presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Мектеп

бүгүн жана эртең
Жаңылануу жолундагы мектеп

1996-жылы сметалык баасы 1 млн. 200 миң сомдук жаңы корпус ашар жолу менен салына баштап, ал 1997-жылы пайдаланууга берилген. Натыйжада мурда эки нөөмөттө окушкан балдар бир нөөмөттө окуп калышты. Мамлекет тарабынан 12 компьютер берилип, бир компьютердик класс кабинети уюштурулган. Элге билим берүү министрлиги мектепке 100 парта, 200 отургуч бөлүштүрүп берип, алар жаңы бүткөрүлгөн класстарга коюлган.
Азыр мектепти Садибакасов Абдрасул жетектейт. 2007-2008-окуу жылында мектептин материалдык техникалык базасы бир кыйла чыңалды. 64,854 сомго 524 китеп, 51164 сомго география, физика сабактары боюнча көрсөтмө куралдары алынып келинди. Мугалимдердин ишмердүүлүгүн көтөрүү, алдыңкы, таланттуу окуучуларды сыйлоо үчүн айыл ичинен чыккан чыгаандар 19960 сомго демөөрчүлүк көрсөтүштү. №2 корпустун залы заманбап жасалгаланып, алты компьютер, бир принтер, бир ксерокопия аппараттары менен жабдылды. Мектеп 2 млн. 724 миң 500 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кошумча дагы алты бөлмөлүү мектептин корпусу пайдаланууга берилди.
Мектеп турмушун айыл өкмөтүнүн жетекчиси Калмуратов Жолдошбек жана айыл депутаттары көз жаздымында калтырышпай, кандай кем-карчы болсо, толуктап турушат. Айрыкча кенже курактагы балдарды окутуу, тарбиялоо иштери жакшы жолго коюлган. Атай кетсек, Марипа Муканованын түзгөн долбоору боюнча 167 миң сомдук эмеректер алынып, окуу бөлүмдөрүн ремонттоо иштери жүргүзүлүп, алты жаштагы 25 бөбөк окууга тартылган.
Өткөн эки окуу жылынын жыйынтыгында 6 окуучу артыкчылык күбөлүк, 4 окуучу артыкчылык аттестаттарын алышты. Бул окуу жылында эки класстык кабинет үчүн парта, стул, шкаф, доскалар алынып келингендиги өзгөчө кубанычтуу болду.
2010-2011-окуу жылында мектепке 455 окуучу тартылган. Үзүрлүү эмгектенип келатышкан 53 мугалимдин 46 мугалими жогорку билимдүү, 11 мугалим - агартуунун мыктысы. Жаңы окуу жылы башталаарда облустан, райондон комиссия түзүлүп, райондогу 18 мектептин ичинен окуучуларга билим жана тарбия берүү, ошондой эле мектептин ремонту, класс кабинеттеринин жабдылышы, кышка даярдыктары боюнча биринчи деп табылганына жалпыбыз кубандык.
Улуу көчтү татыктуу улап келатышкан агартуучулардын эмгектери татыктуу бааланып, эки мугалим - Билим берүүнүн отличниги, бир мугалим - Республикалык профсоюздар уюмунун отличниги деген наамга ээ болушту. Профсоюз жыйынында уюмдун жетекчиси Бекишов Сүйүнбектин эмгеги жогору бааланды. Ал бардык класс кабинеттерин жана залдарды жасалгалоодо жогорку чеберчилигин көрсөтө алган. Сыйлыкка жана сыймыкка шыктанышкан мугалимдер коллективи жаңы окуу жылын ийгиликтүү аяктоо аракетинде.

Жамбыл Калмурат уулу,
Билим берүүнүн отличниги,
эмгек ардагери.
Мукаш ажы
Жамангулов,
КРнын эмгек сиңирген
мугалими.




Бала тарбиясы бешик ырынан башталат
"Ноокат" коомдук фонду Улуттук жазуучулар союзу менен бирдикте уюштурган "Бешик ыры" конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Уюштуруучулардын айтымында, бул конкурс жыл сайын бир нече этаптар менен өткөрүлүп, мыкты обондуу ырлар дисктерге жазылып, бала бакчаларга таркатылып турмакчы.
"Ноокат" коомдук фондунун төрайымы Салима Жороеванын жеке демилгеси менен уюштурулган "Бешик ыры" конкурсунун максаты - бешик терметкен эненин ыры аркылуу унутулуп бараткан улуттук баалуулуктарды, кыргыз элинин көөнөргүс каада-салттарын жарык дүйнөгө жаңы келген наристеге жеткирүү болуп саналат. Салима Жороева ишенгендей, эне бешик терметип, ак тилегин баланын кулагына куюп тарбиялаганда гана балдардын жан дүйнөсү тазарат жана эненин ошол аруу тилектери кудайга жетип, ал жер бетиндеги пенделерине ыймандуулук ыроолойт.
- Бешик терметип, баласына бар жакшылыкты арнаган эненин тилеги ошол бешик ыры аркылуу баланын жүрөгүнөн түнөк таап, энесинин жакшынакай ырларын угуп чоңойгон бала эч качан жамандыкка барбайт деп ишенем. Кийинки кездерде бешик ыры түгүл, бешиктер жоголуп баратпайбы. Баласын коляскага салган жаш энеси, керек болсо анын чоң энеси деле бешик ырын тыңгылыктуу билишпейт. Мындай осолдукту биргелешип жоюшубуз керек. Тарыхка үңүлсөк, бешик ырларынын саптарында не деген сонун сөздөр кездешет. Демек, биз бешик ырларын жаңыртып калыбына келтирүү менен, кыргыздын унутулуп бараткан керемет дүйнөсүн кайра жараткан болобуз, - деди С.Жороева.
Калыстар тобунун курамында Салима Жороевадан башка акын Төлөгөн Мамеев, акын Гүлсайра Момунова, тарыхчы Асыкбек Оморов, журналист Элмира Тезекбаевалар болушту. Анын төрагасы Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Абдрахман Алымбаев жазуучулар союзу колдон келишинче колдоо көрсөтүп, бешик ыры эл арасында абройлуу конкурстардын бири болушуна өз салымдарын кошууга даяр экендигин айтты.
Белгилүү акын Төлөгөн Мамеев: Бешик ыры аркылуу кыргыздын жоголуп бараткан улуттук сыймыктарынын бири - бешикти калыбына келтирүүгө кошкон салым катары баалайм. Эсимде, 1970-жылы "бешикти жоготкула, коляскага өткүлө, анткени бешикке бөлөнгөн баланын мээси термелип калат" деген Кыргызстан Компартиясынын атайын чечими чыккан. Ошондо буга каршы пикирин кыргыздын таланттуу уулдарынын бири Мурза Гапаров ачык билдирип чыккан. Анын макаласын жергиликтүү басылмалар жарыялай албай, россиялык чоң басылмалардын бири "Комсомольская правда" гезити жарыялаган эле. Андан бери бир топ оош-кыйыштар болду дегендей, кыргыздын руханий байлыктарынын бири - бешик ырын кайра жаратуу, аны даңазалоо демилгесин көтөргөн Салима Жороевага ырахмат. Бул анын педагогикалык терең көрөгөчтүгүнүн анык далили, - деп өз пикирин билдирди.
Конкурстун жооптуу катчысынын милдетин аткарган Салима Жороеванын айтымында, "Бешик ыры" конкурсуна баш-аягы болуп 50дөй ыр түшкөн. Конкурстун жобосуна ылайык биринчи, экинчи жана үчүнчү орундардын ар бирине мыкты деп табылган үчтөн ыр тандалмак. Бирок, жыйынтыгында, биринчи орунга эки ыр татыктуу болуп, жалпысынан тандалган тогуз ырга обон жаратылды.
Калыстар тобунун купулуна толгон акын айымдар Калбүбү Сариеванын жана Гүлжамал Шакированын калемдерине таандык бешик ырларына жаратылган обондор катардагы көрүүчүлөрдүн баамында да жогору бааланып, кулакка угумдуу, нукура бешик ырына ылайыктуу экендигин белгилешүүдө. Айрыкча Калбүбү Сариеванын сөзүнө жазылган, обону Акимжан Жээнбаевге таандык "Бешик ыры" таланттуу аткаруучу кыздарыбыздын бири Мариям Бектемир кызынын аткаруусунда уккандарды кайдигер калтырбайт деген ойдобуз.
Конкурстун уюштуруучуларынын айтымында, мыкты деп табылган обондуу тогуз бешик ыры эми дисктерге жазылып, бала бакчаларга таратылат. Жакынкы келечекте бул ыр топтомдору атайын китеп болуп чыгуусу күтүлүүдө.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"






"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o