Окуялар, фактылар

Парламенттик демократия: сыноодогу Кыргызстан
Бишкекте кыргыз-түрк "Манас" университетинде парламенттик демократиянын артыкчылыгы менен тобокелчилигинин тажрыйбасын талкуулаган симпозиум өттү. Симпозиумдун ишине Түркиядан жана Германиядан чакырылган парламентарийлер жана окумуштуулар катышты. Бул илимий жыйын Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана президентке караштуу башкаруу академиясы тарабынан уюшулган.

Парламенттик системанын артыкчылыгы
Бир жыл мурун экинчи президентти бийликтен кулатып, жаңы Конституция кабыл алып, парламенттик башкаруу жолуна түшкөн Кыргызстан башынан чоң сыноолорду өткөрүүдө. Өлкөнүн түштүгүндө өткөн жылы этнос аралык жаңжал чыгып кан төгүлдү, бул кайгылуу окуянын жарасы айыга элек. Уюшкан кылмыштуулук жана коррупциядан бүтүн өлкө чоң зыян тартууда. Жаңы шайланган парламентте эле эмес, фракциялардын ичинде биримдик жок, коалициялык өкмөт ыдырап кетүү коркунучунда турат.
Илимий симпозиумда чыгып сүйлөгөндөр Кыргызстан соңку жыйырма жылда басып өткөн жолду жана азыркы күндөгү кайнаган саясий окуяларды талдоого алып, парламенттик системанын артыкчылыктары менен өксүктөрүн белгилеп сүйлөп жатышат. Экинчи жакта парламенттик республикада жүз жылдай жашаган Түркиянын тажрыйбасын Түркиянын Улуттук Улуу Мажилисинин вице-спикери Садык Якут баштаган ишмерлер, илимпоздор белгилеп өтүштү.
Президент Роза Отунбаева симпозиумда чыгып сүйлөп, Кыргызстанды парламенттик демократияга алып келген тарыхый шарттын өзгөчөлүктөрүн белгилеп, азыркы учурда саясий сахнадагы окуялардын катып калбай, элге көрүнөө кайнап турганынын өзүн парламенттик системанын артыкчылыгы катары белгилеп өттү.
- Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү былык иштерди ачыкка чыгарып жатышат. Анткени алар көмүскө схемаларга аралашууну каалашпайт. Каалаган күндө да арты кандай болорун түшүнүшөт. Бул тенденция парламенттик системанын жакшы иштеринин биринчилеринен болот жана бул иштин башталышы гана, - деди Роза Отунбаева.
Профессор Жумагул Сааданбеков парламенттик башкаруу эли бир тектүү, бир кылка өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашып жатканын айтып, Италия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал тартты. Ал эми Кыргызстан көп этностордун, көп тилдердин, көп диндердин өлкөсү. Анын үстүнө кландар аралык, аймактар аралык курч карама-каршылыктар бар. Кыргызстандын өнүгүү жолунда азыр эки проблема курч турат, бул өткөн жылдагы кандуу жаңжалдан кийин кыргыз-өзбек элдешүүсү баштала элек, ал эми түндүк-түштүк тирешүүсү кашкайып ачыкка чыкты.
Бул проблемаларды чечүүнүн жолу катары Жумагул Сааданбеков атаандаштык демократиясы менен катар консенсустук демократияны дагы кошо ала жүрүү зарыл дейт.
- Эң коркунучтуусу ушул шайлоо түндүк-түштүк ажырымына алып келбейт деп ким кепилдик бере алат. Ушул себептен президенттик алты жылдык мөөнөткө кезектешип, түштүктөн да, түндүктөн шайлоо жөнүндө макулдук келишимине келбейлиби. Консенсустук демократиянын алгачкы кадамы катары ушул келишим өлкөнү монолитке айлантар. Тагдырыбызды оң жакка бура турган кадам болуп калар.

Парламенттик башкаруунун өксүгү
Саясат таануучу Кубан Абдымен Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун учурдагы өксүгү катары соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгында калың элдин кызыкчылыгы парламенттен сыртта калганын белгилейт. Бул өксүктөн арылуунун жолу парламенттик демократиянын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жалпы элдин билим деңгээлин көтөрүү зарыл:
- Коалиция түзүп алып, бийликти колго алып, өлкөнү башкарып жаткан үч партиянын артында турган шайлоочулардын саны болгону 13 гана пайызды түзүүдө. Ал эми калган дээрлик 90 пайызга жакын шайлоочулардын кызыкчылыгын бул парламент билдирбейт. Мунун артында эмне турат. Эң чоң өксүк - парламентаризм системасы жөнүндө элдин түшүнүгү аздыгында. Бул проблеманы чечүү үчүн мындан эки-үч жыл мурда көтөрүлгөн парламентаризм институту демилгесин ишке ашырып, коомдун бардык катмарына парламентаризм түшүнүгүн жеткирүүчү топ түзүп, ырааттуу түрдө иш алып баруу керек, - дейт Кубан Абдымен.
Парламенттик система Кыргызстанда ишке ашарына коңшу өлкөлөр, асыресе Россиянын башкаруучулары ишенбей, ал түгүл бул жаңылыш жол экенин ачык эле айтып келатышат. Кыргызстан өткөн жылы жаңы Конституция боюнча парламентти шайлап, жаңы жылдан коалициялык өкмөт ишке киришкен. Бир эле учурда президенттик системаны калыбына келтирүүнү жактаган саясий күчтөрдүн да аракети акырындап активдешүүдө.

Кубат Чекиров




Интеллектуалдык марафонго күчтүүлөр чыгат
Өткөн саныбызда алыскы Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминовдун республикалык олимпиаданы өткөрүү боюнча ой-пикирин жарыяладык эле. Анын пикиринде, олимпиаданы өткөрүүнүн формасын, ыкмасын, мазмунун жаңылоо зарыл. Ошондой эле эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп, алардын өткөрүү ыкмасын пайдалануу керек экендигин элеттик мектеп директору баса белгилеген болчу. Ушул сунуш боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси, республикалык олимпиаданын уюштуруу комитетинин секретары Самара Умралиева өз оюн ортого салат.

Самара Умралиеванын айтымында, билим берүүнүн стандарты Өкмөттүн токтому менен кабыл алынган. Ошондуктан олимпиаданын тапшырмалары стандартка ылайык, жогорку деңгээлде даярдалат. Тапшырманын алкагында жөнөкөй тапшырмадан логикалык ой-жүгүртүүгө чейин бар. Жободо жазылгандай, олимпиаданын биринчи күнүндө теориялык тур, экинчи күнүндө практикалык тур өткөрүлөт. Эгерде сынактын катышуучусунун теориялык билими төмөн, ой-жүгүртүүсү начар болсо, албетте, ал экинчи турду аткара албайт.
- Олимпиаданын 2-туру абдан кымбат. Анткени химия, физика, биология сабактарынан керектүү жабдыктарды сатып алуу керек болот. Маселен, физика боюнча ар бир катышуучуга эксперимент өткөрүү боюнча приборлорду сатып бериш керек. Быйыл И.Раззаков атындагы КМТУ демөөрчүлүк кылып жатат, - дейт Самара Умралиева. - Эми Гапыр Мадаминовдун айткандары жаңылык деле эмес. Маселен, элеттик директордун ою боюнча, олимпиада учурунда күзөтчү кеңештерди түзүү керек деп жатат. Эми бул интеллектуалдык марафон. Күчтүү балдар апелляцияга киргенде эле өзүнүн жообунун туура экендигин тастыктап чыгат.
Өткөн жылы бир окуучу тапшырмасын туура аткарып, бирок штамп коюлган баракка белги (значок) коюп койгон экен. Негизинен окуучунун сынакка киргенден чыкканга чейин кантип өзүн алып жүрүү керек, тапшырма жазылып жатканда эч кандай белги койбош керек, уюлдук телефонду алып кирбеш керек ж.б.у.с. окуучулардын эрежесин республикадагы бардык мектептерге уюштуруу комитети жөнөткөн.
- Бул бир эле биздин республикада эмес, бардык жерде ушундай талап бар. Дептердин бир барагын айрып, же башка ручка менен жазып, белги койсо, анда ал окуучу олимпиадалык иштен кетет, - дейт С.Умралиева. - Бул тартип бузууга кирет. Дегеле сынак жүрүп жатканда эки-үч байкоочу, коридордо күзөтчүлөр карап турат. Эгерде бала даратканага барам десе, байкоочу баланы алып чыгып күзөтчүгө тапшырат. Ал бала он беш жолу даратканага барса, он беш жолу кошо бара берет. Бул жерде мугалимдер балдарга жакшы тарбия берип, үйрөтүп коюшса жакшы болмок. "Балдар, силер таза болсоңор, сынак ачык өтөт. Шпаргалка колдонбогула, телефондорду пайдаланбагыла" дешсе, тартип бузуулар болбойт эле.
Олимпиадага тогуз окуучу катышса, сөзсүз түрдө анын 40% дипломго ээ болот. Эл аралык олимпиадада ушундай. Эгерде 80 өлкөдөн бештен бала барганда эле төрт жүз болуп жатпайбы, анын бери дегенде жүз сексени сөзсүз 1, 2, 3-даражадагы дипломдор менен сыйланат. Ошондой эле сынактын катышуучусунун баллы 45 пайыздан жогору болсо, ал жөнөкөй эле грамота менен сыйланат. Мындай сыйлоо формасы бизде деле бар экенин адистер айтышууда.
Эл аралык олимпиада стандарттын негизинде өткөрүлбөйт. Ал жерде окуучунун өзгөчөлүгүнө, шыктуулугуна, өнүккөнүнө, билгичтигине карайт. Ошон үчүн эл аралык олимпиадага барганда биздин балдар уят болуп калбаш үчүн уюштуруу комитети сынактын 3-этабынын тапшырмаларын күчөткөн.
- Тапшырманы жерине өзүбүз алып барабыз. Ал эми тапшырманы методикалык комиссия түзөт. Республика боюнча талап бирдей. Шаардык же айылдык деп кароого болбойт. Бул деген таланттуу балдардын сынагы. Ошондуктан интеллектуалдык марафондо күчтүүлөр гана алдыңкы орунга чыгышат, - дейт олимпиаданын уюштуруу комитетинин секретары. - Олимпиадалык тапшырма боюнча маалыматтар сыртка чыгып кетүүгө жол берилбейт. Анткени тапшырманы методикалык комиссия даярдайт. Ал эми тапшырма конвертке салынып, кол коюлуп, чапталат. Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү коюлат. Аны эч ким ача албайт. Тапшырма жерине жеткенде комиссиянын көзүнчө ачылат. Бул тапшырмалардын ачкычы дагы методикалык комиссияда болот. Ошондуктан кандайдыр бир күмөн саноонун кажети жок. Баарыбыз эле балдарыбыз мыкты чыгып, Кыргызстандын намысын коргосо экен деп тилейбиз да.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү сөзсүз Жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, анан өзүнүн жеңген профилдик предмети боюнча бюджетке өтөт. Эгерде 1-орундун ээси эл аралык олимпиадага катышып, ал жерден да сыйлуу орунга татыса, анда ошол жердеги өнүккөн университеттер балдарды өздөрү эле окууга чакырышат.
Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"