presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өкмөт коррупцияны колго чабууда
"... Ууруларды, коррупционерлерди колго чаап жатабыз. Бул ишти мындан ары да күчөтүш керек. Анткени уурулук азайган сайын кирешебиз көбөйөрү калетсиз. 30% эмес, 100%га көбөйөт. Ошондуктан донорлор менен сүйлөшүп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын мекеме ачалы деп жатабыз. Ал керек болсо ошол эле милицияны, сотту, прокуратура, министрлердин баарын көзөмөлгө ала турган мекеме болот. Анын натыйжасында биздин аткаминерлер: "Уурдамай деген жаман турбайбы, аягында кармалып калат турбаймынбы" деп коркуп калмайынча Кыргызстан оңолбойт".

(Өкмөт башчысы Алмазбек АТАМБАЕВдин
2011-жылдын 14-августунда КСДПнын 11-курултайында
сүйлөгөн сөзүнөн)

Азыркы Өкмөт мурдагылардан айырмаланып, коррупциянын "куйругун" толгоого иш жүзүндө аракеттерди көрүп жаткандыгы, албетте, кубандырат. Мындай атка минерлердин жең ичинен жеп-ичмейлерине шарт түзгөн жагдайларга өкмөт тарабынан ар кандай тоскоолдуктар жасалууда. Өзгөчө калкка кызмат көрсөтүүдө элдин убактысын бекерге алып, адамдарды керелден кечке зарыктырган кезектердин азайышы, ашыкча кагаз жыйнамайлардын кыскара башташы колдоо табууда. Калкка кызмат көрсөтүү жагындагы айрым ушундай конкреттүү жышаандардан мисалга тартып көрөлү:

Улуттук паспортторду алуу
процедураларын жөнөкөйлөштүрүү

КР Өкмөтү паспорт алуу процедурасын кыйла эле жеңилдетти. Маселен, дарек бюросунан жана үй башкармалыгынан справка алуу зарылчылыгы эми жок. Паспортту берүү мөөнөтү кыскартылды. Аны алмаштырууда да ашыкча убаралар жоюлду. Паспорт алмаштырган учурда кайрадан документтер пакетин топтоо зарыл эмес. Мисалы, бузулуп же айрылып калган паспортту алмаштыргыңыз келсе, ал паспорттун өзүн сүрөттөрүңүз менен тапшырып туруп, мамлекеттик төлөмдү төлөп коёсуз, болду.
Мурда паспорт алуу "азап" болчу. Коррупциянын предмети болуу менен паспорт алуу дегениң жең ичинен жеп-ичмейге шарт түзүп, элдин нааразылыгы күч эле. Бири-бирин кайталаган толтура документтерди топтоо зарыл болучу. Мисалы, дарек бюросунан жана катталган жеринен үй башкармалыгынан справка алуу, ошол эле учурда паспортто катталгандыгы жөнүндө штамп туруусу керек эле.

60 жаштагы жана андан улгайган адамдар үчүн 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун жарактуулук мөөнөтүн узартуу

КР Өкмөтү 60 жаштагы жана андан улгайган адамдар үчүн 1994-жылкы үлгүдөгү мөөнөтү бүтүп калган паспортторун алмаштырбоо укугун берди, башкача айтканда 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор бул категориядагы жарандар үчүн түбөлүктүү болуп эсептелет.
КР Өкмөтүнө жарандардан 60 жаштагы жана андан улгайган адамдар үчүн паспорт алууда көмөк көрсөтүү өтүнүчү көп келип түшүүчү, анткени алардын көпчүлүгү килейген кезектерде керелден кечке тура алышпайт эле, жаңы үлгүдөгү паспортту алуу үчүн көрүнгөн инстанцияны кыдырып чуркаганга да чамалары чак. Кыргызстанда 350 000ден ашык 60 жаштагы жана андан улгайган адамдар жашайт, эми алар жаңы паспорт алуу үчүн кезекке турбай эле койсо болот.

Айдоочунун жаңы үлгүдөгү
күбөлүктөрүн берүү

2011-жылы КР Өкмөтү айдоочунун жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрүн берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Бирок айдоочунун жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрүнүн пайда болушу элдин баары документтерин алмаштырышы керек деген сөз эмес. 1998-жылкы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрү анда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жарактуу. "Эски" документти "жаңысына" алмаштыруу (эгерде жаран Кыргызстандан сырт жакка чыгып кетип жатпаса) ар кимдин өз каалоосу менен гана жүргүзүлөт.
Айдоочунун жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрү мекендеш айдоочуларыбызга Жол кыймылы жөнүндөгү конвенцияга ылайык эл аралык жол кыймылына катышууга мүмкүндүк берет. Айдоочунун жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрүн берүү эл аралык пассажир жана жүк ташуу менен шугулданган ишкерлер үчүн өзгөчө маанилүү.
Айдоочунун жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрүнүн дагы бир артыкчылыгы - анда "жекече идентификациялык номерди" коюуга ылайыкталган атайын орундун болушу. Бул болсо шайлоо мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорту жок учурда (жоголуп кетсе же алмаштырууда болсо) шайлоодо добуш берүү укугун жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле каттоо жөнүндө күбөлөндүрмөлөрдө "кошо ээлик кылуучулар" деген графа киргизилген. Бул унааны башкарууга кошумча ишеним кат алуу зарылчылыгын жокко чыгарат.





Эмгек акы көбөйдү, өкмөт пейли оңолду

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев социалдык чөйрөдө иштешкен техникалык жана кенже тейлөө кызматындагылардын эмгек акысын 1-сентябрдан тартып жогорулатууну караган токтомго кол койду. Ага ылайык, айдоочулар менен санитаркалардын маянасы орто эсеп менен үч эсе жогорулайт. Министрлер кабинети адистик кызматта иштебеген, бирок андан кем эмес керектүү жумуш аткарган кызматкерлердин маянасын биринчи жолу жогорулатып жаткандыгын белгилеп коюубуз керек. Арзыбаган айлык үчүн дарылоо мекемелеринде санитаркалар таптакыр таңсык болуп калган. Бул, албетте, сыркоолорду жакшылап караганга мүмкүндүк жок эле деген сөз. Эми 1276 сомдун ордуна алардын орточо айлык акысы 3750 сомду түзөт.

Май айынан баштап, саламаттык сактоо кызматкерлери эмгек акысын акы төлөөнүн жаңы системасы боюнча ала башташкан. Бул форма эмгек акынын үч деңгээлдүү тутумунан болуп, кепилденген, компенсациялык жана кызыктыруучу бөлүктөрдөн турат. Мурда маяна теңдемечилик принциби менен төлөнүүчү эле, анда медицина кызматкеринин эмгек стажы жана кесипкөйлүгү эске алынчу эмес. Мунун бардыгы врачтардын акы төлөөнүн мындай системасына нааразылыгын жаратып келген. Бул толук түшүнүктүү, анткени кесипкөй адистер айына 3,5 миңден 5,5 миң сомго чейин гана иштеп таба алышчу. Азыр врачтардын эмгек акысы анын категориясына жана эмгек стажына жараша төлөнөт. Мисалы, эгерде врач жогорку категориядагы адис болсо, анда маянасына автоматтык түрдө 50 пайыз кошулат. Эми жогорку квалификациялуу медиктердин эмгек акысы Бишкекте эле эмес, региондордо да 16-18 миң сомго жете баштады. Акыры жүрүп, медицина адистерине да өз квалификациясын жогорулатууга реалдуу кызыгуу пайда болду.
Ушуга окшогон эле система мугалимдердин эмгек акысын төлөөдө да апрель айында эле киргизилген. Мурда билим берүү тармагында тарифтик торчо билим берүү кызматкерлеринин эмгегинин айрым өзгөчөлүктөрүн эске алууга мүмкүндүк берүүчү эмес. Бул болсо педагогдорго эмгегинин натыйжалуулугун жогорулатууга кызыкчылык жаратпоочу. Жаңы система окутуучулук курамды сабак сааттары үчүн эле эмес, тарбия жана илимий-усулдук иштер үчүн да сапат жана жоопкерчиликти жогорулатууга кызыктырат.
Бул тутумда иштин өзгөчө шарттары үчүн компенсациялык төлөмдөр жана ардак наамдары үчүн кошумча акылар сакталган. Айылдык мугалимдерге ай сайын 1000 сом кошумча акы бекитилген. Ошол эле учурда жаш адистин сааттык туругун (ставка) кыйла жогорулатууга басым жасалган. Анткени өлкөбүздө аларга муктаждык жыл санап артып барат. Мугалимдердин жетишпестиги небак эле Билим берүү министрлиги үчүн баш ооруга айланган. Негизги себеп эмгек акыда болчу, жаш адистер 2 миң сом айлык алып, мектептерде иштегиси келчү эмес. Бирок азыр кырдаал түп-тамырынан өзгөрө баштады. Мындай өзгөрүүлөр мектептердин административдик-чарбалык кызматкерлеринин айлыгын да кыйгач өткөн жок, алардын маяналары бүгүн мектептеги окуучулардын санына жараша төлөнө баштады. Эмгек акыны реформалоо ар дайым калдык принциби менен калыссыз каржыланып келген чөйрөлөрдө жүргүзүлдү. Маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы да буга далил. Бардык учурда эмгек акыны жогорулатууда компенсациялык жана кызыктыруучу мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу чиймелери колдонулду.
Жаңы министрлер кабинетинин ишинин башталышы адегенде мугалимдердин, андан кийин медицина кызматкерлеринин эмгек акыны жогорулатуу жөнүндөгү талаптарына туш келди. Февраль айында эле премьер-министр Алмазбек Атамбаев бул талаптарды комментариялап жатып: "биз эмгек акыларын жогорулатууну талап кылган адамдарды жектебешибиз керек", - деп билдирген. Анда премьер экономикадагы акыбалыбыз жыргатпаса да өкмөт эмгек акыларын жогорулатуу боюнча убадасын аткара тургандыгына сөз берген. Бирок бул убадалар жөн гана аткарылбастан, Кыргызстанда эмгек акыларын жогорулатуу бир гана ирет болбой, ойлонулган иш болсун үчүн өкмөт бюджет чөйрөсүндө иштегендердин эмгегин төлөп берүүнү реформалоо концепциясын иштеп чыкты жана кабыл алды. Мындай документ аткаруу бийлиги тарабынан биринчи жолу кабыл алынды жана ал эми Кыргызстанда бюджет чөйрөсүндө иштегендердин эмгек акысын төлөө системасын калыптандырууда базалык документ болуп калмакчы.

Сүйүнбек Табалдиев








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o