presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Август кеңешмеси

Сапаттуу билимдин
башкы ачкычы - мугалим
Быйылкы август кеңешмесине чогулган Бишкек шаарынын мугалимдери биринчи жолу акча-тыйын, айлык, ремонт маселелерине баш оорутпай, негизги көңүлдү билим берүүнүн сапатына бурушту. Анткени быйыл өкмөт республикалык бюджеттин тартыштыгына карабай, мугалимдердин айлык акысын эки-эки жарым эсе көбөйттү. Экинчиден, жергиликтүү бийлик органдары дагы мектеп ремонтуна, анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жакшы карап, мектеп жетекчилердин, мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүп, жалаң билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштегенге шарт түздү. Кеңешмеде билим берүү жана илим министри Канат Садыков да билим берүүнүн сапатын көтөрүүдөгү үч маселеге: кадр маселесине, билим берүүнүн жаңы мазмунуна жана баалоо ыкмасына басым жасады.


Канат Садыков,
Кыргыз Республикасынын
билим берүү жана илим
министри:
- Быйыл шаар боюнча 1-класска тогуз миңден ашык бала келет, ал эми жалпы республика боюнча 93 миң бала мектептин босогосун аттайт деп турабыз. Быйыл чоң бир маанилүү кадам жасалды, куррикулум боюнча 1-класстарда окутуунун мазмуну жаңыртылып, окуучулар 100% окуу китеби менен камсыз болот. Мамлекеттин эсебинен 1-класстын окуучулары үчүн окуу-методикалык комплект даярдалды, анын ичинде окуу китеби, жумушчу дептер, мугалимдерди окутуу үчүн интерактивдүү модулдар боюнча жетектеме бар. Бирок ошону менен бирге эле, жалпы билим берүү тармагында чоң проблемалар жок эмес. Негизинен биз мектептин ремонту, жылуулук, башталгыч класстын балдарынын тамак менен камсыз болушу боюнча отчет берген менен алектенип калганбыз. Бул биздин ишибиз эмес. Биз мугалимдердин квалификациясына, билим берүүнүн мазмунуна, анын сапатына жооп беришибиз керек. Жыйырма жылдан бери эле мектепке 3000 мугалим жетишпегенин август конференцияларында какшап айтып келгенбиз. Быйыл өкмөт бюджеттин тартыштыгына карабай туруп, мугалимдердин айлык акысын көтөрдү. Албетте, бул биринчи гана жасалып жаткан кадамдар экенине мен Сиздерди ишендирип кетким келет. Азырынча жаңы эмгек акы боюнча эч ким жакшы же жаман деп айта албайт. Анткени ноябрь айында үч айлык иштин жыйынтыгы чыгат. Ошондо өз кесибин сүйгөн, окуучуларга мыкты сабак берген профессионал мугалимдердин аты чыга баштайт. Менимче, реалдуу баалоо болот. Качан гана компетенттүү мугалим болгондо, албетте, окуучунун компетенттүүлүгү жөнүндө кеп кылсак болот. Ал эми мугалим качан компетенттүү болот? Качан мугалим кантип акча табуунун жолдорун ойлонбой, издебей, сабак берүүнүн жаңы ыкмаларын, окуучуларына кантип сабакты жеткирүүнүн жолдорун ойлоп, аны менен алектенип калганда гана компетенттүү боло алат. Андыктан Сиздердин атыңыздардан өкмөткө, анын башында турган Алмаз Атамбаевге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Быйыл ар кандай жемеге карабай туруп, министрликтин каражатына 3000ден ашык өзгөчө аттестатка ээ болгондордун билим деңгээлдерин текшерттим. Бул иш-чараны Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлө борбору өткөрдү. Жыйынтыгы ар бирибиздин жаныбызды кейитти. Анткени үч миң мыкты деп аталган бүтүрүүчүнүн 86 гана өзгөчө аттестатка татыктуу экени тастыкталды. Биз башынан эле туура, чын баалоо ыкмасын ишке ашырышыбыз керек. Ушуга карата биз мугалимдерди сыйлайбыз, ушуга карата баалайбыз. Учурда билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө үч маанилүү нерсеге биз басым жасайбыз: кадр маселесине, билим берүүнүн жаңы мазмунуна жана баалоо ыкмасына. Бул ишти биз акырындык менен алдыга жылдыра баштайбыз. Мугалимдер жамааты бизди колдойт деген ишеничтемин.


Иса ӨмҮркулов,
Бишкек шаарынын мэри:
- Дегеле мектеп жетекчилери ремонт, жаңы мектеп куруу, материалдык-техникалык базанын жетишпегендиги, окуу куралдардын жоктугу менен эми алектенбейт. Бул силердин ишиңер эмес, бул жергиликтүү бийликтин иши. Биз буюрса, ушул иштерди аткарып жатабыз, мындан ары да аткара бермекчибиз. Мектептин жоктугунан балдар үч кезекте (сменде) окуп жатканы, албетте, сапаттуу билим алганга кедергисин тийгизбей койбойт. Биз бул нерсени көрүп, абдан тынчсызданып жатабыз. Менимче, баары чечилет.
Республикалык олимпиадада, жалпы республикалык тестирлөөдө шаардык окуучулар алдыңкы орундарды камсыз кылганы бизди абдан кубандырат. Албетте, бул ар бир мугалимдин эмгеги. Дегеле шаарда бардык мүмкүнчүлүктөр, база бар, андыктан бул ишти алдыга гана сүрөй бериш керек. Мына быйыл билим берүүнүн өнүгүүсүнө 1 млрд. 165 млн. 880 миң сом карадык. Мындан сырткары, ар кандай сынактарды, иш-чараларды өткөрүүгө дагы кошумча 7,5 млн. сом бөлүндү. Мугалимдерибиз толук кандуу жашаш үчүн бардык шарттарды түзүп беребиз. Сиздердин жемеңиздерден кийин, шаардык бюджеттен каралган мугалимдердин кошумча каражаты алынып салган жок.


Таалайкүл Насырымбекова,
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси,
"Билим берүүгө эмгек сиңирген мугалим":
- Быйылкы август кеңешмесине карата республикалык мугалимдердин "Кутбилим" гезитине окуу пландар, окуу китептеринин тизмеси, 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясы жана стратегиясы басылды. Ошолор жөнүндө талкуу жүрүп жатат. Башталгыч класстарга, т.а. быйылкы 1-класстын окуучуларына куррикулумдун программасы боюнча атайын окуу китептери даярдалды. Андан сырткары, январдан баштап мугалимдердин айлык акыларына он процент кошулса, кийинчерээк жакшы эле көтөрүлдү. Бул деген окутуунун билим сапатын арттырууга түзүлгөн өбөлгө. Мугалимдердин сааттары азайды, бул деген алардын ден соолугуна кам көрүү дегенди билдирет. Мурда эки-үч ставкада иштеп, ар кайсы мектепке чуркап жүрүшсө, азыр болсо жумалык жүктөмү (нагрузка) аз, бирок айлыгы мурункуга караганда жогору болуп атат. Бул мугалимдерге өкмөт тарабынан көрүлгөн эң чоң камкордук. Андан тышкары, окуу китептерине миллиондогон сомдор бөлүнүп жатат. Маселен, Россияда 10 жашар баланын жумалык жүктөмү 880 саат болсо, бизде 1000ден ашык саат болчу. Бул жүктөм дагы барган сайын азайып жатат, мунун өзү дагы жакшы жөрөлгө.
Роза Отунбаеванын, Алмаз Атамбаевдин иштеп жаткан жакшы жактарын мугалимдер көрсөтүп, элге жайылтышыбыз керек. Мына жакында Жогорку Сотко талапкерлерди Роза Отунбаева өзү кабыл алып, жөнөкөй суроолорду берсе, айрымдары жооп бере албай коюшту. Ошон үчүн биздин мугалимдердин дагы интеллектуалдык деңгээли өсүшү керек. Өздүк билимин өркүндөтүүнүн үстүндө талыкпай иштеши зарыл.


Айнагүл Ниязова,
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү
башкармалыгынын башчысы:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын структурасында бүгүнкү күндө 78 мектепке чейинки билим берүү уюмдары, 93 мектеп, 5 балдар чыгармачылыгынын борбору, жаш техниктердин станциясы, эки адаптациялоо жана реабилитациялоо борбору, психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссия бар. Билим берүү уюмдарында 6860 мугалимдер, тарбиячылар, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдору эмгектенет.
Быйылкы билим берүү системасындагы жетишкендик - өкмөт тарабынан мугалимдердин айлык маянасынын көбөйүшү. Негизинен 3500-4500 сомго жакын айлык акы көбөйдү. Ошол эле кезде бир топ нааразычылыктар да болду. Анткени окуу-тарбия комплекстерде өтүлчү ийримдердин сааттары кирбей калыптыр. Ушул боюнча биз сунушубузду бердик. Жалпы жонунан алганда, өкмөткө мугалимдер ыраазы. Себеби мындан беш жыл мурда мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча сөз болмок турсун, көтөрүлгөн да эмес. Азыр мамлекет кыйналып турса дагы, республикалык бюджеттин эсебинен мугалимдердин айлыгын көтөрүп берди. Ошондуктан биздин мугалимдер жаңы айлык менен жаңы окуу жылын баштап, жаңыча койгон максаттарын ишке ашыруу алдында турат.
1-июнга карата Ак-Өргө жаңы конушунда 960 орундук №84 жаңы мектеп ишке киргизилди. Мектептин ачылыш аземинде шаардык мэрия тарабынан окуу китептерине бир миллион сом бөлүндү. Бул чоң жаңылык деп эсептеймин. Эми окуучулар жаңы окуу жылын жаңы окуу китептери менен баштайт.
Ал эми 280 орундуу №138 жаңы бала бакча 1-сентябрга карата ишке берилет. Белгилей кетчү жагдай, эскилиги жеткен №33 мектеп 63 млн. сомдук ремонттон өткөрүлдү. Мектепке жаңы спорт залы салынып, үчүнчү этажы курулду. Бул окуу жай дагы жаңы окуу жылына карата эшигин ачат. Мындан тышкары, борбордогу 48 мектепке, 30 бала бакчага шаардык бюджеттен 44 миллион сом бөлүнүп, капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Быйыл 1-класска он миңге жакын окуучу келет. Бардык жерден келчү окуучуларды учетко алдык. Ал эми 1-класстын ар бир окуучусуна куррикулумдун программасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган жаңы комплект окуу китептери таратылат.
Ырас, 1-класска кабыл алуу боюнча ата-энелердин нааразычылыгы болуп жатат. Бирок алар мектеп талап кылган тийиштүү документтерди топтой албагандыгынан чыгып жатканын эскертип кетейин. Керек болсо, баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү же ата-эненин паспорту жок болуп чыгууда. Ошондуктан бул маселени биз кылдаттык менен карап жатабыз. Андан сырткары, мектептердеги акча чогултуу маселеси баарыбызды ойлонтот. Ар бир жетекчи менен жекече сүйлөшүп, мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салынууда. Эгерде мектептерде акча чогултуу боюнча иш башталса, бизге ата-энелер кайрылса болот.


Жылдыз Сарыгулова,
№85 орто мектебинин директору:
- Мугалимдердин жана мектептердин материалдык абалын көтөрмөйүн эч кандай сапаттуу билим болушу мүмкүн эмес. Ал эми бул маселени чечүүнүн бир нече жолу бар. Аларды ишке ашырыш мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, жамааттык жана бизнес коомчулугунун, мектеп жана жергиликтүү башкаруу уюмдарынын биргелешкен иш-аракеттерине байланыштуу болот. Мектепте билим сапатын жакшыртууда биз төмөнкүдөй маселелерди чечүүнүн үстүндө иштөөбүз керек. Негизги маселелердин бири - кадр маселеси. Сапаттуу билимдин башкы ачкычы - мугалим. Ар бир мектепте жогорку билимдүү, өз предметин терең билген адистер арбын. Мисалы, шаар боюнча окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде азыркы учурда бош орун жок. Бул бизди кубандырат, бирок айрым мугалимдердин билим деңгээли талапка жооп бербегени өкүндүрөт. Анын себептери ар кандай: жогорку окуу жайдан келген жаш мугалимдер окутуу усулун жакшы билишпейт, тажрыйбасы жок ж.б.у.с. Албетте, билим сапатын жогорулатуу түздөн-түз мугалимдин компетенттүүлүгүнө көз каранды. Ошол себептен ар бир жетекчи мугалимдерге мектеп ичинде үзгүлтүксүз өз билимин жогорулатуунун үстүндө иштөөгө шарт түзүүсү керек. Ошондой эле ар бир мугалим керектүү усулдук окууну тандап алууга мүмкүнчүлүк алуусу зарыл. Бул жерде сөз мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүдө ваучердик системаны пайдалануу жөнүндө кеп болуп жатат. Эгерде ушундай мүмкүнчүлүк түзүлсө, албетте, окуучулардын билим сапаты жогорулайт.
Эң мыкты педагогдордун иш-тажрыйбаларын жайылтууну колго алуу зарыл. Эң башкысы, заманбап мугалим - заманбап техникалар менен камсыз болушу учурдун талабы. Албетте, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мектептин материалдык-техникалык базасы башкы орунда турат. Ал үчүн окуучу өзүн физикалык жана психологиялык жактан кысылбастан, эркин алып жүрүшү үчүн заманга ылайык жарык, чоң класстардын жетиштүүлүгү, усулдук кабинеттердин жабдылышы ж.б.у.с. шарттар түзүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз.

Дүйшөкан Жаңыбаева,
№165 бала бакчанын директору:
- Жаңы окуу жылына карата бала бакча даяр. Ата-энелердин жардамы менен жаңы окуу китептер, көрсөтмө куралдар менен камсыз болдук. Эң башкысы, өкмөткө айлык акыбызды көбөйтүп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз. Анткени жаштар жарыбаган айлыкка иштегиси келчү эмес. Кудайга шүгүр, эми изденүү менен иштеп калышты. Эгерде мурда жогорку билимдүү, жогорку категория, 12 разряд менен болгону 4-5 миң айлык алса, азыр тогуз миңге жетип калды. Бала бакчанын иши абдан оор экенин элдин баары билет. Маселен, мектепте сабагын берип коюп, кетип калса болот. Ал эми бала бакчада иш эртең мененки саат жетиден кечки алтыга чейин созулат. Мектеп окуучуларына салыштырмалуу биздин балдар али наристе, аларга абдан аяр мамиле керек. Ошондуктан өкмөт бүгүнкү күндө көз кырын бизге салып, бала бакчаларды өнүктүрөлү, куралы ж.б.у.с. айтып жатканы бизге майдай эле жагып жатат.


Гүлайым Усенова,
№13 мектеп-лицейдин директору:
- Жылда чу дегенде эле акча жөнүндө кеп кылчубуз. Биринчи жолу билим берүүнүн сапатына көңүл буруп, сөз кылып жатканыбыздын өзү эле жетишкендик. Быйылкы жаңы окуу жылына №13 мектеп толук даяр, мугалимдерибиздин бирөө дагы башка жакка кеткен жок. Эң башкысы, мектеп мугалимдери республикадагы мектептерге окуу китептерин жазып, чыгарышты. Биз бүгүн көргөзмөгө өзүбүз сепкен үрөндүн жемишин алып келдик.
Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айткым келет, он жылдан бери мамлекет мектептин ремонтуна бир да жолу каралашкан жок. Жалаң гана ата-эненин жардамы менен жылда 1-сентябрга мектепти жаркыратып даярдап келатамын. Быйыл дагы мектептин даярдыгын текшерген комиссия кабыл алып жатып, мактап-жактап кетти. Анан дагы дүйнөлүк практикага көз чаптырсак. Өнүккөн мамлекеттерде баланын сапаттуу билим алышына ар бир ата-эне кызыкдар, ошондуктан баласынан аянбай мектепке салымын кошот. Бизде болсо теңирден тескери. Бардык мектепти мамлекет камсыз кыла албайт, муну мен коркпой эле айта аламын. Ошондуктан мектепти ата-энеге жаман көрсөтпөй реалдуу иштерди жасашыбыз керек. Жыйырма жыл ичинде түптөлгөн жакшы иштерди бузуп албайлы. Бузуу оңой эле, түптөө кыйын болот.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o