Кесиптик билим

Кыргыз-түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейи жаңы окуу жылына кабыл алуу жарыялайт


Кабыл алуу шарттары:
- 2011-2012-окуу жылына арыздарды кабыл алуу 18-майга чейин жүргүзүлөт.
- Сынак 22-майда КТУ "Манас" Жал кичи районунда өтөт.
- Тестирлөө математика, кыргыз тили, орус тили, физика, химия, биология, география, тарых сабактарынан болот.

Биздин ийгиликтерибиз

- Лицейибиздин окуучусу Жанжигит кызы Аймончок Түркияда өткөн 7-Улуттар аралык олимпиадада түркчө ыр ырдап, Орто Азия боюнча 1-орунга ээ болуп, алтын медаль менен сыйланды.
- Акыркы 5 жылдан бери лицейибиз сабактар боюнча өткөрүлүүчү шаардык олимпиададан лицейлер арасында алдыга озуп келүүдө.
- Лицейлер арасында Эне тил майрамына арналган бул жолку конкурста кыздарыбыз баш байгени колго алышты.
- Бул жылы спорттон дагы кесиптик лицейлер арасынан 1-орунга татыктуу болдук.
- "Жаш талант-2010" кароо-сынак концертинде булбул үндүү ырчы кызыбыз Садирова Нургиза алдыңкы орунга чыгып, "Бишкек жазы" фестивалына катышууга жолдомо алды.
- Түркия жергесинде болуп өткөн улуттар аралык театр фестивалына кыздарыбыз Ч.Айтматовдун "Маңкурт" аттуу чыгармасын мыкты чеберчилик менен аткарышып, "Эң мыкты оюнчулар" деген сыйлыкка татып келишти.
- "Cтарушки" командасы Тамашоуда жарым финалга чыгып, толук финал үчүн жазгы фестивалда ойношмокчу.
- 8-Улуттар аралык олимпиадада түркчө көркөм окуу боюнча Салиева Айсулуу Азия биринчисин багындырды.


Керектүү документтер:

- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (оригиналы жана көчүрмөсү);
- 8-класста окуп жаткандыгы тууралуу тактама.
- 3х4 форматындагы 2 сүрөт.
Биздин дарегибиз:
Бишкек шаары, Москва көчөсү, 171.
Тел: 0312 31-86-54,
31-86-63


Жаштар - биздин келечегибиз!

Илим-билим мына ушул жаштарыбызга кең келечек тартуулап, дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн өз ордун табуусуна салым кошот. Өлкөнүн келечеги жаштардын колунда болсо, жаштардын келечеги илим-билимде. Илим-билим жаштары жарыктыкка, татыктуу жашоого чакырат. Мына ушул билимге умтулуунун натыйжасында мамлекетибиз бир канча эл аралык программалар менен иш алпарууну өнүктүрүүдө. Ушул программалардын негизинде иш алпарган биздин лицейибиз да бар.
Кыргызстан жана Түркия мамлекетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин ачылганына 19 жыл толду. Бул кыска убакыттын ичинде бийик-бийик ийгиликтерди багынткан лицейибиз эки мамлекеттин ортосундагы көпүрө болуп келет.
Эки мамлекеттин ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө менен лицейибиз ар жылы Кыргызстандын төрт бурчунан татыктуу кыздарды тандап алып, аларга дагы да тереңдетип билим берүүнү улантууда. Түркия жана Кыргызстандын тандалма мугалимдери төрт жыл бою окуучуларыбызды билимге сугарып, келечекке даңгыр жол көрсөтүшөт. Даярдоо курсунда кыздар кыргыз, түрк, англис, орус тилдерин тереңдетип үйрөнүшөт.
КТККЛдин кыздары жыл сайын өткөрүлүүчү олимпиадаларга, спартакиадаларга катышып, лицейдин намысын көтөрүп келишет.
Мындан тышкары белгилүү даталарда кызыктуу программалар уюштурулуп турат. Кыздардын шык-талантын дагы да арттыруу максатында атайын ыр, бий, комуз, театр кружоктору иштейт.
Ар бир жылы жазында тигүү бөлүмүнүн кыздары өздөрүнүн отчеттук дефилесин бийик деңгээлде өткөзүп келишет.
Кыздарыбыз Түркияда өткөн эл аралык түркчө олимпиадасына катышып, Кыргызстандын атын далайга таанытып келишүүдө.
Биздин иш-аракетибизге чоң колдоо көрсөтүп жаткан Түркия элчилигине ыразылык билдиребиз.

Алмагүл Исраилова,
Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги,
Кесиптик билим берүү
отличниги, КТАКК лицейинин мүдүр баш жардамчысы.




Лицейибиздин эшиги баарыңар үчүн дайыма ачык!

2010-2011-окуу жылында 2-курстун окуучулары Түркияда жана Кыргызстандын алдыңкы фирма, тигүү ишканаларында: "Кыргыз Демир банк", "Мега медиа басмаканада", "Беллонада" практика өтүштү. Ал эми 2010-2011-окуу жылында 38 бүтүрүүчү билимин Кыргызстан жана Түркия мамлекетинин ЖОЖдо улантуунун алдында турат. Кыргызстандын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө өз салымын кошушат.
Ар тараптуу, билимдүү болуу азыркы мезгилдин талабы. Төрт тилде сүйлөй билген, эки элдин маданиятын, тарыхын билген, билим менен тарбияны татыктуу алган биздин лицейдин кыздары келечектин татыктуу ээлери боло алат деп ишенем.





Жарандык коомго колдоо көрсөтүү боюнча Европа союзунун программасы
Маалымат күндөрү - 2011

"Достук" мейманканасы, Бишкек шаары
6-май 2011-ж.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк Резиденциясы, Ош шаары 11-май 2011-ж.

Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү ЕСтин Жарандык коомго колдоо көрсөтүү боюнча бир нече программалары жөнүндө Маалымат күндөрүн 2011-жылдын 6-майында, 14:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарында жана 2011-жылдын 11-майында 14:00дөн 18:00гө чейин Ош шаарында өткөрмөкчү.

Потенциалдуу заявка берүүчүлөр ЕСтин Жарандык коомго колдоо көрсөтүү программаларынын мазмуну жана максаты жөнүндө кабардар болушат да, грант алуу үчүн арыз берип, кайрылууга жана документтерди тапшырууга тиешелүү техникалык маселелер боюнча кеңеш ала алышат.


Каттоо: Төмөндө белгиленген сизге тиешелүү маалыматты жазып, кийинки электрондук даректерге жөнөтүңүз:
Бишкек үчүн: eu.infodays2011.bishkek@gmail.com
Ош үчүн: eu.infodays2011.osh@gmail.com

Катышуучунун аты-жөнү
Уюмдун аталышы
Уюмдун дареги
Байланыш маалыматы (эл. дарек, тел.)

Каттоо бүтө турган мөөнөтү: саат 16:00 чейин Бишкек ш. - 4-май жана Ош ш. - 9-май. Жатаканага жана транспортко кеткен чыгымдар алыскы региондон маалымат күндүн ар бирине алгачкы катталган 30 катышуучуга төлөнөт.

Кошумча маалыматты ЕСтин вебсайтынан таба аласыз:
http://ec.europa.eu/europeaid/documents/awp/2011/awp_2011_kgz_en.pdf


Программа Европейского союза по поддержке Гражданского общества Информационные дни - 2011

Гостиница "Достук", Бишкек
6 мая 2011

Южная Резиденция Президента Кыргызской Республики, Ош
11 мая 2011

Представительством Европейского союза в Кыргызской Республике будут проведены Информационные дни по нескольким программам ЕС по поддержке гражданского общества 6 мая 2011 г., с 14:00 до 18:00 в г. Бишкек и 11 мая 2011 г., с 14:00 до 18:00 в г. Ош.
Потенциальные заявители будут проинформированы о содержании и целях программ ЕС по поддержке гражданского общества и получат консультации по техническим вопросам, связанным с процессом подачи заявок на гранты.


Регистрация: Пожалуйста, зарегистрируйтесь по указанным адресам электронной почты с указанием нижеследующей информации:
для г.Бишкек: eu.infodays2011.bishkek@gmail.com
для г.Ош: eu.infodays2011.osh@gmail.com

Ф.И.О. участника
Название организации
Адрес организации
Контактная информация (e-mail, тел.)

Крайний срок регистрации г. Бишкек - 4 мая и г. Ош - 9 мая до 16.00 ч. Расходы на проживание и проезд будут покрыты первым 30 зарегистрировавшимся участникам из отдаленных регионов на каждый Информационный день.

Дополнительная информация на веб-сайте ЕС: http://ec.europa.eu/europeaid/documents/awp/2011/awp_2011_kgz_en.pdf