Жаңы өкмөт мугалимдердин ишенимин актады
Жогорулаган айлык, жадыбал билбеген окуучу жана өткөн күндөр жөнүндө

- Акаевдин да, Бакиевдин да доорунда мугалимдердин зор армиясы "Дүйшөндүн шинелиндей" эскирип, өңүп кетти элек, - дейт мага алыскы элеттен келген мугалим өз пикирин билдирип жатып. - "Демократиянын аралчасындагы" мугалимдер аларга шайлоо учурунда гана керек болуп, дүңгүрөтө курултай өткөрүп, бирден арзан папке таратып, анан келген жолубузга салып коер эле. Курултайда айлык аз деп арызданып сүйлөбөгүлө. Шайлоодон кийин көтөрүлөт, - деп тил эмизип узатышчу. Эми мына чындык келип, кудайга үнүбүз жеттиби, айлык ойдогудай эле көтөрүлдү. Ырахмат Президентке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө! Ырахмат Атамбаевге!- дейт андан ары ыраазычылык сөзүн улап.
Элеттен келген мугалим кечеги эле окуяларды мага узун тарых кылып саймедиреп кирди. Чиркиндики, ал айткан окуялар тээ илгери эмес, кечээ эле болуп өтпөдүбү. Ал иштердин үнү, жаңырыгы али кулагыбыздан, курган жүрөктөн алыстай элек.
- Ал кез менин деле эсимде. Айылдан келген бир "дүжүр" мугалим Бакиев катышкан курултайда "Айланайын мугалимдер, жашоо жакшы. Айлык жетиштүү эле. Мал жаныбыз бар. Курсак ток. Жаман жашап жатабыз десек көзүбүздөн чыгып кетип жүрбөсүн. Жөн эле айлык аз деп ага шылтабай иштейли. Шайлоодо Бакиевди эле колдойбуз! - деп да айтып ийбеди беле - дейт бериде турган шапалактай болгон журналист досум кепти кызытып.
Мен да эстедим. Бир катар мугалимдер ушундай пикирди айтып да жиберишкен. Бирок, айрым ак жүрөк мугалимдер айлыктын аздыгын, билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүн ошондо эле коркпой-үркпөй айтышып, көйгөйдүн оң чечилишин да суранышкан.
Мугалимдердин итке минген кедейлигин көрүп, жанына жолор жоломоксон болуп "макул" дешкен "чоңдор" ошол бойдон көрүнүшпөдү. Көрүнмөк тургай мугалимдин ырыскысын кошо бөктөрүп, уурдай качышты. Мугалим кимге арызданарын билбей супурасы курук келе жатканы менен баары бир кең келечеги, бакубат жашоосу али алдыда экендигине базарчылар да, чиренген бай да ишенбей турган.
- Ушу заманда да киши мугалим болобу? Келинимди мугалимдиктен чыгарып, уй саадырып койдум. Балам экөө базарга бир кара малын сатса мугалимчиликтин бир жылдык маянасы болот экен, - деген мага бир айылдык фермер беш жыл мурун. Бул ачуу чындык болчу. Өткөндө барсам:- Айлык көбөйдү деп уктум. Аны уккан келиним мектепке барып кайра иштейм деп баламдын кулагынын кужурун алып бүттү. Мектеп директоруна бир кара мал берип орноштурбасак болбой калды - дейт.
- Ушу мугалимдер да киши катарына кошулуп калдыбы? - деп күлөт мага ара чолодо. - Ой айланайын байкеси, сизди киши кылган мугалимдерге акарат келтиргениңизге жол болсун - десем мага кайра шыр жооп узатат: - Аларга мен эмес өкмөт акең өзү акарат көрсөтүп келбедиби. Мен ошону айтып жатам. Көрсө өкмөт мугалимдерге эми жакшы мамиле жасап калган экен. Муну угуп биз да кубанып жатабыз. Эми балдарга билимди жакшы беришсе болду. Өгүнү неберемдин окуусун көрүп жүрөгүм түштү. Жада калса жадыбалды да билбейт экен - дейт фермер аксакал каңырыгы түтөп. Мына, кептин баары эми ушунда жатат…

Жаш мугалимдер мектепке кайтып келүүдө

- КР Өкмөтүнүн токтому менен Жалпы билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлыгы жалпысынан алганда эки эсеге көбөйдү. Мектепке келсек, мугалимдердин 19 пайызын жаштар, ал эми 62 пайызын 15 жылдан өйдө эмгек стажы бар мугалимдер түзөт экен. Жаш мугалимдердин айлыгын үч эсеге чукул, ал эми эмгек стажы көптөрдүкү эки эсеге көбөйдү. Бирок, ортодо педстаж да кошулат. Ошентсе да көп жыл иштеген мугалимдер айырмасы аз эле болуп калыптыр деп нааразы болушту. Эми биз бул жерде мектептин, жаш адистердин келечегин ойлодук. Жаштар келбей жатат деп нааразы болуп жатасыңар. Айлыгы нанга жетпесе кантип келишет. Кичине пейилди кең салсаңар деп аларга түшүндүрдүк. Мына эми натыйжада жаштар мектепке күргүштөп кайтып келишүүдө. Бул туурасында бизге жер-жерлердеги билим берүү тармагынын жетекчилери билдирүүдө. Чындап келгенде эгемендик алганы мугалимдердин айлыгы мындай өлчөмдө көтөрүлгөн эмес. Муну туура түшүнгөн инсандар аябай ыраазы болушту. Айрымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул кадамын Гиннестин китебине киргизсе болот дешти. Ыраазы болгон киши салыштырып айтканда бир кочуш буудайга деле ыраазы болот. Ал эми нааразы киши бир кап буудай берсең деле нааразы боло берет экен. Айлык көбөйдү, эми сапатты өстүрөлү - дейт Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асанов биз менен болгон маегинде.
Убагында айрым топтор КР Өкмөтүнүн мугалимдердин айлыгын көтөрүү аракетин саясий, убактылуу кадам деп баалап жибергенге да жетишти. Ал эми мезгил көрсөткөндөй, КР Өкмөтү жакында болуп өткөн алты айлык жыйынтык кеңешмесинде буга так жооп да берди. КРнын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев кеңешмеде белгиленген айлык маяналар өз убагында төлөнүп туруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин, ал тургай айлыктарды мындан ары да шартка жараша жогорулатып туруу керек деп билдирди.
Ал эми сапат демекчи, айлык көтөрүлгөнү коомчулук билим берүү мекемелеринин сапаты кандай болот болду экен деген суроого өтүштү. Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун журналисттерге берген интервьюсунда жаңы окуу жылынан тартып республикабыздын бардык аймактарындагы окутуучулар атайын тестирлөөдөн өтүшөрүн айтты.
- Бул мугалимдердин билим деңгээлин текшерүү үчүн бирден бир шартты түзүп берет деп ишенем. Адамдык факторлор ойноп кетпеш үчүн компьютердик система аркылуу тестирлөөдөн өткөрөбүз. Мындай системанын эң жакшы жагы тестирлөөдөн өткөн мугалим ошол учурда эле өзүнүн деңгээлин компьютерден көрө алат. Эгер мугалим тестирлөөдөн өтпөй калса эки ай окууга мүмкүнчүлүк беребиз. Ал эми эки айдан кийин деле жылыш жок болсо андай адис менен коштошууга туура келет. Бул жол мектепти билими төмөн, эптеп сырттан окуп, тааныш менен иштеп жаткандардан тазалайт, - дейт министр.
Акыйкатта, жалпы жонунан ушул жолго барышыбыз керек эле. Министрлик мугалимдердин деңгээлин текшерип бүткөн соң, окуучулардын да билимин текшерүүнү максат кылууда. Муну ким туура эмес деп айта алат. Акыйкат кадам. Мугалимдин ишинин натыйжасы ушунда билинет. Демек, айлык маянанын көбөйүшү сапатты көтөрүүгө жол ачууда. Бул кубанычтуу саамалык жаркын келечекке шыдыр жол ачышында шек жок.

Майрамбек Токторов,
"Кутбилим"







Өткөн жылкы белгилүү окуялардан кийин түзүлгөн А.Атамбаевдин өкмөтүнүн элге берген убадаларынын бири мугалимдер менен медицина кызматкерлериинин айлык акыларын жогорулатуу болгон. Азбы-көппү, ал убада аткарылды. Ал боюнча эл ичинде эмне кеп деген максат менен иликтөө жүргүзүп көрдүк. Иликтөөнүн обьектиси Кочкор районундагы Кеңешбек Мырзабеков атындагы Кум-Дөбө орто мектеби болду.


Сексеков Кудайберген,
мектеп директору:

Билим берүү тармагында иштегениме 31 жылдан ашты. Мектепке директор болгонума 11 жыл болду. Чынында мындайды көргөн эмесмин. Айлыгыңар баланча-түкүнчө процентке жогорулады деп дуулдатышып арзыбаган эле бирдеме кошулуп келген. Мектеп директору катары, ушунча эмгек стажым менен 4,5-5 миң сом алчумун. Азыр кудайга шүгүр 17,5 миң сом айлык болуп калды. 3 эсе өстү. Башка ылайык жумуш таппаганынан эле эптеп келип-кетип жүргөн мугалимдер кадимкидей өзгөрдү. Ишке дилгирленип калышты. Мурда ишке илең-салаң мамиле кылган мугалимдерге катуу айтыш деле кыйын болчу. Катуу кетип калсаң көп болсо ишиңди аласың да деп басып кетишчү. Азыр таптакыр башка, өздөрү эле демилге көтөрүп класстарын ремонттон өткөрүп, жаңы окуу жылына даярдык көрүп чуркап жүрүшөт. Мурда отпуска учурунда чакыртып келтире албаган мугалимдер тез-тез мектептен кабар алып турчу болушту. Караңызчы, эмгегине жараша стимул болсо эле окуунун сапаты да, мугалимдердин ишине болгон мамилеси да жакшы болгудай. Чынын айтыш керек, өкмөткө, өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевге жалпы ыраазыбыз.


Мамырканова Раушан,
математика мугалими:

Ушул кесипте иштегениме 11 жыл болду. Болгону 1,5 ставка менен 3,5 миң сом алчумун. Азыр айлыгым эле 7,9 миң сомго жетти. Нааразы болгондор да бар экен деп угуп калып жатам. Мисалы үчүн мен ыраазымын. Моралдык жактан чоң өзгөрүү болду. Мугалим болгонубузга сыймыктанып калдык. Кесипке кызыгуу башталды. Мугалимдин окуусуна тапшырам деген балдар көбөйдү.
Мурда өзүбүздүн эле айылдагы оокаттуу адамдар "койчу ошол мугалимиңди" деп калышкан. Баркыбыз жок болуп калган. Акыркы жылдарда мугалимдердин кадыр-баркы кыйла төмөндөп кеткен. Ал турсун өз үй-бүлөңдө деле айлык алдым десең көңүл бурбай калышкан.
Бул жолу 8 миң сомго жакын айлык алып, 18 миң сом отпуск акысын алып келсем үйдөгүлөрүм жамырап, ой-иий!-ушунча айлык бердиби деп суктанып калышса өзүм териме батпай сүйүнүп калдым. Жолдошум да "ырас болбодубу бир керекке жараталы"-десе барктанып эле калат экенсиң. Анан минтип көз көрүнөө эле баркың көтөрүлүп, турмушуң оңолуп жатса кантип нааразы болмок элек, ыраазы эле болуп жатабыз.


Ногойалиева Роза,
англис тили мугалими:

Жогорку окуу жайын бүтүп келгенден бери ушул мектепте иштейм. Иштегениме быйыл 24 жыл болду. Быйылкыдай уучубуз толо айлык, капчыгыбыз толо отпуска акысын алып көргөн эмесмин. 24 жылда 10 процент, 5 проценттен кошулуп отуруп болгону 3,5 миң сомго келип токтоп калганы бир топ жыл болгон. Айлык тийгенче эле дүкөн-пүкөнгө, акчалуу кишилерге карыз болуп калчубуз. Карыздан кутулганга деле жетчү эмес. Жолдошум дыйканчылык кылбаса таптаза эле отуруп калмакпыз. Айлык көбөйгөндөн бери 9 миң сомдон алып атам. Оңуп эле калат экенсиң. Айрыкча ушул маалда балдарды мектепке даярдоодо колдо бар малды сатып жиберип эле отуруп калчубуз. Кудайга шүгүр, турмушубуз оңоло түштү. Өкмөткө ишенип калдык. Элдин жашоо-турмушун ойлогон, жебеген-ичпеген жетекчилер келсе эле өлкөбүз өнүгө турган экен.


Маматбаева Алмагүл,
мектептин техникалык кызматкери:

Өзүм жалгыз бой аялмын. 4 балам бар. Күйөөм эрте көз жумган. Ошондон бери үй-бүлөнүн түйшүгүн өзүм көтөрүп келатам. Дагы жакшы, кайындарым менен төркүндөрүм каралашып турушат. Балдарым да чоңоюп калды. Иштеп атат деген эле аты болбосо айлыгым эч нерсеге деле жетпейт. Айылда башка жумуш жоктугунан эле айла жок иштеп жүрөм. 860 сом айлык алам. Аныбыз же чайыбызга же, кантыбызга жетпейт. Эртеден-кечке мектепте жүрөбүз. Жумушубуз да жеңил эмес. Мугалимдердин айлыгы көбөйгөндө абдан кубандым. Убагында мугалимдин окуусун эле окуп албай деп өкүнүп да кеттим. Кубанганым биздин да айлыгыбыз жогорулайт деп бекем ишенип калдым. Атамбаев бизге окшогон бечераларды колдойт экен, биринчи кезекте ошолорго жардам кылат деп жатышпайбы. Өзүм уккан жокмун бирок, техничкалар менен санитаркалардын айлыгын көтөрүш керек дептир. Демек, ал дагы аткарылат деп үмүттөнүп жатабыз. Кудайым буйруса ал дагы жакында ишке ашып калар.

Курманбек Рыспаев