presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү

Баланын тили таттуу экенин ким моюнга албайт?! Анын таттуу тилин ким гана уккусу келбейт?! Ким гана ошол таттуу тилден ыракат алып, кулагынын кужуру канбайт экен?! Кайсы эне-ата баласынын алгач "апа, ата" деп чыккан тилин угуп, бактылуу болбоду дейсиң?! Кайсы акын же обончу баланын бал тилин угуп отуруп толкунданып ыр жазбады дейсиң?! Ошол үчүн "баланын тили - бал" деп айтат элибиз.

БАЛА ТИЛИНДЕЙ ШИРИН ЭМНЕ БАР?
(же 1ден 6 жашка чейинки бөбөктөрүбүздүн тилине илик)

Чынында, баланын тили эмнеси менен таттуу да, эмнеси менен ширин? Албетте, бул атайын ой жүгүртүүнү, өзүнчө иликтөөнү талап кылар? Бирок, бизде азырынча кыргыз балдарынын тили жөнүндө атайын педагогикалык изилдөө жүрүп жатканы менен кабарым жок. Эгер, кимдир бирөө балдарыбыздын ширин сөздөрүн чогултуп-жыйнап, иликтеп, ага сапаттык изилдөө жүргүзүп жүргөн болсо, ал чынында чоң иш аткарып жатат деп баалаар элем. Анткени улуулар, биз баарыбыз бала болгонбуз, баарыбыз бир кезде баладай ширин сүйлөгөнбүз. Кийин эле эмне болуп "орой" сүйлөй баштаганыбызды билбей калганбыз. Анан баланын ширин тилине суктанып келебиз! Же жалган айтамбы?
Эх, десеңчи!
Анда эмесе, бөбөктөрүбүздүн таттуу тилинин мисалында айрым ойлорумду ортого салайын.
Баса, алар кантип сүйлөшөт, кулак түрөлүчү.
Алгач ирет тил чыккандагы "ата", "апа" деген сөздөрүнүн айтылыш кырааты эле кандай ширин, кандай жагымдуу угулат. Бөбөктөр "атаф" деген сөздү айтканда, а менен т дан кийин жумшартуу ь белгисин кошуп айткан сыңары угулат. Тактап айтканда, "атьа" деп жумшак айтылат. Ушунун өзү эле баланын "атьа" деген сөзү канчалык жумшак, кооз жана жанга жагымдуу, кулакка угумдуу чыгат. Бекеринен, улуу жазуучу Ч.Айтматов "Кылым карытар бир күн" романында Абуталиптин үч жашар баласы Эркин атасын сагынып: "Апа, атикам качан келет?" деп айттырып, баланын тилинин ушунчалык ширин экенин романдын бир эле эпизодунда айтып кетпеген чыгар.
Анан да балдардын адегендеги "Р" тыбышына тили келбеген кезиндеги сөздөрү да анын тилинин "чулдурагын" билдирип отурбайт, тескерисинче, анын таттуулугун билдирип, ар бир айткан сөзүнө "бал сүйкөп" жаткансып, эң эле ширин угулат.
Мисалы: ооруду дегенди ооюду деп кандай жумшак, өрүк дегенди өйүк десе кандай сүйкүмдүү угулат; азыр дегенди ажый десе, эртең дегенди эйтең десе, мурун дегенди муюн десе, ручка дегенди йучка десе, термос дегенди теймос десе, айран дегенди айлан десе, көрдүм дегенди көйдүм десе, трактор дегенди тийактий десе, дары дегенди дайы дешсе - кандай гана ширин сөздөргө айланат?!
Карачы, бала тили кандай гана ширин экен. Уккуң эле келет! Сүйлөтө бергиң келет. Баланы ошол үчүн да өзгөчө сүйгүң келет!
Бала тилине дагы да кулак түрөлү.
Балдар кандай гана сөз укса да, аны "өз тилине" салып түшүнөт да, аны өз сөзү менен кайталап айтат. Айрыкча, эне тилине мүнөздүү эмес тыбыштар катышкан сөздөрдү айтканда өзүлөрүнүн тили келгендей кылып ылайыктап айтып коюусу, алар үчүн өзүнчө эле жазылбаган табигый мыйзам.
Мисалы: автобуз дегенди аптоус деп, телевизор дегенди телеузор деп, магнитофон дегенди магнитон деп, троллейбус дегенди троллеус деп, "өз сөзү" кылып салышканын байкабайбыз. Балдардын мунусун "алар сөздү бусуп айтып жатат" десек түк дагы жарашпас эле. Же жалган айтамбы? Жок. Балдар эч качан сөздү бузуп айтпайт. Анткен себеби бар. Сөздөрдүн көбү - "чоңдордун сөзү", балдар ошол "чоңдордун сөзүн" өзүлөрүнүн тилине ылайыктап, "балдардын сөзүнө" оңой гана айландырып алышат, менчиктеп, өзүлөрүнүкү кылып алышат десек болчудай.
Дагы да угуп көрөлү.
Кээде айтылышы оор, узун "бир кулач" сөздөрдү "кыскартып", "жөнөкөйлөштүрүп", жарашыктуу кылып ташташат. мисалы: библиотека дегенди бублиетка десе, холодильник дегенди холодиник дешет. Ошондой эле, батинкени бати, тапочканы тапичи дейт. Аны туура эмес деп эч ким айта албайт. Кандай айтса да, жарашып калгансыйт. Антүүгө алардын табигый укугу бар. Эгер ушул сөздөрдү чоңдор айтса, унутулбас юморго айланар эле. Себеби, чоңдор "балдардын тили" деген түшүнүк болорун ойлошпой, сөздөрдүн баарын "татаал" жана "узун" кылып койгон сыяктуу!
Балдар өзүлөрүнүн бүткүл кыймыл-аракеттерин да өз сөздөрү менен атап айтышат.Мисалы: тамак ичем дегенин "ап" деп койсо эле жетиштүү, чай ичем дегенди "иче" десе эле түшүнүктүү, жатам дегенди "тата" десе болду, уктайм дегенди "ука" десе эп келип калат, жакшы дегенди "аяй" десе, жаман дегенди "быкый" дейт. Апа, мен сени жакшы көрөм дегенин - Апа, мен чени жакчы көём десе кандай гана таттуу да, кандай ширин, кандай гана эптүү жана сүйкүмдүү угулат?! Ал сөздөрдү чоң адамдар мынчалык кооз жана көркөм кылып эч качан айта алышпайт.
Ай ушул баланын ширин сөздөрүн түшүнбөгөн улуулар да бар го! Алар баланын ушундай "балдай ширин" сөздөрүн жактырышпай, адамдын ичин бышырып жиберет! Аларга атайын "котормочу" болбосо, бала тилин түшүнбөйт. Анткени алардын жан дүйнөсү балалыктын дүйнөсүнөн эчак алыстап кетишкен эмеспи, аттиң!
Бөбөктөрдүн сөздөрүнө дагы да кулак түрүп көрөлү.
Бир катар заттарга, нерселерге алардын турган-турушуна, жеке табиятына жараша өз сөздөрү менен ат коюп алышканы да кандай кызык:
Алар үчүн: Ат - "ат чү" , же жөн эле -"чү" ;
Эчки менен улактын аты-"чүчү" ;
Кой менен козунун аты -"маа" ;
Уй менен музоо - "мөө";
Ит менен күчүк - "ав-ав";
Чымчык, жөжө жана балапандар - "чыйп-чыйп";
Аюунун аты - бөө;
Машина - "вум-вум"…
Кээде сөздөрдү айтканда тамгалардын айрымдарын алга же артка жылдырышып, алмаштырып коюшса да өзүнчө бир кооздукка айлангансыйт. Мисалы: көпөлөк дегенге тили келбей, "пөкөлөк" деп коюшса да, көйнөк дегенди "көйлөк" десе да жагымдуу болуп калганын карасаң. А кээ бирде сөзгө бир тыбышты же муунду кошуп айтып да, чоңдордун сөзүн баланын сөзүнө айландырып коюшат!
Анда: нан деген сөз нанага , ата деген сөз аташкага , апа деген сөз апашкага , эже деген сөз эжешкага, байке деген сөз байкешкага айланат. Айрым сөздөрдөгү тамгаларды түшүрүп айтып коюшса да уккулуктуу болуп калганын карасаң. Мисалы: батиңке - бати, тапочка - тапи…
Анан да бөбөктөр көпчүлүк учурда з,с,ч тыбыштарын артикуляциялык жактан туура айта албай жүргөн учурлары да болот го. Анда да ал тыбыштардын "түгөйлөрүн" "өз тилдеринде" бат эле таба коюшат. Ошондо да ал сөздөрдүн көркүнө көрк кошулгандай, ары музыкалуу, ары ширин сөзгө айланып, баланын менчик сөзү болот да калат:
Сары жөжө - шайы жөжө,
Кара күчүк - кайа күчүк,
Азыр келем - ажый келем,
Көзүм бар -көжүм бай,
Мурдум таза - муйдум тажа…
Эх десеңчи! Мындай сөздөрдүн "сөздүгүн" чексиз уланта берсек болот. Мындай кооз сөздөрдү эки жашар бала гана таап айтат, ошолор гана ушундай ширин сүйлөй алат. Мындай артикуляциялык себептерден улам ширин сөзгө айлантып сүйлөөнүн дагы да башка себептери бар сыяктуу. Ал балдардын "өзүм" деген жекече психологиясынан улам да, айтылыш жагдайы, себеби, шарты да даяр тургансыйт. Ошентсе да балдардын бул сөзүн "туура" деп айтпаска чара жок. Мисалы, чыныны сындырып алса да: "Чыны өзү эле сынып калды" дейт актанып. Жыгылып кетип кийимин булгап алса да: "Ылай өзү эле шымымды булгап таштады" деп, айыпты ылайга шылтайт. Өзү тийишип, аарыга чактырып алса да: "Аары өзү эле келип чагып алды" деп, ыйлактап, аарыны күнөөлөйт. Чай ичип жатып төгүп алса да: "Чай өзү эле төгүлүп калды" деп кутулат. Суук тийип ооруп калса да: "Апа, мен тийбесем деле, суук өзү эле мага тийе береби" деп, анда да суук айыптуу. Угуп отуруп, аны күнөөлөй албайсың, анын ордуна, жоктон сөз таап сүйлөп турган айласынан жаның жыргап угасың.
Кээде балдар өзүн "туура иш кылдым" деп ойлоп, өзүн гана "жакшы бала", "тартиптүү бала" катары санап, ишти "эреже менен аткарып жаткандай" көрүнгүсү келет да, мынтип сүйлөйт: "Мен кардын тазасынан жедим, апа. Асанчик болсо киринен деле жей берди. Менин тамагым оорубайт ээ?!" Же болбосо: "Мен музду жылытып жейин десем, ээрип кетпедиби!" ж.б.
Кээде балдарыбыз чоңдор айткан сөздү прагматикалуу кабыл алып, сөзмө-сөз түшүнүп, күлкүлүү жаңы окуяны жаратат. Угуп көрөлү. Бир бала атасына мындай деп айтып жатат: "Ата, менин сиздин балаңыз экенимди жанагы байке билбейт го? Мени иттин баласы экенсиң!- дебедиби…" Дагы бир мисал. Деги эле, балдар улуулардын иш тартиби, жашоо эрежелери менен эсептешкиси келбегени - табигый нерсе. Алар өзүлөрүнүн жашоосуна ал тартипти бат эле ылайыктап өзгөртүп алгылары келишет. Бир ирет үч жашар эрке кызын бакчага алпаруудан кечигип, кейип жатса, кызы апасына мынтет экен: "Апа, эми кейибеңиз. Мен саатты бир саатка артка жылдырып таштадым!" Аргасыз күлөсүз. Ал сөзү үчүн баланы уруша да албайсыз. Чоң адамдар муну укса, анекдот кылып алат. Чындыгында, ал сөз анекдот эмес. Ал - баланын ширин сөзү гана. Аны ошондой түшүнүү үчүн, бала менен бала болуш керек. Бала менен бирге бала болуп ойлонгон адам гана аны туура түшүнөт.
Бакчага барган балага тарбиячысынын сөзү - мыйзам катары кабылданат. Аны мындан көрүңүз: "Апа, дейт экен жароокерленген кызы, - кичинекей балдар байкеси менен эжесин сыйлаш керек ээ! Атасы менен апасынын тилин алыш керек ээ". Анда апасы: "Ооба, кызым" десе, кызы мындай дейт: "Тарбиячы эжейибиз да ушинтип айтты!.."
Бала-сынчы десе, эч ким ишенгиси келбейт, "бала айта берет" дешет. Бул сөзгө кулак түрүңүз: бакчага барып жүрчү үч жашар Темирлан мындай дейт: "Биздин эжейибиздин аты - Сонун. Бирок өзү жаман".
Ушундай. Анан да балдар, көп нерсени өз түшүнүгү менен баалайт, ага жараша сөзгө жооп кайтарат. Бир ирет "Сен жакшы кызсың да, менин тилимди алсаң боло, кызым!" десем, эки жарым жашар кызым: " Ата, менин өзүмдүн тилим бар да" деп айтып жатпайбы чын ниетинен. Караңызчы, кандай кооз, ширин сөзгө айланып калды.
Бир жолу терезени карап туруп: "Шамал болуп жатат, келгин куштар келаткан го" десем, үч жашар Темирлан: "Ата, эмне, келгин куштарды шамал айдап келеби?" дейт таң калып. "Кышында суук болот" деп жылуу кийим алып берип жатса, беш жашар Канышай сурайт: "Чоң ата, эмне, кышында күн тийбейби?" - деп.
Бийик учуп бараткан самолетту карап туруп, төрт жашар Айганыш мынтет: "Чоң ата, тигине, самолёт асмандын үстүнөн учуп баратпайбы! Көргөн жоксузбу?".







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o