"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o

Жарым жылдыктын жыйынтыгы:
ишеним жараткан ийгиликтер
Кыргыз Өкмөтү биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды. Статистиканын маалыматтары боюнча ИДП өнүгүү үстүндө - жети ай ичинде ал алты пайызга жетти. Бирок жакшы жылышка карабастан Премьер-министр Алмазбек Атамбаев кесиптештерин жетишкендиктер менен тынчып калбай дагы натыйжалуураак иштөөгө чакырды.

Алмазбек Атамбаев мындай деп белгиледи: "Жарым жылда биздин колубуздан келди деп айта ала турган нерселер бар. Мен министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ишин белгилегим келет. Мисалы, биз жакында түштүктө Датка подстанциясынын пайдубалына капсула орноттук. Чын-чынына келгенде биз Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгынын ачкычын өз колубузга алуудабыз - анткени мурда түштүк облустарын биз өз электр энергиябыз менен Өзбекстан аркылуу камсыз кылчу элек. Анткени рубильник алардын колунда болучу. Алгач бул долбоорго 256 миллион доллар каралган, бирок ишти аткара тургандар менен Энергетика министрлигинин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин бул сумманы 208 миллионго чейин төмөндөтүүгө жетиштик. Бул сүйлөшүүлөргө мен жеке өзүм да катыштым. Биз башкача айтканда өлкөбүз үчүн 50 миллион долларды үнөмдөй алдык".
Атамбаев экономикалык өсүүнүн көрсөткүчтөрүнө Кум-Төрдөн алтын казып алуу да олуттуу салым кошкондугун белгиледи. Бирок өнүгүүнүн тездеши башка, төмөнкү тармактарда да болгондугу белгиленген: кийим тигүү, туристтик, энергетикалык, курулуш материалдарын өндүрүү жана башка тармактар.
"Мен экономикадагы процесстерге бардыгын кооз көргөзгөн көз айнектен карагандан алысмын. Ошондой болсо да бардыгын эле кара түстө көрө берүү да туура эмес",- деп белгиледи Алмазбек Шаршенович.
Белгилүү ийгиликтерге Өкмөт экономикада гана эмес, ошондой эле тартип коргоо чөйрөсүндө да жетише алды.
"Келгилечи, биздин укук коргоочуларды эстеп көрөлү. Уюшкан кылмыштуулук эң жогору жакка, жогорку эшелондорго чейин жеткен эле. Биздин ойлорубуздун олуттуулугуна эч ким ишенген эмес эле, бирок бүгүн карап көрүңүздөрчү: кылмыш дүйнөсүнүн бардык башчылары же темир тордун ары жагында олтурушат, же чет өлкөлөргө чейин качып жүрүшөт. Биз өз сөзүбүздө тура алдык", - деп баса белгиледи Атамбаев.
Мамлекеттик аппараттын иши ачык-айкыныраак болуп калды, бирок чиновниктер чечимдерди дагы деле өтө кашаңдык менен кабыл алууда: "Баткен облусунда болуп өткөн жакындагы жер титирөөдөн кийин мен жеке өзүм ал жерде болдум жана мен муну айта алам, Финансы министрлиги ушундай алдын ала көрө билүүгө мүмкүн эмес өзгөчө кырдаалдарга ыкчамыраак реакция кылууга тийиш" - деп белгиледи премьер.
Атамбаевдин сөзү боюнча карапайым адамдар бийликтен, Өкмөттөн кандайдыр бир дурус нерселерди күтпөй калышкан. Аларды конкреттүү иштер менен кайрадан ынандыруу керек. "Жакында Баткен облусуна баргандагыдай кайсы бир аймакка барып калсаң, ал жактагы врачтар менен педагогдорго кандайдыр бир саясатчылар келип, айлык маяналарына кошумчаларды күзүндө алып коет экен деп коркутканын укканда күлкүң да, ыйлагың да келет, - деп белгиледи ал. - Мен бардыгыңыздарды ишендирип койгум келет, эми артка карай жол жок. Эч ким эч нерсени алып койбойт, бюджеттегилердин маяналары көтөрүлүп гана олтурат. Бюджетте каражатыбыз жетишерлик".
Жарым жылдыктын жыйынтыктарын чыгаруу менен Алмазбек Атамбаев башкысына - келечектеги артыкчылыктуу маселелерге өттү. Ал өз кызматкерлерине Кыргызстандын бюджети 2012-жылга кандай болушу керектиги жөнүндө тапшырма берди.
"Бир айдан кийин биз өлкөнүн 2012-жылга бюджетинин долбоорун талкуулайбыз. Азыр бул документтин үстүндө иш жүрүп жатат. Мен Финансы, Экономика министрликтеринин жана башка ведомстволордун көңүлүн бюджетте кыргызстандыктарды колдоого чакырылган дымактуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга каражаттар каралышы керектигине бургум келет, - деп билдирди Алмазбек Атамбаев. - Карапайым адамдардын экономика өнүгүүнүн канча пайызын көрсөткөндүгү менен эмне иши бар, алар үчүн биринчи кезекте эмгек акысы кандай жана базардагы баалар кандай экендиги маанилүү. Аларды колдоо керек.
2012-жылдын бюджетинде болбоду дегенде ушундай үч долбоор камтылышы керек. Биринчиси - 15-20 жылга колдон келерлик ипотекалык насыялоо. Экинчиси - фермерлер жана чакан бизнес үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар жана үчүнчү - фермерлер үчүн айыл чарба техникаларынын колдон келерлик лизинг программасы. Бул программалар үчүн маанилүү булактардын бири катары "Центерра голд" компаниясындагы мамлекеттик пакеттин бир бөлүгү күрөөгө коюлат. Анын наркы 1,5 миллиард доллардан ашат. Бул каражаттар биздин экономикабызга иштеши абдан маанилүү. Баса белгилейм, сөз акцияларды сатуу жөнүндө эмес, аларды күрөөгө коюу жөнүндө жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке түшкөн дивиденддерден каражат бул бүтүм боюнча бардык пайыздарды жапканга мүмкүндүк берет, ошентип Кыргызстан эч нерсесин жоготпойт".

"КБ"




Сапаттуу билим - өлкөнүн келечеги
Жаңы окуу жылына карата 22-27-августта жер-жерлерде мугалимдердин август кеңешмеси "Сапаттуу билим - өлкөнүн келечеги" деген ураан алдында өтөт.
Аталган кеңешмеде буга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2011-2012-окуу жылынын базистик окуу пландары, ошондой эле орто мектептердин окуу предметтери боюнча Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан даярдалган методикалык сунуштар, Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясы менен концепциясы талкууланат.
Мамлекет 2020-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, билим берүү программаларын жана аны окутуунун сапатын жакшыртуу, кесиптик билим берүүнү эмгек рыногунун керектөөсүнө шайкеш реформалоо, жогорку билимдин деңгээлин эл аралык нормалар менен стандарттарга жеткирүү сыяктуу маселелерге орчундуу көңүл бөлүп жатканын гезитибиздин сандарында байма-бай жарыялап жатабыз. Бул боюнча ар бир мугалим өз ойлорун ортого салат деген ишеничтебиз.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"









Яндекс.Метрика