Мээнет - дөөлөт

Жетик окумуштуу, чебер педагог, нускалуу инсан
И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору, көрүнүктүү сүрөтчү Жаныбек Сыдыгалиев 70 жашта

Сыдыгалиев Жаныбектин эмгек жолуна кылчайсак, 1995-жылы Бишкек шаарындагы азыркы С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн. 1955-жылдан 1959-жылга чейин Нарын шаарындагы педучилищада, 1959-1960-жылдары Каракол (Пржевальск) пединститутунда мугалим болуп иштеген. Кийин И.Арабаев атындагы КМПУнун (Кыргыз кыз-келиндер пединституту) педагогика факультетинде мугалим, ага окутуучу, доцент, 2002-жылдан профессордун милдетин аткаруучу болуп иштейт.
1992-1997-жылдары маданият факультетинде көркөм эмгек жана сүрөт кафедрасын жетектеген, 1997-1998-жылдары КР улуттук көркөм сүрөт академиясынын окуу жана илимий иштер боюнча биринчи проректорунун милдетин аткарган. 1998-жылдан И.Арабаев атындагы КМУнун маданий билим берүү борборунун, педагогика жана психология институтунун профессору болуп эмгектенет.
1965-1989-жылдары Билим берүү академиясында (кыргыз ИИПИ) ага илимий кызматкери, 1967-1974-жылдарда "Ден соолук" журналынын жана "Мугалимдер газетасынын" көркөм редакторлук кызматын аткарган.
Сыдыгалиев Жаныбек КР Сүрөтчүлөр жана журналисттер уюмунун мүчөсү, КР Эл агартуусунун отличниги, КР Жогорку кеңешинин Ардак грамотасы, СССРдин, Кыргыз ССРинин, коло медалы, КР студенттери менен аспиранттарынын техникалык илимдер боюнча олимпиадасынын, 1957-жылы Москвада болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк жаштардын фестивалынын дипломанты.
26 жыл катары менен республикалык педагогикалык окууларга ар кандай илимий-методикалык докладдары менен катышкан. О.э. "Кыргыз маданияты" жумалыгы газетасынын өнөр таануу боюнча мыкты макалалар үчүн конкурсунун үч жолу катары менен жеңүүчүсү.
Сыдыгалиев Жаныбектин иштеги темасы: искусство таануу жана сүрөт өнөрүн окутуунун методикасы. Билим академиясынын антологиясында кыргыз методика илиминдеги сүрөт өнөрүн окутуу методикасынын өнүгүшү Ж.Сыдыгалиевдин ысымы менен байланыштуу деген калыс ой пикир айтылат. Чындыгында, 12 окуу куралы, анын ичинде 2 окуу китеби, 1 монографиясы, 7 окуу программасы ("Биринчи класстын сүрөт өнөрү", "Экинчи класстын сүрөт өнөрү", "Үчүнчү класстын сүрөт искусствосу", "Төртүнчү класстын сүрөт өнөрү", "Сүрөтүн тартып бое" (балдар бакчасы үчүн), "Башталгыч класстагы жасалга сүрөт", "Сүрөттү окутуу методикасы", "Орто мектептин 1-7-класстарынын сүрөт искусствосунун программасы", "Мектептеги 1-7-класстардын сүрөт искусствосу жана көркөм эмгектин программасы" ж.б.), 200дөн ашык илимий-методикалык макалалары Ж.Сыдыгалиев тарабынан кыргыз методика илиминде биринчи жолу жарык көргөн. Демек Жаныбек сүрөттү окутуу методикасынын төл башы болгон деп айтсак да болот.
Кыргыз өнөр таануу илими аз изилденген тармакка кирет. Бул багытта үзүрлүү эмгектенишкен А.Салиев, Ж.Үмөталиева, О.Попова, Л.Прыткова, Б.Буудайчиев, С.Асанбеков сыяктуу белгилүү өнөр таануучулардын арасында Ж.Сыдыгалиевдин ысымы да аталат. Ал кыргыз профессионалдык сүрөт өнөрүнүн өнүгүшү жана анын белгилүү кыл калем чеберлеринин чыгармачылыгы жөнүндөгү "Сүрөтчү жана мезгил", "Кыргыз сүрөт искусствосунун өнүгүш багыттары" сыяктуу эки көлөмдүү китептин (монографиянын) жана алтымышка жакын илимий-публицистикалык макалалардын жана жыйырмадан ашык теле-очерктердин автору.
Биз бул жерде айрым гана иштери жөнүндө учкай сөз козгодук. Албетте, сүрөтчү-педагог, искусствовед-журналист жана публицист окумуштуунун алгылыктуу эмгектери көп улуттуу кыргыз калкынын көркөм маданий жана илимий кенчине айланып, өз мезгилинин гана эмес, кийинки учурлардын талабын канааттандырып, келечек муундар үчүн улам жаңы сапаттарын ачып, жаңыча таасир этип, эстетикалык күчүн, илимий актуалдуулугун жоготпостон, өз милдетин өтөй бере турган, мазмуну терең, чеберчилиги жетилген узак өмүрлүү иштердин катарына кирери шексиз.
Эгер табият сараңдык кылбаса, Жаныбек Сыдыгалиев дагы да далай-далай көөнөрбөс көркөмдүктөрдү жарата берерине чын дилден ишенебиз. Карыбаңыз, арыбаңыз, бар болуңуз.




Чыныгы мугалим

Ж.Сыдыгалиевдин лекциялык жана практикалык сабактары мазмундуулугу, илимийлүүлүгү, жеткиликтүүлүгү менен айырмаланып, студенттер тарабынан жогору бааланаарын жакшы билем. Анткени И. Арабаев атындагы КМУнун 2006- жылдын мыкты лектору конкурсунун жеңүүчүсү болушу мунун далили.
Ж. Сыдыгалиев 300дөн ашык экспонаты бар (элдик өнөр) студенттердин иштеринен уюштурган музейи, 1980-жылдары Москвадан Борбордук сыналгынын "Интергельпо", "Мезгил" ("Время") программасынан көрсөтүлгөн, СССРдеги ЖОЖдордун ичинен биринчи болуп уюштурулган музей экендиги жалпыга маалым. Ушул тапта да өз каражатынан автордук окуу- методикалык өнөрканасын ачты. Анда программада талап кылынуучу баардык окуу материалдары менен көрсөтмө куралдары топтолгон.
Өтө карапайым, жөнөкөй, кичи-пейил, интеллектиси бийик, адамкерчиликтүү бул адам тагдырдын татаал жолунда сыналган 75 жылдык өмүрүнүн 55 жылын окутуучулук чеберчилиги, Кыргызстанда сүрөт өнөрү боюнча тунгуч жана алгачкы методист-илимпоз, кыргыз методика жана өнөр таануу илимдеринин өнүгүшүнө кошкон салымы университет тарабынан эске алынып, бир нече жолу мамлекеттик сыйлыктарга, Эмгек сиңирген мугалим, маданият ишмери, ордендерге көрсөтүлгөнүн жакшы билем.

Боогачы Өмүралиев,
Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ишмери, педагогикалык илимдердин
доктору, профессор.





ЖАРАТМАН ЖАНЫБЕК

Жаныкебиздин бала чагы соолгур согуштун калаймандуу жылдарында өттү. Ата-энесинен жаштайынан ажырап, жетимдиктин түйшүгүн далай эле тартты. Антсе да жетим жүрүп жетилди. Анын бактысына Советтер Союзунун убагында жетим балдар үйү чоң өбөк, жөлөк болду. Тарбия берди, билим берди.
Мамлекет үй-бүлөдөн башталат демекчи, тарбиянын башаты да - үй-бүлө. Жаныкенин байбичеси Айшаке да - педагог. Кош педагогдун тарбиясын көргөн, таалимин алган балдары да мыкты тарбиянын өрнөгү. Улуу кызы Айнура - педагог, өз ишинин устаты, андан кийинки кыздары Нуржамал менен Чолпон - телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун чебери, такшалган кызматкерлери. Уулу Нурбек - кесиби боюнча атасынын жолун жолдогон сүрөтчү, ушул тапта - бизнесмен. Тагдырдын жазуусуна айла жок экен, кенже уулу Жолдошбек кайтыш болуп калды. Өтө адептүү, келечегинен көп нерселерди үмүттөндүргөн жакшы бала эле. Жаныке менен Айшакенин балдарынын бардыгы музыка жандуулар. Пианинодо, аккордеондо ойной билишет. Аларга да кең келечек, жыргал заман, ден соолук, узун өмүр, бакыбат турмушта жашоолорун каалайм.
Кыргыздарда "Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот" деген накыл кеп бар. Чындыгында Жаныкең аң-сезимдүү өмүрүндө улам өрүүлөп, улам илгерилеп, чабытынан жазбай келди. Буга ага өзү өтө узак жылдардан бери эмгектенип келаткан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорлук окумуштуулук наамынын берилиши күбө.

Жанузак ТЫНАЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер.





Мөргүбөс талант издери

Жарым кылымдан бери педагогдук менен изилдөөчүлүктүн кош тизгинин бирдей кармап келе жаткан окумуштуу, жөндөмдүү сүрөткердин кийинки мезгилде жарык көргөн "Кыргыз сүрөт искусствосунун өнүгүш багыттары" (2005), "Мектепте сүрөт искусствосун окутуунун методикалык негиздери" (2010), "Сүрөттү окутуунун байыркы методдору" (2009) аттуу кыйла көлөмдүү эмгектери, айрыкча "Сүрөттү окутуунун байыркы методдору" китептин аты айтып тургандай, көрсө сүрөт өнөрүнө биздин доорго чейин эле чоң маани берилгени, ал ар кайсыл өлкөдө кандай өнүккөнүн изилдөөчү, кыйла мээнеткечтик жана тереңдик менен жүзөгө ашырган.

Тенти Орокчиев,
акын, журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, "Түгөлбай-Ата" атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.






Эмгеги менен элге жаккан шакиртим

Жаныбек Сыдыгалиевдин мектеп мугалимдерине, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине, жалпы эле өнөр таануучуларга арналган кайсыл гана эмгектерин албайлык, алар илимий-методикалык шарттар менен негизделген алгылыктуу, ынанымдуу мисалдардын, айкын фактылардын жана жоболордун, практикалык натыйжалардын фонунда, ырааттуулукта талдоого алынып жакшы жазылган. Анткени сүрөт өнөрүн окутуудагы, биз маани бербеген эң жөнөкөй ыкмаларга олуттуу басым жасашы, адам денесин тартуудагы египеттик канон, сулуулуктун идеалын түзүүдөгү гректик методдун, нерсенин көлөмдүү формасын берүүдөгү көлөкө-жарыктын градациясын негиздеген Зевксиздин "иллюзордук методу", " натуралдык метод"," геометриялык метод" сыяктуу ж.б. алиге бизге тааныш эмес көптөгөн тарых фактыларынан, методикалык ачылыштардан, жоболордон окурмандарга кызыктуу баян берилет.
Ж.Сыдыгалиев кыргыз балдар бакчаларында сүрөт сабагын окутуу маселесине кайрылып, 1957-жылы "Балдар бакчасындагы сүрөт сабагынын тарбиялык мааниси" аттуу көлөмдүү макаласы "Мугалимдерге жардам" журналына биринчи жолу кыргыз тилинде жарык көргөн. Ал эми 1990-жылы "Сүрөтүн тартып бое" аттуу кыргыздын элдик жасалга өнөрүнүн материалында иштелген, эки бөлүктөн турган методикалык мазмундагы түстүү сүрөттөлүштөгү альбому Кыргыз агартуу системасынын тарыхында биринчи ирет бөбөктөргө тартууланган эмгеги Түркиядагы китеп көргөзмөсүнө катышып, грамотага татыктуу болгон. Ал окуу китептерин жана окуу куралдарын жасалгалоо иштерине демилгелүү катышкан график сүрөтчү. Анын "Байчечекей", "Алиппе" окуу китептерине тарткан сүрөттөрү, профессор К.Дыйкановдун кыргыз тилине арналган 100 таблицасы ж.б. жогорку көркөм-таасирдүүлүктө аткарылышы мектеп мугалимдери жана окуучулары тарабынан жылуу кабыл алынган.

Каратай Сартбаев,
профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.

Кыл калем менен калемди
алмак-салмак шилтеген сүрөткер

Мен Жаныбек менен көркөм майданда жана агартуу системасында жарым кылымдан бери бирге иштейм. Анын көптөгөн илимий-методикалык жана өнөр таануу багытындагы эмгектерин жана кыл калемдин чебери, живописчи, график катары жакшы билем. "Кечки кыш", "Ысык-Ата", "Сандык", "Соң көл", "Ысык-көлдөгү таң" аттуу чакан пейзаждары, "Ак дастаркон", " Сирень", "Коон" күзгү натюрморт, "Кең Тянь-Шань", "Ысык-Көл кайрыктары", "Эстөө" сыяктуу үчилтик, "К.Юдахин", "Сүйүндүк", "Ч.Айтматов" сыяктуу иштеринен анын таланттуу лирик-сүрөтчү экенинен шек келтирбейт. Албетте, анын көркөм процесстен алган татыктуу орду бар.
Жаныбек Сыдыгалиевдин мезгилдин талабына жооп берүүчү мындай көлөмдүү окуу китеби сүрөт сабагынын мугалимдерине гана эмес, студенттерге жана аспиранттар үчүн да керек. Анын үстүнө мындай эмгектердин көбүрөөк жарык көрүшү мугалимдердин ишин бир топ жеңилдеткен болоор эле.
Автордун олуттуу, мазмундуу, жазылган тили элпек, окууга жеңил, көптү үйрөтүүчү окуу китептери жазылып, жарык көрүп турушуна тилектешмин.

Абдрай Осмонов,
Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз көркөм сүрөт
академиясынын академиги.

Табигатынан демилгечил,
жаңычыл инсан

Жаныбекти адам катары сыпаттасак: жөнөкөй, мээрман, мээнеткеч, адамдык затын таза сактаган, жоопкерчиликтүү, табигатынан демилгечил, жаңычыл инсан.
Ата-энесинен эрте айрылгандыктанбы, табигатынан зиректигиненби, же жетимчиликтин ачуу-таттуусу аралаш тагдырына тийгизген таасириненби, жанбакты эмес, коом, эл, жер деген күчтүү сезими, туруктуу турмуштук позициясы жана оригиналдуу идеясы бар өз алдынча көз карандысыз адам.
Ошентип, белгилүү инсан Жакем, тамыры терең кеткен дүпүйгөн, шагы ийилген мөмөлүү даракка айланган. Карыя окумуштуу үй-бүлөдө жубайынын сүйүктүү жары, балдары, небере-чөбөрөлөрүнүн мээрман, камкор атасы, чоң атасы, таятасы, жолдошторуна туруктуу дос, ага-туугандарынын ичинде, кичүүгө ардактуу ага, улууга ыйбалуу ини, кадырман куда ж.б. атуулдук, адамдык затын таза сактап жашап келет.
А. Ысыкеев,
педагогика илимдеринин доктору, профессор.






Таасын насаатчы

Ар бир адамдын көңүлүнүн чордонун ээлеп, сезиминде аздектелген, ыйык туткан адеп-ыйманынын бири, устатына карата шакиртинин мамилеси эсептелет. Байыркы заманда элибизде мындай мамиле ак таңдай акындарга карата колдонулуп келсе, бүгүн, бала окутуп, адис даярдаган адамга да ыйгарып жүрөбүз. Ушундай устаттык даражага өсүп жетип, республикабызда көркөм өнөр чеберлерин, илимий кадрларды, мугалим адистерди уядан учуруп, атадай акыл-насаат айтып, тарбиясын берип келе жаткан белгилүү педагог-окумуштуу, таланттуу сүрөтчү, методика, өнөр таануу илимдеринин көрүнүктүү өкүлү - устатым Жаныбек Сыдыгалиевдин ишмердигине сыймыктанам.
Албетте, Жаныбек агай жалгыз гана мен эмес, аттын кашкасындай таланттары менен унутта калып, эл оозуна алынбай калган С.Акылбеков, Ж.Кожокматов, А.Усубалиев, А. Дайыров, К. Аманкожоев, Б.Жумабаев, Ж.Үмөтов, Б.Шайымкулов сыяктуу кыргыз сүрөт өнөрүнүн залкарлары жөнүндөгү изилдөө иштери, макалалары, теле-очерктери аркылуу элибиздин калың катмары, алардын ысымдары, полотнолору менен таанышууга мүмкүндүк алышты.
Карабек Артыкбаев,
доцент, живописчи, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери.

Даярдаган М.ТОКТОРОВ