presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Мектеп жана тарбия

Классташтардын ажырашуу жана жолугушуу күбөсү - акыркы коңгуроо
Кемин районундагы Мукаш Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектебин аяктоо алдында турган бүтүрүүчүлөрдүн 25-майда өткөн акыркы коңгуроо салтанатында алардын кубанычына ата-энелери, мектепти аяктаганына 10 жыл, 20 жыл болгон мурдагы бүтүрүүчүлөр күбө болушту.


Кызыл-Суу орто мектебинин 11-классын быйыл 17 бала аяктайт. Акыркы коңгуроого арналган чогулушта окууда мыкты окушкан жана мектеп турмушуна активдүү катышкан бир катар окуучулар ардак грамоталар менен сыйланышты. Мектептин директору Клара Ажикулованын айтымында, балдары жыл ичинде өздүк көркөм чыгармачылык, спорт жагынан район, облустук деңгээлде жакшы көрсөткүчтөргө жетише алышты.
- Окуучуларыбыз кезектеги окуу жылын жакшы жетишкендиктер менен аякташты. Жеке эле окуу жаатында эмес, көркөм өнөр, спорт жагынан айрыкча бизди сыймыкка бөлөштү. Атап өтсөм, Жанышев Ринат, Айтубеков Азамат, Болотбеков Иман, Турусбек уулу Айбек, Курманбек уулу Эмир, Рысбек уулу Искендер, Таалайбек уулу Каныбек Төрөбек уулу Айбек жана Жолдош уулу Талгаттар волейбол мелдешинде райондо биринчиликке чыгышты. Ал эми алтын ордо оюну боюнча Бишкек, Ош шаарларына чейин катышып, байгелүү экинчи орунга ээ болушту. Кубанычбек уулу Жоломан менен Жолдош уулу Талгат республикалык курама команданын мүчөлөрү. Мындан сырткары бокс клубунун, күрөш секциясынын жаш спортчулары көптөгөн турнирлерге катышып келишет.
Өзүңүздөр байкагандай, бизде спорт жакшы өнүккөн. Балдардын спортко болгон кызыгуусун ата-энелери жан дили менен колдошот. Айылдын белдүү эр-азаматтары спорт боюнча кандай муктаждык болсо, жан дилинен жардам берүүгө даяр. Анткени балдар бош убактыларында жаман адаттарга ык алып көчөдө бош басканча, спорт залда машыгып, ден соолугуна пайдалуу көнүгүүлөрдү жасап турса, кимди да болбосун кубандырат эмеспи. Жакында эле күрөш секциясы "Ишенаалы ата" атындагы турнир өткөрүштү. 11 команданын жеңүүчүлөрү атайын жасалган медаль менен сыйланышты.
Мен айрыкча ушул Кызыл-Суу айылынан чыккан бизнесмен балдарыбыздын бири Нурбек Үмөталиевдин мектепке көрсөткөн чоң колдоосун баса белгилеп, ага ыраазычылык билдирип кетким келет. Негизи эле Үмөталиевдердин үй-бүлөсү качан, кандай көмөк сурап кайрылбайлы, ар дайым колдоого даяр. Былтыр алардын жардамы менен шыпкасы түшүп, суу ага баштаган спорт залын заңгыратып оңдоп алдык.
Спорттон башка мектепте комуз ийрими иштейт. Музыка мектебинин директору Мурадилов Кубан, Чыныбеков Ниязбек агайлардын жардамы менен комуз ийримин түзгөнбүз. Балдар 4-класстан баштап окуп башташат. Мектепте Кулболдиев атындагы комуз ансамбли бар. Быйыл Жапаралиева Касиет, Таалайбек кызы Үмүт "Сары-Өзөн чолпондору" кароо-сынагында байгелүү орундарды ээлеп келишти, - деди бизге мектептин директору К.Ажикулова.
Директор, ошондой эле өз сөзүндө мектептин алдыңкы мугалимдери, билим берүүнүн отличниктери Айшагүл Молдокматова, Кенжегүл Кычкачова, Тамара Кененбаевалардын ысымдарын атап, алардын түйшүктүү эмгектерине жетекчилик баасын берип өттү. Клара Асаналиевнанын жеңилин жерден, оорун колдон алган жардамчысы - окуу бөлүмүнүн башчысы Нурия Курманалиева өзүнчө сөз кылууга татыктуу. 20 жылдан ашык тажрыйба топтогон Нурия Шераалыевна апасынын жолун жолдогон мугалим. Анын апасы Наста эжей да ушул мектепте көп жылдар бою окуучуларга немис тилин окуткан ардактуу эжейлерден.
Мектептин жетишкендиктери менен катар чечүүгө муктаж болгон көйгөйлөрү да жок эмес. Кээ бир маселелерди чечүүдө акыркы коңгуроо кагылган күнү мектепке чогулушкан мурунку бүтүрүүчүлөр да келишип, колдорунан келишинче жардам берип келишет. Алсак, быйыл 20 жылдыкка чогулгандар мугалимдер бөлмөсүнө жумшак эмерек белекке тартуулашты. Бөбөктөрдөй кубанышкан мугалимдер аларга алкыш айтышып, жетине албай калышты.
Жыл сайын мектеп босогосун аттаган бөбөктөрдүн саны бирде азайып, бирде көбөйсө да, эгерим түйшүгү азайбаган мугалимдер өздөрү билим-тарбия берип, туурдан учурган окуучусунун ийгилиги, жетишкендиктери менен кошо кубанып, эмгек үзүрүнүн таттуу даамын татып жүрө беришсин ар дайым.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"




Кыргызстандык у-шуисттер кытайлыктарды жеңип келди
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунун Сунси у-шу "Чжун Дао" мектебинин командасы у-шу боюнча Кытайдын Урумчи шаарында өткөн таймашта он алтын, тогуз күмүш, сегиз коло медалы менен кайтып келишти. Жеңүүчүлөрдү Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Гүлжигит Соронкулов кабыл алып, куттуктады. Ошондой эле бул жолугушууга Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин 1-секретары Гу Пин, "Сейтек" борборунун директору Сабира Челпакова катышты. Жолугушууга келген у-шуисттер ириде өздөрүнүн жетишкендиктери тууралуу айтып беришти.


- Мындан он жети жыл мурда "Сейтек" борборунда биздин мектеп уюшулган. Учурда респуб-лика боюнча мектептин он сегиз филиалы иштейт. Биздин мектепте төрт жаштан сексен жашка чейинки тарбиялануучуларыбыз бар. Буларды он беш инструктор-тренерлер у-шу искусствосуна үйрөтүшөт. У-шу - келечек муунга физикалык жактан эле эмес, акылын өстүрүүчү, руханий дүйнөсүн тарбиялачу система, - деди мектептин уюштуруучусу Н.Нещерет. - Былтыр күзүндө салттуу у-шу боюнча өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионатта биздин мектептин машыктыруучулары эки алтын, төрт күмүш жана бир коло медалды утуп келишкен. Ошондо биз стадиондун ичинде Кыргызстаныбыздын желегин желбиретип, биздин өлкөнү дүңгүрөткөнбүз. Көптөрү Кыргызстан мамлекетин билишпейт экен. Мына у-шу искусствосу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы данакер болуп калды.
Андан соң, быйылкы, т.а. 2011-жылдын 13-15-майда Кытайдын Урумчи шаарында өткөн Синьцзянь эл аралык турнири тууралуу кенен маалымат берилди. Бул таймашка жалпысынан он беш мамлекет катышкан, т.а. Кытай, Россия, Казакстан, Түркия, Швейцария, Дания ж.б.
Кыргызстандын Сунси у-шу "Чжун дао" мектебинин он беш спортчулары, кытай элинин у-шу боюнча чебер инсаны, салттуу багыттагы Сунси нэйцзяцюань стилинин 13-урпагынын устаты Ли Цзяньпин, анын официалдуу шакирттери Е.Лопаткин, Н.Нещереттердин жетекчилиги алдында он алтын, тогуз күмүш, эки коло менен, жалпысынан алганда жыйырма тогуз медаль алып келишти.
- Биздин спортчулар Сунси нэйцзяцюань стилинин куралсыз жана курал менен иштей турган түрлөрүн көпчүлүктүн алдына тартуулап, Кытай, Россия ж.б. өлкөлөрүнүн спортчулары менен таймашып, алтын медалды колдорунан алдырышкан жок, - дейт Н.Нещерет. - Алар Ли Цзяньпин, Е.Лопаткин, Н.Нещерет, Ли Син, Г.Жолчубекова, Н.Семаева, Н.Кононенко, Р.Ланиманов. Күмүш медалдын ээлери Кокумбек кызы Элес, О.Косенко, О.Горбунова, Л.Серякова жана коло медалдын ээлери А.Юнусова, Л.Токторова, А.Тойчуевдер. Кытайдын командалары менен бирге он беш мамлекеттин жыйырма тогуз командасынын ичинен Кыргызстандын курама командасы командалык зачеттон да биринчиликти алып, Кытайдын массалык-маалымат кызматтарынан тынбай айтылып жатты. Бул турнирге у-шу боюнча Кытайдын он "эң мыкты" деген чебер устаттарынын бири Ся Бохуа кыргызстандык спортчулардын даярдыгына жогору баа берди. Ошондой эле Е.Лопаткинге өзгөчө диплом ыйгарылды.
Жолугушуу учурунда у-шунун жеңүүчүлөрү мындан сырткары, жакында эле Казакстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмеринин элесине арналган у-шу боюнча Эл аралык турнирге катышып, ал жерден дагы он төрт мамлекеттин отуз тогуз командасынын ичинен командалык зачеттон 1-орунду ээлеп, жеңип алган жыйырма тогуз медалдын ону алтын экенин сыймыктануу менен айтышты.
Мына ушундай жакшы ийгиликтерди жараткан спортчулардын ар биринин ой-тилектерин уккандан кийин, сөз алган билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Соронкулов мындай деди: "Ириде устат Лиге чоң ыраазычылык билдиребиз. Сиз биздин балдарыбызды у-шу искусствосуна үйрөтө бериңиз. Биздин балдар Сиздин жардамыңыз менен кытай спортчуларын жеңип келе беришсин. Бүгүн Кытай элчилигинин 1 жана 3-секретарлары келип жолугушууга катышып олтургандын өзү эле уникалдуу. Маселен, Ли устат элдик дипломат. Бул адам деле элчилик жасап жаткан иштерди өз деңгээлинде аткарып, бизди бири-бирибизге жакындатып жатат. Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" деген китебиндеги бир бапы мындай деген эпиграф менен башталат: "Кичинекей элдин чоң канжары болуш керек", - деп айтты Шамиль. Ал эми Муталип болсо, "Кичинекей элдин чоң досу болуш керек" деген жазууну эстедим. Чындыгында эле кичинекей Кыргызстандын үркөрдөй болгон досу - Кытай Эл Республикасы. Негизинен эле у-шу - бул философия, жашоонун образы".
Ал эми Кытай элчилигинин 1-секретары Гу Пин, спортчуларды бактылуу үй-бүлө деп атап, алардын жасап жаткан иштерине жогору баа берди.
- Чындыгында эле у-шу менен алектенгендер жогоруда айтылгандай жаман илдеттерден алыс болушат. Он жети жыл ичинде бир топ тажрыйба топтошуптур - бул жакшы. Эң башкысы, буларга мамлекет көңүл бөлө баштаганында. Менимче, у-шуисттерге чоң көңүл бөлүш керек, - деди Гу Пин айым.
Ошентип, бир саатка чукул кызыктуу маектен кийин, Г.Соронкулов "Чжун дао" мектебинин жетекчилерине Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o