presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кароо-сынак

Өнөрүң болсо өргө чап!
Нарын шаарында жыл сайын өткөрүлүп жаткан "Жаш талант" кароо-сынагы өнөрлүү балдарга бапестеп камкордук көрүүнүн чыныгы өрнөктүү салтына айланды. Быйыл апрель айында өткөн кароо-сынак Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналды.


Кароо-сынакка Нарын облусунун бардык райондорунан жаш таланттар катышып, дастан айтуу, манас айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, сүрөт, ыр жана бий боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кароо-сынакты "Балтаттуу" бейөкмөт коомдук бирикмеси уюштуруп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектерди жана атайын ардак грамоталарды тапшырды. Ошону менен бирге аталган коомдук бирикменин төрайымы, саясат таануу илиминин доктору, Дипломатиялык академиянын профессору Гүлмира Мамбеталиева Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун жана өзүнүн атынан куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Ооба, талант, өнөр - улуу касиет. Ошол талант менен өнөрдүн элибизге жетишине өбөлгө түзүп, жалпы эле маданиятыбыздын өнүгүшүндө да бул аталган коомдук бирикме жакындан жардам көрсөтүп, таланттарды таптап, бапестеп өстүрүп келатат.
Ар бир баланын Жараткан берген таланты, өнөрү менен чыгармачылыгы айкалышса, көчөдөгү терс таасирлерден оолак болуп, эли-жерине, ата-энесине күйгөн, элибиздин керегине жараган адамдык мыкты сапаттагы уул-кыздар болуп тарбияланышына эч күмөн жок. Демек, мындай иш-чаралардын дайым өткөрүлүп турушунун тарбиялык мааниси өтө чоң.
Замандын шарапаты менен жаштардын жүрүм-туруму, аң сезими, туюму Батыштын таасирине берилип бараткан мезгилде жаштар арасында ушундай кароо-сынактардын өтүп турушу улуттук нарк-насилдерибиздин, мурастарыбыздын, маданиятыбыздын сакталып, келечек муундарга берилүүсүнө зор салым кошот.
Нарын дубанынын бардык аймактарынан келген жаш таланттардын дастан айтуусун, манас айтуусун көрүп отуруп, жан дүйнөң зоболоп, рухубуздун бийиктигине, көрөңгөсү бөксөргөнүнө ынанып, улуу өнөрдү бизге жеткирген ата-бабаларга таазим этесиң.
"Жаш талант - 2011" кароо-сынагынын шарты боюнча манасчылар, дастанчылар, улуттук аспапта ойногондор, сүрөтчүлөр, ырчылар жана бийчилер өз-өзүнчө өнөрлөрүн көрсөтүшүп, 1, 2 жана 3-орундарга ээ болушту. Кочкор районунан келген 13 жаштагы Абылабек уулу Данияр Гран-прини жеңип алып, ардак грамота жана түстүү телевизор менен сыйланды. Ал эми 1, 2 жана 3-орунду жеңип алгандар да атайын ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле кароо-сынактын катышуучуларына, калыстарына Нарын шаарынын мэриясы да ардак грамоталарды тапшырды.
Дастанчылардын арасынан 1-орунга Нарын аймагынан келген 15 жашар Абдылда уулу Болот, манасчылардан 1-орунга Нарын аймагынан 15 жашар Беккул уулу Салават, улуттук аспаптарда ойноо боюнча 1-орунга Нарын шаарынын 15 жашар Мусабеков Бекбол, кол өнөрчүлүк - айкелчилик боюнча 1-орунга Нарын аймагынан 14 жашар Орозбек уулу Бекболот, ыр боюнча 1-орунга Нарын аймагына 16 жаштагы Бектур уулу Улук, улуттук бий боюнча 1-орунга Кочкор аймагынан келген "Асел" тобу, сүрөт боюнча 1-орунга Кочкор аймагынан Сапарбек кызы Алина татыктуу болушту.




"Менин шакиртим Данияр Гран-прини жеңип алды"
- Мен бул кароо-сынакка 18 баладан турган комузчулар ансамблин алып келгем. Бул ансамблдин башында Абылабек уулу Данияр турат. Балдар-кыздар азыр жаш, бирок өтө зирек, таланттуу. Булардын чыгармачылыгынын үстүндө иштеп, дагы даярдаса келечекте кыргыздын таланттуу ырчы, комузчулары болот деп ишенем. Ансамблдеги балдар-кыздарды кароо-сынактын бардык номинацияларына даярдап келдим. Данияр былтыр ушул жерден 1-орунду жеңип алган эле, эми быйыл Гран-прини жеңип отурат. Ошол былтыр 1-орунду алгандан тартып телеге да чыгып жүрөт. Буга чейин мен даярдап, жеңишке жетишкен балдарды "Балтаттуу" бейөкмөт коомдук бирикмесинин төрайымы Мамбеталиева Гүлмира Түркияга эки жолу эл аралык фестивалга алпарып келди.


Зайнидин Иманалиев, Кочкор району
"Улуттук бийлерге жаңылануу киргизсек деп ойлоп жатабыз"
- Мен 14 кыздан турган "Периште" деген бийчилер тобун алып келдим. Аткарган бийибиз "Улуу көч" деп аталат. Кыргыздын улуттук бий, күүлөрүн үгүттөө максатында жаңыча иштеп чыгып, бийлөөдөбүз. Бул бийчилер тобу райондук ар кандай иш чараларды өз өнөрлөрүн көрсөтүп келишет. Район боюнча мектептер арасындагы таланттардын арасында өзгөчөлөнүп, биринчи орунду жеңип алышкан. Алдыда көптөгөн изденүүлөрүбүз бар. Кыргыздын улуттук бийлерине жаңылануу киргизсек деп ойлоп жатабыз. Репертуарыбызда кыргыз бийлери жана испан бийлери болуп, бардыгы беш бий бар.

Таалайгүл Мамырбаева, Нарын району
"Бетибизге маска тагынып, образды кыймыл-аракет менен берсек дейбиз"
- Биздин бийчилер тобу "Мюзик" деп аталып, 8 баладан турат. Түзүлгөнүнө сегиз айдай болуп калды. Бул топту түзүү идеясы да өзүмө таандык.
Репертуарыбызда 15 бий бар. Батыштын музыкасынын коштоосунда хип-хоп стилинде бийлейбиз. Бетибиздеги маска болсо, эмоциябызды жүзүбүздөн көрсөтпөй, кыймыл-аракет менен образды берүү үчүн керек. Кээде туулган күн же тойлор болуп калганда кафе, ресторандарга барып бийлеп берип жүрөбүз. Биздин бийлерибизди өзгөчө жаштар жактырып көрүшөт.

Мелис Медеров, Нарын шаары
"Искусствонун келечектеги чыгаан таланттарын тарбиялап жатабыз"
- Ак-Талаа району боюнча дастанчыларды жана манасчыларды жетектеп келгем. Бул кароо-сынакка эки манасчы бала, бир дастанчы кыз келди. 2005-жылдагы өткөрүлгөн кароо-сынакта биздин Ыманбек уулу Нурсултан деген балабыз манас айтуу боюнча Гран-прини жеңип алып, Түркияга чейин барып келди. Негизинен 7 жанрды тең камтып, жакшы эле даярдык менен келдик. Ак-Талаа районунан эки комузчулар ансамбли, эки бий тобу, чоорчулар, манасчылар жана дастанчылар келишти. Кароо-сынакта жеңишке жетишүү, албетте, кудайдын насип кылган буйругу, анан чыгармачылыкта эң биринчиден баланын таланты. Балдар жыл бою даярданышып, "Жаш талант" кароо-сынагы качан болот деп күтүшөт. Мындай кароо-сынактын дайым уюштурулуп турушу жаш таланттардын талантынын өсүшүнө, жарыкка чыгышына жол берип, багыт көрсөтөт. "Ааламга жол айылдан башталат" деп айтылат эмеспи. Жаш таланттар чыгармачылыктагы эң биринчи чыйырдын пайдубалын ушул жактан курап кетишет. Биз искусствонун келечектеги чыгаан таланттарын тарбиялап жатабыз деп ойлойм.

Гүлжан Турдумамбетова, Ак-Талаа району
"Бул сынакта чыныгы өнөрдү улап кетчү балдарды көрдүк"
- Мен бул кароо-сынакка калыс катары Бишкектен келдим. Кечээ 7 жанр боюнча таланттуу балдардын баарын угуп чыктык. Элибиз "эл ичи - өнөр кенчи" деп бекер айтпагандыр. Кечээ мына ушул сөздүн дагы бир күбөсү болдук. Жаштардын ичинде келечекте кыргыз өнөрүн, улуу көчтү улап кетүүчү абдан мыкты таланттарды көрдүк. Албетте, бул өнөрдү баалаш өтө кыйын нерсе. Дегеним балбан менен балбан күрөшсө, жыгылганын көз көрүп турат. Күлүк менен күлүк жарышса чыгып келгенин көрүп турасың, эч ким тана албайт. Мисалы, манасчы менен дастанчыларды ала турган болсок, бул улуу өнөр, бир жагы жарым саатта барып, анан кызып баштайт. Аларды бир-эки мүнөттө токтотуп коюп, кээде биз таланттардын убалына калып калабыз. Ошондуктан абдан дыкаттык менен калыс тандаганга аракет жасадык. Биз бул сынакта чыныгы өнөргө, чыгармачылыкка чыкчу жана улап кетчү балдарды көрдүк. Кыргыз өнөрүнүн байлыгы, көрөңгөсү, уюткусу бар экенине быйыл дагы ишендик.
Негизинен мындай демилгени уюштуруштун, көтөрүштүн, өзү улуу иш. Бул деген кыргыз элинин өнөрүнүн келечегине болгон камкордук десем туура болоор. Гүлмира Сулаймановнанын таптаган өнөр балдары чет жерлерге чейин барып, кыргыз элинин намысына жарап келишүүдө. Мактагандык эмес, бирок жаш таланттардын бактысына жаралган адам бул Гүлмира десем аша чапкандык болбос. Анткени мындай камкордукту, эмгекти ар бир адам эле жасай бербейт.


Табылды Актан, калыстар тобунан
"Бийдеги жаңыланууну байкадым"
- Мен бул шаарда өткөрүлгөн кароо-сынакка 20 жылдан бери калыс болуп келатам. Мурда мындай кароо-сынакты өткөрүштү "Мээрим" фонду мойнуна алчу эле. Ошол кездерде Нарын облусу боюнча мен куратор элем. 20 жыл ичинде далай таланттуу балдарды көрдүм. Мен көргөн ошол балдардын ичинен мыкты сүрөтчүлөр, ырчылар, манасчылар чыкты. "Мээрим" фонду иштебей калды дегеним менен, 15 жылдан бери Гүлмира Мамбеталиева жыл сайын Нарын жергесине келип, ушул кароо-сынакты өткөрүп турат. Нарында таланттуу балдар абдан көп.
Өзгөчө бий жанры боюнча быйыл көп таланттуу кыздар келишиптир. Бийдеги жаңыланууну байкадым. Мурунку жылдарга салыштырмалуу эң сонун. Кийимдери да мыкты тигилген. Сүрөтчү балдар-кыздардын арасынан мен мыкты деп баа бергендерден Т.Садыков атындагы көркөм-сүрөт академиясында окугандар да бар. Жылына келе берип мени таанып калышкандар "Сиз ушу Нарындык эле кыз болуп калдыңыз го", - деп тамашалап калышат.

Данакан Адашканова, калыстар тобунан



"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o