"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o


деңгээлдин тунук күзгүсү
Өткөн жумада Улуттук тест жүргүзүү борборунун кызматкерлери пилоттук район катары Москва районунун мектептеринин 9-класстары үчүн өткөрүлгөн мамлекеттик жыйынтык аттестациясында жогорку балл алган окуучуларга сертификат тапшырды.

Улуттук тест жүргүзүү борбору тарабынан сунушталып жаткан стандарттуу тест формасындагы мамлекеттик жыйынтык аттестациясынын (МЖА-9) жаңы модели 9-классты аяктап жаткан окуучуларга арналган. УТБ бул долбоордун жардамы менен бүтүрүү экзамендеринин коомдук маанисин жогорулатууну жана окуучулар үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу чөйрөдө өткөрүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.
Мамлекеттик жыйынтык аттестациясына даярдыктар Улуттук тест жүргүзүү борбору жана Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Ал даярдыктарга маселен аттестацияга катышкан аймактарды жана тестирлөө пункттарын аныктоо иштери камтылган. Ошондой эле окуучулар тууралуу бардык маалыматтар жазылган каттоо барактары түзүлгөн. Баардыгы болуп алты тестирлөө пункту уюштурулган.
Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайыл Иманалиевдин маалыматы боюнча аттестацияга 1356 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин текшере алышты.
- Министрдин буйругуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-18-майында биздин райондо 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик жыйынтык аттестациясын өткөрдүк. Буга 1356 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук тест жүргүзүү борборунун өкүлдөрү эң жакшы жана жакшы деген бааларга тапшырган балдарга сертификат даярдашкан. Жогорку балл алган окуучулардын жалпы саны 87 болду, алардын ичинен 10 бала эң мыкты деген баага татыктуу деп табылды. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыктан, бир аз толкундандык. Окуучулар эле эмес, мугалимдер да, балдардын ата-энелери тынчсызданып жаттык. Ошого карабастан окуучулар жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Жалпысынан бул көрсөткүч жаман эмес деп ойлойм.
Тестирлөөнүн артыкчылыгы - биздин окуучулар 5 сааттын ичинде төрт предмет боюнча өзүбүздүн билим деңгээлибизди текшерип алдык деп кубанып жатышат. Мен да аларга кошулам. 9-класстын окуучулары үчүн эле эмес, 10-класстын окуучулары үчүн да өткөрсөк, кийин 11-класска келгенде, өзгөчө аттестат алууга талапкер болуп жаткан окуучулардын билим деңгээлин аныктоодо мугалимдер үчүн жеңил болмок, - деп өз пикирин билдирди билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Иманалиев.
Москва районундагы Тилекмат атындагы орто мектебинин директору Эркинбек Сатиев бул долбоордун төмөнкүдөй артыкчылыктарын белгиледи:
- Долбоордун бизге жакканы - саналуу окуучулардын билим деңгээли бааланбастан, жалпы окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга түздөн-түз шарт түзүлүп жатканы болду. Бизде көбүнчө мугалимдер жакшы окуган саналуу окуучулар менен эле кете беришет эмеспи. Мында болсо жалпы мугалимдердин өз предметине жоопкерчилиги артат экен. Үчүнчүдөн, мектеп, окуучулар менен бирдикте ата-энелердин да катышуусу жогорулаганын байкадык. Баласынын мыкты жетишкендиктери үчүн ата-энеси жакшылап шарт түзүп, мектеп менен тыгыз иштесе, долбоор өз максатына жетет деп ойлойм. Балдардын колуна тийген ушундай сертификаттар ийгиликтерге шыктандырат деп ишенем. - дейт Э.Сатиев.
Садовое айылындагы Мирошниченко атындагы орто мектептин окуучусу Арстанбек уулу Айбек эң жогорку 120 балл алууга жетишти.
- Мага тестке катышуу жеңил эле болду. Тесттин түзүлгөнү да жакты. Маселен, математика боюнча бир саат берилсе, мен жарым саатта эле даяр болуп калдым. Мен 11-классты аяктагандан кийин так илимдер жагына барам го, маселен, архитектор же инженер болсом дейм. Жакшы тапшыргандар экзаменде бошотулат деген шарт жакты. Мен Москвада окуп калгам, бул жакка келгенде да мугалимдердин жардамы менен тияктагыдай маалымат алып окуп жатам, - деди Айбек.
Ушундай эле жогорку балл алууга жетишкен Ак-Суу айылындагы ?1 мектебинин окуучусу Утенова Чолпон бул системанын аябай жаккандыгын, анын бул жетишкендиктерине мугалимдердин салымдары чоң экендигин айтты:
- Биринчиден, биз өзүбүздүн билим деңгээлибизди акыйкат текшере алат экенбиз. Бул үчүн мугалимдериме, класс жетекчиме чоң рахмат айтып кетким келет. Алган сертификатым - мен үчүн аябай маанилүү. Мен өзгөчө ыраазычылыгымды класс жетекчим Еркач Юрий Владимировичге билдиргим келет. Ал бизди дайыма күчтүү, туруктуу инсан катары чыдамкайлыкка, эмгекке тарбиялаганга аракеттенип, эч качан биз үчүн күч-аракетин, убактысын аябайт, - дейт ал кубанып.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика