presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Устат жөнүндө сөз

Раимжан агай
Арадан суудай агып далай жылдар өтүптүр. "Билимди билгенден, бийикти көргөндөн сура" демекчи, жаш өткөн сайын сөз өнөрүндө жакшы билим, таалим-тарбия берген асыл агайлар, эжейлер эске түшөт. Мен үчүн андай асыл агайдын бири кыргыз тилиндеги өзгөчө туюнтмаларды үйрөткөн окумуштуу Раимжан Эгембердиев. Студенттик кезде а кишиден билим алганыма сыймыктанам. Агай чы ныгы педагог, устат катары далай мыкты журналисттерди, жазуучуларды саяпкер сыяктуу таптап чыгарды. Ыраазыбыз.


Эсимден кетпейт, 1978-жылы студент болдум. Ага чейин эки жолу конкурстан кулап, жумушчу болуп иштегем. Ректордун буйругу чыгаары менен эле бизди Панфилов районундагы Чалдоварга айыл чарба жумушуна алып барышты. Колхоздун клубуна астына саман төшөп "ушерге бир ай конуп-түнөп, мамлекетке жардам бересиңер" деди. Биз баарына кайылбыз, эптеп эле билим алсак болду. Ошондо Раимжан агай менен алгач тааныштык. Сыртынан калбаат, бир мүнөздүү, көп сүйлөбөгөн, эч адамга жамандыгы жок, ойчул адам катары эсимде калыптыр.
Студенттерди кагып-силкпей, сабагын кызыктуу, чыгармачылык менен мазмундуу өткөргөндүктөн баарыбыз сыйлачубуз. Жеке көз карашымда студенттерди экзаменден кулатпай жөлөп-таяган, "айылдан келген балдар степендия албай кыйналып калбасын" деп чын ниетинен жан тарткан эки агай бар эле. Бири Раимжан Эгембердиев, экинчиси маркум Абдували Камилов. А киши дагы кыздай созулуп, студенттерди канатына корголоп турчу.
Булар балдарга терең билим берүүгө чын ыкласынан умтулган мээнеткеч, дили таза, жан дүйнөсү айкөл, адептүү, үлгүлүү, жөнөкөй, оор басырыктуу мүнөзү бар устат мугалимдер экен. Биз дагы бул агайларды өз агабыздай көрөр элек. "Акылдууга айткан сөз - колго конгон кушка тең, акылсызга айткан сөз - учуп кеткен желге тең" деп илгеркилер бекер айтпаса керек. Алардын асыл эмгеги текке кетпептир.
Кийин иликтеп көрсөм, Раимжан агай Өзгөндүн (Куршап) Жалпак-Таш чөлкөмүндөгү Ак-Терек кыштагында ата-энесинен, чоң энесинен эрте айрылып, жетимдиктин көр азабын тартып эрезеге жетиптир. Апасы бир жашында каза болсо, атасы фронтко кетип кайтыш болот. Үч жашында чоң энеси өтөт дүйнөдөн. Түз-Бел кыштагынан 7-классты аяктап, 1957-жылы Өзбекстандын Анжиян областынын Шахрихан районунда бирөөгө койчу болсо, кийинки жылы Ферганадагы Куба районунда уй кайтарып, бадачы болуп далай кордукту башынан өткөрүптүр.
Кайра-кайра окууга тапшырып, өтө албай ыза болуп, ортодон 1959-жылы Токмоктогу маданий агартуу окуу жайына кирип окуйт. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп жатып Советтик Армиянын кызматын өтөп Сибирде, Монголияда болот.
О
куп жүрүп үйлөнүп, кечкисин шаардагы булгары заводунда тери ашатуу цехинде иштейт, кийин кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редакторлук кызматта иштептир. Кыскасы, агай турмушка эрте бышып, жетимчиликтин азап-тозогун баштан өткөргөндүктөн айылдан келген энөө, бирок окууга ынтызар студенттерге мээрим төгүп, "мен көргөн азапты булар көрбөй окуп алышса экен" деген тилек менен камкордук көрчү тура.
Миң катмар кытмыр, кыйды турмушту аңтарып-теңтерип, күнү-түнү көзү кызарганча, акылын талытып азаптана иштей берүү эмне деген түйшүк? Улуттук университеттен карандай мээнет менен кыргыз журналистикасынын сапаттык деңгээлин аныктаган, рухун көтөрүп, аналитикалык масштабдуулукка жеткирген, элди көнүмүш көз караштан бошоткон, эркин ой жүгүртүү принциптерин тобокелдик, чечкиндүүлүк менен өнүктүргөн, көз караштары, табити түрдүү журналисттердин мыкты тобу өсүп чыкты. Буга Раимжан аганын да үлүшү зор. Алардын айрымдарын атай кетүү жөндүүдүр: Эсенбай Нурушев, Мундузбек Тентимишов, Таалайбек Темиров, Султан Жумагулов, Кубат Оторбаев, Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урмамбетов, Алик Акималиев, Фатима Абдалова, Жедигер Саалаев, Тойчубек Субанбеков, Абдиламит Матисаков, Сабыр Маматов, Султан Раев, Абдыкадыр Султанбаев, Бүбүкан Досалиева, Бейшенбек Бекешов. Илимпоздордон: Абдылдажан Акматалиев, Абдыганы Эркебаев, Бейшенбай Усубалиев, Жылдыз Бакашева, Топчугүл Шайдуллаева, Сулайман Рысбаев, Назар Ишекеев ж.б. мыктылар агайдын таалимин, билимин алгандар. Булар менен жалпы кыргыз сыймыктанат. "Мугалим - мөмөлүү дарак" деп ушун үчүн айтылат турбайбы.
Агай ""Манас" эпосундагы фразеологизмдер" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1970-1993-жылдары Улуттук университетте, 1993-2003-жылга чейин Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердүүлүк университетинде, 2003-жылдан бери К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин түрк филологиясы кафедрасынын башчысы, профессору болуп эмгектенүүдө. Бул анын өз мээнетинен жаралган акыбети.
Раимжан Эгембердиев тилчи окумуштуу катары республикабыздын кыргыз тилчилерине, филологдоруна кеңири белгилүү. Анын калеминен тил илиминин фразеология тармагына арналган элүүдөн ашык илимий макалалары республикабыздын ар түрдүү басылмаларында жарыяланган. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин мугалимдерине арналган "Мектеп программасына кыргыз тили боюнча жаңы киргизилген темаларга материалдар" (1991), "Фразеологияны XI класста окутуу" (1992), "Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер" (2007), "Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин семантикасы жана лексикографияланышы" (2009) сыяктуу окуу-методикалык жана окуу куралдарынын автору. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн орто мектептердин X, XI класстары үчүн 1991-жылдан бери алты жолу толукталып, кайра басылган окуу китептеринин жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институту тарабынан чыгарылган "Азыркы кыргыз адабий тили" аттуу фундаменталдуу эмгектин авторлорунун бири.
Раимжан Эгембердиев өзүнүн илимий-педагогикалык ишмердигинде жаштарга билим берүүнү тарбия иштери менен тыгыз байланышта алып жүргүзөт. Ал кайсы предметтен лекция окуп, практикалык сабак өтпөсүн, алардын баарында жаштарды мекенди сүйүүгө, кыргыз элинин мыкты каада-салттарын сактап жана өнүктүрүүгө, адептүү, чынчыл болууга үндөгөн материалдар менен коштойт.
Раимжан ага кырк жылдан бери тил илиминин жаңы тармагы болгон фразеологияны - кыргыз тилиндеги өзгөчө туюнтмаларды изилдеп келе жатат. Ал илимий-иликтөө иштери менен эле чектелбестен, кыргыз тилинин көркөм сөз каражаттарынын ичинен кепти кооз, элестүү, угуучуга же окурманга таамай жеткирүүдө кеңири колдонулган фразеологизмдерди мектеп окуучуларынан тартып, студенттерге, ораторлорго, журналисттерге, дегеле, тил өнөрүнө кызыккандарга жеткирип, алардын сүйлөө чеберчилигин жана тил маданиятын жогорулатууга салым кошууну тилек кылып, ошонун үстүндө тынымсыз иштөөдө. Кийинки күндөрдө кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маани-маңызын, табиятын, анын лексикографиялык жактан (сөздөрүндө) иштелип чыгышын иликтөөгө алууда.
Чынында эле Раимжан Эгембердиевдин жарым кылымдан ашкан эмгек жолунун 40 жылы илимий-педагогикалык, таалим-тарбия майданында өткөндүгү менен сыймыктандырат. Агайдын мындай жетишкендиктерге жетишине өзүнүн айтуусу боюнча: чоң атасы Молдо Жусунун, мектепте билим берген Датка эже, Пайзилда Жакыпов агайдын, анан белгилүү окумуштуу Жээнбай Мукамбаевдин таасири, эмгеги зор экен.
Улуу ойчул Альберт Камю айтыптыр: "Ар бир инсан адегенде ата-энеси жөнүндө, анан мугалимдер жөнүндө кам көрүүсү керек. Ошондо гана прогресс болот" деп. Бул - чындык сөз. Сыйлаган, урматтаган устаттарым көп. Баарынан мыкты устатым - турмуш өзү болду. 2003-жылы КТРдын көрсөтүүсүнө талаш маселе боюнча тартылып атсам агайым Райымжан Эгембердиев экинчи курстан жазган эки дилбаянымды сары майдай сактап жүрүп эл көзүнчө тапшырганда толкунданып, кубанып кеттим.
Жоготкон кымбат нерсем табылгандай көзүмө ушунчалык ысык көрүнүп, ага эмне мынча сүйүнгөнүмдү өзүм деле түшүнө албайм. Сыягы, аруу, таза балалыктын бир үзүм ою калган ак баракты сактап жүргөнү катуу таасир этсе керек, чыркырашып сөз менен алка-жалкадан алышып атканда мөлтүр булактай таза балалыктын далил күзгүсүн көтөрө койгонунда сүрдөп, аптыга түшкөнүмдү, андан улам пейилим да жумшарып, маанайым да жазыла түшкөнүн жашыра албайм… Ушу келиши менен агай чыйрыктырган көңүлдөгү оор ойду кууп, жууп салды. Кечиримдүү, ийкемдүү болоюн деп мен дагы андан ары сөздү катуулатпадым.

Ошо өзүм дагы унутуп калган эки дилбаяндын бирөө: "Кечээ, бүгүн, эртең…" деп аталып, сөз алгачкы махабат жөнүндө экен. Агай буга: "Чыгармачылык менен жазылган", - деп кызыл сыя менен жазып "5" коюп, каталарын эсептеп грамматикалык жактан "4" коюптур. Экинчи дилбаян "Мени толгонткон ойлор" деп аталыптыр. Мында айылымдагы кароосуз калган көрүстөндөрдү мал аралап тепсей турганын сезимтал жазып, айыл кеңештери бейиттердин тегерегин тосмо менен тосуп койсо деген ойлорум, кыргыздын каада-салтындагы айрым өксүктөрүн айтып нарк-насилди туткан кыргызды өткөнүн жана өздөрүн сыйлоого чакырган экенмин. Агай бул дилбаяндын бирөөсүн ошол экинчи курста эле студенттерге үлгү этип, аудиторияга окуп бергенин курсташтарым мага айтып келишкен эле. Ошол күнү ооруп окууга баралбай калганым күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Анда мен жакшы баа алыптырмын деп ошого сүйүнүп калган элем. Бизге дилбаяндарды көп жаздырып, чыгармачылыктын башатында сөз, идея тандаганга үйрөтүп, чыйралтып, такшалтып, курч, элестүү жазганга ой бышыртып, пикир түзгөнгө аракеттендирип, тагдыр жолуна, чыгармачылыкка даярдаптыр. Дилбаянымды Раимжан агай 25 жыл сактап жүргөнүнө абдан таң калдым жана мага ал чоң таасир калтырды. - Ырахмат агай! - дедим. Бар болуңуз! Көрсө, Раимжан агай окуткан студенттеринин иштерине көз кырын салып, жакшылыгына сыймыктанып, шакирттерин сагынып да калаарын туйдум. Ар кимибиз өз оокатыбызды кылып, ар кайда жүрсөк да сыртыбыздан багып, санааркаган агалык адамгерчилиңизге таазим!
Кыргыз тилинен Раимжан агай окуткан фразеология сабагынын өзгөчөлүгү - менин чыгармачылыгыма абдан чоң жардамы тийди. Дилимдеги булактын көзүн ачкандай, алар чыгармачылыгымдын, жан дүйнөмдүн күлазыгына айланды. Ойлоп көрсөм лекция окугандардан макал-лакаптар, накылдар, элестүү, кундуу сөздөрдүн түпкү туюмун, кунарын, күчүн Раимжан агайчалык мага эч ким жеткире түшүндүрбөгөн экен. Мээме кыттай уюптур. Эл назарына илинген бирдемем чыгып калса баалагандар анын курчтугун, таамайлыгын айтып кубаттаган учурларда да агайдын үлүшүн, курчутканын, таалимин ойлодум. Эсейгенден акылга жык толгон, жакшылыкка багыттаган, нускалуу даанышман сөздөрдү маашырканып, демденип, тамшанып окуу, угуу адатым. Сөз өнөрүн алгач туулуп өскөн айылымдан канык өздөштүргөн көрүнөм. Ал макал-лакаптар, элестүү сөздөр менин таянган тоом, концепциям, чыгармачылыгымдын ажарын, кубатын, өзөгүн ачкан, кубаттандырган асыл түркүк болду. Таамай сөздөрдүн, макал-лакаптардын табышмагын, элдүүлүгүн, күчүн күн өткөн сайын терең түшүнүп, улам үңүлүп, андан ары изденип, өздөштүрүп колдонууга чеберчилигимди арттырууга аракеттенип келатам.
Ар бир жазмакер "тилдин баркына жетпей жатып жазам деген киши сүзгөндү билбей туруп дайрага секирген акмакка тете" деген Р. Гамзатовдун нускасын унутпаса. Ата Журтту, Мекенди чындап тааныткан, анын ыйыктыгын, кыргыздын кайталангыстыгын, эзелки улуулугун, көөнөрбөстүгүн, баалуулуктарын үйрөткөн, тилинин ыйыктыгын көөнүмө уюткан мугалимдериме таазим. Чыгармачылык шыгымды камкордукка алып, колумдан жетелеген, жолумду ачкан устаттарыма да терең ыраазымын. Кыргыздын даанышман уулу Жусуп Баласагын бабамдын:
Окугандар акылдуу улук болоор,
Билимдүүгө түгөнбөс байлык коноор…
Акылды карызга да бербейт колго,
Акыл - бул жараткандан тийген олжо.
Адамзат бар акылдан башкаларды,
Үйрөнүп окуу менен билип алды.
Окуу сага билимди берет экен,
Акыл-эсти кошо албайт анткен менен.
А акыл кудай өзү сага берген,
Күч алат, тазаланат окуу менен...,- дегени бекеринен эместир.

Жазуучунун, изилдөөчүнүн, чечендин мыкты куралы эле ыйык сөз экен. Чын ниетиңден, дитиңден арбалып улутка арнап сөз жазуу - чоң нуска, чоң милдет. Касиеттүү кыргыз сөзүнүн кунарын ачкан, табышмагын жандандырган, барк-баасын көтөргөн, кунун түшүндүргөн, ыйыктыгына ынандырган, тилдин тарыхын айтып сөздүн табиятын, табитин, маңызын, кудуретин туюндурган асыл кишилер менен кумарлана нечен жолу баарлашып, аралашып жүрүп эр ортонуна келдим. Бул - бир бакыт. Куурал азабын көрсөң дагы өз мекениңде эне тилдин ыйык ыргагын эшитилишин угуп өз элиңде өмүр сүрүү бакыт эмей эмне? Рухий дүйнөнү баалаган кишиден өткөн асыл шерик жок го. Тилдин ыргагын, ыраатын бузган кунарсыз аракеттер улут тагдырында оголе көп болду. "Өнөр алды кызыл тил" деп даанышман кыргыз бекер айтпаса керек. Бул бүт дүйнөгө накыл болчу кундуу сөз.

Адамзаттын залкары Ч.Айтматов: "Элдин өмүрү анын тилинде, элдин тили - бул феномен. Ар бир тил - жалпы адамзат генийинин кенчи" дептир. Эски түрк тилинин өзөгү эле - байыркы кыргыз тили. Нукуралыгы, таасындыгы, тазалыгы, ойду туюнта билген тереңдиги, байлыгы боюнча касиеттүү кыргыз тилине эч бир тил тең келбейт. Дүйнөдөгү байыркы, улуу, ыйык тилдин бири - кыргыз тили. Биз аны ыйык тутуп аздектейбиз, кастарлайбыз. Тил - улуттун жаны. Мына ушуну мыкты тилчи, белгилүү окумуштуу, биздин сүйүктүү агайыбыз Раимжан Эгембердиев көкүрөк-көөдөнүбүзгө терең салып, туюмубузга тумар кылып тагып, түбөлүк акыл-эске орнотту. Бул зор эмгек! Бар болуңуз, Раимжан агай, эсен болуп элиңизге кызмат кыла бериңиз.

Кален Сыдыкова,
жазуучу, публицист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Манас коомдук академиясынын академиги.



"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o