"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o
п»ї
сабырдуулук бар жерде ынтымак качпайт
Жакында Билим берүү жана илим министрлиги, ОБСЕ, Социалдык интеграция борбору жана КМЮАнын Юридикалык колледжинин демилгеси менен "Компетенттүү, сабырдуу инсандарды тарбиялоо" деген тренинг өткөрүлдү. Анын максаты - "Ынтымак маданияты" курсу менен тааныштырууну, аны республикадагы билим берүү мекемелерине адаптациялоону жана конфликтти болтурбоо боюнча керектүү ыкмаларды, технологияларды иштеп чыгууну көздөйт.
Юридикалык колледжинин директору, профессор, педагогика илимдеринин кандидаты Зулкарнаин Бейшеналиевдин айтымында, Украинадагы автономиялуу Крым Республикасында мындан он жыл мурда "Ынтымак маданияты" деген долбоор иштелип чыккан.
- Себеби Украина мамлекети эгемендик алгандан кийин, Крым жарым аралына крым татарлары, гректер, немистер келип, илгерки Сталиндин убагында репрессияга туш болгон ата-бабаларынын жерине отурукташкан. Кийин мектептерге барганда, ар кандай проблема чыгыптыр. Ошондон кийин "Ынтымак маданияты" деген проектти иштеп чыгышкан, - дейт директор. - Бизде деле бул маселе жок эмес. Өзгөчө өткөн жылдагы июнь окуясынан кийин ушул проблема бар экени даана болуп калбадыбы. Р.Акназарованын "этника аралык байланышты жөнгө салган мыйзам болуш керек" деп айтканы бар. Июнь окуясына чейин кыргыздар сабырдуу, боорукер, меймандос улут деп айтылып келсе, каргашалуу окуядан кийин чыдамсыз, агрессивдүү улут деп айтылып калдык.
Көп маданияттуулук деген эмне, бул эмне деген түшүнүк деген нерселерди мектептерде, окуу жайларда түшүндүрүү керек экендигин окуу жайдын директору баса белгиледи.
- Менимче, көп маданияттуулук билим берүү боюнча айыл өкмөтүнөн баштап министрлерге чейин иштеши керек. Анткени алар мамлекеттик кызматтарда олтургандан кийин чечим кабыл алышат. Ошондуктан чыр-чатакка жол бербөөдө чиновниктер ириде өздөрү бул маселени ийне-жибине чейин түшүнүшү зарыл, - дейт З.Бейшеналиев.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"











??.??