"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o
п»ї

Л€У…Р’Жђ


 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү

Бала бакыт - бала базар
Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты бир күндүк эмгек акысын Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө материалдык жардам катарында чогултту. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө 33781 сом наркындагы окуу куралдарын жана бир компьютерди ата-эне мээриминен өксүгөн балдарга статс-катчы А. Абдрашев барып тапшырмакчы. Министрлик профсоюз комитети менен бирге өткөрүп жаткан кайрымдуулук акциясынан жыйналган акча каражаты дагы аталган балдар үйүнө которулат.
Министрлик ошондой эле майрам күнү балдарга арналган толтура ар кандай иш-чараларды өткөрмөкчү. Балдардын "Балажан" эстетикалык борборунда балдардын сүрөт конкурсу, "Чжун дао" мектебинин, таэквандо жана "Ийадо" япон искусствосунун тарбиялануучуларынын көрсөтмөлүү оюндары, "Сейтек" борборунда балдардын кайрымдуулук концерти, туристтик ырлардын фестивалы, көркөм гимнастика боюнча ачык турнир, ботаникалык бакка саякат балдардын майрамдык маанайын ачат.


сынакка даярсыңбы, Бүтүрүүчү?
2-июнда республикадагы бардык жалпы билим берүү мектептеринде мамлекеттик экзамен башталат. Биринчи экзамен жазуу иштери боюнча өтөт. Буга карата иштелип чыккан он төрт миң экзамендик пакеттер бардык мектептерге жеткирилген. Быйыл өлкө боюнча жалпы билим берүү мектебин 72 миңден ашык бүтүрүүчү аяктап жатат. Анын ичинен үч миң окуучу өзгөчө үлгүдөгү (кызыл) аттестатка талапкер. Ал эми тогузунчу класстын 103 миң бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен төрт жарым миңи өзгөчө үлгүдөгү күбөлүккө ээ болушат.

Мамлекеттик экзамендер 9-класстар үчүн 2-18-июнга чейин, 11-класстар үчүн 2-22-июнга чейин өткөрүлөт.
- Мамлекеттик экзамендер Билим берүү жана илим министрлигинин жобосуна ылайык өтөт, - дейт Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнагүл Ниязова. - Айрым ден соолугу начар бүтүрүүчүлөр ВККнын чечими боюнча экзаменден бошотулат. Ал эми окуучу кандайдыр бир себептер менен мамлекеттен сырткары жүрсө, т.а. эл аралык олимпиадаларда же мелдештерде катышып жүрсө, өзү жазган каттын негизинде экзаменди бөлөк учурда бере алат.
Бардык экзамендер тапшырылып бүткөндөн кийин, албетте, көптөн күткөн бүтүрүү кечеси кирип келет эмеспи. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында, быйыл Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечесин кафе, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салды. Салтанат мектептин гана ичинде өтүшү керек.
- Эгерде кайсы бир мектептер буйруктарды аткарбаса, мектеп жетекчилерине административдик чаралар колдонулат, - дейт А.Ниязова.
25-июнда салтанаттуу линейкада бүтүрүүчүлөргө мектепти аяктаганы тууралуу документтер тапшырылат. Ушул эле күнү бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификатын да колдоруна алышат.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"





КИТЕПКАНА



а ­е¦Є.НҐй«