Warning: include(0505.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/kut/11/0505_1.htm on line 73

Warning: include(0505.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/kut/11/0505_1.htm on line 73

Warning: include() [function.include]: Failed opening '0505.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/kut/11/0505_1.htm on line 73



Өкмөт койгон мөөнөт өзгөрбөйт
Билим берүү жана илим министрлиги агартуу тармагында эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү мөөнөтү мурдагы убада боюнча, Өкмөттүн жыл башындагы чечимине ылайык, 1-майдан кечикпей баштала турганын билдирүүдө.

Коалициялык өкмөт ишке киришкен биринчи күндөн тарта эле айлык деп аталган менен жумалык да керектөөгө жетпей жаткан эмгек акыны көтөрүү жөнүндө жер-жерлерде митинг акцияларга чыгып жаткан мугалимдердин талабын биринчи кезекте аткарууга убада берген. Убадасына туруп, жыл жаңырар менен республикалык бюджеттен агартуу ишмерлеринин эмгек акысын эки-үч эсе көтөрүүгө жеткидей каражат табууга жетишти. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ыкчамдык менен иштелип чыккан билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы шарттарын жактырып бекитип, аны ишке киргизүү мөөнөтү 1-майдан башталат деп 19-январдагы токтомунда кашкайта көрсөткөн. Билим берүү жана илим министрлиги жер-жерлерден түшүп жаткан көп сандаган кайрылууларга байланыштуу агартуу кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү жаңы модель боюнча жүргүзүү өкмөт токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечикпей башталарын билдирүүдө. Министрликтин жетекчилери мугалимдерге жаңы шарттар боюнча эмгек акы төлөөгө жыл аягына чейин жеткидей акча каражаты республикалык бюджетте толук каралган деп ырасташууда.
"Эмгек акы төлөө Өкмөттүн токтомуна ылайык 2011-жылдын 1-майынан башталбай турганы жөнүндө айрым адамдардын билдирүүлөрүнүн эч кандай негизи жок", - деп баса белгиледи билим берүү жана илим министри Канат Садыков.
Өкмөттүн тапшырмасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби жөнүндө инструкция" иштелип чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарда макулдашуудан өтүп жатат.
Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын түшүндүрүү боюнча кеңешмелерди өткөрүү максатында 10-майдан тарта аймактарга жөнөгөнү жатышат. Ар бир аймакта боло турган кеңешменин так мөөнөтү жөнүндө өзүнчө кошумча билдирүүлөр болот.
Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жаңы модель боюнча орточо алганда эки-үч эсе жогорулайт. Мамлекет жетекчилери мугалимдердин акыл жана күч эмгегинин акыбети кайтып, чыгармачылык жагынан шыктанып сапаттуу иштегидей деңгээлдеги камкордук көрүү үчүн зарыл аракеттер токтоп калбай улантыла бере турганын байма-бай билдирип келатат. Мугалимди кор кармаган өлкөнүн билим казынасы бөксөрүп, интеллектуалдык кубаты кетип, калкы дөдөй болуп каларын азыр түшүнбөсөк, эртең кеч болуп калат. Айрыкча башка өлкөлөрдөгүдөй ишене турган мунайзат менен газдын кени жок Кыргызстанда билим менен илимди кармангандан башка келечектүү жол көрүнбөйт.

Кубатбек Чекиров,
"КБ"





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика