири катары тарбия иштеринин көңүл борборунан чыгып кеткенин айтуу керек. Азыр муну кайра колго албасак болбойт.
3. Кыргызстандын келечеги - кең өлкө. Себеби анын ээси бийликтен кетпес президенттер же хандар эмес, анын ээси кыргыз эли. Ушунчалык оор сыноолорду баштан кечирип, анан кайра артка кетенчиктеп кетүү кечирилгис нерсе. Биз алдыны карап гана өнүгүшүбүз керек. Биздин эң чоң үмүт - биздин билимдүү жаштар.






Шапы Назаралиева,
ардагер мугалим:
1. Эгемендүүлүк кыргыз элинин эңсеп жүргөн эркиндигине жеткирди. Тактап айтканда, сөз эркиндигине жана ар бир адамдын өз жөндөмдүүлүгүнө жараша өсүп-өнүгүүсүнө, жашоо турмушун түзүүсүнө жол ачты. Бүгүн эл бай, орто жана кедей деген катмарларга бөлүнүп калды. Эң өкүнүчтүүсү - жумушсуздук. Жумушсуздуктун айынан, өзгөчө жаштар туулуп-өскөн айылдарында калбай, борбор калаага агылып келүүдө. Ал эле эмес, Казакстанга, Россияга биздин акылдуу жаштарыбыз кетип жатат. Бул деген Кыргызстанда кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюуга аракет жок экенин билдирет.
2. Акыркы жылдары айрым шылуун адамдар лицей, колледж ача коюшуп, жалпы орто мектептин окуучуларын, мисалы, 10-11-класстын окуучуларын өздөрүнө тартышып, бир жылда эки классты окутуп, колдоруна аттестатты карматышууда. Мындай көрүнүш Кыргызстанда бара-бара орто мектептердин жоюлушуна алып барат деп ойлоймун. Ошондуктан бул жагынан да ойлонуп чечүүбүз зарыл. Улуттар арасындагы биримдикти чыңдоо керек. Кыргызстанда кээ бир улуттук жеке менчик мектептер түзүлүүдө. Мисалы, корея, еврей мектептери. Биздин жалпы орто мектептерди деле корея, англис, түрк тилдери окутулганына карабай мындай жеке менчик мектептердин Билим берүү министрлигине баш ийбей өздөрүнчө түзүлүшү - бул деген Кыргызстанда көп нерсе жетишпей жаткандыгын кабар берет.
3. "Адам көркү адеп" дейт элибизде. Ар бирибиз адептүү болуп, келечек муунга ыймандуулукту, адептүүлүктү жол көрсөтүп, үлгү болуп тарбия берүүгө аракеттенишибиз керек. "Акыл айга жеткирет" деп акыл менен иш жасап, "жети өлчөп бир кесип" кыргыз элибиздин, жерибиздин сакталышына, өсүшүнө жана өркүндөп, элдин турмушунун жакшырышына аракет кылалык деп айтмакмын.





Жээнбүбү Ажибаева, Аламүдүн районундагы №3
Лебединовка мектебинин
мугалими:
1. 31-август 1991-жылы кыргыз эли үчүн тарыхый күн. Ушул күнү Кыргызстан эгемендүүлүктүн байрагын бийик көтөрдү. Кылымдар бою эңсеп келген эркиндикке жетиштик. Ошол эле кезде, ата-бабаларыбыздан мурастан мураска өтүп келе жаткан каада-салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды, тилибизди, дилибизди, жерибизди саттык. Айрым саясатчылар өз кызыкчылыгын көздөп, биримдикте жашап келаткан кыргызды түндүк-түштүккө бөлдү. Жогорку кызматтарга акылы эмес, акча менен жеткендер бийликке мас, байлыкка кул болушту. Карапайым эл болсо жумушсуздуктун айынан алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдү багындырды. Кул болгону кул болуп, байыганы байыды. Миграция толкунунун жакшы жагы, ошол чет өлкөгө чыккандардын эсебинен айылдыктар жашоо-турмушун оңдоп алышты.
2. Эгемендүүлүк жылдарында билим берүү жана таалим-тарбия дагы бир топ өксүккө учурады. Билим кадимки эле бизнеске айланды. Билим берүүнүн сапатына эмес, санына жетиштик. Кыргызстанда жаандан кийинки козу карындай керексиз окуу жайлар ачылды. Жөндөмдүү, таланттуу, карапайым үй-бүлөдөн чыккан балдарыбыз кеменин сыртында калды. Эгемендик жылдарындагы жаштардын билим жана таалим-тарбия алуусуна чыгыштан келген кинотасмалар, интернет маалымат булагы тескери таасир этти. Ошондуктан кыргыз рухуна жат таасирлер жаштарыбызды чүмкөп, койнуна катып алды. Бирок бул терс таасирлерди мугалимдер жамааты оңдогонго бардык күч-аракетибизди жумшадык. Класстык сааттарда, ийримдерде, "Адеп" сабагында окуучуларга кыргыз элинин баалуулуктарын тынбай айтып, кыргыз руху өлбөстүгүн ынандырып келатабыз.
3. "Ээси көрмөксөн болсо, малы көтөрүм болот" дегендей, мамлекет жылдан-жылга алсыз болуп баратат. Элдин үзүлбөгөн үмүт деген шооласы бар. Ошондуктан эки босогону кармап, түндүктү түшүрбөй, келечегибизден үмүт үзбөй, кыргыз деп соккон жүрөктү өчүрбөйлү. Анткени кыргыз эли көтөрүмдүү эл. Буюрса, Кыргызстандын келечеги кең болот.





Сайрагүл АТАЕВА,
Бишкек шаарындагы
№69 гимназиянын директору:
1. Эгемендүүлүк кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген ою, тилеген тилеги болуп келген. Эч кимге көзкарандысыз Азия алкагында кыргыз мамлекетинин жаралышы кыргыз эли, кыргыз улуту үчүн улуу революциялык жеңиш деп ойлоймун.
20 жыл аралыгында кыргыз эли демократияга багыт алып, өз алдынча улуттук жаңылануунун нугуна түштү.
Элибиз өз байлыгына өзү ээлик кыла баштады, мамлекетти башкаруу элге берилди. Тилекке каршы, коррупциянын, трайбализмдин өсүшү жана ушул сыяктуу жат көрүнүштөрдүн күчөшү көйгөйлүү маселелерден болуп калууда.
Экинчиден, буйрукчул-акимчил экономикадан рынок экономикасына өтүшү мыйзам ченемдүү болсо да, элдин түшүнүгү жогунан элдин байлыгы таланып, уурдалып, республиканын көпчүлүк калкы жакырчылыкка дуушар болушту. Бийликте турган чиновниктер жашоонун жаңы багытын түшүндүрө алышкан жок.
2. Кыргыз улуту жер үстүндө өз каада-салтын, дөөлөт-наркын, маданиятын жана тарыхын сактаган эл болуп, кылымдар бою түбөлүккө жашоону улантабыз деп, ал тургай эзелтен эле ойчул акындарыбыз айтып келишкендиги анык.
20 жыл ичинде билим берүү жаатында мамлекеттик программалар иштелип чыгып, мектептер ал багытта иш жүргүзүп калдык. "Жаңы муун", "XXI кылымдын кадрлары" жана башка программалардын алкагында дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынан, мектептеринен жыл сайын окуп келгендердин саны артууда. Жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундардын дүйнө таанымы кеңейип, билим алууга умтулуусу, турмуштан өз ордун туура тандап алууга багыты кеңейүүдө.
Республиканын ичинде өркүндөтүлгөн программалар менен иштеген гимназиялар, лицейлер пайда болду. Маселен, Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназияда кытай, немис тили багытында тереңдетилген программа окутулат. Окуучулар тил гана үйрөнбөстөн, ал мамлекеттердин маданияты, тарыхы, дегеле жашоо-турмушу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
3. Чакан мамлекетибиздин келечеги өз колубузда. Мамлекет жана эл болуп тарыхта түбөлүккө кылымдар бою, мындан ары дагы өсүп-өнүгүп жашагыбыз келсе, өлкөнүн ар бир жаранынын дүйнөнү таанып билүүсү, коомдун тездик менен өнүгүшүнөн артта калбаган билимдүү, иштерман сапаттарга ээ болушуна жетишүүбүз керек.
Бүгүнкү күндө мамлекетибизди артка тарткан коррупция, тууганчылдык, жердешчилдик, өзүмчүлдүк сапаттардан арылбасак, эгемендүүлүктүн келечеги татаал коркунучта калат.
Жазуучу агабыз Насирдин Байтемиров "Кыргыз жерине кут эки жолу түшкөн. Бири Жусуп Абдрахманов, бири Искак Раззаков" деп бекеринен айткан эмес".
И.Раззаков "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот"- деп күчтүү, таамай айтылган чакырыгы ар бир жарандын рух дүйнөсүнөн орун алса гана.
Ал эми Ата-Журт деп Алыкулча ооруй билген адамдары болгондо гана эгемендүүлүгүбүздүн келечеги кең болот. Биз жашап жаткан цивилизациялуу коомдон үйрөнө тургандарыбыз арбын.






"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o