Мезгил жана биз

Бакиевдин тушунда мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы М.Суталинов элди карап, башбармагын сөөмөй менен ортончунун ортосуна салып туруп, элге муштумун кезегени жумурай журттун эсинде түбөлүккө сакталып турат. Деги кайсы заманда, кайсы идеологияны тутунуп, кандай президенттин тушунда жашадык? Кимдерге, кантип таалим-тарбия бергенбиз, ал таалим-тарбиябыздын үзүрү кандай болду? Ортого салып көрөлү.

таалим өксүгү апрель, июнь күзгүсүндө

Баарыбызда
күнөө бар

Адамдын коом астында инсандык ыйык милдети кайсы? Эмне үчүн Кыргызстанда мындай каталар кетип жатат? Себептери кайда? Кимдер күнөөлүү? Биргелешип изилдөө, ой-толгоо, колдон келишинче алгачкы пикир, жыйынтыктарды тактоо керек. Апрель окуяларынан ар ким өзүн оолактатпай, тескерисинче менин да кетирген кемчилигим болуу керек деп, ар бир инсанды изилдөөгө чакыруу. Коомчулукту мезгилге кайдыгер мамиле кылуудан четтөөгө, жоопкерчиликти башка бирөөгө жүктөөдөн качууга үндөө. Кимиси эмне болоор экен деп, алыстан карап, "акылдуу теорияларды" айтып тургандан кутулуу. Өзүңдү өзүң тарбиялоо, коом проблемасы үчүн элге кошулуу. И.Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген калетсиз сөзүнө элди үндөө, ынандыруу.
Күч органдарына жалаң эле буйрук аткаргычтар эмес, акыл менен ой-жүгүртчү адамдар керек экенин элдик революция айгинеледи. Ал эми мектепте ар бир кадамдан алдын, аткарчу ишти сын көз менен кароо, жети өлчөп бир чечимге келүү, окуучунун көкүрөгүндө калыптанбаптыр.
Президент элине каршы ок аттырып жатканына карабай, алар окуянын чоо-жайын аңдап түшүнө алган жок. Президенттин сүйлөгөн сөзү, кылган иштери боюнча баалап, анын ким экенин тааный алышкан жок. Тескерисинче анын коопсуздугун, өмүрүн сакташты. Бир адамды коргойлу деп, канча жаштардан айрылдык. Мына, мектепте сынчыл ой жүгүртүүгө тарбиялоонун жыйынтыгы.
Баарынан да: "урматтуу президентибиз" керек болсо ак үйдү колума курал алып коргойм деп, айтканы али ушу күнгө чейин элди таңкалтырат, уккан кулакка да ишенүүгө болбойт. Эл ким, ак үй ким? Деги бул президентти кандай мугалим окуткан, кайсы мектептен таалим-тарбия алган, кайсы коомдо жашаган, президенттик шайлоодо кимдер добуш беришкен, саясатын кимдер колдошкон, жалпы коомчулукту кимдер түзүшөт деген күдүк ойлордун тизмеги келет. Ой тобо. Эми "башкасы майли" го демекчи, качып кутулушуна да, мүмкүнчүлүк беришпедиби. Алар кимдер? Окуяны талдоо боюнча күч органдарынын илимий көз карашынын жетик эместигиби? Же кошоматчылыкпы? Ханга берилгендиктин белгисиби? Чөйрө, көр турмуш аларды күнкорлукка, кошоматчылыкка тарбияласа, биздин коом жалпысынан ушундай адамдардын жыйындысынан турабы деген да шек туулат. Ал фактылар: айтор, күч органдар тармагында саясий-тарбиялык иштердин жок экенин далилдеди.
Эми кеп төркүнү башка жакта жатат. Моюнга алуу керек, алардын кечээ эле мектепти "ийгиликтүү" аякташканы чындык, аны ким танат... Көрсө билим беришибиз керек деп жүрүппүз, а тарыхый окуяны калчоо-талдоого үйрөтүү, таалим-тарбиялоону коомдун ички көйгөйү менен айкалыштыруу аркылуу, илимий көз карашты калыптандыруу жөнүндө ойлонбоппуз да. Чындыктын теги кайда экенин, окуя көзгө сайып көрсөттү.

Катаны качан оңдойбуз?


Биз, мугалимдер, адамды тарбиялоодо, билимди окуучу каражат катары пайдалана ала тургандай, жөндөм-сапат бербей, коомду кыйнап койгонубузду моюнга алып, жер кароого туура келди. Кантип актанабыз? Эми ката үстүндө иштөө билим берүү кызматкерлеринин иши болуп калды. Ушинтип өмүр бою ката үстүндө иштебесек экен деп, жака карманууга туура келет. Биз - адамдар кемчиликти окуя өткөн соң гана түшүнөт экенбиз. Адамдарга көсөм-көрөгөчтүк сапатка эгедер кылып, таалим-тарбия бербеппиз да. Эми бармакты тиштеп жатабыз. Окуяны түшүнгөн соң ар бир мугалим абийир сотуна туш болуп, ичтен аттиң дегендер эми четтен чыгаар.
Кеп төркүнү аларды жамандап, дискредитациялоо, аброй талашуу эмес. Болгон эле окуяны таалим-тарбия өңүтүнөн карап, талдоо-баяндоо. Өткөн окуянын жүрүшүндөгү кырдаалды анализдөө аркылуу билим берүү тармагынын кетирген кемчиликтерин, себептерин тактоо керек. Милиция кызматкерлери да өз учурунда мектептен таалим-тарбия алышкан, калган-катканын коомчулуктан алып "өздөштүрүшкөн, өркүндөтүшкөн". Мугалим да, коом да убагында аларды коомдун саясий-социалдык керектөөлөрүн, мүчүлүштүктөрүн айырмалап анализдөөгө үйрөтө алган эмес. Ал эми коом болсо, аларды өз көмөчүнө гүл тартуу, элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыкты жогору коюу, мезгилди өз пайдасына ыйгарууга окшогон, адепсиз сапаттарга ээ кылган. Же бул эл башчыларынын калайык-калкка көрсөткөн "үлгүлөрү, калтырган мурастары" көрүнөт. Ошол эле убакта ички иштер министрлигиндеги кызматкерлердин, жалпы эле күч органдарынын патриоттук сезимин ойготуу, адамгерчилик сапаттарды, ата-журт, эл тагдырын ыйык тутуу маселелеринин аң-сезимден сырт калгандыгын билгизип жатат.
Албетте, жеке кызыкчылык кимге керек эмес, а бирок топ адамдын бакубат жашоосуна салыштырганда, ары жакта бүткүл мамлекет, эл, анын келечек тагдырлары туруп жатпайбы. Тилекке каршы, алар эл кызыкчылыгы, өлкөнүн бүтүндүгү биринчи экенин жана ал проблемаларды чечүүнүн ыңгайлуу жагдайы, акыркы стадиясы бышып жетилгенин аңдап-түшүнгүлөрү келген жок. Ошентип таалим-тарбиянын руханий кризиске тийгизген таасиринин деңгээли, таалим-тарбиялоонун теория жана практикасында коомдо жанаша жашоо боюнча илимий көз караштын калыптанбагандыгы турмуш күзгүсүнөн көрүндү.
Тарыхый окуядагы күч органдарынын жорук-жосундарынын башкы себептеринин бири - билим берүү тармагына мамлекет, коомчулук тарабынан көңүлдүн борбору бурулбай калгандыгы. Билим берүү тармагына, өз мезгилинде маани берилбесе, ошол убакта оркоюп көрүнбөгөнү менен, бир канча жылдан соң, ушинтип коомду саясий-социалдык, экономикалык кризиске алып келээри белгилүү.
А мүмкүн мугалимдер да, коомдо таалим-тарбияга керектөөнүн жок экенин билген. Бекерге ашыкча убактысын кетиргиси келген эмес. Балким айлык-маянасы аз болгондуктан, ашыкча убактыны каражат табуу, үй-бүлөнү багуу үчүн жумшагандыгы чындык. Кеп сыры ушу жакта. Азыгы жогу азык издеп, отуну жогу тезек терип калышкан. Бу чакта чыгармачылык энтузиазм кайда, сабактын таалим-тарбия максаттары да эске келбей калды да. Айтор, айылда мугалимдин ишке болгон кызыгуусу жок болду. Мамлекет да таланып-тонолуп алы келбей калды. Мамлекетти да жарга такай бербей, мезгилдин экономикалык кризисин ж.б. толгон-токой себептерди эстен чыгарбоо адилет. Бул жерде ойлонтчу, олуттуу маселе эле, айылда: билим берүү тармагына коркпостон рыноктук мамилени киргизүү. Рынок бардык тарапты теңдеп, акты ак, караны кара кылып ажыратат. Билим берүү тармагында башкаруу да өз алдынча ишке ашаар эле. Албетте бу ой бүгүнкү теманыкы эмес...
"Канды кудай урарда..."


Күч органдарында иштегендер, президенттин жана биздин буйруктар эч качан талкууланбайт, аткарыш керек дешет. а бирок бийлик натуура буйрук берип жатканда өз-алдынча ойлонуп, акыл-эс менен туура чечимге келүү керек да, же бийлик аскадан секир десе секирип өлүү керекпи? Же элди атып, мамлекеттик мүлктү жеп-тоногон, караманча душмандык кылган президентти коргоо керек беле? Революция убагында ортодо туруп алып, койгула, токтоткула! - деп арачы боло бербей, элдин талабы туура болсо, эл тарапка тезинен өтүү маанилүү болгон соң, чечүүчү кадамга барыш керек болчу. Керек болсо президентти качырмак түгүл, кармоого чечкиндүү кадам жасоо кажет эле. Элди колдоо, кырсыктын, жаңжалдын алдын алуу менен, кырдаалдан аман-эсен чыгуу биринчи максат болгон. Бул эмне деген көз караш? Эмне деген түшүнүк? Коом алдында эртеңки күндү ойлоп, таалим-тарбиялоонун жаңы барактарын ачуу проблемасы турат. Ал коомчулуктун, мамлекеттин, андан соң гана мугалимдин колунда. Андыктан бул мүчүлүштүктүн башаты мектепте, окуу жайларда, коомчулукта, коомдук аң-сезимде жатат. Бардык окуя, кырдаал, кубулуштарга илимий сын көз менен карап, өз алдыбызча тыянак чыгаруу, бир бүтүмгө келүү коомчулукта да калыптанган эмес. Билим берүүгө маани бербегендик элдин, мамлекеттин келечегине балта чапкандык, эл душмандыгынан кем калбайт. Биз, мугалимдер, бул проблеманын үстүндө ойлонуубуз, иштөөбүз керек, бул жерде өзүбүз да такыр актана албайбыз. Албетте, ушул эле маселе күч органдарынын өзүнө да тиешелүү болуу керек. Эми эл бийлигинин башына жаңы идея, көз караштары бар инсандар келип, мамлекетке мүмкүнчүлүк түзүлдү, алар билим берүү тармагын сөзсүз колдойт. Мезгил көзгө сайып көрсөттү. Кечээ эле агартуу кызматкерлеринин салтанаттуу күнүнө арналган жыйында урматтуу Президент Р.И Отунбаева мугалимдин айлык-маянасын көтөрүү, ар тараптуу колдоо тууралуу баса белгиледи. Мезгил ыргагын ийкемдүү башкарып, акыл калчай ала турган, адамдардын командасы бийликке келишти. Шашпай туралы. Өзгөрүүлөр алдыда.

Өзөк өрттөгөн өкүнүч

Биз - адамдар көзгө көрүнгөн гана терс окуяларга чоочуп кетип, аргасыз маани беребиз. Мисалы алсак алар: революция-төңкөрүш, уруш-жаңжал, уурулук, зордук-зомбулук, адам өлтүрүү. Окуя тынчыса эле, көңүл ток. Басылды, бүттү дебей, окуянын келип чыгуу себептерине көңүл буруу керек турбайбы. Ушул сыяктуу эле мугалимдер унчукпаса, билим берүү тармагында да проблема жок дегендик эмес да. Себеби алар айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман болуп, айтып, деп, кара бугун чыгарып, түңүлгөндөн чарчап, эмне болсоң ошо бол, Ак-сайдын башы жошо бол!- деп отуруп калышпадыбы.
Адамдардын дүйнөгө болгон көз карашынын өнүгүү даражасы, илимий анализдөө-талдоо мүмкүнчүлүгү, түшүнүгү канчалык, ал бизге маанилүү эместей. Андыктан мектепте жаштарга таануу, туюу, көрөгөчтүк, көсөмдүк, айырмалоо, салыштыруу байкоочулукка окшогон адамдык аналитикалык касиеттер, акыл-эс каражаттары, сапаттары жок, калыптандырылбай, өнүктүрүлбөй унутта калып кеткен. Табият таануу сабактарында программанын аткарылышын кубалап, жалаң гана теория, закондорду, формулаларды жатка билүүгө басым жасап калганбыз. Адабий чыгармадагы автордун ой-максаты кандай түбөлүктүү проблемаларды козгойт? Көмүскөдө калып жатат. Табият таануу сабактарынын түпкү максаты, табият сырларын түшүнүү менен коомдун өнүгүү мыйзам-ченемдерин, жашоонун философиясы менен айкалыштырып, окутуу эсепке алынбай келет. Бул жогоруда айтылган сапаттар-касиеттер билим, ички маданият менен тыгыз байланыштуу. Жогорудагы кемчиликтер, билим берүү тармагында таалим-тарбиялоонун канчалык даражада натыйжа берип жаткандыгын түшүндүрүп жатпайбы, ошону айтып жатам, кептин маңызы ошондо. Эгерде билим берүү, тарбиялоо (дүйнөгө болгон илимий көз караш) өз деңгээлинде болгон болсо, коомдук аң-сезим бийик болмок, өлкөнү мындай президент келип башкарбайт эле, жалпы эле күч органдарынын кызматкерлери элди коргойт эле. баарыбыз билимдүү болсок, караманча калп сөзгө, акчага алданбай эртеңки күндү, анын келечек-тагдырын ойлоп, добуш бермекпиз, ар бирибизде жеке кызыкчылыктан коомдук кызыкчылык бийик болмок, таза, адилет шайлоону өткөрмөкпүз да.

Революция убагында жаштардын кайтыш болушу орду толгус жоготуу болду. Ага арга жок. Эми болоору болду, өткөн иш өттү деп өзүбүздү жооткотуу туура эмес. Бул окуя ар бир адамдын көкүрөгүндө болууга тийиш. Билим берүү кызматкерлери тактоо менен таалим-тарбиялоо процессинде максатка ылайыктуу, ыңгайына карата пайдалануу, мугалимдин адамдык парзы болууга тийиш. Анын үстүндө мугалим да эми ойлонбой кое албайт. Күн чыгып, айланага жарыгы тие баштады. Ачыктык келди. Калганы өзүбүзгө тиешелүү.
Кандай дейсиз окурман, эми мындай боло көрбөс, мугалим да, күч органдары, мамлекет да мындан ары ойлонот чыгаарбыз...


Дүйшөн Султанкулов,
Бишкек шаары