Документ

1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл, 19-январдагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтому менен аныкталган билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөдө колдонулат.
2. Ушул Нускамада көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарына колдонулат.
3. Жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептер жана мектеп-интернаттар) мугалимдеринин жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынын эмгек акысынын саат боюнча өлчөмү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын педагог жана башка кызматкерлеринин ставкаларынын жана кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-18-тиркемелерине ылайык аныкталган.
4. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жыл сайын, 1-сентябрдагы абал боюнча ушул Нускаманын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилген формалар боюнча педагог кызматкерлердин тарифтик тизмелерин түзүшөт.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик тизмеде көрсөтүлгөн билими, педагогикалык ишинин стажы, илимий даражасы, ардактуу наамы боюнча маалыматтардын тууралыгы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
5. Окуу жылынын ичинде билим берүү уюмунун кызматкеринин педагогикалык иш стажы, илимий даражасы жөнүндө маалыматтар өзгөргөн же илимий даража ыйгарылган, "эл" жана "эмгек сиңирген" деген ардактуу наам берилген учурда - аларга тийиштүү кошумча акы белгиленет, ал эми "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмалоочу даража берилген учурда - эмгек акысынын өлчөмү көбөйтүлөт.
Мындай учурларда эмгек акынын өлчөмү төмөнкүдөй өзгөртүлөт;
1) педагогикалык иш стажы көбөйгөндө - эгерде документтери билим берүү уюмунда болсо, тийиштүү стажга жеткен күндөн баштап, же педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акынын өлчөмүн жогорулатууга укук берген стаж жөнүндө документ тапшырылган күндөн баштап;
2) билим алганда же билими жөнүндө документтери калыбына келтирилген учурда - тийиштүү документ тапшырылган күндөн баштап;
3) "Эл" жана "эмгек сиңирген" деген ардактуу наам, жана "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмалоо даражасы берилген учурда - берилген күндөн баштап;
4) илимий даража ыйгарылганда - Улуттук аттестациялык комиссиянын илимий даражаны ыйгаруу жөнүндө чечими чыгарылган күндөн баштап.
Кызматкерде ал кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн, ошондой эле ал убактылуу эмгекке жараксыз мезгилде эмгек акысынын өлчөмүн өзгөртүү укугу пайда болсо, өлчөмү өзгөртүлгөн эмгек акысы өргүү же убактылуу эмгекке жараксыздык аяктаган күндөн баштап төлөнөт.

2. Билимин жана педагогикалык иш стажын аныктоо тартиби

1. Педагогикалык кызматкерлердин билими окуу жайын бүтүргөнү жөнүндө документтин (диплом, күбөлүк, аттестат же күбөлүк кат) негизинде аныкталат.
Билими жөнүндө документтерин жоготуп алган билим берүү кызматкерлери аларды колдонуудагы мыйзамда белгиленген тартипте калыбына келтиришсе болот.
Билим берүү уюмдары аякташы менен педагогикалык кызматкерлерге саат боюнча акынын өлчөмүн, эмгек акынын жана кызматтык маянанын өлчөмүн билиминин деңгээлине жараша белгилөөгө укук берет:
2. Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык иш стажы билим берүү уюмуна ишке кабыл алган күндөн баштап жана андан бошогон күнгө чейин жалпы календарлык күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.
Педагогикалык иш стажга мыйзамсыз иштен бошотууга жана кийин кызмат ордун калыбына келтирүүгө байланыштуу аргасыз бош жүргөн убактысы кошуп эсептелет.
Кандай себептер боюнча болсо да (мыйзамсыз иштен бошотуу учурунан тышкары) бир иштен бошоп (окуусун аяктап) башка жумушка киргенге чейинки учурдун ортосундагы иштеги үзгүлтүк мезгил иш стажына кошулбайт.
3. Педагогикалык иш стажын аныктоо үчүн негизги документ эмгек китепчеси болот.
Эмгек китепчесиндеги жазуулар менен ырасталбаган адистик боюнча иш стажы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-июлундагы № 310 токтому менен бекитилген Пенсия чектөө үчүн эмгек стажыны ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
4. Билим берүү уюмдарында үстөк акыларды төлөө үчүн педагогикалык иш стажы жыл сайын курамына уюмдун жетекчиси, профсоюз уюмунун, билим берүү башкаруучу жогору турган органдын, кадрлар бөлүмүнүн жана педагогикалык жамааттын өкүлдөрү кирген педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
5. Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны төлөөгө негиз болуп педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссиянын чечиминен алынган көчүрмө эсептелет. Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк акы ошол үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу пайда болгон учурдан тартып төлөнөт.
Үстөк акынын өлчөмүнө таасир тийгизе турган педагогикалык иш стажы календарлык айдын ичинде өзгөргөндө үстөк акынын жаңы өлчөмү андай өзгөрүү болгон учурдан тартып белгиленет.
Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге сакталуучу орточо эмгек акы эсептелген бардык учурларда, анын ичинде өргүүдөгү же убактылуу эмгекке жараксыз учурда да эсепке алынат.
Эгерде кызматкерде педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу ал кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгилде, ошондой эле убактылуу эмгекке жараксыз мезгилде пайда болсо, үстөк акыны дайындоо аны дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып жүргүзүлөт.
Эгерде кызматкерде педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу орточо эмгек акы сакталган кызматтык милдеттерди аткаруу мезгилинде пайда болсо, үстөк акы андай укук пайда болгон учурдан тартып белгиленет жана орточо эмгек акы тийиштүү түрдө кайра эсептелет.
Кызматкер иштен бошотулганда педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы иштеген мезгилине пропорциялуу эсептелет.
Билим берүү уюмунда педагогикалык ишке тартылган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын (эки ишти айкалыштырган) кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы саат боюнча эмгек акыга карата белгиленген пайыздарда төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чек ара кызматынын билим берүү уюмдарынын жарандык персоналы үчүн (акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы №440 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынын эмгек акы шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырылчу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынан тышкары) педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөнгөн шартта аскердик-окуу жайларында үзгүлтүксүз иш стажы үчүн үстөк акы төлөнбөйт.
Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акынын өлчөмүн өз убагында кайра кароо үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
6. Педагогикалык иш стажына төмөнкүлөр кошулат:
- ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык билим берүү уюмдарындагы педагогикалык, жетекчи жана усулдук иш;
- педагог кызматкерлердин ишинин төмөнкүдөй учурларында ал учурларды өзүнчө алганда да, чогуу алганда да алардан мурда же кийин да негизги жери боюнча педагогдук иште иштеген болсо:
а) билим берүүнү башкаруу органдарында жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитеттеринде, жогорку мектепте жана илимий мекемелерде; жашы жете электердин иштери боюнча комиссияларда же жашы жете электерди социалдык-укуктук жактан коргоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИБ) жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында, милициянын балдар бөлмөсүндө жетекчи, инспектордук, инструктордук кызмат орундарда иштеген убактысы;
б) ИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында (милициянын балдар бөлмөсүндө) иш (кызмат) мезгилин да, эгерде бул мезгилге чейин педагогикалык окуу жайда окуса, ошондой эле андан кийин түздөн-түз педагогикалык иш уланса педагогикалык иш стажына кошулат;
в) өндүрүштөн ажыратуу менен педагогикалык окуу жайда окуу мезгили;
- билим берүү мекемелеринин педагог кызматкерлеринин айрым категориялары:
а) баштапкы аскердик даярдык мугалимдерине (окутуучуларына) - армияда (анын ичинде ИИБ аскеринде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскерлери менен органдарында) офицердик, сержанттык, старшиналык курамда, прапорщиктердин жана мичмандардын курамындагы кызмат орунда кызмат өтөө мезгили;
б) дене тарбия мугалимдерине жана окутуучуларына - спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу катары иштеген мезгил;
в) спорттук профилдеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттардын хореография жана ритмика мугалимдерине, көркөм өнөр мектептеринин, музыкалык жана сүрөт мектептеринин окутуучуларына - балеттин, эстрадалык-спорттук жанрдын же оркестрдин артисти, балетмейстер, хормейстер, концертмейстер, хореограф, режиссер, дирижер, сүрөтчү, маданий-агартуу мекемелеринде хореографиялык, акробаттык, музыкалык, сүрөт ийриминин жетекчиси катары иштеген мезгил;
г) билим берүү уюмдарынын атайын сабактарынын окутуучуларына жана өндүрүштүк окутуу устаттарына - ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда окуткан сабактарынын профилиндеги адистиктер боюнча иштеген мезгил;
д) ийримдердин, секциялардын жетекчилерине - ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда ийримдин профилине тийиштүү адистикте иштеген мезгил;
ж) дефектолог-мугалимдерге, логопеддерге, сурдопедагогдорго, тарбиячыларга, мугалимдерге - клиникаларда, поликлиникаларда, ооруканаларда, ошондой эле чоңдор үчүн мекемелердеги балдар бөлүмдөрүндө, палаталарда педагогикалык иште иштеген мезгил.
Мында педагогикалык стажга педагогикалык иш аткарылган айлар гана кошулат.
Ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, билим берүү уюмдарында сабак берген кызматкерлерге педагогикалык стаж, эгерде алардын окутуу ишинин көлөмү жылына кеминде 240 сааттан кем болбосо, кошуп эсептелет.
Мында алардын педагогикалык ишинин стажына алар педагогикалык иш жүргүзгөн айлар кошулат.
Директорлорго (ректорлорго) жана директордун орун басарларына (проректорлорго), директордун финансылык-чарбалык иш боюнча орун басарынан (проректорунан) башкаларына педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы негизги кызмат орду боюнча төлөнөт.
Эки ишти айкалыштыруу менен педагогикалык иш жүргүзгөн педагог кызматкерлерге үстөк акы айкалыштырган кызмат орду боюнча да төлөнөт.
Мында педагогикалык жүк үчүн үстөк акы белгилене турган негизги жана айкалыштырган кызмат орду боюнча педагогикалык жүктүн жалпы көлөмү эмгек акынын ставкасынан жана жалпы билим берүү уюмдарында жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдарда сабактык, даярдануу жана сабактан тышкаркы иштин 32 саатынан, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 сааттан, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 сааттан ашпоого тийиш.
7. Билим берүү уюмдарынын педагог кызматкерлерине кызматтык (тарифтик) маянасына жана ставкасына (жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына 32 саат сабактык (окутуучулук), даярдык жана сабактан тышкары иш, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 саат, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 саат үчүн) - 5 жылдык педагогикалык иш стажы үчүн он пайыз, 10 жыл үчүн - жыйырма пайыз, 15 жана ашык жыл үчүн отуз пайыз өлчөмдө үстөк акы белгиленет.

3. Билим берүү уюмдарынын жетекчи кызматкерлеринин кызматтык маяналарын аныктоо тартиби

1. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган окуучулардын (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти эске алынат.
2. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти жыл сайын төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
а) бардык типтеги жана аталыштагы мектептер, мектеп-интернаттар, баштапкы кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары боюнча - окуу жылынын башында окугандардын (тарбиялануучулардын, студенттердин) тизмедеги курамы боюнча.
Жалпы билим берүүчү мектептерде кечки класстардын окуучуларынын контингенти директордун жана ал класстарга жетекчилик кылуу жүктөлгөн анын орун басарынын маянасын аныктоодо 0,5 коэффициент менен, ал эми ошол мектептердеги сырттан окуу бөлүмдөрүнүн контингенти 0,4 коэффициент менен директордун гана маянасын аныктоодо эске алынат.
Окутуу күндүз жана сырттан же жалаң гана сырттан жүргүзүлгөн кечки (нөөмөттүк) жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо окуучулардын контингенти, анын ичинде сырттан окуган окугандардын контингенти адамдын саны менен (б.а. коэффициенттерди эске албастан) эсепке алынат.
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо интернаттарда жашаган (анын ичинде башка мектептерде окуган) жана жашабаган тарбиялануучулардын контингенти 1,0 коэффициент менен, ал эми келип-кетүүчү окуучулардын контингенти 0,5 коэффициент менен эсепке алынат;
б) мектепке чейинки билим берүү уюмдары, балдар үйлөрү жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары боюнча - тарбиялануучулардын (балдар, окуучулар) 1-январдагы тизмедеги курамы боюнча.
3. Бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин, мектеп-интернаттардын, баштапкы кесиптик билим берүүчү, орто кесиптик билим берүүчү жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин кызматтык маяналары окуу жылынын ичинде окуучулардын (тарбиялануучулардын, студенттердин) саны өзгөргөнүнө байланыштуу, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналары календарлык жыл ичинде тарбиялануучулардын (балдар, окуучулар) саны өзгөргөнүнө байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
Кечки (нөөмөттүк) жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин кызматтык маяналары жылына эки жолу - окуу жылынын биринчи жарымынын башында жана экинчи жарымынын башында иш жүзүндөгү контингентке негизденүү менен белгиленет.
4. Директордун окуу иши боюнча орун басарынын бирден ашык кызмат орду белгиленген мектептерде алардын биринин кызматтык маянасынын өлчөмү мектептеги окуучулардын жалпы санына, ал эми экинчисиники - өзү тескеген класстардагы окуучулардын санына жараша аныкталат.
5. Балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын кызматтык маяналары 1 ден 11-класска чейинки окуучулардын контингентин эске алуу менен белгиленет.
Мында иштеп жаткан жаштардын класстарынын жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн окуучуларынын контингенттери эсепке алынбайт.

4. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана кошумча акысы

1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасы, "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдары бар педагог кызматкерлерге жана билим берүү уюмдарынын илимдин доктору жана кандидаты деген илимий даражасы бар кызматкерлерине үстөк акы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
2. Педагог жана башка кызматкерлерге ардактуу наамдары үчүн эки жана андан ашык негиздер боюнча үстөк акы белгилөө жана эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу каралган учурларда эмгек акы ар бир негиз боюнча өзүнчө жогорулатылат.
3. Айыл жана шаар жеринде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) жана айыл жеринде окутуу орус тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде орус тил жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) окутуу (окутуучулук) иши үчүн саат боюнча эмгек акынын өлчөмү жалпы билим берүүчү мектептердин, кесиптик лицейлердин мугалимдеринин, окутуучуларынын тийиштүү билим деңгээли менен (окутуучулук) иши үчүн саат боюнча белгиленген эмгек акысынын өлчөмүнөн 15%га жогорулатылат.
4. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жумасына 20 сааттык окутуу (окутуучулук) иши үчүн, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына жумасына 30 саат үчүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына жумасына 36 саат жана айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын педагог кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкасы үчүн айына 1000 сом өлчөмдө кошумча акы белгиленет.
Эгерде мугалим (окутуучу) же тарбиячы ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө аныкталгандан көбүрөөк же азыраак окутуу (окутуучулук) ишти аткарса, анда айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы тийиштүү түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.
1-мисал.
Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы жумасына 36 сааттык көлөмдө окутуу ишин аткарат. Бул тарбиячынын айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 36 саат : 36 саат = 1000 сом.
2-мисал.
Москва районунун Төмөн-Суу айылындагы орто мектептин мугалиминин жумасына 18 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар. Бул мугалимдин айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 18 саат : 20 саат = 900 сом.
3-мисал.
Военно-Антоновка балдар үйүнүн мугалиминин жумасына 36 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар. Бул мугалимдин айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 36 саат : 30 саат = 1 200 сом.
4-мисал.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы №5 бала бакчанын тарбиячысынын жумасына 30 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар. Бул мугалимдин айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 30 саат : 36 саат = 833,33 сом.
Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине (жетекчинин финансылык-чарбалык иш боюнча орун басарынан башкаларына) айыл жериндеги иши үчүн үстөк акы (1000 сом өлчөмдө) эгерде алар толук ставкада иштешсе негизги кызмат орду боюнча төлөнөт.
Мындан мурдагы сүйлөмдө көрсөтүлгөн жетекчилер толук эмес ставкада иштеген шартта аларга окутуу (окутуучулук) жумушунун иш жүзүндөгү сааттары үчүн, айыл жериндеги тарбиячынын иши үчүн үстөк акы төлөнөт, мында үстөк акынын жалпы суммасы айына 1000 сомдон ашпоого тийиш.
"Айыл жериндеги жайгашкан билим берүү уюмдары" түшүнүгүн аныктоодо "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
5-беренесинн таянуу алуу керек.
5. Бийлик тоолуу шартта жана алыскы жерлердеги иш үчүн, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жана "улуттук" статусу үчүн кошумча жана үстөк акылар Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Эскертүү: Бийлик тоолуу шартта жана алыскы жерлердеги иш үчүн педагогикалык кызматкерлерге үстөк акы ставка үчүн - жалпы билим берүүчү уюмдардын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн - 32 сааттык сабактык, даярдоо жана сабактан тышкаркы иш үчүн, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 саат үчүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 саат үчүн кошуп эсептелет.
6. Билим берүү уюмдарында бюджеттик каражаттардын эсебинен дем берүүчү эмгек акы фонду түзүлөт:
- 2011-жылдын 1-майынан тартып - кызматкерлердин эмгек акысынын жалпы фондунун 10 пайыз өлчөмүндө;
- 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып 20 пайыз өлчөмүндө, мында 10 процентке чейинкиси билим берүү уюмдарынын структурасын жана тармагын, окуу пландарын жана программаларын оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулчу каражаттардын эсебинен.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөө иштин натыйжасы жана сапаты үчүн дифференциялуу өлчөмдө төлөнөт жана гарантияланган эмгек акы болуп саналбайт.
Дем берүүчү эмгек акы фондунан төлөмдөрдүн конкреттүү өлчөмүн белгилөө жөнүндө чечимди мектептин педагогикалык жамааты ушул Нускаманын 4-тиркемесинде аныкталган тартипте кабыл алат, мында бир кызматкерге төлөмдүн өлчөмүнө чек коюлбайт.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөмдөр кварталдагы иштин жыйынтыгы боюнча жылына төрт жолу берилет.

5. Эмгек акыны эсептөө тартиби

Билим берүү уюмунун мугалиминин эмгек акысы сабактык, даярдык жана сабактан тышкары иш жана чеберчиликти жогорулатуу боюнча иш үчүн төлөнгөн акыдан куралат.
Жалпы билим берүүчү мектептер боюнча окуу жүгүнүн жалпы көлөмү класстарды чакан топторго бөлүүнү эске алуу менен жыл сайын бекитилген окуу планынын негизинде аныкталат.
5.1. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин даярдык иштерине жумуш убактысын сарпташын ченемге салуу
Жалпы билим берүү уюмдары боюнча даярдык иштерине сааттардын жалпы саны базалык окуу планы (айрым сабактарды окууда чакан топторго бөлүүнү эсепке албаганда) боюнча окуу жүгүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин саат боюнча эмгек акысынын наркы билим берүүгө жараша төмөнкү өлчөмдөрдө (сом менен) белгиленген:
Эскертүү: Орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин саатынын наркын аныктоодо кесиптик орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин сааттык ставкасынан 0,7 коэффициент колдонулат.
Мугалимдин сабакка даярдануусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сабакка даярдануу;
- лабораториялык жана практикалык иштерге даярдык;
- жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүү;
- которулма жана жыйынтыктоочу сынактарга даярдануу жана өткөрүү;
- сабак боюнча календарлык жана окуу-тематикалык пландарды жазуу;
- кабинетти жасалгалоо жана ага башчылык кылуу.
Ар бир мугалимге жумасына 20 сааттык жүк болгондо сабактарга даярданууга 2 саат бөлүнөт.
Эгерде мугалим жумасына 20 сааттан ашык же кем сабак өтсө сабакка даярдануу убактысы ага пропорциялуу көбөйөт же азаят.
Мында физикалык көрсөткүчүнүн мааниси (сааттын саны) бүтүн бирдиктер менен көрсөтүлөт. Сааттын жарымынын жана андан ашыгынын мааниси бирдикке чейин тегеректелет, сааттын жарымынан төмөнкү мааниси алып салынат.
1-мисал.
Мугалимдин жумасына 22 сааттык окуу жүгү бар, сабактарга даярдануу убактысы мындай болот:
(22 саат /20 саат)х2 саат =2,2 саат = жумасына 2 саат.
2-мисал.
Мугалимдин жумасына 8 сааттык окуу жүгү бар, сабактарга даярдануу убактысы мындай болот:
(8 саат /20 саат)х2 саат =0,8 саат = жумасына 1 саат.
Мугалимдер алмаштыруу иретинде берген сабактардын сааты, даярдануу иштерине кеткен жумушчу убакыттын сааты пропорциялуу эсептелет.
Жазуу иштерди текшерүүгө жумушчу убакыттын сарпталышы мугалимдин жумасына (5-11-класстарда) 20 сааттык окутуу жүгүн эске алуу менен эсептелет. Убакыттын нормасы берилчү сабактын өзгөчөлүгүнө, класстагы окуучулардын санына жана жазуу иштерди текшерүүгө коюлган талаптарга жараша болот, аларды мугалим окуу жылдын ичинде аткарууга тийиш.
Жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүүгө мугалимге төмөнкүдөй убакыт бөлүнөт:
- башталгыч класстарга - мугалимдин класстагы сабактык жүгүнө карабастан жумасына 4 саат, класста 15 окуучудан кем болсо, 2 саат;
- окутуу кыргыз тилиндеги класстарда кыргыз тили жана адабиятына, окутуу орус тилиндеги класстарда орус тили жана адабиятына, окутуу өзбек тилиндеги класстарда өзбек тили жана адабиятына, окутуу тажик тилиндеги класстарда тажик тили жана адабиятына - жумасына 4 саат, класста 15 окуучудан кем болсо - 2 саат;
- математикага - 3 саат, класста 15 окуучудан кем болсо - 2 саат;




- окутуу орус, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда кыргыз тилине, окутуу кыргыз, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда орус тилине, чет тилдерге - класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына 2 саат;
- физика, химия, биология, география, информатика жана технологияга - класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына 1 саат.
Эгерде мугалим жумасына 20 сааттан ашык сабак берсе, анда дептер текшерүүгө убакыттын сарпталышы пропорциялуу көбөйөт. Мында сааттын саны бүтүн бирдиктер менен көрсөтүлөт. Сааттын жарымынын жана андан ашыгынын мааниси бирдикке чейин тегеректелет, сааттын жарымынан төмөнкү мааниси алып салынат.
1-мисал
Мугалим жумасына 22 саат кыргыз тилин окутат, дептер текшерүүгө убакыт: (22:20) х 4 саат =4,4 саат = жумасына 4 саатты түзөт, мында 4,3 - айдагы апталардын орточо саны.
Мугалимдер алмаштыруу иретинде берген сабактардын сааты, даярдануу иштерине кеткен жумушчу убакыттын сааты пропорциялуу эсептелет.
Календарлык жана окуу-тематикалык пландарды жазуу, кабинеттерди жасалгалоо, көчүрүү жана жыйынтыктоочу сынактарга даярдануу жана өткөрүү боюнча иштер каникул учурунда жасалат, ошондуктан кошумча акы төлөнбөйт. Каникул учурунда мугалимдердин эмгек акысы сакталып турат.
Даярдык көрүү иштерине жумуш убактысынын сааттары ар бир мугалимге окуу жылынын башында мектептин директорунун буйругу менен белгиленет. Окуу жылынын ичинде мугалимдин сабактык жүгү өзгөрүлгөндө даярдык көрүү иштерине сааттардын саны кайра каралат.
5.2. Жалпы билим берүү уюмдарында мугалимдердин сабактан тышкаркы иштерге жана чеберчилигин жогорулатууга жумуш убактысын сарптоону ченемге салуу
Жалпы билим берүү уюмдарында сабактан тышкаркы иштер жана чеберчиликти жогорулатуу боюнча сааттардын жалпы саны базалык окуу планы (айрым сабактарды окууда чакан топторго бөлүүнү эсепке албаганда) боюнча окуу жүгүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш.
Гимназияларда жана лицейлерде ийримдерди, клубдарды, студияларды, илмий коомдорду, спорттук жана башка бирикмелерди уюштуруу үчүн, ошондой эле жогорку квалификациядагы адистер менен келишимдин негизинде айрым лекцияларга, циклдерге, курстарга акы төлөө үчүн мугалимдердин кошумча бөлүнчү ставкалары жалпы билим берүүчү уюмда сабактан тышкаркы ишке жана чеберчиликти жогорулатуу боюнча ишке каралган сааттардын жалпы санынын чегинен сырткары эсепке алынат.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин сабактан тышкаркы иштерге жана чеберчиликти жогорулатууга саат боюнча эмгек акысынын наркы билимине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө (сом менен) белгиленген:
Эскертүү. Орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин саатынын наркын аныктоодо кесиптик орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин сааттык ставкасынан 0,7 коэффициент колдонулат.
Мугалимдин сабактан тышкаркы иши төмөнкүлөрдү камтыйт:
- класска жетекчилик;
- насаатчылык;
- мектептик (райондук) усулдук бирикмелерге жетекчилик;
- ийримдик иш;
- башка сабактан тышкаркы иш (сабактан жетишпеген жана зээндүү балдар менен иштөө, тарбиялоо иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү).
Мектепте сабактан тышкары иштердин конкреттүү тизмесин мектептин педагогикалык кеңеши бекитет. Сабактан тышкары жүк жалпы билим берүү уюмунун директорунун буйругу менен жана окуу жылынын башында мугалимдин макулдугу менен бөлүштүрүлөт.
Мугалимдин класста окутуу ишинде жумасына 20 саатка чейин жүк берүү мүмкүн болбогондо ал кошумча түрдө сабактан тышкары иш жүргүзө алат.
Мугалимдин сабактан тышкаркы ишине жумуш убактысынын сарпталуу ченеми төмөнкүлөрдү түзөт:
а) класска жетекчилик - жумасына 4 саат.
б) насаатчылык - бир жаш мугалимге жумасына 2 саат.
в) мектептик (райондук) усулдук бирикмеге жетекчилик - жумасына 2 саат.
г) ийримдик иш - жумушка убакыт сарптоонун фактысы боюнча.
д) сабактан тышкаркы башка иш - мектептин педагогикалык кеңешинин чечимине ылайык.
Сабактан тышкаркы ишти биринчи кезекте сабактык жүгү кыйла аз мугалимдердин ортосунда бөлүштүрүү керек.
Чеберчиликти жогорулатуу боюнча иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сабакка дидактикалык жана усулдук материалдарды даярдоо;
- ачык сабакка даярдануу жана өткөрүү;
- конференцияларга, семинарларга жана усулдук кеңештерге докладдарды жана сүйлөөчү сөздөрдү даярдоо.
Жумасына кеминде 6 сааттан кем эмес педагогикалык иш жүргүзгөн ар бир мугалимге, ошондой эле жетекчи жана администрациялык-чарбалык жана окуу-көмөкчү персоналдын ичинен башка кызматкерлерге бул максаттар үчүн сабактык жүгүнө карабастан жумасына 2 саат бөлүнөт.
5.3. Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларынын жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын окутуучуларынын эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларынын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын эмгек акылары алардын сааттык ставкасынын өлчөмүн айлык иш жүзүндөгү жүгүнө көбөйтүү менен аныкталат.
Жалпы билим берүүчү уюмдун мугалиминин факт жүзүндө иштеген убактысы Жумуш убактысын эсепке алуу табелинде (ушул Нускаманын 5-тиркемеси) чагылдырылат.
1-мисал.
Шаардык мектептин 2-классынын атайын орто билимдүү жана 12 жыл педагогикалык стажы бар мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 20 саат сабак өтүү(окутуучулук иш);
- 12 сааттык даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 6 - саат сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
(20 сааттык сабактык иш х 40 сом + 6 саат даярдык иштери х 40 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 20 сом) х 4,3 жума = ( 800 сом + 240 сом +120 сом) х 4,3 жума = 4988 сом + 4988 х 20% (педагогикалык иш стажысы үчүн кошумча акы) = 4988 сом + 997,6 сом +500 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 6 485,6 сом.
2-мисал.
Жогорку билими жана 17 жыл педагогикалык стажы бар айылдык мектептин физика мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 22 саат сабак өтүү (окутуучулук иш);
- 10 сааттык даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 4 саат - сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
(22 сааттык сабактык иш х 45 сом + 6 саат даярдык иштери х 45 сом + 4 саат сабактан тышкаркы иш х 22,5 сом) х 4,3 жума = ( 990 сом + 270 сом + 90 сом) х 4,3 жума = 5 805 сом + 5805 сом х 30% + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 22 саат : 20 саат = 5 805 сом + 1741,5 сом + 1 100 сом + 300 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 8 946,5 сом.
3-мисал.
Жогорку билими жана 1,5 жыл педагогикалык стажы бар шаардык мектептин химия мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 20 саат сабак өтүү (окутуучулук иш);
- 12 сааттык даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 6 саат сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
(20 саат сабактык иш х 45 сом + 6 саат даярдык иштери х 45 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 22,5 сом) х 4,3 жума = (900 сом + 270 сом + 135 сом) х 4,3 жума = 5 611,5 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы каралган эмес).
4-мисал.
Жогорку билими жана 5 жыл педагогикалык стажы бар айылдык мектептин тарых мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 20 саат сабак өтүү (окутуучулук иш);
- 12 саат даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 6 саат сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
(20 саат сабактык иш х 45 сом + 6 саат даярдык иштери х 45 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 22,5 сом) х 4,3 жума = (900 сом + 270 сом + 135 сом) х 4,3 жума = 5 611,5 сом + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 20 саат : 20 саат + 5 611,5 сом х 10% (педагогикалык стаж үчүн кошумча акы ) = 5611,5 сом + 1000 сом + 561 сом + 2000 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы ) = 9 172,5 сом.
Реабилитациялык топтору бар башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдарда директордун, башкы бухгалтердин, директордун социалдык жактан корголбогон контингент менен иштөөчү орун басарынын кызматтык маяналары 20 адамга чейинки контингентте тийиштүү кызматкерлердин кызматтык маяналарынан 10 пайызга жогору жана контингент 20 адамдан ашык болсо - 25 пайызга жогору белгиленет.
Жазаны аткаруу мекемелериндеги башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналары жана окутуучулардын саат боюнча акысынын өлчөмдөрү башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынан жана окутуучуларынын саат боюнча эмгек акысынын өлчөмүнөн 25 пайызга жогору белгиленет.
Башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын жетекчи, педагог жана башка кызматкерлерине кызматтык маянасын жана саат боюнча эмгек акысынын өлчөмүн эки же андан ашык негиз боюнча жогорулатуу каралган учурда жогорулатуу ар бир негиз боюнча өзүнчө ишке ашырылат.
5.4. Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагог кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби
1. Педагог кызматкерлерге эмгек акынын ставкасы төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
а) мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жумасына 20 сааттык окутуу иши;
б) орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жылына 720 сааттык окутуу иши.
Эгерде окутуучуда жумалык (жылдык) окуу (педагогикалык) жүгү ушул пункттун а) жана б) пунктчаларында аныкталгандан көп же аз болсо, анда эмгек акы тийиштүү түрдө көбөйөт же азайат.
Мисал.
Бишкек шаардык пионерлер үйүнүн жогорку билимдүү окутуучусунда 22 саат көлөмдө жумалык жүгү бар.
Педагогикалык иш үчүн бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
5 500 сом х 22 саат : 20 саат = 6050 сом.
2-мисал.
Бишкек техникалык колледжинин жогорку билимдүү окутуучусунда жылдык жүк 648 саат көлөмдө.
Окутуучулук иш үчүн бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
5 500 сом х 648 саат : 720 = 4 950 сом.
2. Кызматтык маяна төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
а) жумасына 40 сааттык иш - баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында өндүрүштүк окутуу устаттарына;
б) жылында 850 сааттык окутуу иши - улук (илимий даражасы жок) окутуучуларга жана окутуучуларга (ассистенттерге), 800 саат - улук (илимий даражасы бар) окутуучуларга жана доценттерге, 750 саат - профессорлорго.
Педагогикалык кызматкерлер арасында окутуу (педагогикалык) жүк окуу планы боюнча сааттардын санына, ошол окуу жайда педагогикалык кадрлар менен камсыз болууга жана башка шарттарга жараша бөлүштүрүлөт.
Айрым сабактар боюнча мугалимдердин саны жетишсиз болгондо жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин сабактык жүгү жумасына 25 саатка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Мында даярдык жана башка иштерге жумуш убактысын сарптоону эске алганда мугалимдин максималдуу жүгү жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын максимум жүгү жумасына 54 сааттан, бардык типтеги жана аталыштагы балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиячыларыныкы - жумасына 45 сааттан, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларыныкы жумасына 36 сааттан, кесиптик орто билим берүү уюмдарынын окутуучуларыныкы окуу жылында 1080 сааттан ашпоого тийиш.
Алмашуу иретинде мугалим берген сабактык иштин акысы мугалимдин билимине ылайык саат боюнча ставкасы боюнча төлөнөт.
Мисал.
Жогорку билими бар мугалим алмашуу иретинде 36 сааттык сабак берди. Анын эмгек акысы: 36 * 45 сом = 1620 сомду түзөт.
Сабактарды алмашуу үчүн акы төлөө 2 айдан (мугалим декреттик өргүүдө болгондо 4 айдан) ашпайт.
Жаңы окуу жылына сабактардын жүгүн бөлүштүрүү укугу мектептин кесиптик бирлик уюму менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмунун директоруна таандык.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 7-тиркемелеринде каралган мугалимдердин эмгегине саат боюнча акынын жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү базалык окуу планы боюнча жана киши башына каржылоо шартында иштеген билим берүү уюмдарына колдонулат.
Гимназиялык жана лицейлик класстарда мугалимдердин жана тарбиячылардын кесиптик лицейлердин окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын саат боюнча эмгек акысынын жана мектеп-гимназиялардын (интернат-гимназиялар) жана мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлер) кесиптик лицейлердин жетекчилердин кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 1, 4, 7 жана 10-тиркемелеринде аныкталган билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын саат боюнча эмгек акысынын жана жетекчилеринин, өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналарынын өлчөмүнөн тийиштүү түрдө 1,15 жана 1,20 коэффициент менен төлөнөт.