presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Мектеп

Ак-Кыя орто мектеби: кечээ,
Мектеп таржымалы
Ак-Талаа районунун азыркы Көк-Жар айыл өкмөтү Ак-Кыя жана Көк-Жар өрөөнүндө жашаган тургундардан түзүлгөн. Ар бир өрөөндө жетиден он үчкө чейинки түтүн болгон. 1900-1905-жылдары балдарын окуткусу келген адамдар Ак-Кыя өрөөнүндөгүлөрү Матибраимов Мамбетасым молдого, Көк-Жар өрөөнүндөгүлөр Токтонбай уулу Абдрайым молдого алып барышып, араб алфавити боюнча окутушкан. Мамбетасым молдо Акчий деген жерге, Абдырайым деген молдо Көтөрмө деген жерге мечит салдырышкан. Улуу муундун өкүлдөрү ал эки молдонун Ташкенттен билим алып келишкендигин айтып калышчу. Алардан билим алышкан Бекмамбет Нургожо уулу, Шермат Базаркул уулу, Калдарбек Алманбет уулу, Алышпай Чике уулу ж.б. карыяларды айылда молдо болуп, тамыр кармап, адамдарга дем салып айыктырганын өз көзүбүз менен көрүп калдык.
1923-жылы Ак-Кыя өрөөнүнүн Ак-Чий участкасында кошчу уюштурулуп, ага 13 түтүн тартылган. 1929-жылы Ой-Чийде (Бакалыдагы) жашаган адамдар Ак-Чий кошчусу менен бириктирилет да, Тобок участкасына көчүрүлүп, Тобок артели түзүлөт. Ошол жылы башталгыч мектеп ачылып, Сарымсаков Өмүраалы деген адам мектеп башчысы, Атайбасов Асан (азыркы Тоголок Молдодон), Түрүкбаев Сулайман (Тилектештен) мугалим болуп иштешкен. Мектеп Нурак уулу Чыныбай болуштун тамында уюштурулган. Чыныбай айтылуу Мусакожонун аталаш иниси болгон, окутуу латын алфавити менен жүргүзүлгөн.
1932-33-жылдары Таш-Кыя, Тайлак-Арык, Кайың-Кечүү, Көк-Там, Токой, Көтөрмө участкалары бириктирилип, Көк-Жар өрөөнүндө Көк-Жар колхозу уюштурулган. Колхоз уюштурулганда жети жылдык мектеп ачылат. Мектеп салууда Алакүчүков Мурсаалы, Исаков Наамат, Базаркулов Шеримбек, Мырзабеков Шабидин аксакалдар чоң салым кошушканын, ал эми мектептин парталарын (сүйрөмө) Чикеев Алышбай өз колу менен жасаганын эскеришет айылдаштар.
Биз жетинчи классты бүткөнчө ошол парталарга олтуруп окуп калдык. Мектеп директорубуз эки жылдык педагогикалык билими бар Эркин Аксамаев деген көлдүк жигит эле. Мугалимдердин атайын билими жок болгондуктан, айыл ичинде кат тааныган Эсеналиева Калыя, Молдокматов Мыктыбек, Мамышов Сагындык деген эжей-агайлардын колунан окудук. Алар кийин Нарын шаарынан 6 айлык мугалимдер курсунан өтүп келишти. Окуучулардын саны жетишпегендиктен 1-3, 2-4-класстар бириктирилип (карлик), бир эле мугалим окутаар эле. Алгачкы агартуучулардын бири Асангожо Турдугожоев орус тили жана дене тарбия сабактарынан окутса, Султан Абдыраев деген агайыбыз башталгыч класстын мугалими эле.




Интернационал мугалимдер курамы
1954-55-окуу жылында жаңы мектепке киргенде окуучулардын саны 123кө чейин жеткен. Анда 11 мугалим иштеген. Омск шаарынан келишкен орустардын арасында Галина Тыщенко деген билимдүү аял бар экен. Өмүралиев Мукаш деген жигитибиз ошол учурда солдаттан келип, ага үйлөнүп калат. Ал эжебиз орус тили мугалими болуп иштеп калды. Аңгыча Жунусов Саяк деген агабыз солдаттан келатып, атайын орто окуу жайын аяктаган Галина Филипповна Ферт деген украин кызына үйлөнүп, кошо ала келди. Ошентип Ак-Кыя орто мектеби эки орус тилдүү мугалим менен камсыз болгон.
Жаңы мектепке киргенде Токобаев Биримкул - директор, Кубаталиев Ниязбек - завуч болуп иштешти. 1965-66-окуу жылдары мектеп сегиз жылдык мектепке өткөн соң окуучулардын саны да көбөйүп, мектеп мугалимдик жаңы кадрлар менен толукталган. Көп өтпөй Кубаталиев Ниязбек райкомго инструктор болуп которулуп, директорлукка Кожеков Эсенгул шайланды. 1969-70-окуу жылы Ак-Кыя сегиз жылдык мектеби орто мектепке айландырылган. Кожокев Эсенгул "Тилектеш" (Жогорку-Май) орто мектебине которулуп, Ак-Кыя орто мектебине Масадыков Насырынбек директор болуп дайындалган. Орто мектепте 327 окуучу окуп, 28 мугалим эмгектенген. Көпчүлүгү жогорку жана атайын орто билими бар мугалимдер болушкан.
1973-жылы 120 орундук кошумча корпус курулган. Ал эми 1981-85-жылдары Ак-Кыя орто мектебинде 16 класс комплектиси ачылып, окуу эки нөөмөттө жүргүзүлгөн.
Райондо биринчи болуп "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси менен Ак-Кыя орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Абдраев Султан сыйланган. Андан тышкары Жунусова Галина Филипповнага Ардак белгиси ордени ыйгарылып, Өмүралиев Абдрашит "СССРдин Эл агартуусунун отличниги" болгон. Ал эми Иманалиева Уулча "Улуу окутуучу" деген наамга татыган.
1993-94-окуу жылынан баштап Ак-Кыя орто мектеби Социалисттик эмгектин баатыры Асанаалы Абдраимовдун ысмын алып жүрөт.





Мектептин кышын куюшкан окуучулар
1952-жылы Көк-Жар айылындагы мектепти кыян каптап, пайдаланууга жараксыз болуп калгандыктан, мектеп Ак-Кыя айылына көчүрүлгөн. Биз анда жетинчи класста элек, ал мезгилдин шартына ылайык, бүтүрүүчү класс болуп саналчу. Эркек балдар миңден, кыздар 500дөн кыш куюуга милдеттендик. Башка класстардын балдары да алдарына жараша милдеттенме алышып, жапа тырмак жарыша кыш куюуга кириштик. Мыйзамдын күчтүүлүгүн, элдин ынтымактуулугун ошол мезгилден көрсөк болот. Россиянын Омск шаарынан үй-бүлөлөрү менен бир бригада орустар көчүп келишип, мектептин фундаментин баштап калышты. Алар тактай тиле турган жай курушуп, жигиттерди кол менен тактай тилүүгө үйрөтүштү. Жергиликтүү калк кемпир-чал дебей, өгүзгө чийне куруп алышып таш ташып жатышты. Ата-энелер да четте карап турушкан жок. Кээ бирөөлөрү тактай тилишсе, кээ бирөөлөрү кыш куя башташты. Байбичелер орустарды сүт, айран, май менен камсыздашып, чалдары колдорундагы малдарын союшуп, эт менен камсыздап турушту. Ошентип бир жарым жылдын ичинде устаканасы, китепканасы, директор, мугалимдердин конторасы, пионер комнатасы менен бардык шарттары бар заңгыраган мектеп салынып бүттү.




Көпүрөнү алмаштырган "дежур өгүздөр"
1940-41-окуу жылында орус алфавити менен окутула баштаганда орус тили сабагы киргизилип, Александров Шурка деген орус тил мугалими болуп келет (ал Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кайра кетип калган). Жети жылдык мектеп ачылганда 4-класстан тартып экзамен беришчү. Бир жылы Жаңы-Талап (азыркы Куртка айылында) окуган окуучулар Ак-Кыяга келип окушса, экинчи жылы Ак-Кыя мектебинин окуучулары Куртка айылына барышчу. Окуучулар үчүн колхоз тарабынан шарттар түзүлүп, мектеп жанына боз үйлөр тигилип, окуучулар жатакана, тамак-аш жагынан камсыз болушчу. Окуучулар экзаменге даярданышы үчүн мугалимдер даярдануу консультацияларын беришчү.
1936-жылы Кара-Суу, Ак-Чий, Кичи-Кара-Дөбө участкалары бириктирилип, Көк-Жар колхозунун маңдайына Ак-Кыя колхозу уюштурулган. Колхоздо 49 түтүн эл болгон. Ак-Кыя колхозунун балдары Көк-Жар мектебинен окушуп, карлик класстар жоюлган. Ак-Кыя менен Көк-Жардын ортосундагы Көргөн суусуна көпүрө салынган.
Кыштын күнү суу ташкындап, көпүрөнү суу алып кеткенде, ат же өгүз унаалары менен суудан окуучуларды өткөрүп туруу үчүн дежур адамдарды бекитишкен. Муну "Дежур өгүз" деп койчубуз. Ошол дежур адамдардын бири - 83 жаштагы Жусупбек уулу Келгенбай азыр да бар.






"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o