2011/2012-окуу жылынын 1-сентябрында
Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгынын 20 жылдыгына жана жаңы окуу жылынын башталышына карата жалпы билим берүүчү мекемелердин (мектеп, гимназия, лицей) бардык баскычтарында (1-11-класстар) өтүлүүчү алгачкы сабактын иштелмеси

КЫРГЫЗСТАН - МЕНИН АТА МЕКЕНИМ!

Сабактын эпиграфтары: "Азия тарыхында азыркы кездеги Орто Азия чөлкөмүн мекендеген элдердин ичинен аталышы мынчалык эрте эскерилген кыргыздардан башка бир дагы эл жок".
В.В.Бартольд


Ата Мекен!
Сен ажайып керемет! -
Тоодой чалкар.
Көлдөй көркөм.
Көк асмандай кепкенен.
Жүрөгүмдөн бөлүп алгыс,
Ак дилимден сүйүүм жангыс,
Ата Мекен - Ата-энем!
А.Б.Элебесова

Билим берүүчүлүк максаты:
? Окуучуларга "гимн", "герб", "туу" ("желек") жана "конституция" түшүнүктөрү жөнүндө маалымат берүү;
? Кыргыз туусунун, гербинин жана гимнинин символикалык касиеттери жөнүндө айтып берүү.
Өнүктүрүүчүлүк максаты:
? Окуучулардын маалыматтык маданиятын калыптандыруу;
? Мамлекеттик символика жөнүндө маалыматтарга жана түшүнүктөргө талдоо жүргүзө билүүгө, алардын маани-маңызын туура жана так аныктай билүүгө үйрөтүү;
Таалим-тарбия берүүчүлүк максаты:
? Окуучуларды өз Ата Мекенинин мамлекеттик символикасын мекенчилдик рух менен таанып билүүгө үйрөтүү, Ата Мекенине сыймыктануу сезимин ойготуу;
? Чакан топтордо өз ара байланышта иштей билүү көндүмүн калыптандыруу.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуу сабагы.
Сабак өтүү ыкмасы: Таанып-билүүчүлүк маалымат берүү, топтордо иштөө, аңгемелешүү.
Сабактын планы:
1. Заманбап Кыргызстандын символдору.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
Негизги түшүнүктөр: герб, гимн, туу (желек), конституция, көзкарандысыздык, мамлекет, эгемендүүлүк.
Сабактын жабдылышы:
? Сабактын чоң ариптер менен жазылган аталышы (доскага, плакатка же слайдда);
? Кыргыз Республикасынын картасы;
? Кыргызстандын гербинин, туусунун (желек) плакаттары;
? Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин тексти, музыкалык жазмасы;
? Кыргыз Республикасынын Конституциясынын китепчеси же плакаты;
? мультимедиялык слайддар, компьютер, проектор, интерактив тактасы, доска, бор.

Сабак эки бөлүктөн турат:
I бөлүк. ЧАКАН ТОПТОРДО ИШТӨӨ.
II бөлүк. СИНКВЕЙН ТҮЗҮҮ.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ
I бөлүк. ЧАКАН ТОПТОРДО ИШТӨӨ


1. Уюштуруу иштери.
Мугалим: - Саламатсыңарбы, кымбаттуу окуучулар, - биздин сүйүктүү Ата Мекенибиздин болочок жарандары, коргоочулары.
Көптөн күткөн коңгуроо да кагылып,
Келди мына окуу жылы жаңырып!
Ошентип, биз бүгүн окуу жылынын башталышында өтүлө турган алгачкы жана эң кызыктуу сабакты - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган ачык сабакты өтөбүз. Быйылкы сабак мурдагы жылдардагыдан өзгөчө сабак болуп саналат, анткени бул сабак Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналып өтүлөт. Анда эмесе, сабакты таанышуудан баштайлы.
2. Таанышуу.
1-кадам. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналып өтүлүп жаткан "КЫРГЫЗСТАН - МЕНИН АТА МЕКЕНИМ!" темасындагы сабакты кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүү максатында мугалим окуучуларга алдын-ала даярдап, столдун үстүнө тизип койгон беш түрдүү түстөрдөгү барактардын ичинен ар кимиси өздөрү каалаган түстөгү барактарды тандап алуусун сунуш кылат.
2-кадам. Окуучулар ирети менен өздөрүнүн аты-жөндөрүн айтып таанышышат жана эмне үчүн ушул түстөгү баракчаны тандап алганын кыскача, бир сүйлөм менен айтып өтүшөт.
3. Ишке киришүү.
3-кадам. Окуучулар тандап алган түстөрү боюнча топторго бөлүнүп отурушат.
Сары түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын символдору,
Кызыл түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби,
Көк түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу,
Жашыл түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни,
Ак түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, - деп жазылган.
Таратылып берилүүчү барактардын тематикалык тексттери 4-бөлүмчөдө берилди.
4-кадам. Мугалим окуучуларды топторго бөлүнүшү менен куттуктап, ар бир топко алдын-ала даярдап койгон "белектерди" тапшырат. Ал "белектер" - Кыргыз Республикасынын символдору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тууралуу маалыматтар жазылган баракчалар. Андан соң мугалим окуучуларга тапшырманы аткарууга киришүүнү сунуш кылат. Тапшырманы аткарууга 10 мүнөт убакыт берилет.
5-кадам. Окуучуларга тапшырманын темасы алдын-ала жазылып коюлган флипчарттар жана маркерлер таратылып берилет. Окуучулар тапшырманы баракчадагы тексттин жана мурдатан окуп билген маалыматтарынын жардамы менен аткарышат. Тапшырма чыгармачылык менен ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. Мисалы, кластер, таблица, Венндин диаграммасы, синквейн, текст ж.у.с. түрүндө. Тапшырмаларды кыскача жана кызыктуу кылып даярдоого мугалим көмөктөшөт.
6-кадам. Топтор тапшырманы аткарып бүткөндүктөрүн кол чаап билдиришет. Бардык топтор толук аткарып бүтүшкөндөн кийин тапшырмаларды аткарып бүтүү ырааты боюнча ар бир топтон 1-2 өкүл чыгып, өз темаларын жакташат.
4. Таратылып берилүүчү барактардагы тексттер:
Кыргыз Республикасынын символдору (Сары түстөгү баракта)
(Плакатты же слайдды көрсөтүү)
Жер жүзүндөгү мамлекеттердин дээрлик баардыгынын тең герби, туусу (желек), гимни жана конституциясы болот. Анткени алар - мамлекеттин башкы символдору. Кыргыз Республикасынын заманбап символдору качан пайда болду эле? Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун ар биринин өз тарыхы бар. Кыргыз Республикасы 1990-жылы 31-августта көзкарандысыздыкты алгандан кийин өзүнүн эгемендүү гербине, туусуна, конституциясына жана гимнине, ошондой эле улуттук валютасына - сомго - расмий түрдө ээ болгон. Демек, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү, көзкарандысыз мамлекет болгонуна быйыл туура 20 жыл болду.
Ага чейин Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР), же кыскача Советтер Союзу деген өлкө өкүм сүргөн. Биздин Ата Мекенибиз Кыргызстан ошол Советтер Союзунун курамдык бөлүгү, тактап айтканда, он беш союздук республиканын бири эле. СССРдин жана союздук республикалардын ар биринин өз алдынча мамлекеттик символикалары бар болчу. Ал эми эгемендүү жаңы Кыргызстан үчүн жаңы символдордун болушу зарыл болду.
"Символ Sumbolon (Sumbol) деген грек тилинен алынып, белги, мүнөздүү белги, уруксат белгиси деген маанини түшүндүрөт. Көпчүлүк сөздүктөрдө символ төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт.
Символ - материалдык предметтердин жыйындысынын белгиленген элементин, белгилерди көрсөтүүдө колдонулат. Ошондой эле символ кандайдыр бир ойду, идеяны билдирет. Символ бир эле мезгилде ар түрдүү мааниге да ээ.
Биздин оюбузча, символ муундан-муунга берилүүчү буюм, нерсе, окуялардын социалдык жактан белгиленген мазмундуу мааниси: күн, тоо, дарак, туу, шакек, крест ж.б. түрүндө каралат.
Символдорду түшүнүү үчүн шарттуу түрдө аны төмөндөгүдөй топторго бөлөбүз:
1. Космостук объектилерге жана атмосфералык кубулуштарга байланышкан символдор (жылдыз, күн, ай, чагылган ж.б.);
2. Жердеги жаратылыш символдору (жаныбарлар, канаттуулар, балыктар, курт-кумурскалар, өсүмдүктөр ж.б.);
3. Адамдардын өзү менен байланышкан символдор (жүрөк, кол, көз ж.б.);
4. Адамдар жараткан искусство предметтери жана курулуштар (архитектуралык курулуштар, курал-жарактар, ритуалдык жана турмуш-тиричилик предметтери);
5. Фантастикалык жаныбарлардын символдору (ажыдарлар, бир мүйүздүү жаныбарлар, грифон);
6. Ар кандай фигура, белгилер (крест, христограмма, түстөр, сандар ж.б.);
? Плакатка (доскага) жана дептерге жазуу: Мамлекеттин символдору: гимн, герб, туу (желек); геральдика, эн тамга; символ - башкы белги, мамлекеттик символика - көзкарандысыздыктын жана эгемендүүлүктүн белгиси; сом.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (Кызыл түстөгү баракта)
(Плакатты же слайдды көрсөтүү)
Гербдерди өздөштүрүп изилдөөчү илим геральдика деп аталат.
Адамдар гербдерди качан ойлоп табышты эле? Гербдердин тарыхы жүздөгөн жылдар мурда эле башталган. Байыртадан бери эле уруу башчыларынын мураскерлери өз уруусуна башчылык менен бирге анын эн тамгасын (белгисин) кошо мурастап келишкен. Мына ошол уруулук белгилер - эн тамгалар - геральдиканын башаты болуп саналат.
Уруулардын жана уруу бирикмелеринин асабаларында (туу, желек, байрак) аларды бири-биринен айырмалап турган ар кандай сүрөттөр түшүрүлгөн.
Мугалим окуучуларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби кандай экендигин сүрөттөп айтып берүүнү сунуш кылат. Андан кийин класс менен чогуу гербдин курамдык бөлүктөрүн сыпаттап аныкташат (тоодон чыгып келе жаткан күндүн, ыйык асмандын ээси тоо бүркүтү - Манас менен Семетейдин Акшумкарынын, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун, касиеттүү Ысык-Көлдүн, буудай менен пахтанын сүрөттөлүшү, түстүн мааниси).
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Жогорку Сессиясында 1994-жылы 14-январда № 1420-XII токтому менен бекитилген. Авторлору: А.Абдраев, С.Дубанаев.
Кыргызстандын мамлекеттик символу - гербде ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосунда көк мелжиген тоону мекендеген кыргызстандыктардын бийик ой-максатын билдирген Ала-Тоо кыркалары, айкөлдүктү жана көрөгөчтүктү туюндура канат жайган тоо бүркүтү ак шумкар, жаратылыштын ажайып кооздугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символу болгон мелмилдеген Ысык-Көл, алтын нурларын чачыратып тоо башынан чыгып келаткан Күн чагылдырылган. Ал эми тегеректин жогорку бөлүгүндө "Кыргыз", төмөн жагында "Республикасы" деп жазылган.
- Мамлекеттик герб кайсы жерлерге жайгаштырылат? (Өкмөт Үйүнүн, Жогорку Кеңештин имараттарында жана башка өкмөттүк имараттарда, паспортто, мамлекеттик мөөрлөрдө, чегара түркүктөрүндө, расмий документтерде, аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларында, Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартында (туусунда) ж.б.)
??Плакатка (доскага) жана дептерге жазуу: Герб - шаардын же мамлекеттин айырмалап туруучу белгиси. Көгүлтүр Ысык-Көл жана ак мөңгүлүү Ала-Тоо - жаратылыштын ажайып сулуулугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символдору. Тоо башынан ай-ааламга алтын нурларын чача чыгып келаткан Күн - жашоонун символу. Ак Шумкар - жоомарттыктын, кыраакылыктын, тоолуу өлкөнүн жалпы жарандарынын мүдөө-максаттарынын бийиктигинин, баатырдыктын, акылдуулуктун жана сулуулуктун символу.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу (Көк түстөгү баракта)
(Плакатты же слайдды көрсөтүү)
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кызыл түсү эрдиктин жана кайраттуулуктун символун, өзүнүн нурларына бөлөнүп жаткан алтын түспөл күн тынчтыкты жана байлыкты, ал эми түндүк - ата-бабалардын үйүн, кеңири мааниде, ааламды туюндурат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурдуу алкак диаметрлеринин катышы - 3/5кө барабар. Түндүктүн диаметри нурдуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы 8-сессиясында кабыл алынган, 5-мартта Өкмөт Үйүнүн имаратында салтанат менен көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков" .
??Плакатка (доскага) жана дептерге жазуу: Кыргызстандын туусунун түсү кызыл, ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн.
Туунун түсү эмнени билдирет? Элибизде "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" деген да макал бар. Бул түс аркылуу кыргыздар сулуулукту да, уялууну да, сүйүүнү да билдирген. Мисалы, кызыл жүздүү адам, өңү кызарып кетти. Өңүнө кызыл жүгүрдү, уялганынан кызарып кетти ж.б. Негизи кызыл түс бул жылуу жана активдүү түстөрдүн бири. Жалпы эле кызыл түс өмүрдү, энергияны, күндү, отту жана жайды, ошону менен бирге ал коркунучтун болуу мүмкүндүгүн жана канды түшүндүрөт. Ал эми эмоциялык жактан ал эң күчтүү сезимдерди - сүйүүнү жана кубанычты, агрессияны жана жек көрүүнү,