Мектеп

Он-Бир-Жылга - окумуштуулардын очогу
Чүй районундагы Абдыралы Керимбаев атындагы Он-Бир-Жылга орто мектебинде үч айылдын балдары келип-кетип окушат. Үч айылдын окуучуларынын окууда, спорт жана өнөр жаатында жетишкендиктери ушул эле айылдардан каттап иштешкен мугалимдердин сыймыгы, мээнетинин үзүрү. Райондогу 28 мектеп арасынан баардык жетишкендиктери боюнча татыктуу үчүнчү орундабыз дешет мугалимдер мактанычтуу.

Быйылкы окуу жылын да жакшынакай жетишкендиктер менен аякташты. Алардын ийгилигин Он-Бир-Жылга айыл округунун башчысы Жаныбек Тургуналиев көз жаздымында калтырбай, колдон келген материалдык жардамын көрсөтүп, 15 мугалимге 200 сомдон бөлүп берди. Ал эми мектепке ысмы коюлган Абдыралы Керимбаевдин прокурор уулу Талип Керимбаев мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган 15 окуучуга 200 сомдон стипендия тапшырды.
Мектепке Абдыралы аксакалдын аты коюлганы да бекеринен эмес. Ал киши тээ 1936-жылы башталгыч класс уюштуруп, балдарды араб тилинде окута баштаптыр. Алгачкы ариб таанытуучу катары айылдаштары анын атын мектепке ыйгарышып, ушул кезге дейре сыймыктануу менен алып жүрүшөт. "Аккан арыктан суу агат" демекчи, анын балдары да минтип билим очогуна көмөк көрсөтүүнү жадымынан чыгарышпай келатышканы жакшы жөрөлгө.
Мектеп директору Чынара Манаева баса белгилегендей, балким ушул жердин жаратылыш өзгөчөлүгүнүн таасири болсо керек, айылдан чыккан илим окумуштуулары көп. Кезегинде дубанга эле эмес, республикага аты таанымал көрүнүктүү окумуштуулар: аялдардан чыккан химия илимдеринин биринчи доктору Зарыл Бакасова, химия илимдеринин кандидаттары Күмөн Сабыралиев, Клара Турсуналиева, филология илимдеринин кандидаттары Байдылда Маленов, Жаки Таштемиров, философия илимдеринин кандидаты Сманалы Мукашов, филология илимдеринин кандидаты Мураталы Мукашов (бир туугандар), айыл чарба илимдеринин кандидаты Мырзабек Касымалиев, медицина илимдеринин кандидаты Руслан Арзыматов, тарых илимдеринин доктору Өскөн Осмонов, техника илимдеринин доктору Салмоор Алымкулов ж.б. ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн болушкан.
- Биздин мектепти аяктаган атактуу адамдарыбыз арбын. Айылдын суусунанбы же абасынанбы деп тамашалап калабыз. Ардактуу агай-эжейлерибиздин атын өчүрбөй, балдары автордук класстарды уюштурушуп, колдорунан келишинче жасалгалап беришүүдө. Бул мектепке чоң эле жардам болот экен. Алсак, былтыр Күмөн Сабыралиевдин балдары мектептин химия кабинетине атасынын атын ыйгарышып, анын ичин жабдып беришти. Жылда келип ремонт иштерине көмөктөшүп, кем-карчыбызды толуктап бермей болуп жатышат. Ушундай эле Жекшенов Бейшенбек атындагы кыргыз тили кабинетибиз бар. Азыр ал кабинетте ата кесибин уланткан кызы иштейт. Ал кишинин балдары классты тематикасына жараша жабдышты. Бир чети жардам болсо, экинчиси кийинки муундар үчүн өрнөк, тарых. Балдар атактуу айылдаштарынын өмүр таржымалын кошо окуп үйрөнүшөт. Мектеп - 624 орундук болгону менен учурда 408 окуучу окуйт. Бош класстарды максаттуу пайдалануу үчүн мектептин бир капталына мектепке даярдоочу класс ачканбыз. Аны корей үй-бүлөсү уюштурган. Тил билген адистер жумасына эки жолу келип, балдарга корей, англис тилдерин үйрөтүшөт.
Мындан сырткары ден соолугуна байланыштуу окубай жүргөн балдарды үйдөн окутууну колго алып жатабыз. Баш-аягы жетидей бала бар, мугалимдер алардын жаш курагына жараша зарыл болгон предметтерди окутушат.
Мугалимдер жетиштүү десем болот. Эки гана мугалим орто билими менен, калгандары жогорку билимдүү. Көп жылдык тажрыйбалуу, балдарды окуу методикасынын алдыңкы үлгүлөрү менен окутууга далалаттанышкан мугалимдерибиздин эмгек үзүрү жыл сайын өткөн олимпиадаларда айкын көрүнөт. Быйылкы акыл таймашында, айрыкча, химия, тил сабактарынан 9 окуучубуз район боюнча мыкты билимин көрсөтө алышты. Облустук деңгээлге озуп чыккан үч окуучубуз байгелүү орундарды ээлешти. Ошондой эле балдар арасында өткөрүлгөн "Сары-Өзөн чолпондору" облустук кароо-сынакта бир балабыз бий боюнча республикалык сынакка катышууга жолдомо алды. Ушунун баары биздин мээнетибиздин кайтарымы деп ойлойм, - деди директор Чынара Манаева.
Ал жетишкендиктери менен бирге эртерээк чечүүнү талап кылган маселелерди атап өттү. Сыртынан заңгырап көрүнгөн мектептин имаратынын жыртык-тешиги арбын окшойт. Ушул теманы Он-Бир-Жылга айыл округунун башчысы Жаныбек Тургуналиев улады:
- 1980-жылы пайдубалы түптөлгөн үч кабаттуу мектеп өз маалында курулуп калганы оңдой берди болгон экен, кайра куруу мезгилине калып кала турган болсо үч айыл тең мектептин азабын аябай тартышмак беле, ким билет. Азыр андай мектеп курмак кайда, ал тургай ошол 80-жылдан бери мектебибиз бир да тыңдуу капиталдык ремонт көрө элек дейт, - өзү кесиби боюнча куруучу айыл округ башчысы Жаныбек мырза. - Айрыкча чатыры кыйын абалда. Мектеп администрациясы жергиликтүү бийликтин жардамы менен жылда жамап-жаскап жасалгалап койгонун жаан-чачында чатырынан аккан суу заматта жууп кетет. Чатырың оң болбосо башка жагын жаап койгонуң кайсы. Ошонун айынан класстагы кээ бир бөлмөлөр, айрыкча, спорт зал, ашкананын абалы аянычтуу. Баш-аягын эсептеп, 4 млн. сомдук долбоор түздүк эле, анын жарымы колубузга тийчүдөй болуп турат. Ошол каражатты алсак, бир топ иштерибизди бүтүрүп алат элек.
Жаныбек Тургуналиевдин жергиликтүү бийликти жетектегенине бир жылдай болуп калды. Жетекчи болгондон бери мектеп турмушу менен камыр-жумур иштешип келүүдө. Алсак, 200 тонна көмүр бата турган көмүркана салдырып берди. Катуу шамалдан керектен чыгып калган морун калыбына келтирди. Бул майдадай сезилгени менен чоң жумуш экен. 20 метр бийиктиктеги морду орнотуу оңойго турган жок. Аны саатына 200 доллар жей турган атайын япон краны менен орнотуу талап кылынгандыктан, спонсор издөөгө туура келди. Ушундай учурларда ушул айылдан чыккан белдүү эр-азаматтар да көмөктөшө коюшуп, кыйынчылыкты билдирбей кетишкендигине кубанып калышат. Маселен, Мухтар Шамыралиев аттуу ушул айылдын азаматы колунан келген жардамын аябайт. Ал жигит мурда да 28 миң 800 сомго кыргыз тили, тарых жана көркөм адабият китептерин жеткирип берген.
Мектептин мугалимдер жамааты ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоору менен экинчи жыл иштешип жатат. Былтыр жайында мектептин директору, башталгыч класстын, кыргыз тили жана математика мугалимдери көл жээгине барышып эки жумалык тренингге катышышкан. Ал жактан келишкенден кийин башка мектептин мугалимдерине өздөрү окуп үйрөнгөндөрдү жайылтышып, район боюнча беш мектептин мугалимдерине семинар өтүштү. Мугалимдерге айрыкча жакканы - окуучулар үчүн эркин ой жүгүртүүгө, ошондой эле критерийлер боюнча окуучу өзүн-өзү жана бири-бирин баалоого шарт түзүлгөнү.
Мектептин директору Чынара Манаева кесиби боюнча математик. Алгачкы эмгек жолу Прогресс айылындагы мектептен башталган. 15 жылдай организатор-уюштуруучу болуп иштеп, бир топ тажрыйбага ээ болгондон кийин директорлук милдеттин жоопкерчиликтүү жүгүн аркалап келатат. Ал КР Эмгек сиңирген мугалимдер: Мукан Иманкулов, Ырыс Текшибаевалар менен бирге иштешкендигине сыймыктанат. Кесиптештери географ Калича Алымбаева, тарыхчы Чубак Жумалиев, кыргыз тилчи Турумбүбү Барыктабасова, немис тили сабагынын мугалими Синагүл Майчинова ж.б. ушул ардак тизмени улантышкан мыкты педагогдордон. Мектепте айрыкча немис тилин өздөштүрүүгө жакшы база түзүлгөн. Синагүл Майчинова окуткан окуучулардын көбү учурда Германияда, Австрияда окуп, иштеп жүрүшөт.
Мугалимдер бир чети тамашалап айтышкандай, директор качан, кимисине кайрылбасын, баары ар бир саатта ачык сабак өтүүгө дайым даяр турушат. Бул албетте, мугалимдердин даярдык деңгээлинин жогору экендигинин далили. Биз химия сабагынын мугалими Салтанат Абдыказакова менен тарыхчы Чубак Жумалиевдин ачык сабактарына күбө болдук. Бизге айрыкча жакканы - тема окуучуларга жеткиликтүү, жеңил формада өтүлүп, балдар кабыл алгандарын эркин айта алышкандыгы болду.
Мектеп директорунан алдыңкы максаттары, кем-карчтары тууралуу сураганыбызда ал мына буларды айтты:
- Бизде негизги маселе - окуу китептеринин жетишпегендиги. Айрыкча география, геометрия китептери тартыш. Экология сабагынан бир класста эки эле китеп бар. Алгебра, математика китептери боюнча да кыйынчылыктар болуп жатат. Маселен, 4-класстан Бекбоевдин китебин окушса, 5-класстан мурдагы орус автордун китебин окуп калышчу. Эми 5-класстыкы келсе, 6-класстыкы жок. Менин баамымда Бекбоевдин математикасы мектеп окуучулары үчүн өтө татаал түзүлгөн, ушул жагын караштырышса, - дейт ал.
Директордун айтымында, мугалимдер социалдык жактан колдоого дагы да болсо муктаж. Эгерде мурдагыдай коммуналдык кызмат үчүн төлөмдөрдө жеңилдиктерди беришсе, коңшу айылдардан транспорт менен каттап иштешкен мугалимдерге кошумча жардам көрсөтүлсө кыйла эле жакшы болмок. Жол азабына кайыл боло каттап иштешкен дасыккан мугалимдердин ордуна эртең келе турган жаш адистер алардай чыдамкай боло алабы, жокпу күмөн. Андыктан адистерден өксүбөс үчүн мээнети күчтүү мугалимдерди көр-тирлик түйшүгүнөн мүмкүн болушунча арылткан оң.
Жакынкы аралыкта ИСИТО менен келишим түзүп, мугалим болууга ылайыктуу айылдын жаш келиндерин окутуу максаттары бар. Ары түйшүктүү, ары сыймыктуу мугалимдик кесипти өздөрү аздектеп сүйгөндөй татыктуу орун басарларды даярдап алышыбыз керек деген директор айымдын тилегине биз да тилектеш экендигибизди билдиребиз.
Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"